"Жаўы кылым", 16.07.09 - 7-бет:
  Мезгил

Пенсиялык системанын топтоо бөлүгүнө өтүү
Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасын мындан ары реформалоо, пенсиялык камсыздоонун деңгээлин жогорулатуу, пенсиялык фонддун орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечегинин финансылык туруктуулугуна жетишүү, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун акча ресурстарын мамлекеттин экономикасына инвестиция катары тартуу максатында пенсиялык системанын топтоо бөлүгүнө этап этабы менен өтүүгө белгиленген кадамдар каралууда.


Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун укутарын жана милдеттерин, ошондой эле пенсиялык системанын топтоо бөлүгүндөгү иш милдеттерин камтыйт. Колдонуудагы мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор максаттуу камсыздандуруу фонду катары мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонд түзүү багытында киргизилип жатат.
Социалдык фонд ырааттуу түрдө пенсиялык каражаттарды башкарууну өзүнөн ажыратып, пенсиялык агымдын бөлүгүн компаниялардын, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун (МЭПФ) башкаруучуларынын түздөн-түз башкаруусуна которуп, топтоочу пенсиялык агымдарын борбордук бөлүштүрүүчү тутум болоору күтүлүүдө.
Социалдык фонд жарандардын пенсиялык топтоо эсебиндеги пенсиялык топтоолоруна каттоо жүргүзөт.
Камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоолорунун өлчөмү жөнүндө жыл сайын кабарлап туруу каралууда.
Камсыздандырган адамдардын арызы боюнча пенсиялык топтоолорду мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго которууну ишке ашыруу жөнүндөгү норма каралып жатат.
Белгилей кетчүү нерсе, пенсиялык топтоо каражаты кызматкердин менчиги болуп эсептелет, бул каражаттар бюджеттин башка деңгээлдери тарабынан алынууга, күрөөнүн, ошондой эле пенсиялык топтоолорду түзүү жана инвестициялоо боюнча процесстин башка субьекттеринин жана катышуучуларынын милдеттерин камсыздоо предмети болбоого тийиш, буга байланыштуу колдонуудагы мыйзамдын 4-статьясына Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун каражаттары Фонддун топтоо бөлүгүнө түшкөн камсыздандыру төгүмдөрүнөн сырткары, жумуш берүүчүнүн, кызматкердин жана башка жактардын камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлөөрү тууралуу толуктоо киргизилип жатат.
Жогорудагы баяндаманын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы №339 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча иш-чаралардын планына ылайык "Кыргыз Республикасынын социалдык Фонду жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан.
Чындыгында топтоочу пенсиялык системаны киргизүү - бул жакшы иш. Бирок, анын майда-баратына чейин карап чыкканда көп суроолор пайда болбой койбойт. Алардын бири-бул акчаларды эмне кылуу, каякка алпаруу керек? дегенге келип такалат. Анткени, адамдардын пенсиялык топтоолору-бул тобокелге сала турган акча эмес. Демек, тобокелдик жок салымдарды жасоо керек. Атүгүл кризис тууралуу бир секундка унута турсак да, баары бир бул жерде эки опция бар. Алардын бири - пайыздары анчалык чоң болбосо да тобокелдүүлүксүз салымдар катарында эсептелинген АКШ өкмөтүнүн баалуу кагаздарына салуу. Анда бул кыргыз экономикасынан акчаны алып, башка өлкөнүн экономикасына салуу дегендикти билдирет. Кыргызстан капиталды экспорттой тургандай ошончолук бай өлкө эмес. Анан дагы мамлекет буга катышуусу жана муну күчкө салуу ыкмалары менен жасоосу керек. Анан калса мындай идеяны эч ким көтөргөн жок. Пенсиялык акчаларды өлкө ичине салуу идеясы бар. Бирок, бул жерде тобокелдүүлүксүз салымдардын дээрлик инструменти жок. Пенсиялык топтоолор мамлекеттик баалуу кагаздарга салынат деген сунуш бар. Бул мамлекет жарандардан акчаны күч менен жыйнап алып, аларды Өкмөткө берет дегендикти билдирет. Тактап айтканда, топтоочу пенсиялык система кадимки салык системасы сыяктуу эле иштеп, пенсиялык топтоолор жөн гана мамлекеттин акча басып чыгаруу жөндөмдүүлүгү менен кепилденет.
