Асема:

"Отузга чыккыча алты бала төрөгөнгө жетишсем..."
Учурда шоу бизнес жаатында айымдарыбыз ырдаганга да киного тартылганга да ал тургай үй-бүлө күтүп, балалуу болгонго да жетишип жатышат. Буга далил катары актриса Асеманы карап көрсөк болчудай. Анда эмесе "Жылдыз эне" рубрикасында Асем кыздын кандай эне болуп жаткандыгына бирге күбө бололу.

- Асема, ата-эненин милдети балага татыктуу ат коюудан башталат дейт го?
- Ооба, негизи аттын деле адамга берген таасири чоң дешет. Бизден улуу аталарыбыз турганда алардан озунуп ат коёбуз деп Акжол экөөбүз тең жулкунган жокпуз. Балабыздын атын чоң атасы Адахан деп койду. Менимче татыктуу эле мусулман аты болду окшойт. Азырынча улуулардын батасын алып ат коюга ашыкпай эле туралы. Буюрса кийинки балдарыбыздын аттарын, небере- чөбөрөлөрүбүздүн аттарын биз коюп калаарбыз.
- Чоң атасы ат койгон болсо, эми чоң апасы неберемди айылга алып барып багам десе бересиңби?
- Мм... Билбейм, бере албайм го. Ким эле баласын бергиси келсин? Мен Адаханды эки саатка көрбөй калсам сагынып кетем. Бала энесинин эле жанында болгону жакшы. Анын үстүнө айылга караганда шаарда баланы окутуу, тарбиялоо үчүн бардык шарттар бар. Кийин чоңойгондо бир-эки айга чоң атасы менен чоң апасына барып келип турат да. Азыр жада калса бала багуучуга да ишенбеймин. Ошондуктан мен жумушка чыкканда жалаң эле жакындарым карап жатышат.
- Жумушка чыкканыңа караганда балаң чоңоюп калган го?
- 9 ай болуп калды. Азыр басууга аракет кылып жатат. Кызыгы, балам жөрмөлөбөйт, отурган жеринен эле тура калып басууга аракеттенет. Күндөн күнгө өнөрлөрү чыгып жатат - укмуш ырдайт, бийлейт, оозу тынбай сүйлөйт. Буюрса эми эмчектен чыгарайын деп жатам. Антпесем 9 тиши чыккан, эмгизген сайын тиштегилеп мени ыйлатып жатат.
- Жакшы эне баланы оорутпай багат дечү эле?
- Тфу-тфу, көз тийбесин, бир да жолу оорутуп, доктурга түшкөн жокпуз. Болгону кышында катуу сасык тумоо жүргөндө бир аз мурду бырылдаган болчу. Ошондо да Таласка конокко кетип калганбыз. Ал жактан койдун куйругун соруп эч кандай дары, уколу жок эле айыгып кетти. Эми азыр эле тиши чыкканга бир аз ысытма чыгарып, бүйлөлөрү шишип кыйналып жатат. Курбуларым да таң кала берет, кантип оорутпай карайсың дешип.
- Баланын ден соолукта болушуна атасынын да салымы болсо керек?
- Менин боюмда болгондон баштап эле Акжол каалаган тамак-ашымды алып берип организмимди витамин менен камсыз кылып турчу. Баланын ден-соолугу бойго бүткөн кезден башталат да. Төрөлгөндөн кийин да өзү багышып, азыркыга чейин экөөлөп жуунтабыз. Бир жолу Акжол жокто өзүм жуунтам деп баламды сууга тумчуктуруп алып, ошондон кийин жалгыз жуунтпас болгом. Албетте, атабыз камкор болсо биз оорубайбыз да, салмагы да дайыма алдыда (күлүп). Бирок атасы менен такыр чыгыша албайт. Экөө ойноп отуруп эле уруша кетишет, тобо-о! Эркек бала энеге жакын деген чын окшойт. Буюрса эми Акжолго кыз төрөп бербесем.
- Дагы качан төрөйүн деген планың бар, карьера артта калып калбайбы?
