"Кызга сеп" дүкөнүнүн ээси
Гүлбара Маматисаева:
"Банкты чеберчиликке алмаштырдым"
Байыртан ата-бабаларыбыз кыздын себин даярдоо салтына олуттуу көңүл бөлүшкөн. Ошол кызга сеп берүү салты бүгүнкү күнгө чейин өнүгүп, өз күчүн жоготпой келет. Шаарыбыздагы "Кызга сеп" аттуу дүкөндү сыртынан көрүп, бирок, кирүүнүн убакты-сааты чыкпай жүргөн. Мына эми ал дүкөндүн ээси Маматисаева Гүлбара эже менен маектешип отурам.

- Гүлбара эже, узчулук сизге кимден өткөн?
- Менин апам аябай уз киши. 86 жашка келип, курак курабай калганына 3-4 эле жыл болду. Болбосо өмүр бою эле узчулук менен алектенди. Биз кичинекей кезибизде сайма сайып же дагы башка нерсе тигип отурганда эшикке чыгышын эле аңдып отурчубуз. Эшикке чыгаары менен отура калып саймасын сая калчубуз да, келе жатканда тура калчубуз. Бирок апам баарыбир билип койчу, бузулуп калганы көрүнөт да. Бой жетип чоңоюп калганыбызда болсо жанына отуруп алып баарын үйрөтчү. Үйдө төрт кыз элек, бир эжем кийин эле автокырсыктан каза болуп калды, ошол кыздар баарыбыз кичинебизден эле өзүбүздүн кийимибизди өзүбүз тигип кийдик. Алардын арасынан мен үйдү жасалгалаганга маш элем. Терезе пардаларды кооздоп тигип илип, дагы бир нерселерди жасап эле жүрө берчүмүн.
- Өзүңүздүн адистигиңиз эмне?
- Мен өзүм экономистмин. Акыркы он жылда банк тармагында иштеп, бөлүм башчылыгына чейин көтөрүлдүм. Жумушум жакшы, алган айлыгым канааттандыраарлык болсо да акырында ал жумушумду бирото узчулукка алмаштырууну туура көрдүм.
- Экөөнү катар алып кете берсеңиз болбойт беле?
- Катар деле алып кетип жүрдүм. Бирок анда кечки алтыга чейин жумушта болом, андан келип үйдүн түйшүгү, анан түнкү саат 2-3кө чейин чеберчилик кылып аябай чарчап кеттим. Өткөн жылдын аягында банкты биротоло таштоону чечтим. Ошонум туура эле болгон экен, азыр дүкөнгө да өзүм көзөмөлдүк кылып, тигип да, башымдагы идеялардын баарын иш жүзүнө ашырганга да убакыт табылып жатат. Мурун болсо ойлогон ойлорум көп, аны жасаганга убакыт жок нерв болуп эле жүрө берчүмүн.
- А бул дүкөндү ачканыңызга канча болду?
- Төрт жыл болду. Алгач үйдөн эле иштечүмүн. Ошондо "төрт чарчы жер болсо эле болот эле" деп ушундай дүкөн тууралуу ушунчалык кыялданчумун. Бир күнү эле бул жердин сатылаарын угуп калып жолдошума оюмду айтсам, "сенин ал дүкөнүңө ким кирмек эле?" деп алгач каршы болду. Мен да оюмдан кайтпай койсом "мейли, өзүң бил, мен киришпейм" деп койду. "Кызга сеп" деген аты үчүн да бир топ талашып-тартышканбыз. Кийин ар кимден жакшы пикирлерди уга баштаганда эле өзү да кызыгып, атүгүл оюуларды өзү чийип берип, кездемелерди тандашып калды. Азыр ишимдин башталышында кеңешчи, бүтүшүндө сынчы да болуп берет. Иш жасалып бүткөндө жолдошума сөзсүз түрдө жайып көргөзүп, анын сын-пикирин угам.Туура келбей калган жерлерин экөөбүз биргеликте кеңешип, анан жыйынтык чыгарабыз.
- Шаардын 2-3 жеринен ушундай аталыштагы дүкөн көргөндөй болгом. Алардын баары сиздин дүкөндүн филиалыбы?
