Кыргыз Республикасынын
Эл артисти Саламат Садыкова:
"Аял катары бактымды сынап аскер адамына баш коштум..."
Кыргыз элинде ырдаганда торгой сайрабай токтоп, булбул таңшыбай тыңшаган таңдайы жок таланттар көп чыккан. Санай келсе Атай Огомбаев, Мыскал Өмүрканова, Зейнеп Шакеева ж.б. Мына ошол булбул таңшык орошон ырчыларыбыздын улуу көчүн өзгөчө улуттук үнү, арген добушу менен улантып келе жаткан, бир ууч кыргызды дүйнөгө тааныткан ырчы кызыбыз Саламат Садыкова бүгүн бизде мейманда. Демейде, элге башы көрүнүп калган ырчыбы, же саясатчыбы "жазганыңды гезитке жарыяларда мага көрсөт" деп талап кылат эмеспи. Ошол көнүмүш адат боюнча "эже, эртең өзүңүзгө бир көрсөтүп, анан гезитке беребиз" десем, жумшак жылмайып: "Мен сага ишенем. Айтылган сөз - учкан куш, кайра кармайм деп убара болуштун кереги жок. Мен дилимде эмне болсо ошону айттым. Аны ар ким өз деңгээлине жараша кабыл алат. Жарыялай бер, болгону чыкканда айтып кой" деди да жылуу коштошту. Анда сиздин назарыңызда ошол дил маек, окурман!

- Сөз башынан болсун, Саламат эже. Ата-Журттан башталып, ушул күнгө алып келген чыйырдын тарыхынан маегибизди баштасак.
- Тээ балалык кезден эле дилимде бир өзгөчө арзууну бактым. Ал жөн эле ырга болгон балалык кызыгуу эмес, бүтүндөй өмүр арналган, тагдыр багыштаган көөнөрбөс тилек, алдыга койгон максат болчу. Көкүрөгүмдү аруу кыялдар делбиреткен балалык жылдарым өзүңөр билген өрүкзарлуу Баткенде өттү. Киндик кан тамган айылым Кызыл-Жол деген айыл болчу. Кызыл-Жолдо Момун деген кишинин жалгыз кызы элем. Атам раматылык кеч үйлөнүп, жалгыз мени гана көрүп, мен эки жарым жашка чыкканда дүйнөдөн өтүп кетиптир. Апам кийин мени ээрчитип ошол эле Баткендин Орто-Боз деген айылына турмушка чыгат. Менин балалыгымдын дагы бир үзүмү ошол Орто-Боз айылында калды. Биринчи класска ошол жерден бардым. Эсимде, Орто-Бозду тең бөлгөн чоң дарыя болоор эле. Ошол дарыянын шоокумун укканды, жээгинде дарыя менен кошо үн салып ырдаганды жакшы көрчүмүн. Ошол кезде жол боюндагы зым карагайларда радиолор иштеп, Эрмек Мойдуновдун, Мыскал Өмүрканованын, Зейнеп Шакееванын ырларын тыңшап, көкүрөгүмдө бир ажайып уютку уюй берди. Өгөй деген баарыбир өгөй да, эл алдына көп чыгып ырдоодон, мектептеги конкурстарга катышуудан атамдан тартынчумун, бирок, бир кашкөйлүк ырга тартып туруп алчу.
Мен кайгынын даамын, өлүмдүн ызгаарын эрте сездим. Көп узабай апам Мария төрөттөн каза болуп калды. Кайран киши чачы такымына чабылган сулуу киши болчу. Төрөгөн кезде айылда доктур жок, кан көп кетип, ошондон көз жумду. Андан кийин мен ал айылдан бул айылга, бул айылдан ал айылга көрүнгөн туугандын колуна өтүп чоңойдум. Ар түрдүү мектепте, ар кандай айылда конуш которуп жүрсөм да көкүрөгүмдө ыр туруктуу жашап, ырчылыкты арзуу кылган тилегим өчкөн жок. Мен ырчылыкты элестеткенде кол жетпеген бийиктикти, мелжиген кенендикти элестетчүмүн.
- Ар бир адамдын эсинде жылуу сезим калтырган бой жеткен курагыңыз тууралуу эмне айта аласыз?
