Акүйдү кайтарган баласынын
жанында окко учкан Бекболсун
7-апрель. Бул күн миңдеген кыргызстандыктын жүрөгүн кансыратып, канча баланы атасыз, канча энени баласыз, канча аялды сүйгөн жарсыз калтырып, кан жуткурду. Бул күн тарыхта кара тамга менен жазылып, элдин эсинде кылымдарга чыккыс кандуу так калтырды. Бул тема эч качан өз актуалдуулугун жоготпойт. Бизге ар бир баатыр туралуу жазуу сыймык. Анткени алар мындан да бийик сыйга татыктуу из калтырып кетишти. Ошондой азаматтардын катарында Бекболсун Сатыбалдыев да бар. Маркумду эскерген жарына, эжесине, кесиптештерине гезит бетинен орун бердик. Биздин колубуздан келээри ушул.

Анара эже, бир тууган эжеси:
- Ошол күнү бир эле Бекболсун эмес, менин балдарым да ошол жерде жүрдү. Кудайдан аманын тилеп отургандан башка эч нерсе колуман келбей, телевизордон көргөн көзүбүзгө ишенбей отурдук. Түштөрдө Бекболсундун келинчеги Нуржан чалды. "Эже, иниңиздин телефону албай жатат, ал да аянтка кетти эле" деди эле мен чалсам да албайт. Ошондон жүрөгүм тыбырчылап баласына: "Ай, Мирлан, атаң албайт да тынчсыңарбы?" деп чалдым. Ошол күнү Мирлан Ак үйдү кайтарып турган. Бакиев буйрукка моюн сунуп, элдин тынчтыгы үчүн турган жаш солдаттарды да аяган жок, элге эле эмес, өз аскерлерине да ок чыгарды. Иним ошол октон, дал Бакиев өзү аткан октон каза болду.
- Эмне, Бекболсун ага да аскер беле?
- Жок, уулу Мирлан Аскердик академиянын курсанты. Алар Ак үйдү кайтарып турган. Бекболсун уулунан кыжаалат болуп отура албай барып, уулуна жакын жерде жүргөндө атышыптыр. Мен эч нерсе укпайм. Мага "Бекболсундун пристубу кармап калды, келиңиз" деп чакырышты. Келсем эле короо толо эл, жүрөгүм оозума тыгылып, "айланайын, кимиси? Баласыбы, атасыбы?" деп чаңырдым. Ошентип Бекболсун жок калдык. Бекболсун бала кезде эле боорукер, элпек бала болчу. Ошол адаты өзгөрбөгөн бойдон кетти. Чымынга зыяны тийчү эмес. Прораб болуп иштечү. Ары өтсө да, бери өтсө да эжекелеп кирип турчу. Ооруп калсам такай жанымда болчу. Төркүнүм Таласта, алыс, көзгө басаар таянычым ушул эле. Эми ким кирип абалымды сурайт? Ушул азыр жүрөгүм өрттөнүп күйүп турса да эшиктен кирип келчүдөй ишене албай турам.


Шарапат эже, бир тууган кайын эжеси:
- Бекболсундун тирүү кезиндеги бир окуясын айтып берейин. Бир жолу ишканада акча жок болуп калса, "жумуш үзгүлтүккө учурап калбасын" деп өзүнүн машинасы менен такси кылып, ошол акчага азык-түлүк алып жумушчуларга тамак жасатып бериптир. Мына ушул курулуш тармагында өкмөткө жыйырма алты жыл иштеди, бир жолу бир үйүнө жарты кыш көтөрүп келген жок. Минтип эки бөлмө тамда отурбай заңгыратып үй салып койсо колунан келмек. Жок, "бул элдики" деп тийчү эмес. Кезегинде бажалары тамашалап, "элге эле үй сала бербей, бизге, өзүңүзгө деле бирден салып койбойсузбу?" дешсе "Эмнеге антем, бул өкмөттүн жумушу да, мен өз мээнетим менен эле алам" деп калчу. Өзүнүн жумушу дегенде ичкен ашын жерге койчу. Аз жаашаарын билип, көп нерсеге үлгүрүп калайын деди окшойт. Атасы да жакшы киши болчу. Апасы балдар бакчасында башчы болуп иштеп пенсияга чыккан, атасы колхоздогу белдүү тракторист болуп иштеп, кийин айыл аксакалы болуп жүрдү. Адам жакшысы тирүүсүндө эле эмес, өлгөндө да билинет экен. Мына ал кайтыш болгондон бери кимдер гана келбеди, эмне деген жакшы сөздөрдү айтышпады. Мындан ары атасыз калган үй-бүлө кантет? Баары студент, жаш, Нуржан болсо оорукчан. Тирүү эле турса эле эмне атаганат. Мына канча жаш балдар өлдү, кээ бири үйлөнгөн жок. Аларды көзүнүн тирүүсүндө ата-энеси гана эскерет, анан унутулат. Андан да кейиткени кээ бир пас адамдар "жалаң ичкичтер, үй-жайсыз адамдар өлдү. Ата-Бейитке ошолорду эле коюп койду" деп жатыптыр. Кан төгүлгөн күнү ошолор каякта эле? Эмне үчүн кимдер барганын көзү менен көргөн жок? Чыныгы баатырлар өлдү да, мына ушинтип айткан акылдууусунгандар алар алып келген жеңиштин артына жашынып алып уурулук, тоноочулук кылышты. Булар душмандан да коркунучтуу. Арасында жөн ганаа өтүп баратып ок тийсе тийгени болгондур, бирок, ошолор да баатыр. Анткени алар үйүндө кайдыгер жата албай барды ошерге.


