Айсулуу Омуралиева:
"Мага жигит жандоого али эрте"
- Айсулуу, канча жаштасың?
- 16 жаштамын. 9-классты бүтүп юридикалык колледжге тапшыргам. Азыр ошол жакта окуйм. Сабактан тышкары бул жактан билим алып, сертификатка ээ болгонумдан кийин келишим менен бул агенттикте калып калдым.
- Жогоруда айтып кетпедиби, моделдер үч топто даярдалат деп. Сен кайсы тобуна киресиң?
- Бул жакта ар бир кыздын өзүнүн өзгөчөлүгүнө жараша индивидуалдуу сабак өтүлөт. Мени көбүрөөк экинчи топко жакындатышат, башкача айтканда, фотомодель болуу мүмкүнчүлүгүм көбүрөөк экен.
- Бул жакка келгенден бери эмнелерди үйрөндүң?
- Аябай көп нерсе үйрөндүм. Кадимкидей эле көзүм ачылды десем болот. Эң эле жөнөкөйү - туура боёнуунун жолдорун үйрөндүм. Өзүмө кандай түс жарашаарын билдим.
- Кандай түз жарашат экен?
- Менин түстөрүм - сары, ачык жашыл, сыя... ачык түстөр экен. Мурун деле ачык түстөрдү жакшы көрчүмүн, көрсө, жаңылган эмес экенмин.
- Диета кармайсыңбы?
- Жок, диета кармабайм. Мен негедир ушул формамды дайыма сактайм. Табиятымдан ушундай болсом керек, арыктабайм дагы, толбойм дагы.
- Сенин келечектеги кесибиң юрист турбайбы. Юрист болгуң келеби же модель болгуң келеби?
- Өз кесибим менен иштегим келет, а моделдик хобби катары сүйгөн жумушум. Мен ойлойм, экөө бири-бирине тоскоолдугун тийгизбесе керек деп.
- Негизи Замира Молдошевага кандайча туш болуп калдың эле?
- Мен өзүм кичинекейимден эле мода көрсөтүп эки жакка басканды жакшы көрчүмүн. Анан негедир Замира эжени абдан сыйлачумун. Апам кимдир-бирөөлөр аркылуу Замира Молдошеванын окуу борборун ачып жатканын угуп калып, мени бул жакка алып келген.
- Сендей сулуу кыздардан жигиттер кыя өтпөсө керек, жигитиң бардыр?
- Жок, жигит жандай элекмин, менинче, менин курагымдагы кыздарга жигит күтүүгө эртелик кылса керек.


"Бул жерге келген кыздардын көздөрү ачыла"
Модель, моделдик агенттик... Бул түшүнүктөрдүн мекенибизде тамыр жая баштаганына аз гана убакыт болду. Бул жаңы ишти колго алгандардын бири белгилүү стилист Замира Молдошева бизнесинин бир бутагы катары "Zfashion" аттуу моделдик агенттик ачып, учурда аны түптөө менен алек болууда.

