психология

Сүйүктүүңүз кайсы
түстөгү гүлдү жактырат?
Психологдордун айтуусу боюнча, эркектин тигил же бул түстөгү гүлдү тандаганына карап анын мүнөзүн гана аныктабай, сизге болгон сезимин билүүгө болот экен. Ишенбейсизби? Анда түгөйүңүз сизге көбүнчө кандай түстөгү гүлдөрдү тартуулаарын эстеп, салыштырып көрүңүз.

Шайыр, ачык, митаамдыгы жок түз эркектер кызыл-ток сары түстөгү гүл дестени тандашат. Алар бул түстү сексуалдуу деп эсептешет.
Көгүлтүр гүл десте - ишке ашпаган нерселер үчүн санаа тартуу дегенди билдирет. Мындай түстүү гүлдү баалаган эркектер өтө билгичтик менен тартынбастан эле калп айта билишет. Алар эч кимге жүрөгү менен ачыла алышпайт.
Ачык кызыл түстөгү гүл дестени тандаган эркектер - амбициясы күчтүү, максатка умтула билген эркектер. Алар жубайынан көп нерсени талап кылышат, анын алдындагы өзүнүн милдетин да эң жакшы аткарышат.
Пушту - тынч, жай сүйүүгө умтулган эркектердин сүйгөн түсү. Алар көбүнчө өздөрүнүн сырткы келбетинен кемчилик таап, ошону чоң маселеге айлантып алышат. Дал ушул кемчилигин оңдоо жаатында сүйгөнүнөн жардам суроону туура көрүшөт.
Эң эстүү эркектер көпкөк түстүү гүлдү баалашат. Алардын башкалардан өзгөчөлүгү - өздөрүн өтө сүйүшөт. Ошол эле убакта сүйүктүүсүнө кам көрүп, оор күндөрдө аны колдоону да жакшы өздөштүрүшкөн.
Эң эле кызыксыз, эриктирме эркектер түгөйүнө сыя түстөгү гүл дестелерди тартуулашат.
Назик, кыялкеч эркектер ак гүлдөрдү жактырышат. Алар өздөрүнүн сүйүүсүн чоң аппак розалардын тутамын же корзинадагы ландыштарды тартуулап билдирүүгө жөндөмдүү.
Оптимисттер жана экспериментти сүйүүчүлөр баарынан да сары гүлдү жакшы көрүшөт. Жүрөгүнө жаккан адамына сары гүл тартуулап жатып ал сүйүүсүн билдирип, андан жооп талап кылышы мүмкүн. Эгер тескери жооп алып калса, ал дароо муздайт, атүгүл жолуккан жерде учурашпай коёт.




Кол жазмасы кандай?
Жүрөгүңүздөгү адамдын мүнөзүн гана эмес, темпераментин да аныктоо үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк бар. Өзүңүздүн сүйүктүү эркегиңизди таза баракка бир канча сөз жазып берүүсүн сураныңыз. Андан соң көңүл коюп анын жазган ар бир тамгасын карап чыгыңыз. Кол жазма адамдын натурасы жөнүндө эле эмес, анын сексуалдык өзгөчөлүгү тууралуу да айта алат.