- Бой жетип, он алтыга чыкканы "турмушка берип жиберишбесе экен" деп корко баштадым. Анткени тууган-уруктун, жеңелердин "баланчанын баласына эле берип жиберели" деген күбүр-шыбырын угуп, сыртыман эч нерсе дей албай буулугуп жүрдүм. Бир чети "баланчанын баласы" жакпайт. Ал кезде "кызга кырк үйдөн тыюу" деп чоңдор эмне десе каршы чыга алчу эмеспиз. Баарынан коркконум - күйөөгө берсе эле менин дил уялаган ажайып кыял-тилектерим ишке ашпай калмак. Бассам-турсам "бирөөгө берип салбаса экен" деп аябай кудайдан тилечүмүн. Кудай тилегимди бердиби, туугандар мага жакпаган бирөөгө берип сала электе жолуман кыз издеген жигит чыгып калды. Ал жигит кыз тандап атайын Таластан барган экен. Анын бир тууган агасы биздин Баткенде жашачу. Жеңеси Балтагүл эжеке мектепте мага сабак берген. Абдан жакшы, ачык-айрым жан болчу. Бир күнү жолуман чыгып эле: "ай, Саламат, буйруса сен бизге келин болосуң" деп койду. Жер тиктеп кызаргандан башка эч нерсе дей албай, ичимен "эжей болсо да уяты жок экен" деп басып кеттим. Бир күнү эле Балтагүл эже үйгө келип "менин эки кызым сенин ырдаганыңды абдан жакшы көрөт. Биздин үйгө барып чай ичип келчи" деп ээрчитип кетти. Ошол кезде Атайбек Бөдөшовдун "Кызгалдак" деген ырын ырдап райондун деңгээлинде жылдыз болуп жанып турган кезим болчу. Ошентип турганда таластык жигит барып калып атпайбы. Агасы менен жеңеси "бул жерде тиричиликке тың кыздар көп, танда" дешет экен. Алардын оюнда мен жокмун. Ага-жеңеси медучилищени же педучилищени бүтүп келген кыздарды көрсөтө башташат. Ошол учурда 7-ноябрь майрамына карата борбордук аянтта чоң концерт болуп, мен ырдап атпаймынбы. Кыздарымдын атасы мени ошерден көрүп эле жактырып калат. Ага-жеңесине "мен алсам ошол кызды алам, болбосо үйлөнбөй кете берем" дейт экен. Ага-жеңеси "кой, бир милдетиңди биз алдык эле. Сен айткандай эле болсун" дешет да, Балтагүл эжей мени үйүнө чакырып барып атпайбы. Тургунбек каш кирпиги төгүлгөн, абдан сулуу жигит экен, мага да дароо эле жагып, ичимден аны менен кетүүгө макул болдум. Бирок мен жигит жагып турса да жаа бою качып, ал болсо артыман "чоң кыз, токтосоңуз" деп эле ээрчип келе берет. Токтобой качып отуруп маданият үйүнө жетем. Анда ошол жерде иштечүмүн. Ал кайра мен чыкканча саргайып күтөт. Нике кайып экен, ошентип жүрүп ошол жигитке буйрудум. Андан да ал мага "сени ырдатам" деп убада берди. Мага баарынан ушул керек эле да. Насипке айла жок Таластын Кара-Буура районундагы Суулуу-Маймак деген айылга келин болуп келдим. Балтагүл жеңем раматылык бизди узатаарда ошол кезде абдан мода болгон кытайдын жибек көйнөгүн кийгизген. Кызыл чоң-чоң гүлдөрү бар, сары кооз жибек көйнөк али да көзүмдө турат. Маймак станциясынан түшүп, жол бою ыйлап келгеним эсимде. Эмнеге ыйлаганымды деле билбейм, сыягы, балалык, тууган жер менен коштошсом керек. Тургунбек оболу "жакында ырдайсың" деп, анан балалуу болгон соң, "балдар чоңойсун" деп жубата берди. Жашоом башкалардын көзүнө бактылуу болсо да, кандайдыр бир бөксөм толбой, көкүрөгүмдү бирдеме тепкилеп тынчтык бербей, жараатым ырбап туруп алды. Телевизордон концерт көрсөм эле көзүмөн токтобой жаш кетет. Акыры эки кызымды алдым да кетип калдым. Албетте Тургунбек "барагой" деп жооп бере койгон жок. Ал жокто кеттим да, райондун борборунда маданият үйүндө иштеп жүрдүм. Менин талантымды баалаган жетекчилик дароо эле чакан үй берди. Канчалык кыйналсам да ырга болгон эбегейсиз зор сүйүү мени чөктүргөн жок. Бассам-турсам комуз, ыр дилимден кетпейт. Анын үстүнө кайын энем, жолдошум эки жылдай жардамдашты. Акыры жолдошума жакшылыкча эле уруксат берип, үйлөндү. Мен Баткенге кеттим.