- Замира, моделдик агенттик ачууңуздун башкы максаты эмне болду?
- Баары билгендей, "Люкс" сулуулук салону менин карамагымдагы салон эмеспи. Ошол салондун имиджи үчүн мен жылына бир жолу чач жасалгалардын көрсөтмөсүн уюштуруп турам. Ал үчүн келбеттүү, сулуу кыздардын талап кылынары белгилүү да. Ошондой учурларда ар кайсы моделдик агенттиктер менен иштешчүмүн, а алар бекер иштешпейт. Ушул жылдын апрель айында өтө турган көрсөтмөдө мага 80 кыз керек болот. Ушундан улам моделдик агенттик ачуу тууралуу көптөн бери ойлонуп жүргөм. Бирок бул чөйрөдөгү иштердин ийне-жибине чейин билген, ошол ишти өз колуна ала тургандай эч кимди таппай жаткам, анан табаарым менен ойлоп жүргөн максатымды ишке ашырдым.
- Моделдерди окутуу жагы да каралганбы?
- Ооба, ушул максатта окуу борборун да ачкам. Анын иштеп баштаганына бир топ эле болуп калды. Анда окуу үч багытта жүргүзүлөт. Биринчи багыты - кыздар өздөрү үчүн гана окушат. Мында эч кандай талап коюлбайт, ким кааласа баарын окута беребиз. Бул топко кантип боёнууну, өзүн кантип алып жүрүүнү жана башка этикаларды өздөрү үчүн гана билип алууну каалагандар келишет. Экинчи топто фотомоделдикке окутабыз. Мында негизинен боюна эмес, жүзүнүн сулуулугуна көңүл бурулат. Ал эми үчүнчү топ - топ-моделдердин тобу. Мындагы талап күчтүү: бою 170 сантиметрден өйдө болуш керек, фигурасы келишимдүү, жүзү да сулуу болушу керек, атүгүл чачтарына да көңүл бурулат. Мына ушул үч бутак боюнча сабактар өткөрүлөт.
- Мисалы, кандай сабактар?
- Негизги сабактар - дефиле, стиль жана имидж, визаж, актёрдук чеберчилик, а жардамчы сабактар - оратордук искусство, психология, этикет, диетология. Көпчүлүк сабактар тажрыйба жүзүндө өткөндүктөн, аябай кызыктуу. Мисалы, кыздарды кафеге алпарып отургузуп коюшубуз мүмкүн. Алар ошол жерден бычакты кандай кармаш керек, кайсы вилканы кайсы учурда колдонуш керек, тамакты кантип жеш керек, ушулар жөнүндө үйрөнүшөт.
- Жашка талаптар да коюлганбы?
- Албетте, моделдикте жаш курак - негизги талап. Биз 15 жаштан 24 жашка чейинкилерди алабыз.
- Сабактар кайсы учурда, кандай тартипте өткөрүлөт?
- Жаштар күндүзү жумуштарынан, окууларынан бошошпогонун эске алып, сабакты атайын кечки маалга койгонбуз, башкача айтканда, күн сайын кечки 5тен 6:30га чейин бирден сабак өтүлөт. Ушинтип тынымсыз 2 ай окушкан соң сертификат берилет.
- Окуу акысы канча?
- 2 айга 8 миң сом. Кыздардын эки ай ичинде үйрөнүп чыккан нерселери 8 миң сомду ашыгы менен актайт деп ойлойм. Бул жерге келген кыздардын көздөрү ачылат.
- Анан үйрөткөн кыздар менен кайра келишимдин негизинде иштешесизби?
- Албетте баары менен эле иштеше бербейм, келбетине жана башка жөндөмдүүлүктөрүнө карап ылайыктуу кыздарды тандап алып, андан ары да иштешүү сунушун киргизем. Азыр келишим менен иштешип жаткан ондон ашык кыз бар. Тандоо дагы деле жүрүп жатат жана тынымсыз улана берет.
- Кыздар рекламалык роликтерге, клиптерге түздөн-түз катыша алышпайт да?
- Келишим боюнча биз аркылуу гана катыша алышат. А төлөнгөн акчанын белгилүү бир пайызы кыздарга, калганы бизге таандык болот.
- Жалаң эле кыздарды аласыздарбы же эркек балдар да керекпи?
- Бизге эркек балдарды тартууну да колго алганбыз, жарыя боюнча анда-санда шаардык балдар чалып калышат, бирок, бул жаңылык болгон үчүнбү, азырынча бул аракетибизден жыйынтык чыга элек.
- Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?
- Менин иштеримдин баары бири-бири менен тыгыз байланышта. Мисалы, сулуулук салонум бар, окуу борборум бар, моделдик агенттик ачтым, эми мода үйүн ачайын деген тилегим бар. Ага алдын ала даярдыктар көрүлүп жатат, буюрса, жаз айларынын биринде бул аракетим да иш жүзүнө ашып калат.
Эми "Zfashion" моделдик агенттигинин сулуу моделдери менен жума сайын таанышып тура аласыздар. Алардын алгачкысы Айсулуу Омуралиева менен тааныштырабыз.

Маектешкен Азиза Сатимбекова