Сиз балдарыңызга кимсиз: ата-энеби же доспу?
Ар бир ата-эненин балдарды тарбиялоодогу ыкмасы ар башка болгон сыяктуу балдарга жасаган мамилеси да ар башка. А сиздин балдарыңыз менен болгон мамилеңиз кандай?

1. Кызыңыз (уулуңуз) телевизорду сизге аябай жаккан фильм болуп жаткан каналдан жаштар үчүн берүүнү көрүү үчүн башка каналга которсо...
А) Кызыңыздын жаштар үчүн берүүнү өзү менен кошо көрүү суранычын аткарасыз.
Б) Фильм бүткүчө күтө туруусун айтасыз.
В) Ал үчүн башка телевизор сатып берүүнү убада кыласыз.
Г) Кызыңызга телевизорду таштап, башка жумуштарыңыз менен алек болуп кетесиз.
2. Сиз үчүн балдарыңыз:
А) Өзүңүз менен барабар адамдар.
Б) Жаштыгыңызды эске салуучулар.
В) Али эч нерсе түшүнө элек кичинекейлер.
Г) Такай сиздин кеңешиңизге муктаж болгон адамдар.
3. Сиз кандай кийинесиз?
А) Белгилүү жылдыздардын стилин туурайсыз.
Б) Бизди жакындатат деген ой менен кызыңыздын (уулуңуздун) стилинде кийингенге аракет кыласыз.
В) Өзүңүзгө жарашкан кийимди тандайсыз.
Г) Жаштардын модасын кууйсуз, анткени, өзүңүздү жаш сезесиз.
4. Эгер өткөөл курактагы уулуңуздун кулагын тешип, сөйкө салып алганын көрсөңүз кандай кабыл аласыз?
А) Бул анын өзүнүн жеке иш деп эсептейсиз.
Б) Анын кыздарга тиешелүү кылык-жоруктарын аңдый баштайсыз.
В) Бул азыр мода экендигин айтып, каршы болбойсуз.
Г) Тезинен сөйкөсүн чечип ыргытуусун талап кыласыз.
5. Уулуңуз (кызыңыз) музыканын үнүн катуу кылып коюп алды. Сиз:
А) Кулагыңызга кебезди тыгып алып, маани бербей өз иштериңиз менен алек болуп жүрө бересиз.
Б) Музыканын үнүн азайтасыз.
В) Балаңыздын каалаганына макул болосуз.
Г) Бул өзүңүзгө да жагат.
6. Балдарыңыз менен болгон талаш-тартышта:
А) Балаңыздыкы туура эмес болуп турса да андан чочулап, туура эмес кылып жатканын айта албайсыз.
Б) Позицияңызды өзгөртүп, балаңыздыкын макул табасыз, анткени, талашты улантуудан пайда жок деп эсептейсиз.
В) Балаңызга оюндагысынын баарын айтып алууга мүмкүнчүлүк бересиз.
Г) Анын ойлорун таптакыр жаратпайсыз, уккуңуз келбейт.
7. Балаңыз курдаштарын үйгө конокко чакырды. Сиз:
А) Көңүл бурбайсыз: каалагандарын кылышсын.
Б) Алардын тобуна кошулуп, ортодогу айырманы билдирбегенге аракет кыласыз.
В) Сизге айтпай конок чакыргандыгы үчүн балаңызды жемелеп, алардын батыраак кетишин каалайсыз.
Г) Аларга аралашпайсыз, бирок, сырттан көзөмөлдөп турасыз.
8. Сиздин балдарыңызга кылган мамилеңиз:
А) Аларга чоңдорго жасагандай мамиле жасайсыз.
Б) Кичинекей балдардай мамиле кыласыз.
В) Достой болууга аракет кыласыз.
Г) Ата-эне кандай мамиле жасаш керек болсо, ошондой мамиле жасайсыз.

24-15 балл: Сиз балдарыңызга теңелип, алар менен көңүл ачууну туура көрөсүз. Балдарыңыз менен өзүңүздү бир деңгээлге коюу менен алардын досунун ролун аткарып туура эмес кыласыз. Балага дос гана болуу жетишсиздик кылат, аларды башкаруу да керек.
14-8 балл: Балдарыңыз сиз менен кандай мамилени кармоону так билишпейт. Сиз балдарыңызга дос катары мамиле кылып келатып эле өзүңүзгө керек болгон учурда ата-эненин ролуна кирип кетет экенсиз. Эртеби-кечпи алар менен болгон "достук" мамилеңизди үзөсүз. Ошондо "балдарым мени жакшы көрбөй калышты" деп тынчсыздануунун кереги жок.
7-0 балл: Ушундай абалыңыздан жазбаңыз. Сиз балдарыңыздын өзгөрүп турган маанайын жана керектөөлөрүн түшүнө билесиз. Сиз балага ата-эне тарабынан кандай мамиле керек экендигин жакшы билесиз. Балдарыңыз сизди урматташат, сүйүшөт.

МАМЫРБЕК кызы Зарылкан