Модель Айсулуу Талантбекова:
"Бийик такага көнө албай кыйналдым"
- Айсулуу, өзүң жөнүндө кыскача айта кетсең?
- Мен 17 жаштамын. Токмок шаарында өсүп, учурда Улуттук университеттин экономика факультетинде 2-курста окуйм. Бир байкем бар. Азыр ата-энем менен борбордо турам.
- Модель болуу өзүңө жагабы?
- Албетте жагат. Өзүм да кызыгып жүргөнүмдө Замира Молдошеванын моделдик агенттиги ачылганын угуп калып, ушул жактан окуп сертификат алгам. Окуганым туура болгон экен, өзүм үчүн өтө көп нерсе үйрөндүм.
- Моделдикке окууда эмнеден кыйналдың?
- Менин ансыз деле боюм узун болгон үчүн ушул убакка чейин таптакыр шиш такалуу бул кийим кийген эмес элем. Подиумда басууну үйрөнүүдө бийиктиги 12 сантиметрлик шиш така кийгенге туура келди. Алгач ушул нерседен кыйналдым, бирок, кийин көнүп кеттим.
- Боюңдун узундугу канча?
- Боюм 178 сантиметр.
- Өзүңө бой жагынан да, башка жагынан да туура келген жигит таптыңбы?
- Жигитим бар, бою жагынан менден бир аз узунураак, сырткы келбетибиз жагынан, бири-бирибизди түшүнүшүү жагынан да идеалдуу түгөйлөрбүз деп эсептейм.
- А параметриң канча?
- Параметрим 68-60-90
- Сулуу кыздарды клиптерге, кинолорго тартылууга чакырышат го. Сага да ушундай сунуштар түшкөнбү?
- Мындай сунуштар азырынча түшө элек, эгер түшсө тартылмакмын. Бирок президенттик шайлоонун алдындагы үгүт учурунда "Ак жол" партиясынын ролигине тартылганбыз.
- Моделдиктен башка эмнеге кызыгасың?
- Чоң теннис менен сууда сүзүүгө кызыгам. Бош убактым болуп калса эле ушул хоббилерим менен алектенүүгө аракет кылам.


Маектешкен Азиза Сатимбекова





  Дүйнөнү сулуулук сакктайт

Айгүл Алымбаева:
"Сулуу кыздарды кыя өтпөгөн адатым бар"
Кыргыз эли илгертен сулуу кыздарга бай калк. "Колдо бар алтындын баркы жок" дегендей, биз өз сулууларыбызды баалай бербейбиз. Ошол эле учурларда аларды баалап, даңазалап, алар аркылуу кыргыздын жүзүн башка элдерге таанытууну максат кылгандар бар арабызда. Алардын бири Бүткүл Дүйнөлүк сулуулук конгрессинин улуттук директорунун орун басары, "Zfashion" моделдик агенттигинин жетекчиси Айгүл Алымбаева.

