Гүлнара Дербишева:

"Нике шакегин төртүнчү кызымды төрөгөндө тагындым"
"Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети" деген макалдын асылдыгына качан өз башыма иш түшкөндө көзүм жетти. Сиңдимдин уулу ара төрөлүп, дарыгерлер жакшы карабай шаштыбыз кетти. Тун наристеси да дарыгерлердин кайдыгерлигинен чарчап калган. Айлам кеткенде "балким депутат эскертсе карашаар" деген ойдо Гүлнара Толубаевнага телефон чалсам, эженин телефону өчүрүлүү экен. Анда каникул учуру болчу. Эженин качан келээри белгисиз, сиңдим болсо күндө телефондон "таанышы барларды карап, бизди карабай жатат" деп ыйлайт. Акыры тобокелге барып, эженин атынан төрөт үйүнүн башкы дарыгерине телефон чалдым. Ошол эле күнү сиңдим: "башкы дарыгер өзү кирип баламды текшерип, башка палатага которуп, эң жакшы дарыгерди бекитип берди. "Гүлнара Толубаевнага айтып коюңуз, кабатыр болбосун, баары жакшы болот" деп тим эле шыпылдайт. Гулнара эжеге чоң рахмат айтып коюңуз" деп жетине албай телефон чалды. Сиңдиме "айтып коём" демиш болуп, өзүм болсо жанымды коёрго жер таппайм. Эже келээри менен кирип, болгонун болгондой айттым. Эженин өңү бозоро түшүп, бир азга унчукпай калды. Ошол унчукпаган көз ирмем мага кылым болуп кеткенсиди. Анан "баланын абалы кандай азыр?" деди токтоо. "Жакшы, эже, үйгө чыгышты" дедим шашып. "Мындан кийин минтпей жүр, бул биринчиси, акыркысы болсун. Мага эскертип койгонуң жакшы болуптур. Мындай адамдар өз ишин милдетим деп билбейт, эртең эле кайтарымын сурап келет. Бул киши да келсе, мен билбей жүрсөм, ошондо уят болмокпуз" деди. Чын эле ал адам жумушундагы кайдыгерлиги үчүн мыйзам алдында жооп берчү кез келгенде бизге кылган "жакшылыгынын" кайтарымын сурап келди. Муну менен айтаарым жакшы адамдын аты эле кээде адам өмүрүн сактап калышы мүмкүн.
Мээрман эне, сүйүктүү жар, иштерман, чындыкка жан таштап чыркыраган депутат, кыска айтканда жөн эле жакшы Адам Дербишева Гүлнара Толубаевна бүгүн биздин жаш гезитибизде мейманда.
- Гүлнара Толубаевна, депутат болгон жылдардын аралыгында өзүңүздөн кандай өзгөрүүнү байкадыңыз?
- Бул жылдарда мен мыйзам жазуу үчүн абдан көп окуп, изденүүнүн зарылдыгын, мыйзам жазуу жөн гана юридикалык процесс эмес, чыныгы чыгармачылык экенин терең түшүндүм. Мурда өз кесибиме тиешелүү китептерди окуп, үйдө дептер текшерүү, план жазуу менен чектелсем, учурда бир нече булактар аркылуу окуп, кайра баштан студенттикти баштан кечирүүдөмүн десем да болот. Канча көп окуган сайын ошончолук эч нерсе окуй элек экениңди билет экенсиң. Жазган мыйзамдар купулуңа толбой, үйгө да алып кетип түн жарымга чейин иштеген учурлар толтура.
- Эже, алиге чейин бөксөсү толбогон өкүнүчүңүз барбы? Же мансап, жакшы орун бардык нерсени унуткарат бекен?
