Беттеги бырыш.
Анын себептери, алдын алуу
Бетке бырыштын
түшүшү - бул табигый
көрүнүш. Бардык адамдардын бетине бырыш түшөт, бирок, кимдир бирөөгө эрте, кимдир бирөөгө кеч. Ал эми бырыштын алдын алуу, анын түшүшүн кечеңдетүү, кыскасы, өзүбүздү канча бир убакка жашартуу - бул өзүбүздүн гана колубуздагы нерсе.


Бырыштын эки түрү бар: майда жана терең. Майда бырыштар - туурасы менен чуңкурлугу бир миллиметрге жетпеген бырыштар. А терең бырыштардын туурасы менен чуңкурлугунун өлчөмү бир миллиметрден көп болот.
Биз күлгөндө, кайгырганда, каарданганда, бир нерсеге таң калганда түшкөн бырыштар - мимикалык бырыштар деп аталат. Алгачкы мимикалык бырыштар маңдайга түшөт. "Каз таман" деп аталган бырыштар - адамдын көп күлгөнүнүн белгиси. Эгер жашоосунда жагымсыз нерселер көп болсо, ал адамдын мурун жана эрин тараптарына көп бырыш түшөт. Ал эми жаш курактын өтүшү менен түшкөн бырыштар - бул курактык бырыштар болуп эсептелинет. 25-27 жаш куракта бетте араң байкалган бырыштар пайда боло баштайт, 35 жашта алар кадимкидей байкалат да, 40 жашта даана тартылган сүрөттөй болуп калат.


Карылыкка каршы рецепттер
Бырыш түшкөн соң аны жок кылууга аракет кылгандар жаңылышат. Бырыштын түшүшүн кийинкиге калтыруу үчүн 27-30 жаштан баштап профилактика жүргүзүү зарыл. Андан улуулар үчүн деле кеч эмес. Сулуулук салондорунун кызматынан пайдалануудан тышкары үй шартында деле бырыштардын алдын ала аласыз. Ал эми курамында гормондор бар кымбат косметикалар тез жана натыйжалуу жыйынтык берет. Бирок аны пайдаланганыңызды токтотооруңуз менен бырыштарыңыз мурункудан да даана билине баштайт.
Эң биринчи бырыштар - маңдайда пайда болгон бырыштардын алдын алуу жөнөкөй: бир тилке калың кагазга кремди жакшылап сүйкөп, аны маңдайыңызга коёсуз. Эскерте кетчү нерсе, кагаздын бир да жери бүктөлбөй, пешенеңизге тептегиз болуп коюлушу керек. Анын сыртынан бинт менен байлайсыз. Алгач ушундай калыпта 15-20 мүнөт жүрөсүз, беш-алты жолкудан кийин убакытты бир аз созсоңуз болот.
Маңдайдагы бырыштарды алдын алуунун экинчи жолу: бир жумуртканын агын бөлүп алып, пешенеңизге сүртөсүз. Бир нече убакыт өткөн соң чекеңизди тырыштыруу ыңгайсыз болуп калганын сезесиз. Бул процедураны чекеңизди тырыштыруу адатыңыз биротоло калмайынча кайталай бериңиз.
Эртең менен жуунгандан кийин чакан сүлгүнү ысык сууга малып, бетиңизге, моюнуңузга 2-3 мүнөт кармап туруңуз. Андан кийин жылуу суу менен чайкап алыңыз.
2 чоң кашык кара буудайдын унун, 1 жумуртканын сарысын, 3 чоң кашык жылуу сүттү жакшылап аралаштырып бирдей массага келтиресиз. Ушул аралашманы бетиңизге жана моюнуңузга 20 мүнөт коюп, андан соң жылуу суу менен жууп саласыз.
Аарчылган жарым бананды аябай майдалап туурайсыз да, ага 1 жумуртканын сарысын, 1 чоң кашык каймак жана 2 кичине кашык бал кошуп жакшылап аралаштырасыз. Аралашманы бетиңизге 20-25 мүнөт коюп, андан соң жылуу суу менен жууп саласыз.
Мимикалык бырыштардан арылуу үчүн түнү бетиңизге өсүмдүк майын сүйкөп жатыңыз. Анардын сөөктөрүнөн алынган май өзгөчө жакшы жардам берет.
Алоэни сыгып, андан алынган 1 чоң кашык ширеге өзүңүз колдонуп жүргөн кремден жана өсүмдүк майынан 1 кичине кашыктан кошуп, аралаштырасыз. Аралашманы колуңуз менен жеңил чапкылап бетиңизге, моюнуңузга сүйкөйсүз. 20-25 мүнөттөн кийин нымдуу салфетка менен алып саласыз.
Петрушканы жууп, майдалайсыз да, эки стакан муздак сууга салып, жай отко 15-20 мүнөт кайнатасыз. Муздаган соң эртең менен, кечинде бетиңизди сүртүп турасыз.