- Көпчүлүгү ушинтип ойлошот экен, бирок, менин ушундан башка дүкөнүм жок. Алардын баары мени көрүп ачышты, бирок, аягына чыгара алышкан жок. Бир эжени кызы менен иштетип, аларга ишенип дүкөндү да каратып койчумун. Көрсө, карышкырга кой кайтарткан экенмин. Алар менин буюмдарымды эмес, өздөрүнүкүн сатышчу экен бул жерден. Кийин эле "Дордой" базары жактан дал ушундай аталыштагы дүкөн ачып алышыптыр. Бул бизнести аябай кирешелүү, тез жыйынтык болчу бизнес деп ойлогондор жаңылышат. Мен үчүн бул баюунун эмес, акчадан мурда ырахат алуунун жумушу.
- Дүкөндөгү буюмдар өз колуңуздан жаралганбы же киши жалдап иштетесизби?
- Турган буюмдардын дээрлик баары өз колумдан жаралган. Ошондой эле үйүнөн иштеген эжелер, кыздарым да бар. Көпчүлүк иштесе ишиңдин сапаты артка кетет. А мен болсо буюмдарды өз кызыма жасагандай эле жасайм. Анткени, жаңы турмуш башталып жаткан соң баары жаңы, таза болууга тийиш.
- Төшөк-жуурканды эле алсак, аны Кыргызстандын ар кайсы жагында ар башкача кылып жасашат эмеспи. Ал жагынан сиз кантесиз?
- Туура, мисалы, түштүктө төшөктүн кыюусун ичине эски-уску чүпүрөк салып, кыйгачынан бурап тигишсе, түндүк тарапта түз эле кылып, ичине пахта салышат. Сепке кошулган жер төшөктүн берилиши жагынан дагы жер-жердик өзгөчөлүктөр болот. Түштүк тарапта жуп-жубу менен берилет экен. Экини, төрттү, алтыны, айтор, жубу жок бербейт. Жерге салганда дагы жуптап салышат. Ал эми түндүк тарапта үчтөн берет. Себеби, жерге "п" түрүндө салынат да, бул ар дайым ушул адамдын жолу ачык, шыдыр болсун деген тилекти билдирет. Мен өзүм чүйлүк болгонум менен Жалал-Абадга турмушка чыгып, ошол жакта жашап келгем. Ошондуктан, эки жактын салтын, өзгөчөлүктөрүн жакшы билем. Ошол сыяктуу эле андан башка жактардагы өзгөчөлүктөрдөн да кеңири түшүнүгүм бар. Андыктан, бул жерде бардык региондорго таандык буюмдар бар.
- Бул дүкөндөн бир кыздын толук себин алып кетсе болобу?
- Эми шаардыктар түштүктөгүдөй кылып жууркан-төшөктү көп бербейт да. Төрттөн, алтыдан эле беришет. Андан тышкары бул жерде кыргыз көйнөк, чапан, көшөгө, сандык, бешиктен өйдө бар. Мени кубандырганы - жаш-жаш кыздар келип, айлык алган сайын өздөрүнүн себине аз-аздан буюм алып, топтошот. Мен башка кыздарга да ушуну сунуш кылаар элем. Турмушка чыгышса апаларына эле оңой болот.
- Эми бааларына дагы кыскача токтоло кетсеңиз?
- Иштин жасалыш ыкмасына, сапатына жана түшүрүлгөн оюу-чийүүлөрүнө жараша ар бир буюмдун баасы ар кандай. Мисалы, жер төшөктөр 1200дөн 2500гө чейин. Азыр жаңы стилде табигый баркыттарга оюу салып, саймалап төшөк жасап жатабыз. Булардын баасы дагы бир аз кымбатыраак болот. Көшөгөлөр 2000ден, 5000 сомго чейин даярдалат. Жаздыктар 200дөн баштап, 600гө чейин. Кыргыз көйнөктөр болсо, бир жарым миңден жогору. Ал эми сандыктар 10500дөн, 11500 сомго чейин.

Маектешкен Азиза Сатимбекова