- Айгүл, "Дүйнө сулуусу" эл аралык конкурсуна даярдык көрүп жаткан экенсиңер. Биздин кыргыздардын арасында бул конкурска татыктуулар көп элеби?
- Бизде сулуу кыздар аябай көп. Бул конкурска катышууга татыктуулар, жакшы даярдык көрсө алдыңкы орунга татыктуу кыздар да бар. Кытайда өтө турган "Дүйнө сулуусу" конкурсу боюнча бизге жакында эле кабар келди. Убакыттын аздыгына карабай биз азыр кыздар арасында кастинг жүргүзүүнү баштадык. Биз дегеним, бул иш-чара боюнча белгилүү стилист Замира Молдошева экөөбүз алектенип жатабыз. Анткени Бүткүл дүйнөлүк сулуулук конгресси Кыргызстандагы моделдик агенттиктердин арасынан жалгыз гана биздин "Zfashion" моделдик агенттик менен тыгыз иштешет.
- Кастинг кандай тартипте жүргүзүлөт, кандай талаптар коюлат?
- Бардык теле-радиолордон, басма сөздөн жарыялар кете баштады. Апрелдин башында өтө турган бул кастингге өзүнүн сулуулугуна ишенген бардык кыздар катыша алышат. Ошолордун арасынан калыстар тобу татыктуунун татыктуусу болгон бир гана кызды тандашат, биз болсо ошол кызды чоң конкурска даярдайбыз. Талаптары болсо - албетте сулуу жүздүү, жашы 16дан 24кө чейин, бою 173 сантиметрден жогору, турмушка чыкпаган, төрөбөгөн модель кыздар болууга тийиш.
- Турмушка чыккан болсо, төрөгөн болсо эмне болот?
- Балким жеңүүчү болуп табылып калса ал жактан чоң келишимдерди сунуштап калышы мүмкүн. Мына ошондо үй-бүлөсү моделдин карьерасына тоскоолдук кылып коюшу мүмкүн.
- Кытайда өтө турган чоң конкурстун шарттары кандай экен?
- Конкурс 24-апрелден баштап бир айга созулат. Мынчалык көп убакытка созулганынын себеби, катышуучулар өлкө боюнча тур жасашат, башкача айтканда, Кытайдын эң чоң алты шаарын жана башка аймактарын кыдырып жүрүп отурушат. Программа боюнча биринчи турунда купальникчен чыгышат, 2-турунда ар ким өзүнүн улуттук кийимдери менен чыгат, 3-турда болсо кече көйнөктөрүн кийип келбеттерин көрсөтүшөт, акыркы турда каалагандай кийинишет. Башка конкурстардан айырмаланып, мында талантка же дагы башка нерселерге эмес, бир гана сулуулукка көңүл бурулат. Жеңген кызга албетте дипломдор, акчалай сыйлыктар ыйгарылат. Эң негизгиси - ортодо ири келишимдер түзүлүп калышы мүмкүн.
- Буга чейин кыргыздын сулуулары эл аралык конкурстарга катышып, намысты коргоп келген учурлар болгонбу?
- Дал ушул Бүткүл дүйнөлүк сулуулар конгресси уюштурган конкурска буюрса, ушуну менен төртүнчү жолу аттанып жатабыз. 2008-жылы "Дүйнө сулуусу" конкурсуна Азиза Устемирова деген кызыбыз, 2009-жылы "Мисстер интернейшнал" конкурсуна Азамат деген жигитибиз катышып келишкен. Ошол эле 2009-жылы күзүндө "Моделдер фестивалы" болуп, андан Айдан деген кызыбыз "Евразиянын мыкты модели" наамына татып, дүйнөлүк мода чөйрөсүнө кыргыздын атын кичине болсо да таанытып келген. Эми бул жолу да алдыңкы орундарга жетишүү максатыбыз бар.
- Кеп кезегин жеке өңүз тарапка бурбайлыбы. Сулуулар сени кандайча кызыктырып калды эле?
- Мен өзүм 6-класска чейин Нарында окуп, андан соң Токмоктон окуумду уланттым. Мектепти бүткөн соң Кыргыз-Орус-Славян университетинин эл аралык факультетине тапшыргам. Буюрса, быйыл бүтүрүүчү курсмун. Боюм узун болгон үчүнбү, өзүм окуган университеттин моделдик агенттигинде модель болуп жүрдүм. Башынан эле лидерлик сапатым бар болчу. Ушул сапатым таасир этип кийин ушул чөйрөдө ар кандай иш-чараларды уюштуруу иштерине ыктап кеттим. Азыр болсо окуумдан тышкары Замира Молдошеванын моделдик агенттигин жетектейм, башкача айтканда, Замира эженин оң колумун.
- Жумушуңа байланыштуу көчөдөн көргөн сулуу кыздарды кыя өткөрбөсөң керек?
- Ооба, чын эле ушундай адатым бар. Жакшынакай кыздарды көрүп калсам артыма бурулуп алып карай берем. Өтө эле жагып калса туура эле жанына барып модель болууну сунуштап калам. Дос балам экөөбүз баратсак да: "Карасаң, сулуу кыз экен" десем ал: "Айгуля, сулуу кыздарды сен карашың керек беле же менби?" деп күлүп калат. Эми менин жумушум сулуу кыздар менен байланыштуу да.