Кыргыз Республикасынын эл артисти Роза Аманова:

"Менин азан чакырып коюлган атым Ырыс"
Кыргыздын ырысына, сыймыгына жаралган булбул таңшык, арген үн Роза Аманованы кимдер билбейт?! Балапан кезден музыканын керемет дүйнөсүнө аралашкан Роза Аманованын ыйык сахнага улуу элдин улуу дастандары менен келгени ар бир ыр сүйгөн, ыр сыйлаган кыргызга дайын десем жаңылышпаймын. Ыр жандуу ырчы кызыбыз бүгүн "Леди KG" гезитинде мейманда.


- Роза Асановна, кеп оролун ыйык сахнага алып келген чыйырдын башаты балалыктан баштасак.
- Менин балалыгым касиеттүү таланттардын мекени болгон Токтогулда өттү. Эс тартканы түйшүккө, мээнетке бышып чоңойдум. Кыргыз эли мал жандуу эмеспи, райондун борборунда болсок да уй кармачубуз. Кол арага жараганы уй кайтарып, чөп жыйнап, айтор, кемпир-чалдын кызы болгондонбу, же бекем тарбияданбы, кичинемен эле эмгекке жакын чоңойдум. Таң эрте уйду бадага кошуп, кайра тосуп келип дегендей, иши кылып үйдөгү алым жеткен жумуштан баш тартчу эмесмин. Балалыгымды кайраттуу, мээнеткеч атамсыз, мээрман апамсыз элестете албаймын. Алардын небере кызы элем. Кайран кишилер он балалуу болуп, ошондон эки кызга гана ээ болушуптур. Мен алардын улуу кызынын кызы экем. Таятамды ата, таенемди апа деп, сөз менен жеткирип айта алгыс мээримге, аздектеген сүйүүгө бөлөнүп бой тарттым. Апам урушканда да "өркөнүң өскүр, бактыдан кем болбогур" деп урушчу. Раматылык атам убакыт боло калса эле мойнуна көтөрүп алчу. Эсимде, бала кезде топурак жегенди жакшы көрчүмүн. Атам "кызым жейт" деп атайын ак топурактуу жерге барып топурак алып келип, анан аны элеп, жууруп, кадимкидей мештин үстүнө коюп бышырып, бөлүп-бөлүп кичинекей баштыктарга салып илип коёр эле. Ошондогу топурактын даамы али таңдайымда тургансыйт. Кудайдын буйругу экен, алты жашымда атамдан айрылып калдым. Атам каза болгону түйшүк эки эсе көбөйдү, ал киши көзү барда жасаган жумуштун көбү менин мойнума түшкөндөй сезилди. Оюн деген унутулуп, апамдын көңүлү ооруп калбаса экен деген тилекте жүрдүм.
Тиричиликке эле эрте аралашпай, мектепке да эрте бардым. Таң эрте туруп уйду бадага кошкондо мектепке бараткан балдарды көрүп "мен эмнеге мектепке барбайм" деп ызаланып, апама "мен да мектепке барам" деп ыйлай баштадым. Ал кезде мыйзам катуу, алты жаштагыларды жашы жетелек деп алчу эмес. Бала падыша дегендей, мыйзам мени кайдан кызыктырсын, балдарды ээрчип мектепке бара берчүмүн. Акыры апам менин көңүлүмдөн өтө албай мектептин директоруна, класс жетекчиме Осмонова Токтосун эжени ортого салып суранып жүрүп мектепке киргизди. Ошентип өзүмдөн бир жаш улуулар менен окуп калдым. Быйыл жыйырма жылдыкка барсам классташтарым "Роза, сенин жетимиш үчүнчү жылкы экениңди элдин баары билет да, биз эле билбей жүрүптүрбүз" деп күлүштү.
Мектеп жылдарында баладай ээн-эркин ойноп эс ала турган учур бизде болгон жок. Өзгөчө менин тагдырымда. Бул турмуштун оорлугунан эмес, апам экөөбүздүн жалгыздыгыбыздан улам болчу. Дагы бир дил жаркыткан эскерүүм, тамганы курап окугандан баштап элдик дастандарды апам түн бир оокумга чейин окутуп укчу. Эсимде, кийин бир аз чоңоюп калганда Курманбекти жатка айтып берсем апам менен кошуна Уулкан деген эже угуп алып ыйлай беришчү. Алардын ыйлаганын карап туруп, "мен абдан жакшы, кыйын айтып жатам, ошон үчүн ыйлап атышат" деп ойлоп, жетине албай калчумун. Кийин эс тартканда ойлосом, алар менин ийине жеткире айткандыгыман эмес, баатырдын өлгөнүнө, ар кимиси өзүнүн тагдырын мен айткан дастандардан көрүп кейип ыйлашчу тура. Бир чети ал кездеги адамдар ырды, сөздү баалай билген кишилер экен.
Мектепте окуп жүргөндө Токтогулдун ролунда ойноп, бүткүл союздук фестивалдын лауреаты болгом. Балким, менин чыгармачылык тушоом ошондо кесилип, ырчылык чыйырым ошол мектеп сахнасынан башталган чыгаар. Жетинчи класста окуп жатканда биринчи жолу Бишкекке (анда Фрунзе) Токтогул атамдын ырларын ырдап келгем.
- Студенттик жылдар эмнеси менен эсиңизде калды?
