Айсулуу Көкөева:

"Сүйөм сени,
айтып бар аялыңа"
Жаштар поэзиясында өз орду, салмагы бар Айсулуу Көкөева бурганактуу ыр саптары менен поэзия күйөрмандарына белгилүү. Акын кызыбыз жөнүндө кеп кылаарда ушул орто муундун же ары эмес, же бери эмес арасат заманы, капылет жашоо өзгөрүп, улуу болуп биротоло калыптана элек, жаш болуп биротоло жаш эмес кайсалап калган акындардын тобу тууралуу да кеп козгой кетким келди. Ошол муундун бир каарманы бүгүн биздин коногубуз.

- Силердин муундагы Назгүл Осмонова, Айнагүл Базарбаева, сен дагы бир топ акын кыздардын ыр жазуу стилинде, тагдырында окшоштуктар барбы?
- Ыр жазууда окшоштук бар деп айта албайм, анткени, биз поэзияга ар кандай кырдаалда келдик. Биздин окшоштугубуз шорубуз, же бактыбыз беле ошол учурда союз урап, бизге абдан оор болду десем болот. Эмнеге дегенде биз жазалы деген, таянган, ыйык көрүп идеал туткан нерселер өз салмагын жоготуп, баары будуң-чаң түшүп, ошол муун жан-дүйнө жагынан көчөдө калдык. Мындайча айтканда, жапайы капитализм башталды. Бир гана ыр жазган эле муун эмес, багытын жоготкон бүтүндөй жаштар башка дин издедик, тамырыбыз жок калдык. Азыр ошол мезгилден кантип өтүп, ошондо эмне менен жашадык экен деп ойлоп алып, ошондогу бопбош күндөрдөн коркуп кетем. Бул туйган адамга эң жаман нерсе. Ошол мезгилде мен мамлекеттик эмес жайларда иштегенден корктум, кээ бирлери кичинекей столду көчө боюна коюп алып соодага өттү. Ошондо далай ачка калдык. Баштагы көз караш да өзгөрүп, мурда тыюу салынган кинолор көрсөтүлүп, китептер сатылып, ошонун таасири беле билбейм, биздин муун ырды оюнда эмне болсо жашырбай ачык айтып жаза баштадык. Ошол учурда менин: "Айтып бар аялыңа сүйөм сени", Назгүлдүн "Сен үчүн каткан дүйнөмдү бүтүн чачайын, Аз десең ал да айдан ак этим ачайын" деген ырлары жазылып жатпайбы. Ага чейин мен ырларымды экиге бөлүп, бирин басмага, бирин өзүм үчүн деп жазып жүргөм да. Кийин менин ошол өзүм үчүн жазган ырларым улуу муунга да жагып, ошол ырлар менен акындык чөйрөгө келдим. Бул мындай болуп калды. Ошол учурдагы Жазуучулар союзу жакшы болчу. Жакшы ыр жазып жүргөн жаш акын-жазуучулардын баарын чогултуп, Арашанга алып барып семинар өткөрүп калды. Ошондо жаштар бөлүмүн Тиллебаев агай жетектечү. Мени Үсөн Жапаров агай "жүр сен деле" деп ээрчитип алган. Ыр жазган жаштар баарыбыздын эле көкүрөгүбүз көктө, чалынып жыгылып, чаңга булганып атсак да жер карабай көк карап турган кез. Ырларымдын уялбай басмага берчүсүн да, уялып катып койчусун да калтырбай баарын алып бардым. Мен уялган ырлар чын дилден, жүрөгүмдү эмне өйүп, көзүм эмнени көрсө жазгандарым, уялбагандарым болсо сөздүн гүлүн тандап, сыртын абдан сулуулап жазган, куру акыл, калп кыйкырыкка толгон, бирок, ичи көңдөй ырлар. Ошол жерден акын катары чөйрөгө кошулуу же биротоло кетүү керек болуп калганда болгон ырымдын баарын сууруп чыксам, жанагы мен уялган ырларым баарына жагып калды. Ошентип акындар чөйрөсүнө кошулдум. Кийин окуп жүргөндө да ушул ырларым менен таанылдым, алардын айынан кээде "жаштар уятыңар жок" деген урушту да уктум.