- Борборго кантип келип калдыңыз?
- 1981-82-жылдардын аралыгында Карамолдо Орозов атындагы Академиялык оркестрге Республикадан конкурстун негизинде үнү мыкты кыздарды тандаганда мен өтүп, бирок, кыздарым жаштыгына байланыштуу келбей калгам. 1986-жылы Токтосун Тыныбековдун "Кыздын ыры" деген ыры менен борборго келип калдым. Ошондо "Камбаркан" элдик ансамблинин жетекчиси Чалагыз Исабаев агай мага: "Саламат, биздин ансамблге сеникиндей үнү нукура улуттук калориттеги кыздын үнү жетпей, издеп жатканбыз. Сен жактың, болду, ушул жерге келип бизге солист болуп ырдайсың" деди. Ошентип борборго келип ырдап калдым.
- Көрө албастыктын ызасын тарттыңызбы?
- Далай жолу тарттым. Бирөөсүн эле айтып берейин. Азыр атын атабай эле коёюн, белгилүү эле бир эжекебиз бир күнү кыздарды үйүнө чогултуп: "Эртең чогулуш жасайбыз. Ошол жерде менден башка баарың бир ооздон Саламат Садыкованы жамандап киресиңер" дейт экен. Анда кыздардын ичинен бирөө: "Эженин жамандыгы жок болсо кантип жамандайбыз? Мен катыша албайм" деп ыйлап жиберет. Ошентип ал уюштуруу да ишке ашпай калат. Кээде мага "сен ырларыңдын сөзүн жазып бер да кете бер" деп кетирип жиберишет. Оюмда эч нерсе жок жазып берем да, кетип калам. Көрсө мени эптеп чалып жыгытып, "Камбаркандан" кетирүүгө ниеттенишип, "кетсе ордуна ырдайсың" дешип сыртыман кыздарды даярдашат экен. Ансамблдин арты менен ушул бийиктикке жетишүүмө биринчи Кудай, анан дирижёрум, ансамблдин көркөм жетекчиси Ырысбек Жумакуновдун бекемдиги, туруктуулугу, адамгерчилиги себеп болду. Ал кишиге да мени жамандашат экен. Анда ал киши "азырынча Саламаттан башка эч ким мага жакпайт. Мен ушул кыз менен иштешем" деп коюптур. Дагы бир өкүнгөнүм, Токтогулдун 125 жылдыгына арналган Моквадагы концертке менин ордума Совет районунан бир чоңдун көңүлдөшүн аккордеон менен жөнөтүп жиберишти. "Алымканды" комуз менен ырдамакмын, ал кыз ошол эле "Алымканды" аккордеон менен ырдап чыкты. Балким ал кыздын да таланты мыктыдыр, эч нерсе деп шек келтиргим келбейт, күйгөнүм - ал менин ордум болчу, экинчиден, "Алымкан" комуз менен ырдалса дагы бир жолу кыргыздын жүзү ачылмак. Азыр Ош телевидениесинин архивинен ошол концертти көрсөткөн сайын ичим ачышат.
- Кийинки кездеги сапарыңыз жөнүндө да кеп сала кетсеңиз.
- Менин бул сапарым көңүл кубанып, айтса ооз толтуруп айта турган сапар болду десем аша чапкандык болбос. Сауд Аравиясында, Султанат Омандын борбору Маскатта, Салала деген шаарда "Дива Саламат" аталышта жеке концертим болду. Муну деле менин бир таякем, же байкем колдоп барып келген жокмун. Өзүмдүн карандай эмгегим, нукура талантым менен барып келдим.
- Эже, эмне үчүн тагдырыңызды дагы бир жолу турмуштан сынап көргөн жоксуз?
- Тим эле актанып периштесингенде эмне? Ырас, кыздарымдын атасынан кийин бир жолу аял катары бактымды сынап аскер адамына баш коштум. Мен дайым адамгерчиликти, сезимди туу туткан адаммын. Бирок ал адамдан мен ойлогон адамдыкты, өзү убада кылган сезимди таба алган жокмун. Көрсө, ал кишиге мага караганда менин даңкым көбүрөөк керек болгон экен, муну сезээрим менен андан кол үздүм. Мен муну күнөө, же эл сөз кылчу жеңил ойлуулук катары эсептебейм. Бул ар бир адамдын башына келчү тагдыр сыноосу. Алдыда дагы канча сыноо бар ким билет, айтаарым, адам бойдон калсак...

Маектешкен
Айжаркын Эргешова