- Мен оболу М.Күреңкеев атындагы музыкалык орто окуу жайды, андан кийин Б.Бейшеналиева атындагы музыкалык жогорку окуу жайды, Улуттук консерваторияны, анан аспирантураны бүттүм. Менин жаштык кезден сыймыктанып айтып, жүрөгүм толкуп эскерээр бир жагдайым, залкар кишилер Эстебес Турсуналиев, Асек Жумабаев, Тууганбай Абдиев сыктуу улуу кишилердин нускасын көрүп, насаатын алып калдык. Мен чыгармачылыкка абдан эрте аралаштым. Бир жолу Нарында концертке "Эл ырчысы Эстебес" тобу менен барып калдык. Эстебес агайдан бир ак сакалчан карыя улам эле "Роза деген дастанчы кыз бар эле, ошону эмне алып келбедиңер?" деп сурап агайдын жанын койбойт. Эстебес агай мени көрсөтсө, "койчу ушул кичинекей секелек кыз Розабы? Мен чоң эле кыз го деп жатпаймынбы" дейт.
Студент кезде негедир студенттик шатыра-шатман жашоого көп аралашпадым. Окуу, чыгармачылык менен жүрүп кандай убакыт өткөнүн да байкабай калдык. Кеп оролу келгенде айта кетейин. Байкеңер Кубанычбек Мырзабекович менен төрт баланы тарбиялоодобуз. Кудай ушуну кут кылсын. Агаңардагы мен баалаган өзгөчө сапат - акылдуулугу, адам кадырын артыкча сыйлаганы. Мен жолдошумдан көп нерсени үйрөндүм. Баарынан мурун ал мага майда сөздөн бийик турууну үйрөттү. Бир кездерде кандайдыр кеп угуп, ызаланып айтып калсам, "оозуна алы жетпегендер айта беришсин, сен ал сөздөрдөн бийик туруп кой" дечү. А азыр укпайм, укканга убактым да жок. Баарынан да жолдошум менин эң жакшы угарманым, анан эң "каардуу" сынчым. Эсимде, Жалал-Абадда губернатор болуп иштеп жүргөндө Курманбектин беш жүз жылдыгы болуп, Кубанычбек Мырзабекович шаардын кире беришине чоң дарбаза курдуруп, Курманбек баатырдын эстелигин койдурду. Мага "сен да салымыңды кош" деп калды. Ошондо ошол кишинин сунушу менен Курманбек эпосунун толук вариантын иштеп, болгондо да ар бир каарманга ар башка обон жаратып эл алдына алып чыктым. Менин илимге баш-отум менен кирүүмө да жолдошум себепкер.
- Сиздин өзүңүз сыймыктанган сапатыңыз барбы?
- Сыймыктанган сапатым десем туура болбой калат го, менин каныма бүткөн сапатым - атам менен апаман калган мээнеткечтигим, өжөрлүгүм, чечкиндүүлүгүм. Айтаарым ар бир адам өз бактысы үчүн күрөшүүгө, бактылуу болууга акылуу.
- Кемпир-чалдын кызы болсоңуз, анан эмне үчүн Роза деп аташты?
- Менин азан чакырып койгон атым Ырыс. Апам раматылык "Ырысым" деп эркелетчү. Менин туулганым тууралуу күбөлүгүмдү шартка байланыштуу кеч, мектепке бараарда алышат. Күбөлүккө жездебизди жөнөтсө, ал киши майрамдап алган го, менин туулган жылымды, күнүмдү так айтып, атымды унутуп, "Рдан башталчу" деп эле таппайт экен. Анан ошол жерде иштеген кыздар "Роза деген аттар азыр абдан мода, ошентип коёлу" дешет да, күбөлүккө ошентип жазылып калат. Бирок апам дайым Ырыс дечү.
- Өмүрдө абдан өкүнгөнүңүз эмне?
- Апамдын менин эл кызы болуп, өзү жакшы көрүп, аздектеп уккан кыргыздын салттуу музыкасына күйүп-бышкан инсан болгонумду көрбөй калганы. Ушуга абдан кейип өкүнөм. Кайран киши, тирүү болсо төбөсү көккө жетмек. Себеби, өнөрдү өзгөчө ардактачу да, "өнөр адамы өзүн өзү урматташы керек" деп калчу.
- Эмнеге башкаларчылап чач кыркып түрлөнбөйсүз?
- Боёнуп, чач кыркканга дээримен кызыкпайм. Маркум апам да андайды жактырчу эмес. Ал киши азыр деле баарын туюп тураарына ишенем. Чач кырксам апамдын каалоосун бузуп койбоймунбу. Деги эле табигый өң менен жан дүйнө сулуулугуна эмне жетсин.
- Кайра жаралсаңыз ушул чыгармачылык жолду тандайт белеңиз?
- Чынын айтсам, бул жол мени тандады го деп калам. Мен болгону бул жолдун мага таккан милдетин колумдан келишинче аткарып келатам. Албетте кайра жаралсам, Кудай кайра эле ушул талантты берсе ушул жолго түшмөкмүн.
- Бүгүн жигиттердин майрамы, каалооңуз бар чыгаар?
- Биз, аялдар, канчалык мойнубузга алгыбыз келбесе да, эркектин кудурети, касиети бийик. "Тай туйлап такка чыкпайт" дегендей, аялдын өз орду, эркектин өз орду болгону дурус. Аларды биз баалабасак, өз эли баалабаса ким баалайт? Азаматтарыбыздын кадырын түшүрүп тебелебесек. Ал эми, биз ишенген азаматтар биздин ишеничибизди актаса. Ар бир элдин баатыры өз элинде гана артык, өз элинде гана баатыр. Кааларым жигиттерибиз майдаланбаса, көөдөнүндө Манастын руху өчпөсө, бийиктигинен жазбаса.

Маектешкен
Айжаркын Эргешова