Динара Молдошева:
"Ошол акчамды апам дагы деле сактап жүрөт"
Убагында алган билиминин пайдасын катпай, кабыгы калың иштерге тиш сала турган тажрыйбаларын ачыкка чыгарган жаштарыбыздын саны арбын. Алардын бири Жогорку Кеңештин депутаты болуп жүргөн Динара Молдошева. Анын карьералык тепкичи тууралуу окурмандарга азын-оолак көз кылалы деп Динара Автандиловнаны кепке тарттык.


- Динара Автандиловна, депутат катары эл алдында өз жүзүңүз бар. Ушул даражага жетүүдө кандай тепкичтерди басып өттүңүз?
- Мен Баткен областынын Хайдаркен шаарчасында төрөлгөм. Ошол жердеги мектептен окуп базалык билим алдым. Союздун тушунда биздин мектеп ошол региондогу эң күчтүү деп саналган бирден-бир мектеп эле. Хайдаркен шаарчасы бир мезгилде Москванын каржылоосунда тургандыктан, мектептин материалдык базасы эле эмес, андагы иштеген мугалимдердин кесиптик чеберчиликтери да өтө мыкты деп бааланчу. Ошол тажрыйбалуу мугалимдердин талабына жараша билим алып, мектепти алтын медаль менен аяктадым. 1996-жылдары саясат таануу адистиги жаңы багыт катары турмушубузга кирип жаткандыгын баамдап, ага болгон кызыгуум арта баштады. Анан 2000-жылы ордо калаабызга келип Бишкек Гуманитардык университетинин социология факультетине тапшырып өтүп кеттим. Ошентип 5 жылдык студенттик турмуштун туурунан узап жатып алган билим сапатым да кызыл диплом менен бааланды.
- Студенттик скамейкадан эле сап башында болчу лидерлик сапатыңыз болсо керек эле?
- 3-курстан баштап коомдук иштерге, илимий конференциялар менен семинарларга, КВН өңдүү маданий иш-чараларга да активдүү катышчумун. Ошентип жүргөн мезгилде республикалык чоң конкурс жарыяланганын угуп калдык. Анын тематикасы шайлоо системасы, шайлоо укугу деп аталган. Анын уюштуруучусу республиканын Борбордук шайлоо комиссиясы эле. Ошол 2000-жылкы Президенттик жана парламенттик шайлоолор болоор алдында жарыяланган сынакка өлкөнүн 18 ЖОЖу катышты. Коюлган талаптар боюнча тапшырмаларды аткаруу таймашында БГУнун командасы жеңишке жетиштик. Ал командага мен жетекчилик кылчумун. Ошол жылдардагы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев ошол жерде иштеп калуу сунушун киргизип калды.Айтылган сунушка ынап, 4-курстан тартып Борбордук шайлоо комиссиясында адегенде стажёр катары иштеп калдым. Дипломду колго алгандан кийин да ошол эле жерде адис катары иштеп жүрүп, акырындык менен бөлүм башчылыкка, андан соң Борбордук шайлоо комиссиянынын төрагасынын кеңешчиси да болуп дайындалдым. Шайлоо системасына болгон кызыгуум ошондон калыптанган. Ал эми 2007-жылдын декабрь айынан бери Жогорку Кеңештин депутаты катары иштеп келем. Бул да болсо пешенедеги жазуу. Тынымсыз эмгектин үзүрү.
- Карьера жасоо үчүн күн-түн дебей кагаздан баш көтөрбөй иштөөгө туура келет. Ошондой учурларда кыз балада "кеч кирип бара жатат" деген тынчсыздануулар болот го? Же сиз иштин кызыкчылыгы менен убакытка да карабайсызбы?
