Атай Өмүрзаков "Минута славы" конкурсуна катышып келди
Каракол шаарынын тургуну Атай Өмүрзаков 6-март күнү Россиянын биринчи каналындагы популярдуу телеберүү "Минута славы" конкурсунун финалында өз өнөрүн - өзгөчө бийин тартуулады. Тандоо турунан соң Атай конкурстун катышуучуларынын жана уюштуруучуларынын арасында Робот-адам деген атка конгон. Бул атын Атай толугу менен актады. Съёмка учурунда, болгондо да дал Атай тартылып жаткан учурда кокустук болуп сахнанын декорациясы күйүп кеткен. Кызматкерлер сахнаны кайра калыбына келтиргенче бийчи жердешибиз бир секундга да образынан чыкпай, былк этпей 10 мүнөт ордунда катып турган.

Кыргыз-Өзбек чегарасынан мыйзамсыз алтындар кармалды
Кыргыз-Өзбек чегарасынан 1965-жылкы Мамлакат Ибрагимова мыйзамсыз жол менен алып бараткан алтындары менен кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажынын басма сөз кызматы билдирди. Бажычылардын текшерүү учурунда Кыргызстандын атуулунан жалпы баасы 6670 долларды түзгөн 28 түрдүү алтын жасалгалар табылган. Ал бажы төлөмдөрүнөн качып, товарын жашыруунун аракетин кылган. М. Ибрагимованын өзүнүн айтканына караганда, бул баалуу товарларды Түркиядан алып, Ош шаарынын базарына сатууну көздөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.

Санжар Кадыралиевди саясий атаандашы өлтүрткөнбү?
Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиев саясий атаандашынын буйругу менен өлтүрүлгөн деп эсептейт анын бир тууганы Ыргал Кадыралиева. Маркум депутаттын өлүмүнө байланышкан сот иши 2009-жылдын август айында башталган. Ыргалдын айтуусу боюнча, депутатты өлтүрүүгө катышкан деп шектелгендердин бири Раатбек Сайипбеков катуу оорусунан улам сотко келе албай, сот иши такай кийинкиге калтырылып келет. Анын ою боюнча изилдөө иштери толук жүргүзүлбөй жатат, анткени, иште көптөгөн кемчиликтер бар. "Мындан тышкары, өлүмгө тиешеси бар дагы бир адам Мурас Маташевди издөө үчүн жакшы аракет кылбай жатышат",-дейт ал. Ы.Кадыралиеванын сөзү боюнча, Санжардын туугандары уюштуруучу - М.Маташев болгон, ал эми буйрукчу - маркумдун саясий атаандаштары болгон деп эсептешет.

Ырчылар абактагы аялдарга майрамдык маанай тартуулашты
Бишкектен 8 км алыстыкта, Степное айылындагы аялдар колониясында учурда 259 аял камалып жатат. Алардын көпчүлүгү уурулук, баңги заттарды таркатуу жана колдонуу, көз боёмочулук үчүн отурушат. Арасында адам өлтүрүү менен колго түшкөндөрү да жок эмес. Мына ушул эркиндиктен ажырап, темир тор артында отурган айымдарга 10 жылдан бери 8-март күнү барып, майрамдык маанай тартуулоону продюсер Назгүл Насиева адатка айландырган. Бул жылы да эркиндиктен "белек" күткөн аялдардын үмүтүн актап, жалаң ырчы мырзалар: Урмат Усенов, Акбар Сүйүнбаев, Эрмек Нурбаев жана "Тамашоунун" жигиттери Назгүл Насиеванын жетектөөсү менен барып концерт коюп келишти. "Жыл сайын 8-март күнү жумушка барган сыяктуу эле ырчыларды алып, эртең менен эрте чыгып кетем. Он жылдын үч жылында абактагы аялдар арасында "Сулуулар конкурсун" өткөргөм, калган жылдары жөн гана концерт менен барам. Конкурска каражат көп кетет, өзүм чуркап демөөрчү издейм. Быйыл негедир конкурс өткөрүүгө чыгынбай койдум" дейт кезектеги кайрымдуулук иши үчүн өзүнө-өзү ыраазы болгон Назгүл Насиева.

Экс-министрдин тарапкерлери митинг өткөрүшүүдө
Алайдын борбору Гүлчөдөгү Курманжан датка атындагы тарых музейинин алдына ишембиде миңге чукул адам чогулуп, мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковдун токтоосуз бошотулушун бийликтен талап кылышты. Бул митингде президент Курманбек Бакиевге 8 жылга кесилген генерал Исаковду актап, эл көзүнчө кечирим суроого 15-мартка чейин мөөнөт берилди. Эгер ушул акыркы сураныч аткарылбаса Ошко, андан ары Бишкекке карай жөө жана атчан жүрүш башталаары жарыяланды.


"Оскар" өз ээлерин тапты
Кино дүйнөсүндөгү негизги сыйлык "Оскардын" тарыхында биринчи жолу "Эң мыкты фильм" номинациясына беш эмес, он фильм катышты. Жыйынтыгында америкалык режиссёр Кэтрин Бигелоунун "Повелитель бури" тасмасы эң жогорку наамга татыктуу болду. Мындан тышкары Жеймс Кэмерондун "Аватары" баш болгон тогуз тасма мыкты деп табылды. Конкурстун шарты боюнча, бир гана мыкты фильмдер үчүн Американын киноискусство академиясынын 6 миң мүчөсүнүн жашыруун добушу аркылуу чечилет. Калган номинациянын жеңүүчүлөрү профессионалдардын көз карашы менен тандалат.

Россияда "Евровидениеге" талапкер тандалды
55-жолу боло турган Норвегиядагы "Евровидение-2010" эл аралык конкурсу үчүн талапкерлерди тандоо турунун финалында Петр Налич жеңишке жетишти. Бул жыйынтык көрүүчүлөрдүн телефон жана интернет аркылуу берген добуштары жана профессионал калыстар тобунун чечиминин негизинде чыкты. Өзүнүн 24 атаандашын артка калтырган Петр Наличти конкурстун мурунку катышуучулары Дима Билан менен Александр Рыбак куттукташты.
Калининградда скинхеддер камакка алынды
Россиянын Калининград шаарында Орто Азиялык жарандарга кол салган 6 такырбаш соттолду. Бул такырбаштар 2008-жылдын февралында Калининградда кара жумушта иштеп жүргөн Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарын ур-токмокко алышкан эле. Ур-токмок учурунда алар бычак, балка, балта сыяктуу аспаптарды колдонушкан. Натыйжада, жапа чеккен 6 эмигрант ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Ошентип 6 скинхеддин алды жети жылга, арты эки жарым жылга темир тор артына кетишти.