- Чыгармачылык чыйырың качан башталды?
- Биринчи ырларым 11 жашымда жазылган. Ырымды жаратылышка арнаган экенмин. Биринчи гонарарыма агамдан бир ууч ирис алганмын. Агамдын да: "Бул сенин биринчи гонорарың!"-дегени эсимде. Момпосуй берип жатса " ии, маанилүү нерсе жазган экем" деп койдум. Ошентип ыр жаза баштадым. Анан да кээ бир чыгармаларды окуп алып, ал жагып калса аны улап жазчумун. Ошолордун ичинде Ч.Айтматовдун "Ак кемеси" да бар.
- Акындык тагдыр сенде барбы?
- Ыр жазып калуунун өзү акындык тагдыр. Интуиция, көркөм чындык менен турмуш чындыгынын мыйзамын деле жакшы ажыратам дечи, бирок, акындык эмоционалдуулук да таасирин тийгизбей койбойт. Чындыгында да өз көзү менен көргөн, өзү жашаган кырдаалды, өзү билген адамды сүрөттөө, андан түртүлүү жакшы. Ошол түртүлүү жашоого энергия берип турат. Бирок, теманы жазаарда көп түйшөлмөйүм бар. Идеал чыгарма жазылыш оор эмеспи. Менин москвалык бир курбум: "Жаза албайм го деп өзүмдү жекире берчү элем. Бир чет элдик жазуучу "жазылган чыгарма жазыла элек чыгармадан жүз эсе артык"-дептир. Мен да анын оюна кошулдум"- дейт. Мен да кошулдум анын оюна.
- Акын аял болуу турмушта жеңилби?
- Чыгармачылык жактан карасак аялдын акын болушу чыгыш элинде өзгөчө. Анткени, аялдын коомдо ээлеген ордунун өзүнчө калыптанган чеги бар. Акын аял эркектер байкабаган нерселерди чагылдырат. Аял акындардын чыгармалары улутка, куракка, мезгилге жараша айырмаланат. Кыргыз аялдарынын жазган ырлары менен мен билген орус аялдарынын жазганы ар башка.
А күнүмдүк турмушта мен акын аял экендигим башкаларга байкалса байкалаар, өзүмө көп деле байкалбайт. Бул балким, жашоого катаал, адекваттуу караганым үчүн го. Албетте, курбуларым, досторум бар, бирок көп эмес, санасам манжам деле жетпейт болуш керек. Калп баалуулуктарга, гламурга катаалмын. Жан дүйнөмдүн жашоосу менен тышкы жашоом бирдей эле. Бул чет элдин катаал чыгармаларын окуганымдын таасири болуу керек. Ал эми кыздарымдын көзүнчө эл катары жашоого умтулам.
- Кыздарым демекчи, алардын атасы ким, азыр кайда, кыялдары кимди тарткан?
- Кыздарымдын атасы Марат Токоев деген жигит. Тагдыр экен турмуш жолубуз айрылыш кетти. Кыздары менен кадимкидей жолугуп, жардам берип турат. Кыялдарынын токтоолугу атасын, ыр жандуулугу мени тарткан. Кээде экөөнөн мени эки түрдүү жагымды көрсөм, кээде атасынын мүнөздөрүн байкайм.
- Кыйналган, кубанган учурларың эсиңдеби?
