Тамара Ниязалиева:
"Ден-соолугубуз менен акча табабыз"
Буга чейин аялдарды эмне гана деп мактап, кандай гана жылуу сөздөрдү аларга арнабадык! Ооба, бул ыйык жандар бардык мактоолорго татыктуу. Аялдын иштерман колдорунан жаралган ар бир иш ийгиликтүү болуп, берекесин берет. Минтип айтып жатканымдын себеби, бүгүнкү күндөгү ийгиликтүү балык чарба бизнесин колго алган Тамара эже жөнүндө кеп козгоону туура таптым. Бардыгын нөлдөн баштаган үй-бүлөнүн сейрек бизнести өркүндөтүп, азыркыдай деңгээлге жетишине Тамара эженин түздөн-түз салымы бар.


- Тамара эже, эмне үчүн башка эмес, балык бизнесин колго алдыңыз?
- Өзүң түшүнгөн, өзүң кызыккан ишке акча жумшап, ошол чөйрөдө бизнес жүргүзсөң, ийгилигин көрөсүң, анын акыбети кайтат. Ал эми түшүнүгүң, кызыгууң жок эле ишке чарпыла берген менен андан пайда жок. Ушул эрежени эске алып, Союз тарагандан кийин ар ким өз оокатынын камын көрө баштаганда биз балык чарбасын тандап алганбыз. Анткени жолдошум Дүйшөнбек ушул чөйрөдөгү адис. Москвадан балык чарба техникумун бүтүрүп келип, ушул Озёрное айылындагы балык чарбасында иштеп, жөнөкөй кызматчыдан баштап бригадирликке чейин жеткен. Чындыгында өз ишинин чебери. Анан Союз тарап, менчиктештирүү болгондо көп жылдан берки кызматкер катары бул жердеги 52 көлдөн биздин карамагыбызга да 2 көл тийип калган. Мына ошол 1996-жылдан бери эле үй-бүлөбүз менен ушул бизнес менен алектенип келатабыз.
- Өзүңүздүн кесибиңиз ким?
- Мен инженер-технолог жана экономист деген эки адистикке ээ болгом. Союз учурунда коммунист элем, Общепит деп койчубуз, ошол жерде көп жылдар бою иштедим. Оболу бригадир болсом, кийин директор болдум. Борбордогу Ленин жана Биринчи май райондорундагы мектептерди тамак менен камсыз кылчубуз. Тырышчаактыгымды ушундан бил, 12 жыл Бишкектен Озёрное айылына каттап иштедим. Чоң жол менен үйүбүздүн аралыгы бир жарым километр. Азык-түлүк толгон баштыктарымды көтөрүнүп баткакты кечип үйгө келсем, чиедей үч балам, жолдошум төртөө ачка отурган болот. Аларга ары-бери тамак жасап, сабактарын каратып, кирлерин жууп, кыскасы, бир эле учурда үч-төрт жумушту катар жасачумун. Балдарымды жаткырып коюп эртеңкиге кийимдерин үтүктөп, тамактарын даярдап, анан өзүмдүн сабагымды караар элем. Анткени, ошол учурда экономфакта сырттан окучумун. Ошентип бир суткада 2-3 саат, көп уктадым дегенде 4 саат уктап, таң атпай кайра борборго жумушума жөнөчүмүн. Ал эми жуманын акыркы үч күнүндө сөзсүз түрдө конок тосмой. Ошентип жүрүп улуу балам 5-класска келгенде үй ишинен бошодум. Мен келгенче үйдү зымырайтып жыйнап, тамакты жасап койчу. Мал карамай ортончу уулумдун мойнунда эле. Тиричиликке эрте аралашып чоңойгонгобу, үч уулум тең тың чыкты. Бардыгынын жогорку билимдүү дипломдору бар, бирок, үй-бүлөлүк бизнес болгон соң алар да балык чарбачылыгы менен алектенишип, атасынын ордун басышты.
- Балык багуунун түйшүгү да көп эле болсо керек?
- Албетте, балык багуу оңой эмес. Бир балык үч жыл багылат. Алгач личинкалардан баштайбыз, ал эми личинкалар Алматыдан жарымы суу, жарымы аба менен толтурулган полиэтилен баштыктар менен алынып келинет. Болгондо да түн ичинде, 5-6 сааттын ичинде келип калыш керек, болбосо, личинкалар өлүп калат. Алып келээри менен аларды 2-3 гектарлык көлмөлөргө коё беребиз. Экинчи жылы 300-450 грамм болуп чоңойгон балыктарды 6-10 гектарлык көлдөргө которобуз. Анан 3-жылы гана 15-20, кээде андан да чоң көлөмдөгү көлдөргө кое беребиз. Көл канчалык кенен болсо балыктар эркин ойноп, жакшы салмак топтошот. Ошентип башында алып келген личинкалардын 30 пайызы өлбөй чоңойсо - бул биз үчүн норма. Канаттууларга жем болуудан улам бул көрсөткүч төмөн түшүп кетсе, анда банкрот болуп калабыз. Ошондуктан, канаттуулардан, браконьерлерден коргоп сезон учурунда түнү менен кароол болуп көлдү айланып чыгабыз. Мындан тышкары кыштын кар учурган шамалында көлдө тоңгон музду жарып, сууга түшүшөт. Бул болсо жолдошумдун бронхит оорусун, бир уулумдун ревматизм оорусун арттырып алышына себеп болду. Атайын резинадан жасалган кийимдерди кийишет да. Мына ушинтип ден-соолугубуз менен акча таап жатабыз.