Эгерде бүтүндөй алганда топтоо системасы түзүлүп бүткөн коңшу Казакстанга салыштырсак, аларда пенсиялык топтоолор реалдуу активдерге гана инвестиция кылынат. Ошого карабастан аларда да белгилүү бир проблемалар орун алган, а глобалдуу каржылык кризистин шарттарында атүгүл америкалык пенсиялык фонддор да жабыр тартты.
2007-жылдын маалыматтары боюнча Казакстандын мамлекеттик эмес пенсиялык фонддору 50 пайыз чамалуусу банктык депозиттерге жана мамлекеттик баалуу кагаздарга,20-30 пайызга жакынын көк фишкаларга (А листингинин жогорку рейтингдүү эмитенттеринин акцияларына) инвестиция кылышкан. Казакстандын топтоо системасына 11 жыл болсо да ушундай болуп жатат. Топтоочу пенсиялык системанын инфраструктурасы түзүлүп жана жолго коюлуп жаткан алгачкы кадамдарда инвестициялык портфелдерде мамлекеттик казначейлик векселдердин жана депозиттердин болуусу эң зарыл.
Бирок,Казакстанда өзүнчө бир каржылык коопсуздуктун өбөлгөсү бар, ал жакта мамлекет пенсиялык фонддордун чыгымдарын компенсациялоо мүмкүнчүлүгүнө эгедер жана жарандар пенсиясыз калышпайт. А Кыргызстанда анын бири да жок. Андыктан, ылайыксыз инвестиция кылынган учурда пенсионерлердин акчалары жөн эле күйүп кетет.
Мыйзамдык базаны түзүү жана топтоочу пенсиялык системанын катышуучуларына катуу талаптарды иштеп чыгуу - зарыл жана алгылыктуу жол болуп саналат. Бир топ мезгилге дейре уполномочендүү органга жана социалдык фондго белди бекем бууп иштөөгө жана түзүлүп жаткан инфраструктуранын биринчи кезекте ачыктыгын, көзөмөлдө болуусун жана оперативдүүлүгүн, тобокелчиликти ишенимдүү башкарууну камсыз кылуу менен ыргактуу иштөөсүн уюштурууга туура келет - дал мына ушунда рынок экономикасынын принциптерин жана өз жарандары үчүн тандоо эркиндигин киргизген мамлекеттин ролу камтылып турат.
Экинчиден, башкаруучу компаниялар кайдадыр бир жерге инвестиция кылына турган каражаттын зарыл көлөмүн чогулта баштаганга чейин бир топ убакыт өтөт. Топтоо системасын иштей баштагыча түзүлүүчү бул каржылык боштук эмне менен толтурулат? Бизге бул өтүү акырындоо менен жүрөт деп убада кылышууда. Бирок... бүгүнкү күндөгү пенсияны жогорулатып койгону эле жакшы болоор беле? Бүткүл дүйнөлүк банк да, көптөгөн жергиликтүү эксперттер да ушундай ойдо болуп жатышат. Алар биздин өлкөбүздүн экономикасы топтоочу пенсиялык системага өтүү үчүн бышып жетиле элек деп айтышууда. Ыктыярдуу топтоочу пенсиялык система болсо-макулбуз. Бирок ал да бизде өөрчүп кете албайт. Жападан жалгыз мамлекеттик пенсиялык фонд бар, ал да кыйынчылык менен жашап келет.
Инвестиция кылуу механизми топтоочу камсыздандыруу төгүмдөрү келип түшөөр замат эле дароо иштей баштайт, демек пенсиялык салымдар алар түзүлгөн биринчи күндөн тартып эле инвестиция кылынат. Бул үчүн даярдык көрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алардын сакталуусун жана диверсификацмясын караган пенсиялык активдерди инвестиция кылуу механизмдерин түзөт. Өз ара мамилелердин, акчаларды которуунун, аларды эсепке алуунун,персонификациялоонун, инвестициялык кирешени эсепке алуунун механизмдери түзүлөт, ошондой эле бир кыйла маанилүү болуп саналган каржылык туруксуздукка жол бербөөчү бюджеттөө ыкмалары өркүндөтүлөт. Актуалдык эсептөөлөр өлкөнүн ички дүң продуктусунда пенсиялык фонддун үлүшүнүн өсүшүн көрсөтүүдө. Андан ары пенсиялык фонд биздин бардык керектөөлөрүбүздү жаба албай тургандай жагдай түзүлүшү ыктымал. Бул бир жагынан пенсияларды жогорулатуунун өркүндөтүлбөгөн ыкмаларынан улам да болууда, ал жыл өткөн сайын камсыздандыруу принциптеринин өз маңызын жоготусуна алып келет жана пенсияны иш жүзүндө социалдык пособиеге айландырат, ошону менен жарандардын камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө болгон кызыгууларын төмөндөтүүнүн тескери натыйжасын туудурат. Анткени, жеке эмгек ишмердүүлүгү менен иштеген ошол эле адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө-бул карылыкка байланыштуу кирешени калыбына келтирүүнүн кепилдиктери тууралуу мамлекет менен түзүлгөн өзүнчө бир бүтүм болот. Мындай болгон соң, анда бул камсыздандыруу принциптерин андан ары өнүктүрүү зарыл. Өнүгүү ыкмаларын камсыздандыруу пенсияларынын ролун күчөтүү (1) жана топтоочу пенсиялык системаны киргизүү - (2)аркылуу келечектеги пенсиясын пландоодо жарандарга жардам берүү болуп саналат.