Бырыштын убагынан эрте түшүшүнүн себептери
Терисинин түрү. Башкача айтканда, майлуу беттерге караганда кургак терилүү беттерге бырыш эрте түшөт.
Уктаганда башты туура эмес коюп жатуу (өтө бийик жаздыкка же жаздык койбой жатуу) ээкке жана моюнга бырыштардын түшүшүн шарттайт.
Нерв системасынын бузулушу, жугуштуу жана өнөкөт ооруларды баштан өткөрүү, аялдарга тиешелүү оорулар, ашказан-ичеги жана башка оорулар иммунитетти жана теринин серпилгичтик деңгээлин түшүрөт. Мунун натыйжасында терибизде бырыштар пайда болот.
Айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасирлери: күн, шамал, аба, температура.
Бетти тез-тез жууп, масканы жана косметиканы ашыкча эле көп колдонуу бетибизди кургаткандан башка эч кандай пайда алып келбейт.
Зыяндуу адаттарыбыз да теринин сапатына өз таасирин тийгизет. Мисалы, тамеки чегүү бир гана ден-соолугубузга зыян келтирбестен, бетке бырыштын түшүү процессин тездетет.
Дагы бир себеби - климакс учурундагы организмдеги гормоналдык өзгөрүү болуп эсептелинет.

Бырышка каршы 7 азык

1. КАПУСТА
Жаш көрүнүүнү кааласаңыз, күнүмдүк тамактануу рационуңуздан капустаны үзбөңүз. Француз окумуштууларынын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, бул жашылчанын курамындагы лютеин аттуу антиоксидант бырыштар менен күрөшөт. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн күнүнө 10 мг лютеин, башкача айтканда, 57 г капуста кабыл алуу зарыл.
2. БУУРЧАК ӨСҮМДҮКТӨРҮ
Соя, маш, гречка, буурчак сыяктуу өсүмдүктөр биздин организмибизде гиалурон кислотасы деп аталган карылыкка каршы затты иштеп чыгат экен. Окумуштуулардын айтымына караганда, адам төрөлгөндө анын организминде бул кислота жетиштүү өлчөмдө болот, ошондуктан, наристелердин терилери жылмакай келет. Жаш өткөн сайын ал азайгандан азая берет, бирок, бул маселени буурчак өсүмдүктөрү чечет. Андыктан, жаштыгыңызды көпкө сактайм десеңиз, болбоду дегенде күнүнө 2 кашык буурчак өсүмдүгүн колдонуңуз.
3. ҮНДҮКТҮН ЭТИ
Үндүктүн этинде тери үчүн маанилүү болгон карнозин аттуу белок бар. Эгер бетиңизде "каз тамандардын" пайда болуусун каалабасаңыз, жумасына 2-3 жолу үндүктүн этин жеп туруңуз.
4. КАРА ӨРҮК
Кара өрүк да организмдин картаюу процессин жайлатуучу азыктардын бири. Кара өрүктүн жаңысынан болобу, кургатылганынан болобу, күнүнө 5-6 даанадан жеп турган адам терисиндеги бырыштардын алдын алган болот.
5. КЫЗЫЛЧА
Көз карандысыз диетолог Кэрри Ракстон кызылчаны теринин картаюусуна каршы эң маанилүү азык деп атаган.
6. ОЛИВКА
Жакында эле австриялык изилдөөчүлөр оливка майын ким көп колдонсо, анын ошончолук бырышы аз болоорун далилдешти.
7. ШОКОЛАД
Ооба, шоколад тери үчүн эң пайдалуу. Германиялык окумуштуулар какаону пайдаланган соң териге кандын куюлушу жакшыраарын далилдешкен. Ошондой эле шоколад теринин №1-душманы болгон ультракызгылт нурларынан сактайт. Бирок кара шоколад гана мындай касиетке ээ.

Сауле СУЛАИМАНОВА