Yйүңүздүн номери канча?
Кайсы бир үйдө муздактык, суздук өкүм сүрүп турса, дагы башка үй тескерисинче, шаңга, оптимизмге толуп турат. Муну дароо эле үйдүн кожоюндарынын мүнөзүнөн көз каранды деп ойлойбуз. Бирок нумерология илими дагы терең казып, ар бир жеке үйдүн же квартиранын номеринин таасининен ал үй кандайдыр бир энергетикага ээ болоорун далилдеп чыккан. Байыркы грек философу жана математиги Пифагор да ар бир сан өзүнчө энергияга ээ болуп, сандарды алып жүргөн адамдарга түздөн-түз ал энергия таасир этээрин далилдеген. Квартираңыздын номери сизге кандай таасир этээрин билгиңиз келсе, ал сандарды бирдикке ажыратып, бир орундуу сан чыкмайынча кошо бересиз. Мисалы, сиз 193-квартирада жашайсыз дейли. Бул 1+9+3=13=1+3=4.
Демек, квартираңыздын энергетикасы сизге туура келер-келбесин азыр эле билип алыңыз.

Мындай үй өздөрүнүн көз карандысыздыгын табууга, жеке бизнесин баштоого умтулган, лидер болууну каалаган адамдар үчүн идеалдуу деп эсептелинет.
Бир саны адамга өзүнө ишенүүчүлүктү, мыкты интуицияны жана чыдамкайлыкты жаратат. Мындан тышкары бул сан адамды пайдалуу жагына чечиле турган иш-аракеттерге түртүп, өз ийгилиги менен элдин көңүлүн бурдурууга жардам берет. Бирок мындай үйдүн энергиясы үй-бүлөлүү жана өзүнүн экинчи жарымын издеп жүргөн адамдардын жеке жашоосуна тоскоолдук кылышы мүмкүн. Мындай үйдө жашагандар адамдардын арасында жүрсө деле өздөрүн бөлүнүп калгандай жалгыз сезишет. Ал эми үй-бүлөдө бир нече лидерлердин ортосунда "биринчиликти" талашышып ар качан карама-каршылык жаралып турат.
Эки белгисиндеги үй ишенимдүү мамилеге тартып турат. Бул үйдүн жашоочусу үчүн айланасындагы адамдардын, жакындарынын ойлору жана сезимдери өтө барктуу. Бул үй-бүлөлүк түгөйлөр үчүн эң идеалдуу үй. Мында жашаган түгөйлөр бири-бирин эң жакшы түшүнүшөт. Эки санынын сезимталдуулук энергиясынын таасиринде мындай үй чыгармачыл адамдар үчүн эң идеалдуу жай. Бул жерде алардын оригиналдуу идеялары түгөнбөйт. Бирок мүмкүн болсо бул үйдө жалгыз жашоо сунушталбайт.
Yч санынын таасири менен бул үй карым-катыштын борборуна айланат. Бул жерде кандайдыр бир себептер менен такай адамдар чогулуп турушат, телефондун шыңгыраганы басылбайт. Бул үйдө сүйлөшүү, келишимге келүү жеңил болот. Карым-катышты сүйгөн, акыркы жаңылыктардан такай кабардар болуп турган, эч качан жумушсуз отура албаган адамдарга мында жашоо оңой.
Мындай үй туруктуулукту берет. Бирок, бул сандын ээлерине жакшы жашоо өзү келбейт. Ага жетүү үчүн үй ээлеринен бекем тартип, сарамжалдуулук, көшөргөн эмгек талап кылынат. Бул жерде адамдык карым-катыш, жан-дүйнөнүн жылуулугуна караганда материалдык жыргалчылык көбүрөөк бааланат. Мындай үйдүн ээлери убактыларын көңүл ачууларга, эс алууга кетиргенден көрө кезектеги жумуштарына даярданышып үйдө өткөрүүнү оң көрүшөт.
Беш санынын таасири астындагы үйдөгү жашоону бир сөз менен "жаны тынбастык" деп койсо болот. Бул жерде такай бир нерсе болуп турат. Анын жашоочулары эч качан бир орунда отурушпайт: бир жактарга барышат, ар кандай адамдар менен жолугушат, шаардан шаарга же андан да алыс аралыктарга барып турушат. Мындан тышкары беш акыл-эс энергиясын берип турат, андыктан, бул үйдүн ээлери башкалардан ишкердүүлүгү, акылдуулугу менен айырмаланып турат.
Мындай үй - өз үйүн жайлуу уяга айландырууну жана үй-бүлөсүндө берекелүү, жыргал турмушту бекемдөөнү каалагандар үчүн эң жакшы жай. Бул үйдө ынтымак, сүйүү жана бири-бирин түшүнүүчүлүк абал өкүм сүрүп турат. Мындай үйдүн ээлери үй жаныбарларын жана бөлмө өсүмдүктөрүн жакшы көрүшөт. Ак сөөктүк жашоону баалагандар үчүн алты - мындай жашоону батыраак алып келүүчү сан болуп эсептелинет.
Жети белгисиндеги үй - элден обочо жашоо. Бул жай адам эс алууга жана күч топтоого, ой жүгүртүүгө, өткөн-кеткен нерселерди анализдөөгө ылайыктуу. Өзгөчө жалгыздыкты каалап тургандар үчүн же жашоонун кандайдыр бир оор учурун башынан кечирип жаткандар үчүн эң жакшы жай. Жети материалдык баалуулуктардын эмес, жан-дүйнөнүн саны. Андыктан бул үй материалдык абалын жакшыртууну каалап бизнес менен алектенгендер үчүн эмес. Мындан тышкары бул үйдө аял-күйөө мамилелерин жөнгө салуу кыйынчылык туудурушу мүмкүн, анткени, жетинин энергиясы адамдарды түнттүккө алып барат.
Сегиздин энергиясы материалдык абалга, үй-бүлөлүк жашоого, айланадагы адамдар менен болгон мамилеге таасир этет. Бул сан уюштуруучулук жөндөмдүүлүккө оң таасирин тийгизет. Андыктан сегиз белгисиндеги үйдүн жашоочуларынан көбүнчө мыкты жетекчилер, саясатчылар, бизнесмендер чыгат. Муну менен үй-бүлөдөгү мамиле аксап калат деп айтууга болбойт. Yй-бүлөдөгү маанилүү маселелерди чечүүдө да алар жетекчилик кылышат.
Тогуз саны бул үйдүн жашоочуларына тынчтык, акылмандуулук жана боорукерлик тартуулайт. Бул үйдө жашоо тынч, жай өтөт. А жашоочуларынын эмоциялары сыртка ачык чыкпайт. Бул эмоцияларын кармагандан эмес, ал адамдардын башкаларды түшүнө билгенинен. Тогуздун энергиясынын таасири менен мында жашаган адамдар өзүнө эмес, башка бирөөлөргө кам көрүүгө жакын болушат. Тогуз белгисиндеги үй кары-картаңдар үчүн эң ыңгайлуу баш калкалоочу жай болуп болуп эсептелинет.

Сауле СУЛАЙМАНОВА