- Эгер сүйүктүүңүз даана, тегиз кылып ныгыра басып жазса, мындай кол жазма анын күчтүү мүнөзү тууралуу айтып турат. Мындай адамдар бардык нерсени катасыз жасаганга аракет кылышат. Жеке жашоосундагыдай, жумушундагыдай эле төшөктө да тобокелге барууну жана эксперимент кылууну каалабайт. Ал биринчи жолкуда эле кандайдыр бир кемчилиги үчүн сиз аны күнөөлөшүңүздөн коркот.
- Тегиз эмес, бир жагына кыйшайган жана ныгырылбай жумшак басылып жазылган кол жазма - ээсинин алсыз экендигин айгинелеп турат. Ал өзүнүкү жүз пайыз туура болуп турган учурда деле эч качан карама-каршылыкка барбайт. Yй-бүлөлүк турмушта ал идеалдуу: сиздин каалооңуздун жана талаптарыңыздын баарын аткарат. Балким бул нерсе сизди бат эле тажатып жиберет, бирок, интимдик мамиледе да сиздин айтканыңыз менен болот.
- Чоң-чоң, тегерек тамгалар сиздин сүйүктүүңүздүн жоош, эстүү-баштуу экендигин далилдеп турат. Анын эч кимге жамандыгы жок. Жаңы бир нерсени баштаар алдында жүз жолу ойлонот. Интимдик мамиледе ал сизге болуп көрбөгөндөй ырахат тартуулай алат, анткени, ал өзү тууралуу эле ойлобосток, төшөктөгү өнөктөшү тууралуу да ойлойт.
- Эгер тамгалары кичинекей, өтө эле учтуу жазылса, анда сиздин алдыңыздагы адам карама-каршылыкты сүйгөн адам. Мындай адам менен өмүр сүрүү оңой эмес. Ал кезектеги урушка такай шылтоо издеп турат. Төшөктө ал бир гана өзү тууралуу ойлойт. Кумарын кандыруу үчүн ал баарына даяр, бирок, сиз тууралуу акыркы кезекте гана ойлойт.

