Сюита Соурбаева:
"Жан дүйнөң бош болсо, ишиң ийгиликтүү болбойт"
Кыргыз журтчулугун өлкөдө болуп жаткан маалыматтар менен камсыз кылып турган "Ала-Тоо" маалымат программасы бар. Өзүнүн жаштыгына карабай телевидениедеги эң маанилүү жана чоң жоопкерчиликти талап кылган бул берүүнү башкарып келген Сюита Соурбаева менен маек.

- Сюита, алгач тээ балалык жылдарыңызга кайрылып көрүңүзчү?! Кайсы жерде, кандай үй-бүлөдө чоңойдуңуз?
- Менин бактылуу балалыгым атагы алыска кеткен Аксы районунун Yч-Коргон айылында өттү. Атам өмүр бою жетекчилик кызматтарда иштеп келген айылыбыздын кадыр-барктуу адамдарынын бири эле. Апам болсо он эки баласына тарбия берип үйдө эле болду. Биздин дээрлик баарыбыздын ортобуз эки жаштан, анан ошончо баланын түйшүгү эле канча? Менимче, иштегенге убактысы деле болбосо керек. Апам жайлоодо чоноюп окубай калыптыр.
Мен ойлойм, эгерде апамдын билими болгондо Кыргызстанга аты чыккан бир белгилүү инсан болсо керек эле. Билими жок болуп туруп ушунчалык түшүнүктүү, көп нерсени көрө билген акылман аял эле. Тилекке каршы 2006-жылы атам менен апам биринин артынан экинчиси өтүп кетишти. Албетте бул бизге өтө чоң сокку болду. Анткен менен өлгөндүн артынан кете албайт экенсиң, бир туугандар чогулуп сүйлөшүп, белибизди бекем буудук да, ата энебиздин атын өчүрбөш үчүн чыйралдык, өзүбүздү колго алдык. Мисалы мен атамдын тилегин орундатыш үчүн иштеп жаткандаймын. Анткени ал киши басса-турса "ушул кызым элге таанымал адам болсо экен, элдин кызматын кылган адам болсо экен" деп тилеп турчу. Өкүнүчтүүсү атам мени экрандан көрүүгө үлгүрбөй, ийгиликтериме күбө болбой калды.
- А өзүңүз бала кезиңизде кайсы кесиптин ээси болсом деп кыялданчусуз?
- Мен кичине кезимден эле искусство чөйрөсүнө жакын элем. Мектепте коомдук иштерге активдүү катышып, ырдап жүрдүм. Атүгүл айылыбызда өткөн сулуулар конкурсунан эки жолу Гран-Прини алган жайым бар. Жаныбыздагы кошунабыздын балдары менен аябай ынак элек. Ата-энелерибиз бир жакка конокко кеткенде эле чогулуп концерт коймой адатыбыз бар болчу. Кетмен-күрөк, шыпыргыларды аспап кылып, биз ырдасак башкалар чөптөрдөн бизге гүл берип... Yйдүн экинчи кабатынан тепкичтен ылдый түшүп ырдаган бизде мода эле. Ырчылардын тепкичтен түшүп ырдаганын телевизордон көрүп, ошолорду туурачу окшойбуз. А үйгө конок келгенде болсо апам "Сюита!" деп кыйкырып калчу. Эмнеге чакырып жатканын айттырбай түшүнөм. Ашканада иш кылып жүргөн жеримден фартугумду чечип, эринбей кыргыз көйнөгүмдү, тебетейимди кийип барып конокторго ырдап, кайра келип фартугумду моюнума аса салып ишимди улантып кеткен бактылуу балалыгымдагы көз ирмемдерди эстеп азыр да бир жылмайып алам.
Мектепте жогорку класстарда окуп жүргөндө искусство жагына тапшырам деп чыккам. Ошондо апамдын: "искусствонун адамдарын мен сыйлайм, бирок, ырчылардын түйшүгү көп. Алар айлап гастролдо жүрүшөт, сага анын эмне кереги бар? Аял кишинин бала төрөп, аларды тарбиялап үйдө отурганы жакшы. Сен башка эле кесипти танда" деген сөзүн эп көргөм. Болбосо балким, мен да азыр ырчылардын катарында жүрмөк белем...
- Журналистика чөйрөсүнө кандайча аралашып калдыңыз эле?
- Мектепти бүткөндө борборго улуу агамдыкына келсем, мени медучилищеге тапшыртмай болушту. Анда мен "ушунча жакшы окуп, ыр жазып, коомдук иштерге активдүү катышып жүрсөм анан келип-келип медучилищеге тапшырамбы?" деп ойлоп атама ыйлап телефон чалдым. "Кетем, Ошко же Жалал-Абадга барып журналистикага тапшырам" десем атам келип, Улуттук университеттин журналистикасына тапшырткан. Ал жерде окуп жүрүп 1-курстан эле бул чөйрөгө аралаша баштадым. Группалаштарым менен келип алгач ар кандай массовкаларга катышып жүрдүм, анан балдар программасында иштедим, 2-3-курстарда "Ала-Тоо" маалымат программасында штаттан тышкаркы кабарчы болуп иштеп калдым. Күнү-түнү ушул жерде жүрүп жакшы эле сюжеттерди даярдап иштеп жаткандай болгом, дипломумду алаарга аз калганда телевидениенин ошол учурдагы башкы директоруна "мени жумушка аласызбы?" деп келсем албай койгон. "Сиз журналист эмессиз, сиз жазганды да, окуганды да билбейсиз, өңүңүз да телевидениеге туура келбейт" деп койгон. КТРдин эшигин ошондо жапкан болчумун...