- Эч кандай мансап, акча ордун толтура албаган нерселер болот. Менин абдан өксүгөнүм - апамдын биздин ушунтип жетилгенибизди көрбөй, чайыбызды ичпей эрте кеткени. Мен төртүнчү класста окуп жатканда апам каза болду. Ал киши абдан жакшы гинеколог-дарыгер, анан да иштерман, акылдуу жан эле. Өзү Көлдүн кызы болсо да түштүктүн, болгондо да алыскы Лейлектин каада-салтына тез эле көнүп, өздөштөрүп кетүүсүнүн өзү чоң зиректик менимче. Апамдын көзү өткөнү баары өзгөрдү. Анын тирүүсүндө үзүлбөгөн достордун, меймандардын аягы суюлду. Бизди баары аяган көз менен боору ооруй карашчу болду. Айрыкча мектепте мен ушуну көп сезип, бул абал мени абдан басынтып жиберчү. Мен аяганды, боор ооруганды жек көрөм. Дагы бир өкүнгөнүм, кээде апамды тамак жасап, же кир жууп жатса шашылыш чакырып кетишчү. Андайда апам иши бүтпөсө да кетчү. Кайра келгенге чейин эжем экөөбүз апам бүтүрө албай кеткен ишти жасап койгондун ордуна жалкоолонуп, атаандышып кылбачу элек. Ошондо апам абдан кейип, "ушуну жасап койсоңор мага жардам болот эле го. Эмгектен качкан оңбойт. Мээнеткеч болгула" деп калчу, урушчу. Көрсө анда энеме эркелеп жүрүптүрбүз. Апамдын өзүнүн, сөзүнүн кадырын кийин билип, энесиздиктин азабын абдан эле тарттык го. Апам менен кошо бар дөөлөтүбүз кеткендей, жокчулуктан да аябай кыйналдык. Апамдын орду айрыкча бой жеткенде, күйөөгө чыкканда билинди. Эненин орду кыз балага абдан билинет. Кыз кишиге эненин колдоосу, кеңеши, жасап берген себи ичкен сууңдай зарыл экен. Эжем экөөбүзгө мындай колдоо болгон жок. Күйөөгө узатканда эжем экөөбүз абдан өксүп, эненин эч ким толтура алгыс ордун ушундай бир жон терибиз менен сездик. Арадан канча жыл өттү, мына азыр кырктан аштым, бирок эч ушул өксүк бөксөрбөй, дагы эле ыйлагым келе берет. Жакында кызымды күйөөгө узаттым. Ошондо кызыма "сен кандай бактылуусуң, энең бар. Мени уят кылба, кызым" дедим. Атаганат, апам мага ушинтип айткан жок.
Эженин көзүндө туптунук жаш кулап кетпей мөлтүрөп, өзүнүн бөксөрбөгөн, орду толбогон арманындай кирпигинде титиреп турду. Мен араң өзүмө келе кайра суроо жаңырттым.
- Сагын агай менен кантип таанышып калдыңыз эле?
- Сагын экөөбүз теңбиз, кошуна айылдарданбыз. Мектепте окуп жүргөндө коңшулаш мектептер арасында мелдештер өткөрүлчү. Сагын экөөбүз ошондой мелдештердин биринде таанышып калдык. Анда сегизинчи класста окучубуз. Ошол бойдон арадан эки жыл убакыт өтүп, мен Сагын экөөбүздүн жолугуубузду унутуп бараткам. Онунчу класста окуп жатканда Сагындар биздин мектепке келип калды. Ошондо ал мени сураптыр, кайра жолуктук. Кийин мен окууга кетип, ошондон кийин байланышыбыз бир аз сээлдеп калды, бирок, кат алышып жүрдүк. Сагын аскерге кеткенде деле кат жазышып аттык. Кийинчерээк байланышыбыз дээрлик үзүлүп калды. Мен экинчи курста окуп жүргөндө айылга практикага барып калдым, ошерден Сагын экөөбүз кайра жолугуп, тагдыр экен мен төртүнчү курста баш коштук. Сагын ошондо окууга бир нече жолу тапшырып, бирок өтпөй иштеп жүргөн экен. Балким, окубаганына намыстанып, мени менен кабарлашпай жүргөнбү, билбейм. Сагын абдан намыскөй, ички сезимин сыртына оңой менен чыгарбаган адам. Биз үйлөнөөр алдында окууга тапшырып, сырттан окуп бүттү.
