Үй буюмдарына
кантип туура кам көрүү керек?
Кирген конокко жакшы маанай тартуулаган эң негизги көрүнүш - таза, жайлуу үй. Бирок үйдөгү ар бир буюмга кам көрүүнүн ар башкача эрежеси бар экендигин ар бир эле кожойке биле бербесе керек. Аларга бир нече кеңештерди сунуштайбыз.


Айнек
Кир болгон терезе жарыктын 50 пайызын өткөрбөй кармап калат. Андыктан терезелерди жылына эки жолу - жазында жана күзүндө жууп туруу керек.
Эң алгач айнекти кургак чүпүрөк менен бир сыйра аарчып алып, андан соң гана жууш керек.
Терезенин алкагын жылуу суу менен жууп, чайкаганда муздак сууну пайдаланыш керек. Ысык суудан ал бозоруп калат.
Суу менен крахмалдын аралашмасы (1 литр сууга 1 чоң кашык крахмал) айнекти өзгөчө жалтыратат.
Айнекти тазалоо үчүн эң эле жакшы каражат - суу менен уксустун аралашмасы (1 литр муздак сууга 2 чоң кашык уксус кошосуз).
Кир болгон айнекти алгач чийки картошканын жарымы менен сүрөсүз да, анан муздак суу менен жууйсуз. Эң акырында кургак чүпүрөк менен аарчып коёсуз.
Бозоргон айнекти уксус менен жууп, андан соң суу менен жууш керек.
Айнекти гезит менен тазалаганга да болот. Гезитти сууга малып, сыгып аласыз да, айнекти аарчыйсыз. Анын артынан дароо кургак гезит менен сүрүп чыгасыз.
Кыштын суук күндөрүндө айнектин сыртынан муз каптап калат. Мындай учурларда чүпүрөккө тузду ороп, ошону менен айнекти бир нече жолу сүрсөңүз, айнек тазаланып калат.


Күзгү
Күзгүнү күндүн нуру түз тийген жерге илүүгө болбойт. Ал күндүн нурунан жана ысык температурадан улам ачык, даана көрүнбөй, тунара баштайт.
Күзгүңүздө чымындын тактары калып калдыбы? Эч нерсе эмес, мындан пияздын жардамы менен оңой арыласыз: бир баш пиязды ортосунан экиге бөлүп, күзгүнү ошону менен сүрөсүз. Андан соң кургак чүпүрөк менен аарчып саласыз. Пияз менен аарчылган күзгүгө чымын конбойт.
Күзгүнү аракка же одеколонго малынган кебез менен аарчысаңыз да болот. Андан соң кагаз салфетка менен сүрүп коёсуз.
Өтө кир болгон күзгүнү төмөнкүдөй жол менен тазаласаңыз болот: бир стакан сууга бир чоң кашык нашатырь спиртин, тиш порошогун кошуп ботко түрүнө келтиресиз да, аны жумшак чүпүрөккө малып алып күзгүнү сүртөсүз. Андан соң кагаз менен, акырында таза чүпүрөк менен аарчып коёсуз.


Парда
Парданы алгач кагып, муздак сууга 3 сааттай чылап коюу керек. Андан соң айна кошулган жылуу сууга чылоо зарыл. Парданы жышууга, сыгууга, кайнатууга болбойт. Алгач 2-3 жолу жылуу суу менен, андан соң муздак суу менен чайкоо керек.


Жумшак эмерек
Эгер жумшак эмеректе майлуу так пайда болуп калса, магнийдин порошогу менен бензинден жасалган боткону тактын үстүнө сүртүп, кургаган соң катуу щётка менен сүрүп саласыз.
Жумшак эмерегиңиздин сырты велюрдан болсо, алгач кургак щётка менен сүрүп саласыз, андан соң уксус кошулган сууга чыланган губка менен тазалайсыз.
Булгаары эмерекке да ушундай эле кам көрүү талап кылынат. Бензинге жүндөн тигилген кездеменин кесиндисин чылап, ошону менен мебелди сүртөсүз. Андан соң жумуртканын агына губканы малып алып, аны менен аарчыңыз.


Линолеум
Өтө кирдеген линолеумду жылуу самын суу менен жуусаңыз кетет. Ал эми идиш жуучу суюктук кошулган жылуу суу андагы майлуу тактарды оңой кетирет. Линолеумду ысык суу менен жууса болбойт, анткени, сүрөттөрү өчүп кетиши мүмкүн. Бут кийимден түшкөн кара такты бензин же керосин менен кетирсе болот.


Килем жана палас
Килемди тазалоо эң жөнөкөй: алгач ага майда туздан себелеп чыгасыз. Бир нече мүнөттөн соң ысык сууда чыланып турган шыпыргы менен тузду шыпырып алган соң чаң соргуч менен сордурасыз. Андан кийин суу менен нашатырь спиртинин аралашмасында (1 литр сууга 2 чоң кашык нашатырь спирти) чыланып турган щётка менен щёткалайсыз. Эң акырында кыргыч менен кырылган 2-3 даана картошканы ысык сууга аралаштырып, щётканы ушул аралашмага малып алып килемди сүрөсүз. Муну менен килемиңиз өңүнө чыгып, жапжаңыдай болуп калат.
Килемде калган майлуу такты кетирүү үчүн бирдей өлчөмдөгү ысык суу менен нашатырь спиртинин аралашмасын пайдалансаңыз болот.
Пивонун, винонун, арактын тагын кетирүүдө жылуу сууга айна салып, ага чыланган чүпүрөк менен килемдин так болгон жерин сүртүңүз. Андан соң уксус кошулган жылуу суу менен сүртүңүз (1 литр сууга 1 кичине кашык уксус).
Килемде калган эски такты самын сууга бир аз бензин кошуп, ушул аралашма менен кетирсеңиз болот.
Килемдин көпкө кызмат кылуусун кааласаңыз, астына гезит салыңыз.
Килемди кургай элек полдун үстүнө салууга болбойт.
Эмеректер менен килемди бастырып койбоңуз, эгерде эмеректин бутунун изи килемге түшүп калса, ошол жерге ным чүпүрөк коюп үтүктөңүз. Андан соң щётка менен сүрүп салыңыз.


Эмерек
Эмерек түз тийген күндүн нурун сүйбөйт. Ысыктан ал кургап, жалтыраганын жоготуп, атүгүл түсүн өзгөртүп жиберет.
Эмеректерди тазалоочу заманбап каражаттар жок болсо, алардын ордун чайдын чамасы менен алмаштырса болот. Ал үчүн чайдын чамасын марлиге же башка жука кездемеге ороп, ошону менен сүртүү керек.
Өтө кирдеген мебелди алгач бензинге чыланган чүпүрөк менен жууйсуз. Андан соң бирдей өлчөмдөгү спирт менен семичке майынын аралашмасы менен сүртөсүз.
Ысык идишти коюудан ашканадагы мебелдердин үстүнө идиштин изи ак болуп түшүп калган учурлар көп кездешет. Өсүмдүк майына чыланган губка менен сүрүү жолу аркылуу мындай издерден арылууга аракет кылып көрүңүз. Суудан түшкөн изден арылууда да ушундай ыкманы колдонсоңуз болот.

Нуриса БАЯЛИЕВА