"КООРТ" деген телеканал бар эмес беле, бул жактан кеткенден кийин ошол телеканалга ишке орноштум. Ал жерден көп нерсени үйрөндүм. Кийин ал жабылып, "5-канал" ачылды. Анда да ийгиликтерди жаратып, жетекчиликтин ишенимине кирип жоопкерчиликтүү кызмат орундарында иштеп жүрдүм. Ошондо "Ала-Тоо" маалымат программасына башкы редакторлукка чакырышты. Көп ойлондум. Анткени дароо эле баягы жетекчинин сөзүн эстедим. Акыры дал ошол сөздөр мени чыйралтып, иш менен далилдегим келди.
- Ошол жетекчи азыр каякта? Андан бери аны менен жолуктунузбу?
- Чынын айтсам, ал эжекенин Кыргызстанда бар же жок экенин да билбейм. Бирок мен ага азыр өтө чоң ыраазымын. Кокус көрүп калсам ийилип учурашып, ырахматымды айтмакмын. Анткени менин жетишкендиктериме бир чети дал ошол эжекенин салымы чоң.
- Азыр күн тартибиңиз кандай?
- Жумуштан кечки саат ондордо кетем. Yйгө барып душка түшкөн соң канчалык чарчап турсам да чуркайм. Эртеден-кечке отуруп иштейт эмесминби, толуп кетем деп корком. Спорт залдарга барып машыкканга убакыт жок болуп, үйгө атайын машыгуучу спорт жабдыгын сатып алгам. Андан соң кайра эле компьютерге үңүлөм. Көбүнчө китеп окуйм, тарыхый кинолорду көрөм, анан сөзсүз өзүм алып барган берүүлөрдү жаздырып барып дагы бир жолу шашпай көрүп, өзүмө-өзүм анализ жүргүзөм. Ошентип атып сааттын 1-2 болуп кеткенин байкабай калам. Эртең менен 7де турам да, жумушка жөнөйм. Дем алыш күндөрү да иштейм. Ушинтип күндөрүм өтүп жатат.
- Күн тартибиңиз аябай тыгыз экен. Ушинтип жүрүп жеке жашооңузду унутуп калган жоксузбу?
- Чын эле жеке жашоону ойлогонго убакыт жок. Бирок убакыт жок деп эле бирөөнү сүйбөсөң, жан-дүйнөң бош болсо жашоонун кызыгы жок болуп калат го. Албетте жакын адамым бар. Аны менен кабинеттен таанышкам. "Жолугалы" деп телефон чалган экен, убактымдын жоктугун айтып сунушунан баш тартсам, кабинетиме келиптир. Ушул жерден экөөбүз жакындан таанышып, жылдызыбыз келишип калды окшойт. Ал өзү дагы мендей болуп жумушунан бошобойт. Экөөбүз бир айда же эки айда бир жолугабыз, калган учурларда телефон, sms аркылуу гана сүйлөшүп сагынычтарды жазып турабыз. Ал кыргыз деп жанын үрөгөн аябай патриот жигиттердин бири. Менден эки жаш улуу.
- Сизге сын айтып, пикирин билдирип турган адамдарыңыз барбы?
- Азыр шаарда эң кичүү сиңдим менен турам. Менин сынчым ошол. "Минтип сүйлөп койдуң, тигинтип койдуң" деп майда-чүйдө кемчилигиме чейин айтып турат. Экөөбүз кучакташып жатып, кучакташып туруп бири-бирибизге аябай көнүп калганбыз. Эне мээриминен эрте ажырагангабы, мени эне ордуна көрүп басса-турса кучактап, өпкүлөп турат. Жакында 15 күнгө Кытайга тажрыйбамды жогорулатуу үчүн барып келдим эле, мен келгенче сагынып ыйлаптыр. Анан менден кийинки сиңдимдин балдары менин кичинекей сынчыларым. Мен телевизордон чыкканда "менин апчем" деп биринен бири өтүп экранды өпкүлөшөт экен. Анан ушунчалык тыңдыгын ушундан билиңиз, "сага кызыл жарашат экен" деп менин кийимдеримди, чач жасалгама чейин сындап турушат.
- Сюита деген өзгөчө атыңызды ким койгон экен?
- Мен төрөлгөн жылдары "Кыз-Бурак" тобунда Сюита аттуу ырчы кыз болгон экен. Анын ырдаганы эжеме жакса керек, ошол ырчынын атынан атымды ушундай атаптыр. Бул французча ат болуп "ю" тамгасы менен жазылып жүрбөйбү, бирок атам "сүйүү" деп билчү. "Сүйгөн кызым Сүйүта" деген сыяктуу мен жөнүндө көп ырлары бар.
- Атаңыз ыр жазса чыгармачылыкка жакын адам болгон турбайбы?
- Жан-дүйнөсү чыгармачылыкка жакын эле, бирок, турмуш-шартка байланыштуу башка кесипти аркалап, убагында ыр жазганга деле убактысы болгон эмес. Качан гана пенсияга чыкканда чыгармачылык менен алектене баштады. Беш китеби чыккан. Эми жарыкка чыкпай калган кол жазмаларын топтоп, дагы бир китеп кылып коёюн деп жатам.
- Анда маегиңизге рахмат, ишиңизде ийгилик болуп, тилегиңизге жетиңиз.

Маектешкен
Азиза Сатимбекова