- Кайын энеңиз жөнүндө айтып берсеңиз.
- Менин бактыма кайын энем абдан мыкты аял болчу. Ал киши менин тагдырымды билген үчүнбү, абдан аяр мамиле жасачу. Мага жетпеген энелик мээримди бергенге аракет кылчу. Билбегенимди акырын айтып үйрөтүп, билгенимди колдочу. Мен да энемдин купулуна толууга, көңүлүн алып, жакшы келин болууга тырыштым. Айтканын айткандай аткарганга, каяша айтпаганга аракеттенчүмүн. Энемдин бизде эмгеги көп, ал киши балдарды тарбиялаганга аябай жардам берди, бутубузга туруубузга көмөктөштү. Албетте адамбыз да, кээ бирде ачууга алдырып таарынышуу, түшүнбөөчүлүк болуп кетчү. Ушундай майда-барат көңүл калтырышуудан кийин абдан өкүнүп, энемдин көңүлүн агартканга аракет кылчумун. Эч жүрөгүмдөн кетпей, дагы эле эстеген сайын өзүмдү жаман сезе берген бир окуяны айтып берейин.
Менин жолдошум үй-бүлөнүн эң улуусу болгондуктан, кичине энчибизди берип экөөбүздү бөлүп коюшту. Алгачкы жылдары абдан кыйналып жашадык. Анын үстүнө ошол токсонунчу жылдары кайра куруу болуп, заман оор эмес беле. Бир күнү кайын энем бирдеме сурап келди. Эмне сурап келгенин эч эстей албайм, айтор, ошол учурда зарыл болгон бир буюмду сурап келди. Негедир бар туруп бербей койдум. Эмнеге бербей койгонумду алиге чейин түшүнбөй келем, ичи тарлык кылдымбы, айтор билбейм. Энем билдирбесе да абдан таарынып кетти. Бербешин бербей койдум да, кайра эки саат отуруп чыдай албай артынан алып барып бердим. Албетте энем жазылды, бирок, жүрөгүндө бир так калды, сезесиң да. Ошондо өзүмдү абдан жек көрүп өкүнгөнүм эсимде, алиге чейин өкүнөм, эмнеге бербей койгонумду дагы эле ойлоп таба албайм.
- Жолдошуңуз сизге кол көтөргөн учур болдубу?
- Ачыгын эле айтайын, андай учур болгон жок. Биздин чөйрөдөгү эле, бизге жакын адамдар аялдарын кордоп, катуу уруп салган учурду көп эле көрдүм. Мен Кудайдан анын кол көтөрбөшүн тилечүмүн. Анткени эркек бир кол көтөрсө болду, өмүр бою көтөрө берет. Бир учур болду, Сагын кол көтөргөнгө аракет кылды, бирок өзүн кармады. Сагынга азыр да ошондо кол көтөрбөгөнү үчүн ыраазы боло берем. Анткени ошол учурда күнөө менден кеткен эле. Азыр эмне кылганым эсимде жок, бир сөздү туура эмес айтып алдымбы, же ага жагынам деп калп айта коюп ал билинип калдыбы, иши кылып бирдеме болду. Сагын ошондо урса, азыр да балким менин ким экениме карабай кол көтөрө бермек, себеби мен жумушта ким болбоюн, Сагын үчүн анын аялымын.
- Жолдошуңуз сиздер үйлөнгөндөн кийин сизге атайын белек тартууладыбы?
- Сагын дээринен романтик, жумшак, акылдуу адам. Кандай белек болбосун өзгөчө кылып бергенди жакшы көрөт. Ага караганда менин фантазиям анчалык эмес. Биз үйлөнгөндө жокчулук, кыйын заман болгондуктан, нике шакегин ала алган эмеспиз. Ошону көңүлүнө алып жүргөн го, арадан он эки жыл өткөндөн кийин Сагын колума шакек такты.
Эсимде, ошондо төртүнчү кызыбыз төрөлгөн болчу. Жолдошум мага эч нерсе айтпай атайын Бишкекке келип, жаңы нике шакегин алып барыптыр. Мен эч нерсе билбейм. Бишкектен келип эле баарыбызды чогултуп, дасторкон жасатып, мага "мындан он эки жыл мурун бере албадым эле" деп шакекти берип жатпайбы. Ошондо аял катары ушундай толкунданып, аябай кубангам. Тилекке каршы шакек бир аз чоң келип калды. Сагын буга абдан кейип, бир айга жетип-жетпей өзү алмаштырып барып берди. Мына ошол шакекти алиге чейин түшүрбөй тагынып жүрөм.
- Сулуулук салонуна канча убакта бир барасыз? Кийимге мамилеңиз кандай?
- Чынын айтсам, мен парламентке келгенге чейин таптакыр сулуулук салонуна барчу эмесмин. Парламентке келгени өзүмдү карай баштадым. Бул акчанын көбөйгөнүнөн же башкалардын таасиринен эмес. Алгач келгенде өзүмдү теледен көрүп уялып кетчүмүн. Бизди канча эл көрөт, ошондуктан депутат, баарынан мурун аял болгондон кийин сулуу болууга түздөн-түз милдеттүү экенибизди түшүндүм. Сулуулануу өзүңө ишенимдүүлүктү, жагымдуулукту тартуулайт экен. Азыр тез-тез салонго барып турам. Албетте салондун, кийимдин кымбатына умтулбайм. Эл барган эле салонго барып, кийимди болсо көбүнчө чет өлкөгө чыкканда сатып алам. Анда да өтө кымбат эмес, бирок, сапаттуу, жарашыктуусун алганга аракет кылам. Бишкекте болсо Дордойдон эле сатып алабыз. Мен дээринен ашыкча сылаңкороздукту жактырбайм. Мага жөнөкөй, бирок башкаларга окшобогон буюмдар, жупуну болсо да жылуу, ток, ыңгайлуу, ынтымак турмуш жагат.
- Жолдошуңуз кызганабы?
- Жашырганда эмне, кызганат. Кырктан ашып баратабыз, дагы эле ошол адаты калбады. Жөнү жок эле кызганып, менин да, өзүнүн да нервин коротуп кыйнай берет. Кээде "жөнү жок эле кызгана бергенден чарчабадыңбы, Сагын? Мен чарчадым. Таштачы ушул адатыңды" деп калам. Жаш кезде чыдап, түтө берет экенсиң. Жаш өткөн сайын нерв жукарып, анын үстүнө кызгануу биздин куракка жарашпай калат тура. Айрыкча менин салонго бара баштаганым, өзгөргөнүм жакпай, билдирбегени менен абдан ачуусу келип жүрөт.
- Үй жумуштарын өзүңүз жасайсызбы, же үй кызматчыңыз барбы?
- Кайдагы үй кызматчы, мен дээринен үй жумуштарын өзүм жасаганды жакшы көрөм. Биз жаш кезден эле түйшүк, эмгек менен чоңойдук. Кыздар кичине кезинде чоң кызымды кайын энем караса, ортончусун жолдошум көтөрүп, кичүүсүн мен артыма байлап алып талаа, үй жумуштарын жасап жүрүп көнүп калганбыз. Ал тургай азыр айылга барсам да тандырга нан жаап, аялга тиешелүү жумуштарды жасагандан качпайм. Жолдошум тандыр нанды жакшы көрөт. Үйдүн иреттүү болгонун, тазалыкты абдан сүйгөндүктөн, эч качан жүдөбөгөнгө аракет кылам. Ырас, кыздар чоңойгону үй жумуштарынан четтегеним болбосо, аялдын жумушун унута элекмин.
- Маегиңизге чоң рахмат, эже. Эл күткөн, элге узакка кызмат кылган, өмүрү узун мыйзамдарды жарата бериңиз. Сизге аялдык, энелик бакыт, үй-бүлөңүзгө ынтымак каалайбыз.
- Силерге да рахмат. Гезитиңердин өмүрү узак, зоболосу бийик, окурманы эң көп болсун. Жамаатыңарга чыгармачылык ийгилик каалайм.

Маектешкен Айжаркын Эргешова