Мендеев Айдарбек, Бекболсун ага иштеген ишкананын жетекчиси:
- Биздин мекеме жоопкерчилиги чектелген "Азат" корпорациясынын алдындагы курулуш монтаждоо башкармасы. Сатыбалдыев Бекболсун менен 1995-жылдан баштап чогуу иштедик. Бекболсун мага чейин да 1986-жылдан баштап иштептир. Көп жылдар бирге эмгектендик. Бекболсун алгач айдочу, андан кийин жакшы иштегенине байланыштуу жумушчуларды курулуш материалдары менен жабдуу бөлүмүндө иштеп жүрдү. Андан кийин өз алдынча обьекттерди алып, мастер болуп иштеди. Бекболсун кандай иш тапшырылбасын абдан так, учурунда аткарганга аракет кылчу. Ал адам катары да абдан элпек, жөнөкөй болчу. Бекбосун союз учурунда Политехникалык институтка тапшырып, бирок, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу улантып окуй албай калган экен. Кийинки учурларда "окуумду улантам" деп абдан аракеттенип, быйыл үчүнчү курс болуп калды эле. Ар дайым сессиядан келгенде "азыркы жакшы окуган жаштардан мен жакшы окуп жатам. Практика менен окууну айкалыштырган абдан жакшы экен" деп жетине албай сыймыктанып айтып калчу. Максатынан артка кайтпай, кырк тогузга чыгып калса да орундатып жатканына абдан кубанып калчумун. Алдыда дагы максаттары көп эле. Ал каерде жүрбөсүн элдин баарын тамашалап, ошол касиети аркылуу ар кандай адам менен тез эле тил табышып кетчү. Өзү тамашаны баштаарын баштап алып, бирок чычалап көтөрө албай кетээр эле. Тез таарынып, кайра эле эч нерсе болбогондой тез эле жазылып кетчү. Абдан колу ачык болчу, үй-бүлөгө камкор эле, дайым өзүн экинчи орунга коюп, балдарым деп турчу. Биз союз учурдан бери иштеген ишкана болгондон улам орус улутундагылар көп иштечү. Ошондон уламбы, Бекболсунга тилдери келбей Боря деп коюшаар эле. Ошол бойдон эле Боря деп калышты. Кайсы жумушка жибербейли, баш тартчу эмес. Жумушчулар чарчап калганда Бекболсунду жардамга көп жибердик. Талаада иштеген обьекттер болду. Бир жолу Кочкордон иштеп жүрүп бир күлдүрдү эле, ошонусун айтып берейин. "Машинада терезени ачып коюп жатсам эле бирөө Боря деп эле кыйкырат. Таң атпай ким издеп келди тура калып, "Ким мени издеген?" десем бир аял уюн издеп жүрүптүр" деп күлдүрдү эле. Жүргөн жеринин баары күлкү болчу. Талаага чыгып эс алганды абдан жакшы көрчү..


Нуржан эже, жубайы:
- Бекболсун курман болоордон эки жума мурун түшүмдө маңдай тишим түшүп калыптыр. Абдан коркуп ойгонуп, жыт чыгарып, куран окуп, жакшылыкка жоруп койдум. Бирок көпкө чейин жүрөгүм түпөйүл болуп, Бекболсун бир жакка кетсе эле кайра келбечүдөй корко берчүмүн. Мага ал ооруп, ошондон турбай калчудай эле сезилип, кичине бир жери ооруп калса эле этиет кыла берчүмүн. Ал болсо мени "оорукчансың, өзүңдү кара" деп аяп турчу. Балдарды башкача жакшы көрчү. Бул корккон сезим былтыр башталган. "Быйыл мүчөл жылы, ушундан өтүп кетсе өлбөйт" деп ойлоп алып, кайра ошол ойду кууганча шашчумун. Көрсө, быйыл мүчөл жылы экен. Жайга коёрдо молдолор айтса билип жүрөм.
- Кантип таанышып калгансыздар?
- Мен Брянскиден индустриялдык техникумун бүтүп келип КИПте иштеп жүргөндө таанышып калдык. Биз жатаканада жашачубуз. Ошол жердегилерден "таластык кыз иштейт экен" деп угуп атайын таанышканы келиптир. Ошол бойдон эле жаныман чыкпай калды. Бекболсундун мага жакканы эле тамашакөйлүгү, кичипейилдиги, жөнөкөйлүгү болду. Дайыма торт, гүл көтөрүп келчү. 1995-жылы 5-июлда баш коштук. Кадимкидей эле макулдашып, жолдош балдары машина жалдап келишип, Таласка ата-энебиздин алдына кеттик. Быйыл үйлөнгөнүбүзгө жыйырма беш жыл болмок, той кылабыз деп жүрдү эле, байкушум, үлгүрбөй калды. Максаты абдан көп болчу. Окуумду бүтсөм, балдарды үйлөсөм, кызымды жакшы жерге берсем, анан экөөбүз дүйнөнү кыдырабыз дечү. Жер көргөндү абдан жакшы көрчү. Эч нерсе көрбөй кетти. Ооруканага чейин сүйлөп барыптыр. Ошондо да "Мирланга эч нерсе болбодубу?" деп өз жанын ойлобой, баласын сурап барды дейт. Азыр эми калган максаттарын балдары аткараар, ошолорго өмүр берсин, мендей болуп эч бир аял ыйлабасын дегенден башка эмне кыла алам? Элдин ырысына жакшы падыша келсе экен.

Тактоо: Гезитибиздин өткөн санына жарыяланган Жылдызбек Огомбаев тууралуу жазылган "Колчатыры келип, өзү жок" аттуу макалада маркумдун жубайы Анара деп туура эмес кеткен. Эжеден кечирим сурап, "Анара эмес, Сабира" деп түзөтүү киргизебиз.

Айжаркын Эргешова