- Отузга чыккычакты 6 балалуу болгонго жетишип калсам деген тилегим бар. Анан сөзсүз чыгармачылыгымды кошо алып кетем да. Жаш кезде төрөп алсаң, кийин балдарың өзүң менен кошо чоңоюп калса жакшы да. Бирок төрөгөндө фигура байкуш бир топ эле бузулат турбайбы. Терилериң жарылып, кебетең келишкени менен кайра ордуна келтирсе болот да. Мен учурда фитнес клубдарга барып, тамак-ашты ченеп жеп, кыскасы, баштапкы калыбыма келе жатам десем болот. Келечекте бизнес-леди аталгым келет.
- Адахандын сүйгөн оюнчугу эмне?
- Азыр акыл-эс кирип баарын түшүнүп калгандыктанбы, үнү чыккан оюнчуктарды жакшы көрөт. Баланын акылын өстүрүүчү оюнчуктарды өзүм сатып берип турам. Жада калса кийимдерин да өзүм алам. Акжол бир жолу Түркияныкы экен деп баласына кымбат кийим алып келген экен, бир жуулгандан кийин формасы бузулуп чоюлуп кетти. Эркек киши баары бир миң кымбатка алса деле жакшы буюмду билбейт экен. Ошондон кийин балама кийимди өзүм тандап сатып берем.
- Балаң кимге окшош?
- Көбүнчөсү мага окшоштурушат. Кээ бирлери Акжолго окшоштурушат. Бешик баласы беш түлөйт дейт го, чоңойгон сайын өзгөрүп эле бара жатат. Кыскасы, экөөбүзгө тең окшош десем болот.
- Боюңда бар кез кандай өттү эле?
- Көп деле кыйналган жокмун, башында 4 айга чейин куса берип даараткана менен достошуп жүрдүм. Андан кийин эмне болбосун жей берчүмүн. Ошондон болсо керек курсакта бала чоңоюп кетиптир. Төрөгөндө бир аз кыйналдым, себеби, балам 3,8 килограмм төрөлдү да. 6 ай болгондо эле УЗИге барып курсакта жаткан баламдын сүрөтүн чыгартып алгам. Төрөгөндө кыйналат экенсиң да, кайра эле унутуп коюп кайрадан төрөгүң келе берет экен. Мен Акжол менен алышып ойноп жүрүп эле төрөп койгом. Болгону курсагымдагы түйүлдүккө үч ай болгондо "Уурунун махабаты" кинотасмасына тартылып жатканда аэропорттогу атышуу болгон съёмка учурунда коркуп кетип, доктурга жатып чыккам.
- Эркек балага памперс көп кийгизген зыян дешет. Сен кандай кылып жатасың?
- Мен деле көп кийгизбегенге аракет кылам. Көчөгө чыкканда эле кийгизбесем, үйдө улам шымын алмаштырып турам. Азыр бир аз чоңоюп, горшокко үйрөнүп калды.
- Балаңа буламык берип, бешикке бөлөп кыргызча бактыңбы же?..
- Шаарда болгондон кийин орусчасын да, кыргызчасын да аралаштырып бактым окшойт. Бешикке 3-4 ай эле жатты. Андан кийин башы жалпак болуп калат деп бөлөбөй койдум. Балам өзү жоош, анан ага бешиктин деле кереги жок болду окшойт. Ал эми буламык берген деле жокмун. Көбүнчө ботко, пюре, йогурт, кыскасы, бардык эле тамак-аштан оозуна салып берип жаттым.
- Балаңдын эмнеге шыгы бар экендиги азыртан байкалабы?
- Азыр шок, мүнөзү эмитен эле өзүнүкүн бербеген көк. Өтө сезимтал десем болот. Менин "Асем кыз" деген ырымды аябай жакшы көрөт. Же мен ырдап жатканымды сезеби... Ким болбосун азырынча аман-эсен чоңоё берсинчи.
- Маегиңе рахмат, келечекте өзүң каалагандай көп балдардын энеси анан бизнес леди бол!

Маектешкен Аймээрим Курбаналиева