Ассоль Молдокматова:

"Көйнөктөрдө Мухаммед пайгамбардын хадистери жазылган"
Белгилүү теледива, имиджмейкер, дизайнер Ассоль Молдокматова бүгүнкү күндө эки шаарда - Москвада жана Бишкекте иштеп жатат. Биринчи каналдагы популярдуу "Модный приговор" телеберүүсүнүн алпаруучусу Александр Васильевден сабак алып, ушул телеберүүнүн каармандары үчүн кийимдерди даярдап, ошол эле учурда кыргызстандык модалуу айымдарды да кийинткенге үлгүрүүдө. Фэшн-индустриядагы акыркы жаңылыктардан кабардар болууну көздөп, Ассоль Молдокматовага кайрылдык:

- Ассоль, кезектеги коллекцияңыз эмне деп аталды жана ал кимдерге арналды?
- Жакында Москва шаарында "Жүрөк согуусунун ыргагы" деп аталган спорттук коллекциямдын бет ачары болуп өттү. Бет ачарга Ксения Собчак, Тина Канделаки, Глюкоза, Елена Ханга жана башка популярдуу жылдыздар катышты. Коллекциямдын баары бул жылдыздар тарабынан сатылып алынып, Кыргызстан үчүн ушул эле коллекциянын экинчи көчүрмөсүн кайталап даярдоого туура келди. Бул коллекциядагы ар бир комплектке петроглифтер, башкача айтканда, байыркы доорго таандык аскага тартылган сүрөттөрдүн үлгүсү түшүрүлгөн. Ал эми көйнөктөрдө Мухаммед пайгамдардын хадистери жазылган: "Аялдарды сактагыла, алар силердин аялыңар, апаңар, эже-карындашыңар" деген сыяктуу.
- Сиздин чыгармачылыгыңыз москвалыктар тарабынан кандай кабыл алынды?
- Эң сонун. Комплекттердин көпчүлүгү "Модный приговор" берүүсүндө көрсөтүлдү.
- Бишкекте да жаңы коллекцияңыздын бет ачары болду эле. Ал кандай өттү?
- Жүздөн ашык популярдуу бизнесвумен, саясатчы, эстрада, кино, теле, театр жылдыздарынын катышуусундагы бул бет ачар да ийгиликтүү өттү. "Стиляги" деп аталган бул коллекциямды мен стажировкага бара турган Миландагы белгилүү Мода үйү үчүн даярдаган элем. Бул классикалык коллекциянын ичине кооз костюмдар, юбкалар, шарталар, шымдар, галстугу менен кемселдер кирет.
- Алдыда кандай пландарыңыз бар?
- Эмгектеримди Миланда, Казакстанда, Украинада өтө турган мода жумалыгында көрсөтүү - жакынкы пландарымдын бири.


Маектешкен
Азиза САТИМБЕКОВА