- Кандай гана иш болбосун, эмгегим элге арналсын деген киши убакыттын кайсыл учуру экендигине карабайт. Негизгиси, сенин кызмат менен кармалып үйгө кеч кайтканыңды түшүнө турган ата-энең, өмүрлүк жолдошуң менен балдарың болушу керек. Эгерде алардын бирөө эле сиркеси суу көтөрбөй, "кайда жүрөсүң?" дей бере турган болсо, кызматтагы кишинин эки ортодо чайналаары бышык. Эң башкысы кубанып келе турган ишиң, сүйүнүп кайта турган үйүң болсо, анда ал адам бактылуу. Мен өзүмдү ошол катардагылардан көрөм.
- Демек, сизди жолдошуңуз колдоп, кызматыңызга кыянаттык кылбайт турбайбы?
- Жолдошум ишимди туура түшүнөт. Анткени биз бир бүлө болгучакты 5 жылга жакын кыз-жигит болуп жүрдүк. Ошол мезгил аралыгында ал менин мүнөзүмдү толугу менен таанып бүттү. Анын үстүнө Борбордук шайлоо комиссиясында да чогуу иштегенбиз. Ошондо эле ар кандай долбоорлорду жазып, жаным тынчу эмес. Ал аракетимди жолдошум студенттик мезгилимен бери эле билет. Ошон үчүн кызматыма түшүнүү менен мамиле жасайт.
- Ал эми үйдөгү микрофонду жандырып, же өчүрүүгө келгенде кимиңиздердин ыйгарым укугуңуздар күчтүүрөөк?
- Бизде гендердик тең салмактуулук сакталат. Олуттуу маселелерди биргелешип, орток пикирге келип чечип алабыз. Бирок канчалык демократия, гендердик баланс дебейли, баары бир кыргыз үй-бүлөсү улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү эске алышыбыз керек. Ошондуктан чоң-чоң маселелерде чечүүчү добуш жолдошумдуку болот. Мүмкүн мени сырттан туруп караган кишилер үйдө да лидер болуш керек деп баамдашаар. Чындыгында андай эмес, аялдардын үйдө ийкемдүү болушун гана каалайм.
- Түштүктүн тарбиясын алдым дедиңиз, Көлгө келин болуп барганыңызда мизилдете эшиктин алдын шыпырдыңызбы?
- Мен өзүмдү Таластын кызымын деп эсептейм. Бирок Баткенде төрөлүп, ошол жерде чоңойгондуктан, түштүктүн салттарын жакшыраак билем. Ысык-Көлгө келин болуп барганда 3 күн көшөгөдө олтурдум. Түштүктөгүлөр сыяктуу таңдан туруп эшик алдын шыпырган жокмун, бирок, келинге тиешелүү башка жумуштардын баарын аткарам. Мен бала чактан эле оокатка бышып өстүм. Кыз балага тиешелүү жумуштардын бардыгын аткарып, апамдын колун узартчумун. Себеби үйдө төрт кыз бир туугандын улуусу элем. Ошондон улам ирээттүүлүккө көнгөм. Ата-энемен каражат сурабай керектүү нерселеримди өзүм алганды да жактырчумун. Ошол оюмду ишке ашырууну көздөп 9-классты аяктап жайкы каникулга чыкканда Хайдаркендеги комбинаттын кыпчыгычтарды чыгаруучу цехинде үйрөнчүк болуп иштеп да көрдүм. Ошондо тапкан биринчи олжом 125 руль болду. Ал кезде анын күчү бир топ эле болчу. Анын 50 рублин апам азыркыга чейин сактап жүрөт.
Кайындар тараптын салты тууралуу айтып келе жатып оюмдан четтеп кеттим окшойт. Анан дагы ошол кайындарым тарапта жашы канчада экендигине карабай абысындар, ал тургай таяк таянган кемпирлер деле улууларына жүгүнүп учурашышат экен. Мен дагы ошолордун салтын бузбай, улууларга жүгүнүп учурашам. Аксакалдардын батасын алгандан башка анын зыяны деле жок.
- Ал эми өзүңүздөн кичүү келиндериңиз жүгүнсө кантип алкайсыз?