Сауле СУЛАЙМАНОВА




  күндөлүк

(Башы өткөн санда)
Экөөбүз дайым кирген кафеге кирдик. Буттарыбыз өзү ушул жакка алып келди. Көзүңдү албай көпкө карадың. Сулуу көздөрүң кусалуу эле, кумарлуу эле.
- Кел, пиво ичебиз!-дедиң шоктоно.
- Кел!-дедим мен да тентегим кармап. Негедир ичким келди. Ичимде кайнаган ойду ичкиликке таянып айтпасам айта алчудай эмесмин.
Бир кружкага жетпеген пивого мас болуп калдым.
- Чачымды кырктырам!-дедим сенин тыйганыңа болбой. Экөөбүз мен дайыма чач кырктырган салонго бардык. Жолдо бир кыз менен жигит негедир бизге жабышып алышты. Алардын эмнеге ээрчип алганын азыр да түшүнбөйм. Балким сен жүр дедиңби, же биздин кызуу экенибизди көрүп пайдалгылары келдиби, билбейм. Салонго кирип эле сен экөөбүз урушуп кеттик. Бетиңе акчаны чачып, жаагыңа бир чапканымды билем.
- Сен лох экениңди билесиңби?-дедим ичим кызганычтан, сенин эч качан меники болбосуңду моюнга алгым келбеген алсыздыктан өрттөнүп. Демейде мындайымды билдирбеген акылым азыр мас болгон үчүн өзүмдү тыя алган жокмун. Бизди жанагы кыз-жигит, салондогу менин мастерим ажыратып эле жатышты. Эмне болгонунун бирин билсем, бирин билбейм. Бир карасам эле жанагы жигит, мен, сен болуп темир жолдун боюнда жүрөбүз. Өзүмө келе түштүм. Ошондо гана тиги баланын жигит эмес эле, балапан түгү түшө элек өспүрүм экенин баамдадым.
- Сен эмне жүрөсүң?-дедим бейтаанышка.
- Сиз жүр дебедиңизби?!
- Жүр десе эле жүрө бересиңби, көрбөй турасыңбы мен жалгыз эмес экенимди. Бар, барагой иним, кетип кал. Рахмат мени укканыңа,-дедим акырын. Жигит сөрөй ордунан турду да, сени жалтаңдай карап шаша басып кетти. Экөөбүз тең соолугуп, жини күбүлгөн бакшыдай унчугушпай, көпкө муздак рельстерде отура бердик.
- Эмнеге тиги баланы урушуп кууп жибербедиң?-дедим жүзүңө тик карабай.
- Байкуштун көлөкөдөн айырмасы деле жок экен, сен кетпе десең кетпей ээрчип жүрө берди. Бир сабап салайын дедим, бирок, жаш балага теңелгим келбеди. Мейли өзүн кыз талашкан жигит сезип алсын дедим,-дедиң муңайым, капалуу жылмайып. Жүрөгүмө ушундай бир оор кусалык, жан ооруткан кайгы толуп чыкты. Көкүрөгүңө башымды жөлөп алып көптөн бери чогулган бугумду чыгара өксүп ыйладым. Үн катпай кучактап отура бердиң.
- Кыйналып кеттим. Эмне кылабыз? Эми эмне болот?-дедим буркурап.
- Өзүм да билбейм, мени кыйналбады дейсиңби? Сага өчөшүп баягыда үч күн досумдун үйүндө ичип, ошол жерге кыз ээрчитип да келдим. Негедир сен оюмдан кетпей койдуң. Качан кан кусуп калганда эсиме келдим. Мынчалыкка барабыз деп ойлобопмун,-дедиң үнүң каргылданып. Баш көтөрүп карасам, сен да ыйлап жатыпсың. Кирпигиңе токтоп калган жаш ай нуруна күмүштүн күкүмүндөй чагылып жылтырап туруптур.
- Ыйлап жатасыңбы?-дедим жүзүңдү кош колдой сылап. Унчукпай бооруңа басып, чоло жеримди койбой тумчуктура аптыгып өпкүлөдүң. Темир жолдун боюндагы адам буту баспаган тулаң чөптө туйлап, бир бүтүнгө айланып бараттык.
- Үшүп кеттим,-дедим көкүрүгүңө жүзүмдү катып.
- Үшүгөнүңөн сенин, азыр экөөбүз бир жерге барабыз,-дедиң да, мени колдон ала жетелеп жөнөдүң.
Досуңдун үйүнө бардык. Оболу дубалдан ашып өзүң кирип кеттиң да, бир оокумда бир жаш келин чыкты.
- Сезимсиңби?-деди акырын. Үнсүз баш ийкедим. Ал мени тар короо менен кичинекей үйгө ээрчитип кирди. Дасторконго отурганга үлгүрүп калыпсыңар. Толмоч бир жигит менен ичип отурупсуң.
- Жарыгым менин, келдиңби?-мени күлүмсүрөй карадың да, анан: - таанышып алгыла, бул менин Сезимим,-дедиң көздөрүң күлүп. Жүзүң жадырап башкача бактылуу элең.
- Бул менин келинчегим Токтайым,-деди досуң жарык маанай менен. Таң атканча отурдук. Досуң дардаңдаган ак көңүл жан экен. Аялы жактырбаса жактырбаган чыгаар, бирок, анысын зыңкыйып билдирбеди. Эртең менен эрте Токтайым жумушка кетти, мен уктап калыпмын. Ойгонсом дагы эле ичип отурупсуңар. Тургум келбей жата бердим. Сен уктамыш болуп жаткан мени акырын өөп, кумтулай жаап койдуң да:
- Карасаң, Аваз, сулуу бекен? Баягыда үч күн ичпедим беле, ошондо Сезим мени телефондон урушуп, ошого ичим күйүп ичкем,-дедиң акырын. Досуң тим гана коштой:
- Ии, сулуу экен,-деди кайдыгер булдурай. Мен сен үчүн жанда жок сулуумун, ардагым, башкаларга катардагы эле жылдыздуу кызмын.
Экөөбүз досуңдун үйүнөн кеч чыктык. Жаш Гвардияда көпкө басып жүрдүк да, сен үйүңө кыйылып жатып араң кеттиң. Кетпесең болбойт, жарыгым, кет. Биз эми ушинтип жашынып жолукканга, эртеси кыйылып кыйналсак да, ажырагыбыз келбесе да ажыраганга аргасызбыз. Биз бул турмуш стандартына сыйбаган катаал тагдырды өзүбүзгө ошол темир жолду бойлоп жүргөн керемет кадыр түндө тандап алдык.
(Уландысы кийинки санда)