- Браконьерлер да келишеби?
- Келишет. Бир жылы 1 тоннадай балыгыбызды алдырып жибергенбиз. Түнү капка салып чоң жолдо турган машинасына ташый беришиптир. Акыркы бир кап балыкты алып калганыбыз менен өздөрүнө жетпей калдык.
- Балыктарды кандай жол менен тамактандырасыздар?
- Бизде карп, амур, толстолоб аттуу 3 түрдүү балык бар. Алардын түрүнө жараша жеген тамактары да ар кандай. Негизги тамактары - буудай, арпа, жүгөрү. Балыктарды тамактандыруу сезону июнь айынан баштап сентябрь айына чейинки убактар болуп эсептелинет. Ал эми кышында алар жем жешпейт, аюулар чээнге кирген сыяктуу балыктар да жарым уйку абалында болушат. Июль айларында бир күндө жарым тоннадан жем жешет да, улам күн салкындаган сайын азайып кете берет. "Кормовая линия" деп коёбуз, көлдү суудан бошоткон учурда мерчемдүү бир жерге акиташ төгүлөт, бул болсо жерди катырат. Кийин балыктар үчүн эртең менен, кечинде күн сайын бир гана саатта мына ушул жерге жем төгүлөт. Балыктар ошол убакта баары жем жегени "кормовая линияга" чогулушат. Мындан тышкары бедени майдалап, көлдүн башынан агызып жиберсек, агып аягына чыккыча беденин сабактары гана калат. Муну амур балыгы жейт.
- Балыктарга таандык да оорулар болсо керек?
- Балыктардын ооруларын 2 жумада бир көзөмөлдөп турабыз. Аларга таандык оорулар денесине чыккан кызыл жаралар, ичегисиндеги курттар, бакалоор оорулары. Эгер бул оорулардын бир белгиси байкалса, дароо эле алдын алабыз. Кайсы ооруну кандай жол менен, кандай дарылар менен дарылайт, аны жолдошум беш колундай билет.
- Балык кармоо сезону кайсы убактар болуп эсептелинет?
- Сентябрь айынан баштап декабрдын 31ине чейин балык кармоо сезону болот. Бул учурда көлдөгү сууну уламдан улам азайтып отурабыз да, балык кармоо сезону бүткөндө көлдү суудан да бошотобуз. Бош жаткан көлгө жаз алды менен малдын кыгын төгүп даярдай баштайбыз. Анткени кыктын курамында балыкка керектүү микроорганизмдер бар. Андан соң көлдөрдү кайрадан жаңы суу менен толтурабыз.
- Чоңойгон балыктарды каякка сатасыздар?
- Сезон убагында атайын дүңүнөн саткан адамдар көлгө келип өздөрү алып кетишет. Анан алардын колунан базарларда балык саткандар алышат.
- Балык кармап көңүл ачууну каалагандар да келсе болобу бул жакка?
- Балык уулоонун фанаттары үчүн жакынкы эки жылдан бери жол ачып койдук. Ишемби, жекшемби күндөрү шаардан үй-бүлөлөрү менен, достору менен адамдар келишет. Бир үй-бүлө үчүн кирүү акысы 200 сом. Тажрыйбасы бар адам бир келгенде 15 килограммга чейин балык кармайт, кармаган балыгын албетте сатып алат.
- Өзүңүздөрдөн тышкары кошумча жумушчуларыңыздар да бар окшойт, канча адамды жумуш менен камсыз кыласыз?
- Жыл бою такай иштеген беш жумушчубуз бар. Аларга жашаган, жеген-ичкенинен тышкары 5-6 миң сомдон айлык төлөйбүз. Ал эми сезон башталган учурда айылыбыздагы эле балдар келип иштешет да, жасаган жумушуна жараша күнүнө 300 сомдон жогору акча таап кетишет.
- Балык эң пайдалуу азыктардын бири эмеспи. Анын пайдалуулугун баалап өзүңүздөр да көп колдонсоңуздар керек?
- Алмаз деген ортончу баламдан башкабыздын баарыбыз балыктын этин жакшы көрүп жейбиз. Алмаздын жебегенинин себеби, кичинесинде кылкан тамагына тыгылып калган. Ошол ошо болду, балык жебейт.
- Өзүңүз билген балыктан жасалган бир тамактын рецептин окурмандарга да сунуш кыла аласызбы?
- Балыктан жасалган корейлердин хе деген салатын келиндерим менен кичүү уулум жакшы жасайт. Ал мындай: балыкты кылканынан ажыраткан соң узун-узун кылып туурап, уксус менен маринаддап муздаткычка коюп коюу керек. 5-6 саат турган соң балык агарып, жумшарып калат. Анан табитке жараша жашылчанын ар кандай түрлөрүн: жаңы бадыраңды, сабизди, пиязды, болгар калемпирин, көк чөптөрдү кошуп, аралаштырып коёт. Биз үй-бүлөбүз менен ушул салатты жактырып жейбиз.

Маектешкен
Азиза Сатимбекова