- Кыйналып, ооруп, жакындарыман айрылып, же жакын адамым менен көңүл калышкан кезде өткөнгө кайрылып жакшы учурларым көп экен деп калам. Кыйналуу, кубануу табигый көрүнүш. Асманда ай чыгып, жылдыз жангандай, жер огунда айланып, кез-кезде титирегендей, жаз келип мезгил алмашкандай эле кайгыруу кыйналуу сөзсүз болчу нерсе. Ар нерсе убагында болуу шарт тура. Эгер убагында кайгырып, ыйлап албасаң баары чогулуп, бир кезде кууратат го. Жаман күндүн жакшысы бар дегендей кубанган учурларым көп эле болду. Кыздар төрөлгөн убак, чыгармачылык жетишкендиктер сыяктуу. Жакында бир кубанганым он сегизинчи мартта улуттук китепканада А. Осмоновго арналган чакан кече болуп, ошол жерде Сагын Акматбекова окурмандарга сүйлөп жатып мени "менин окуучум" деп атаганда абдан кубандым. Идеал туткан адамыңды "менин устатым" деп атап алышың мүмкүн, бирок, сени ал адам окуучум деп эсептейби, жокпу кеп ошондо.
- Москвага адабий институтка баргандагы таасирлериң тууралуу айтып берсең?
- Бала кезден Москвага барганды кыялдана берчүмүн. Ал жакка баруу мен үчүн айга жеткендей эле болду. Ушул учурга чейин мени эч ким "оку, иште, акча тап" деп айткан, караган деле эмес. Өз туюмумда "ушинткен туура болуш керек" деген нерселер менен өзүмдү өзүм тарбиялап келдим. Ошондой эле пикир менен Москвага барып калдым. Ал жерден адабиятты редакциялоо жагын окуп келдим. Көп нерсени биле элек экенмин. Азыр мурдагы окуган, үйрөнгөн нерселеримдин ийинине туруп алып, келечекке карап кадам койгонду үйрөндүм. Ошол жакта абдан сагынганым кыргыз адабий тилинде сүйлөшүү болду. Ал жакта деле кыргыз тилиндеги гезит, кыргыз журналисттер болсо да өз адабий чөйрөбүздү сагынып туруп алдым. Таасирленткени кантсе да чоң шаар, улуу державанын борбору да. Издеген нерсеңди, көксөгөн китебиңди табасың, көргөзмөлөрдүн, адабий чөйрөнүн көптүгүн айтпа. Орус акындардын мүрзөсүнөн деле ыр окуп жаткан адабий чөйрөсүн көрөсүң. Ал тургай бала кезде "жаңы жыл Москвадан келет" деп күтчү эмес белек.
- Биринчи жолу качан сүйүү катын алдың эле?
- Мектепте окуп жүргөндө бир классташым кагазга байчечекей ороп берсе, сүйүү каты экенин деле билбейм, "эмне бырышкан кагазга ороп койгон" деп жиним келди. Кагазын ыргытып жиберейин десем эле, тиги классташым кызарып-татарып, "кагазды окусаң" деп алып, анан өзү качып кетип жатпайбы. Окусам сүйүү каты экен. Андан кийин деле ал уялып качат, мен болсо каткырып күлүп тамашалашып, сумкамды көтөртүп коём.
- "Сүйөм сени айтып бар аялыңа" деген ырдын тарыхы кандай болду эле?
- Бул ыр өзү айтылгандай эле аялы бар адамга арналган саптар болчу. Ал кишинин өзүнө айткандан тартынып, "үйдө баатыр, жоодо жок" болуп кагазга жазып жүрбөймбү. Ичимен жактырып жүргөм. Анын үстүнө сезимдеримди айтсам деле анын баркын билгидей эмес. Бир чети али турмушка чыга элек кыз болсом, бирөөнүн күйөөсүн ачык талашкандан корктум окшойт, жазуу түрүндө эле "аялыңа айтып бар" деп коркутуп кала бергем. Ошол кезде коркпой эле жазып жүрүпмүн, азыр баары өөн, жаттай сезилет. Канткен күндө да сүйүү сезими эч ким тана албаган, карыбаган, көңүл калбаган сезим. Ылайым, көөнөрбөсүн демекчимин.

Айжаркын ЭРГЕШОВА