Жарандар башкаруучу компаниялар алардын акчаларын эмне кылышат, деген суроого так жооп алуусу керек. Азырынча мындай жооп жок. Мамлекеттик казначейлик векселдерди сатып алуу - бул вариант эмес. Бул салык жыйнагандай эле болот. Топтоого мунун такыр тиешеси жок.
Топтоочу системаны киргизүүнү көздөшү түшүнүктүү: экономиканын реалдуу секторуна узак мөөнөттүү ресурстарды берүү. Бирок, эгерде биз мамлекеттик казначейлик векселге сала турган болсок андай болбой калат. А башка тобокелдиксиз варианттар дээрлик жок. Тактап айтканда, мамлекеттик казначейлик векселге салуу үчүн эле буга барууга болбойт. Мамлекет акчаны башкача деле эле ала алат. Башка сөз менен айтканда, пенсиялык топтоолорду реалдуу секторго инвестиция кылбаса - бул системага өтүүнүн кереги деле жок болот. А реалдуу секторго инвистиция кылуу- бул зор тобокелдик. Финансисттер тобокелдикти башкара алышат: алар тобокелдиктерди ар түрдүү деңгээлдеги долбоорлорго салышат, бул тобокелдиктерди балансташат, теңештиришет. Ал жерде муну менен иш жүргүзгөн жогорку акы төлөнүүчү адамдар олтурушат. Биздин өлкөбүздөгү бардык активдер- жогорку тобокелдүүлөр болуп саналат.Бизде фондулук рынок таптакыр таң калтырарлык себептер боюнча кандайдыр бир кокусунан болгон бүтүмдөр жасалат жана ал жерде эмне болуп жаткандыгын эч ким түшүнбөйт. А кризистин учурунда бардык тобокелдиктер тереңдөөдө. Демек, азыркы учурда жакынкы келечекте топтоочу пенсиялык системага өтүү идеясына ишенбөөчүлүк менен карайбыз. Азыр бүт дүйнө жүзүндө тобокелдиги жок салым жасоо оор болуп жатканда Кыргызстанда мындай жасоо дегеле мүмкүн эмес. Айтмакчы, Россияда топтоочу пенсиялык системага өтүү процесси соңку жылдары дээрлик токтоп калды. Бизде болсо республиканын элинин алдында бул эмне үчүн жасалып жаткандыгын жана эмне үчүн ал жакшы жана пайдалуу экендигин эч ким ачык, так айтып бере элек.
Инвестиция кылуунун механизмдерин иштеп чыгууда ар түрдүү варианттар каралат. Биз төмөндөгүдөй активдерге уруксат берилишин болжоп жатабыз:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары;
- Кыргыз эмитенттеринин облигациялары;
- ачык акционердик коомдор түрүндө түзүлгөн кыргыз эмитенттеринин акциялары;
- чет мамлекеттердин мамлекеттик баалуу кагаздарына,башка чет өлкөлүк эмитенттердин облигацияларына жана акцияларына каражаттарын жайгаштырышкан индекстүү инвестициялык фонддордун пайлары (акциялары, үлүштөрү);
- ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чыгарылган ипотекалык баалуу кагаздар;
- кредит уюмдардын эсептериндеги сом менен акча каражаттары;
- кредиттик уюмдардагы сом менен депозиттер;
- кредиттик уюмдардын эсептерин чет өлкөлүк валюта, тактап айтканда, Кыргызстандын рыногунда орун алып келаткан активдердин бүткүл стандарттуу топтому көрсөтүлдү. Бирок, бир топ мезгилдер аралыгында, анүстүнө каржылык жана экономикалык кризис учурунда бир катар артыкчылыктар кайрадан аныкталат.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду