Руслан Шаботоевдин
келинчеги Айдай Осмоналиева:
"Руслан жанымда болсо ачка калсак мейли эле"
Биз узаккаузакка жашайбыз, анан мен биринчи өлөм, кыркымды, ашымды бергениңден кийин сени алып кетем" деп убада берген

Кыргызда баатыр көп чыккан. Айырмасы эле, ар кимиси ар кандай учурда жарыкка келгени болбосо, баары эл эртеңи, журт камы үчүн кызмат кылып, керек учурда улуу идея, асыл максат үчүн жан беришкен. Эң өкүнүчтүүсү - баатырлар ошол улуу максаттарын ишке ашыра албай арманда кеткени, жаш кеткени. Санап көрсөм көпчүлүгү, дээрлик баары кырктын кырынан ашпаптыр. ... Ырысбек, Баяман, Санжар, Руслан, Бактыяр... Эмне деген азаматтар эле! Ушулар аман болсо карайлаган кыргыз үчүн кандай гана албан иштерди жасашмак!..

Бет алдымда Шаботоевдин чыбыктай солкулдаган жапжаш келинчеги Айдай көзү толо жаш, көөдөнү толо арман менен кыргыздын бир жаралган чыгаан уулу Руслан Алымкулович жөнүндө кеп салып отурду. Эң оору жакшы адамды мактап жазуу эмес, жоктоп эскерүү экенин ушу бүгүн ушундай дилим ооруп, жүрөгүм канап сездим. Айдай маегибиздин башынан аягына чейин бир да жолу Руслан Шаботоевди "болчу, минтчү..." дебей, "Руслан ушундай адам, Руслан минтет, ал мындай тамакты жакшы көрөт..." деп сүйлөдү. Бирок мен "эле" деп жазууга аргасызмын...
- Айдай, Руслан Алымкулович экөөңүздөр кантип таанышып калдыңыздар эле?
- Мединститутта жылына бир жолу, 22-июнда экзамен тапшырчубуз. Ошол жерден Руслан экөөбүз таанышып калдык. Узун бойлуу, кең далылуу, зыңкыйган келбеттүү жигит акылдуу сөзү, кенен көз карашы менен дароо эле көңүлүмдү ээлеп алды. Руслан адам катары да, эркек катары да абдан кызыктуу, акылдуу жан эле. Аны менен кандай темада баарлашпайын тажачу эмесмин. Мен эле эмес, Руслан менен бир гана жолу маектешкен ар кандай адам ушул пикирди айтчу.
- Сизге биринчи жолу эмне белек тартуулады эле?
- Биз алгач таанышканда Руслан студент болчу. Анын эң эсимде калган белеги - ыр жазылган открыткалары, анан кыпкызыл розалар. Ошондогу чын дилден жазылган ырлары, сөздөрү мени ушу бүгүнкүгө чейин кайраттандырып, шерик, дем болуп жүрөт. Руслан розаны абдан жакшы көрчү. Андан кийин акчалуу болгондон тартып, кайда барбасын, мага көзүнө эмне жакшы көрүнсө алып келе берчү: идиш-аяк, дасторкон, алтын жасалга... Ал деги эле адамдарды аз болсо да кубантып, белек тартуулаганды жактырчу. Апасына, менин апама, балдарына, Кларага (депутаттын жардамчысы), айдоочусуна, жан сакчыларына, үй кызматчысына, айтор, эч кимди унутпай сөзсүз бирдеме көтөрө келчү.
- Эс алганы чогуу барчу белеңиздер?
- Эс алганы барганда баарыбызды, жанында кимдер кошо иштешип жүрсө ээрчитип алчу. Мисалы, айдоочусун, зарыл деп эсептебесе да жансакчысын, үй кызматчысын, жардамчыларын, айтор, өзүнчө эле чоң компанияга айланчубуз. Русландын көзү өткөндөн кийин алардын "Руслан менен эс алууга гана эмес, кандай жакка болсо да бирге барууга даяр элек. Мындай адам менен ар кандай тобокелчиликте, керек болсо баш кетчү жерде бирге болуу өкүнүчтүү эмес" деп айтышканы мени ыйлатты. Атаганат, ушундай адамдар Руслан жоголгон күнү бирге болсо эмне?!.
Руслан чет өлкөгө караганда өзүбүздүн эле Көлдө эс алганды жакшы көрчү. Тээ карааны көрүнбөй калганга чейин сүзүп кетип калчу. Мен чебелектеп отура албай, жан сакчылары да тынчсызданып калганда күлүп коюп келип калчу. Азыр да ошентип келип калчудай сезилет. Анткени биз үйлөнгөн кезде "биз узакка-узакка жашайбыз, анан мен биринчи өлөм, кыркымды, ашымды бергениңден кийин сени алып кетем" деп убада берген. Руслан сөздүн адамы болчу, ал эмнени убада кылса аткарчу, анан кантип ушул убадасын унутуп койсун? Мен анын жоголгонуна ишенбейм, ал келет. Эки жылдын жүзү болсо да алиге чейин кирип келчүдөй ал сүйгөн тамакты жасап алып күтө берем. Балыкты, сабиз салатты, алманы абдан жакшы көрчү. Жарк этип кирип келип: "Жоголду десе эле ишене бересиңерби?" деп бизди шылдыңдачудай туюлат. Мен Русланчалык элге, туулган жерге жакын адамды көрө элекмин. Ал көчөдөн жүдөгөн адамды көрсө үйгө алып келип: "Айка, киши келди, тамак бер" дечү. Мен айылдан келген экен деп сыйлап жөнөтүп, кеткенден кийин: "Ким? Тааныбадым" деп айдоочусунан сурасам: "Жөн эле көчөдөгү адам. Кыйналып калыптыр деп үйгө чакырып, акча берди" дечү. Кыргызстан ХИПИКке кирет экен дегенде кадимкидей уктабай калган. Мен ага "эгер каалашса кире берсин, биз чет өлкөгө кетип калабыз" десем, кадимкидей ачуусу келип, "кантип туулган жерди, бир тууган элди таштап кетип калабыз? Балдар туулган жерсиз чоңоёбу? Биз ХИПИКке кирсек кайра улут, эл болуп эч качан баш көтөрө албайбыз. Кыргызстанды картадан өчүрүп салышат" деп өрттөнүп кеткен эле.
- Руслан Алымкулович жоголгон каргашалуу күн тууралуу айтып берсеңиз?
- Ошол күнү Кубат деген досунун үй-бүлөсүндө ызы-чуу болуп, Русланга чалып калды. Руслан "Айка, мен азыр эле келем, орун дайындап кой. Кубат биздикинде эле түнөп калсын" деп чыгып кетти. Жанына эч кимди алган жок, анткени, айдоочусу да, жан сакчысы да кеткен эле. "Бирөөнү алып албайсыңбы?" десем, "ким тиймек эле?" деп күлүп коюп чыгып кетти. Руслан кеткенден кийин апамдар зарыл жумуш менен мени чакырып калды. Ошол жерде отурсам "каяктасың? Мен келдим" деп чалганынан "апамдардыкындамын, азыр барам" дедим да, жарым саатка жетпей үйгө бардым. Мен барсам Русланды Кубат кайра чакырып чыгып кеткен экен. Ошол бойдон Руслан кайтып келген жок. Кубат эки күн Руслан менен чогуу кеткенин, бирге болушканын айтпай, Кубаттын машинасында кеткенин көргөн таксисттерди "мени менен кетти десеңер антип ийем, минтип ийем" деп коркутуп жашырып жүрүптүр. Качан мен "сени менен кетпеди беле?" деп такып сураганда, "шайлоо бүткөндөн кийин келип калса, менден ушинтип шек санаганың үчүн уяласың. Биз дагы эле жүз көрүшөбүз" деп кекетпедиби. Руслан кайтып келсе, ким эмне деп уяткарса да макул элем. Раматылык Медет Садыркулов "сабыр кыл, кызым, Русландай адам жоголбош керек" деген эле. Ошондо "колумда эмне болсо баарын берип, эки баламды, Русланды гана алып, кет деген жагыңарга кетем" деп да айттым. Анткени Руслан экөөбүз эмне иштеп тапсак баары менин атыма жазылган болчу. Азыр баарын эки баласына жаздырып койгом. Мен Русландын тапканын ишенимдүү адам катары гана белгилүү максатка коротконго акым бар. Тапканы өзүнө буюрбаса да балдарына буюрсун.
- Кызганчу беле?
- Билдирчү эмес, Руслан деги эле сыртына ички толкундануусун билдирбеген бекем адам болчу. Ага караганда мен сыр алдырып койчумун. Мени "огонь женщина" деп эркелетип койчу, анткени, мен оюмда эмне болсо, кызгансам да, таарынсам да баарын айтып салчумун. Бир да жолу катуу айтып, колу тийбеди. "Аял - эне, а эне деген кол тийгис ыйык" дей берчү. Кээде ырыскымды көтөрө албай, "башка эркектер аялын урат экен, сен деле ошентип опузалап койбойсуңбу?" десем, "ал айбандын иши. Аялга кол тийгизип болобу?" деп койчу. Тирүүсүндө уруп, анча-мынча ичип, кыздарга барып көңүлүмдү суутуп койсо, азыр мынчалык оор болмок эмес. Русландын ордун эч ким ээлей албайт. Биз баарын чогуу баштан кечирдик. Ал тургай мен Тимурду төрөгөндө жанымда турган, кошо кыйналган. Маратта "Жаны, сенин кыйналганынды карап турганга түтпөйт экем" деп кирген жок. Ушундай адамды кантип жоголду дейсиң, кантип өлдү дегенге оозуң барат?
Айдай үн чыгарбай ыйлап, көз жашы гана жаак ылдый шорголоп агып атты.
- Балдарына кандай ата болчу?
- Эч качан уруп, же басынткан жаман сөз менен урушчу эмес. Балдары менен чоң кишидей сүйлөшчү, алардын пикирин бала да дебей укчу, бирок, эч качан ашыкча эркелетчү эмес. Керек болсо катуу эле жазалап койчу. Ал бир караганда эле баарыбыз ордубузду билгенге тырышчубуз. Бир жолу мектепте чоң балам Тимур мугалими менен уруша кетип, "менин атам депутат, керек болсо сени жумуштан айдатып жиберем" дептир. Мугалими дароо эле телефон чалып айтты. Ошондо Руслан абдан ачууланып, баласын кийинтип туруп, "качан өзүң депутат болгондо ошентип айтасың. Мен сен үчүн эч качан жооп бербейм, сага болушпайм. Жакшы ишиңе да, жаман ишиңе да өзүң жооп бересиң" деп бир сааттай эшикке чыгарып койгон.
- Руслан Алымкуловичтин орундалбай калган эң чоң тилеги, максаты эмне эле?
- Анын тилеги көп болчу. Айрыкча, клиника ачсам деп кыялданчу. Буюрса, төбөм менен жер казсам да анын бул тилегин сөзсүз ишке ашырам. Азыр айылда анын карамагындагы имаратта фельдшердик пункт жайгашкан. Эч кандай аренда акы албайбыз, колумдан келишинче, Русланчалык жардам бере албасам да аларга каралашканга аракет кылып жатам. Жашоо улана берет экен. Русландан калган Канттагы жерди, фирмаларын алымдын жетишинче иштетип, ишин таштап койбой улантып жатам. Бирок мага Руслансыз абдан оор . Ушунун баарынын эч бир кереги жок болчу. Мурдагыдай эле Русланга тамак жасап алып, "азыр түшкү тамакка келет, азыр кечки тамакка келет" деп күтүп жашаган жашоом бейиш болчу. Руслан жанымда болсо ачка калсак да мейли эле. Эсимде, тээ алгач бизнес баштаганда Тимурум боюмда барына карабай товарды маршруттук такси менен, чоң сумкага көтөрүп алып келчүмүн. Ошондо колумдун талыганына, маршруткада элдердин түртүп урушканына ызаланып, келип эле Русландын көкүрөгүнө башымды коюп ыйлап жиберчүмүн.
Айдай мени жеткирип келе жатып, "түндө уулум түшүндө бака көрүптүр. Эмне болот?" деп сурады. Мен бала кезде чоң энемден "жылан, бака, курт - байлык. Айрыкча бака түш көрсө таажы кийет" деп укканымды айтып, "уулуңар падыша болот го" дедим. Айдай саамга ойго чөгө түштү да, "а мен өзүмчө эле бака жакшы кабар болуш керек, Руслан келип калат го деп жоруп койгом" деди улутунуп. "Каап, билбейм эле дебей" деп абдан кейип, ыйлагым келди. Айдай үчүн баласынын падыша болуусунан да балдарынын атасынын, сүйгөн жарынын келүүсү артык болчу. Пендебиз да, кубантам дебедимби. Биз жылуу коштоштук. Айдай кайра-кайра "Руслан жөнүндө гана жазыңыз, мени жазуунун кереги жок" деп суранып калды. Ооба, Руслан Шаботоев жазгыдай, айткыдай азамат болчу атаганат…

Маектешкен
Айжаркын Эргешова