Чөнтөк телефон жаш балдарга керекпи же керек эмеспи?
Уюлдук телефондор адамдын чоң жардамчысы жана алмаштыргыс досуна айланганына баарыбыз күбөбүз. Кийинчерээк болсо мындай "досту" жаш балдар да ата-энесинен талап кыла башташты. Алар чөнтөк телефондун чыныгы милдети эмне экенине көңүл деле бурбастан, "башкалар көтөрүп жүрөт, меники да болуш керек" деген жаңылыш өжөр ой менен ата-энесин кыйнайт…


Балаңызга телефон алып берсеңиз:
Ага ыңгайлуу болгон учуларда өзүңүз чалып туруңуз.
Телефондун чыныгы колдонулуучу максатын түшүндүрүп бериңиз. Балаңыз телефонунун баркын билүүсү, ошол эле убакта аны таптакыр аздектеп калбашы зарыл.
Телефонду кайсы жерде колдонуу туура же туура эмес экендигин (сабак учурунда, музейде ж.б. коомдук жайларда) айтып бериңиз.
Тез жардам, өрт өчүргүч, милицияга чалууну үйрөтүп коюңуз.
Чоочун кишилерге телефон номерин айтпоосун жана белгисиз номерлерден келген смс билдирүүлөргө жооп бербеши керек экенин түшүндүрүңүз.
Чалууларга музыка койбостон, вибрациясын колдонгону оң. Бул нерсе чоочун адамдардын ашыкча көңүл буруусунан сактайт.


…Бирок баланын каалоосунун тереңинде бир маани жаткандай. Кээде сабактан кечигип жаткан балаңыздын аман-эсен экенин, кайда экенин билүүгө абдан муктаж болот эмессизби. Ошол эле убакта жаш балдардын уюлдук телефон колдонуусуна каршы көптөгөн терс ойлор айтылып келүүдө. Кандай чечим кабыл алуу керек?


Пайдасы
Жакында Орусиянын окумуштуулары уюлдук телефон бала бир күндө 1,5 сааттан ашык убакыт телефон менен баарлашканда гана зыян деген ойду далилдешти. Ошону менен бирге эгер бала өзү телефон чалбаса нурландыруунун зыяны таптакыр эле жокко эсе болот экен (эң зыяндуу нурландыруу телефон чалып жатканда болот). Ошондуктан ата-эне балага өздөрү чалуусу зарыл.
Албетте, чөнтөк телефондун эң пайдалуу жагы - балаңыз менен ар убак байланыша аласыз. "Эмне кылып, кайда жүрөт" деп сарсанаа болбой, кечигип жаткан болсо тосуп аласыз же башка керектүү чара көрөсүз.
Уюлдук телефондун дагы бир жакшы жактарынан болуп ата-эне алыс жүргөндө баласынын маанайын көтөрүп, сагынычын жазып алат.
Уюлдук телефонго балдар күндө аткара турган иштерин жазып алса болот. Мисалы, сабактардын тизмесин, кружоктордун убактысын. Эске салуучу функциясын колдонуу да балдарга абдан жардам берет. Мындайда апасы улам бир нерсени эскертип турбастан, бала өз алдынча болууга көнөт.
Ошондой эле телефон колдонуп жатып балаңыз техника менен тааныша баштайт. Балким анын ачыла элек жөндөмдөрүн да аныктоого жардам берет.

Зыяны
Жакында эле англиялык уюлдук телефон чыгаруучу компания 4 жаштан жогорку жаш балдар үчүн чөнтөк телефон жасоого аракет кылып көрүштү. Teddyfone деп аталган бул моделдеги телефон өзүнүн шайыр мамалак түрүндөгү сырткы көрүнүшү менен кызыктырат. Кадимки уюлдук телефондон айырмаланып, бул телефондо нурландыруу зыяны аз, ошондой эле баланын кайсы жерде жүргөнүн көрсөтүп туруучу жана ата-эне менен тез байланыштыруучу SOS функциялары бар. Жыйынтыгында долбоор ийгиликсиз деп табылган. Себеби ата-энелердин ою боюнча 4-7 жаштагы балдар таптакыр эч кандай нурландырууга кабылбашы керек.
Ал эми Голландиялык окумуштуулар эң кичине нурландыруу да жаш балага онкологиялык ооруларды алып келет деген ойлорун айтып келишет. Дарыгерлердин кеңеши боюнча уюлдук телефон жана 8 жашка чейинки наристе бири-бирине каршы келген түшүнүктөр. Ошого карабастан жылдан жылга чөнтөк телефон көтөргөн жаш балдардын саны өсүүдө.
Телефон бир гана акча коротпостон, балаңыздын психологиясына да зыян алып келиши ыктымал. Андан сырткары телефон баланы окууда, жолдо өтүп бара жатканда жана уктаарда да азгырат. Ошентип бир жагынан баламды көзөмөлгө алам деп ойлосоңуз, экинчи жагынан ага зыян алып келүүчү эркиндик тартуулайсыз. Андан сырткары интернет жана смстер менен эле баарлашкан балдардын өнүгүүсү кечеңдей баштайт.
Балдар уюлдук телефон материалдык абалды көрсөтүүчү жагдай катары кабыл алышат. Кимдин телефону арзаныраак болсо же такыр эле жок болсо, аны кемсинтишет. Бул нерсе баланын психологиясына терс таасирин тийгизип, ата-энеси менен карама-каршылыкка алып келээри айкын.
Иммундук система толук калыптана электе уюлдук телефон колдонгон жаш балдардын ден-соолугу гана эмес, уйкусу, эс тутуму да начарлайт. Дал ушул себептерден улам Бангладеш республикасында 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн уюлдук телефон колдонуусуна тыюу салынган. Ал эми Европарламентте болсо жаш балдардын чөнтөк телефон көтөрүүсү чоң талкуу жаратып келет.