- Заман талабына жараша мен жүгүнгүлө деп талап кылбайм, андан көрө саламыбыз түз жаркылдап учурашканыбыз өйдө турат. Кичүү абысындарым деле ошол шартка көнүшкөн. Өзүм болсо кайын агаларымдын аттарын эч качан айтпай, ызаат көрсөтүү менен мамиле кылам. Кайненем тууралуу айтсам, ал кишинин эрктүүлүгүн сыйлайм. Чиедей 6 жаш баласы менен жолдошунан эрте эле ажырап калыптыр. Ошого карабай балдарына татыктуу тарбия берип, бардыгын жогорку билимге ээ кылган. Ал кишинин көп сүйлөбөгөнү анан да бетке айткан чынчылдыгы жагат. Ошол жагынан кичине болсо да сүртүмдөрү менде бар.
- Кийинки кездери үй кызматчысын же бала багуучу жалдоо модага айланбадыбы? Сиздин турмушта ал жагы кандай?
- Yй кызматын өз колум менен жасоого аракеттенем. Бирок ага карабай ишке эрте кетип, кайра үйгө кеч кайткан учурлардан тышкары кызматтык командировкалар болуп калат. Андай учурларда кызымды карап, үй тиричилигине кол кабышты апам менен сиңдилерим кылышат. Ал эми атайын үй кызматчысын же бала багуучуну кармоого алган айлыгыбыз деле жетпейт болуш керек.
- Бош убактыңыз деле болбосо керек. Ошентсе дагы эс алуунун ыңгайын колдон чыгарбоо үчүн кандай аракеттерди көрөсүз?
- Жолдошум, төрт жаштагы кызым болуп бош убакыт боло калганда ботаникалык бакчага барып эс алганды жактырабыз. Анан дагы тоого чыкканды жакшы көрөм. Кичинебизде атам төрт кызын чогултуп алып дем алыш күндөрү тоого лыжа тебүүгө алып чыга берчү . Апам көп убактысын кызматта өткөргөндүктөн, атабызга жакын элек. Ал кишинин мүнөзү да өтө жөнөкөй, балдарга жакын. Өзү катардагы мугалимдиктен мектеп директорлугуна чейин көтөрүлгөн киши. Убактысы боло калганда эле кыздары үчүн көңүлдүү эс алууларды уюштурганды жакшы көрчү. Ошондон уламбы, сиңдилерим болуп "чоңойгондо атама мен турмушка чыгам, жок, мен чыгам" деп өзүбүзчө талаша берчүбүз. Көрсө, ошол балалык кыялыбызда болочок жолдошубуз атабыз сыяктуу балага мээримдүү, үй-бүлөгө күйүмдүү болсо деген окшойбуз.
- Ошол балалыктагы балтырканга балтыр тилдирген деген сыяктуу эсте калчу учурларга да кайрылып көрбөйсүзбү?
- Биздин балалыгыбыз өткөн жылдар кененчиликтин заманына туш келиптир. Балдар бакчасына барып жүргөндө мен барган группада 16дай бала бар эле. Алардын баарын башкарып, командир болуп жүрчүмүн. Бир күнү апам "туулган күнүңө чакан майрам уюштурабыз",- деп калды бакчага алып бара жатып. Мен болсо балдардын бардыгын үйгө чакырып, белек алып келгиле деп буйрук бергеним эсимде. Апам поселкалык кеңеште иштечү эле жетекчи болуп. Кечинде үйгө заказ кылган көлөмдүү тортун көтөрүп келе жатса эле короо жайнаган 30 чакты бала жүрөт дейт топурашып. Мен болсо аларга үйдүн каалгасын ачпай койгон элем "апам торт алып келет, ошондо киресиңер" деп. Ал таттуу күндөр албетте кайрылып келбейт, жагымдуу элес катары жадымда гана калды.

Маектешкен
Кипариса Сурахманова