Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Архив газеты Демо: Всплывающее РѕРєРЅРѕ РїСЂРё загрузке сайта СЃ помощью CSS3 Рё немного javascript
  Жетекчи ой бөлүшөт

Жалал-Абад шаарында 32 млн. сомго көп салык топтолду
Жалал-Абад шаарынын салыкчылары ушул жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгында эң жакшы жетишкендиктерге жетишип, өздөрүнүн кесиптик майрамдарын көңүлдүү тосуп алуу менен, шаардын бюджетинин толукталышына зор салым кошушту. Ошол себептен, Жалал-Абад шаардык салык башкармалыгынын башчысы Чоюнов Эрмек Жунусовичти кепке
тарттык,

- Эрмек Жунусович, жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча шаардык салык башкармалыгы пландан ашыкча салык жыйымдарын топтошуптур. Бул ийгиликке кандайча жетиштиңиздер?
- Алты айдын жыйынтыгы менен биздин план 162 миллион сом боло турган болсо, бүгүнкү күнгө аткарылганы 170 миллион болуп жатат. Же болбосо, өткөн жылга караганда 32 миллион 500 миң сомго көп салык чогулттук. Бул жалпы мамлекеттик, андан сырткары жергиликтүү салык боюнча бизге берилген план 51 миллион 700 миң сом боло турган болсо, аткарылганы 58 миллион сом. Же болбосо, пландан 7 миллион сомго ашык аткарылып жатат. Өткөн жылга салыштырмалуу жергиликтүү салык 13 миллион 800 миң сомго көп чогултулуп жатат.
Бул жетишкендикке жетишүүнүн негизги себеби, 2009-жылдын январь айынан баштап жаңы "Салык Кодекси" менен иштеп жатабыз. Муну жаңы "Салык Кодексинин" негизги жетишкендиги деп атоого болот. Жаңы кабыл алынган Кодекс боюнча көпчүлүгү ар кандай пикирлерди айтып жатышат. "Салыктын ставкасынын көбөйүп кеткенинен болду"-деп жатышат. Мына азыркы учурда 16 салыктын түрүнөн 8 гана түрү калды. Кошумча наркка төлөнүүчү салык (НДС) мурун 20 пайыз болсо, азыркы күндө 12 пайыз болуп калды. Мунун негизги себеби, жаңы "Салык Кодекси" боюнча мурда көмүскө экономикада жүргөндөрдүн ачыкка чыгышы болду. Күйүүчү майларды сатуучулардын көпчүлүгү ачыкка чыгып жатышат. Мурунку жарым жылдыкта алардан түшкөн салыкты быйылкы жыл менен салыштырганда бир топ өзгөчөлүктөрдү байкоого болот. ГАЗпром менен КПКны эсепке албаганда, бизде өткөн алты айда түшкөн салык 1,5 миллион сом болсо, азыр күйүүчү майларды сатуучулардын эсебинен (жогорку эки ишкананы эсепке албаганда) түшкөн салык 10 миллион сомдон ашып кетүүдө.

Бул да жаңы "Салык Кодексинин" үзүрү.
Андан сырткары, дүң соода кылуучулар (оптовиктер), патенттин эсебинен өздөрүнүн тапкан пайдасын салыктан качып беките турган болсо, алар азыр жаңы "Салык Кодекси" боюнча "Сатуу салыгы" менен салык төлөшөт. "Сатуу салыгынын" негизинде, дүң соода кылуучулар эми мурдагыдай кирешесин беките алышпайт, төлөгөнү ачык болуп калды. Бүгүнкү жетишкендигибиз, салыктын көбөйгөдүгүнөн эмес, жаңы "Салык Кодексинин" туура жана жакшы жактарынан болду деп эсептейбиз.
Туура, жаңы "Салык Кодексинин" жетишпеген жактары да бар. Президентибиз кээ бир жетишпеген жактары боюнча өзүнүн Указы менен 2010-жылдын 1-январына чейин мараторий жарыялаган. Бул багытта "Мүлк салыгы" боюнча иштеп келатабыз. Ошол салык төлөөчүлөр менен учурашып, өзүбүздүн сунуштарды берип жатабыз.
Жакында өзүбүздүн кесиптик майрамыбызды жакшы маанай менен белгиледик. Себеби, алты айдын жыйынтыгы менен жакшы жетишкендиктерге жетиштик. Ошонун ичинен биз салыктын көп чогултулганынан эмес, салык түрлөрүнүн да толук түшүшүнөн болду. Мындан сырткары, биз мамлекеттик жалпы салыктын планынан сырткары, республикалык жана жергиликтүү бюджетке да ашыгы менен салыкты төктүк. Негизги жетишкендиктерибиз ушулар.
- Салыкты төлөй албаган, карызы көп мекеме-ишканалар да болсо керек?
- Өндүрүлбөй калган карыздар боюнча да айтып кетээр элем, негизги карызкор "Жалал-Абад электро" АКсы болуп саналат. Бүгүнкү күндө 44 миллион сом карыз боло турган болсо, ошонун 28 миллиону "Жалал-Абад электро" АКна тиешелүү. Башкача айтканда, 56 пайызын түзөт. Эми мунун да обьективдүү жана суббьективдүү жүйөөлөрү бар. Карызды толугу менен бере албагандыгынын себеби, алардын айтуусу боюнча, бюджеттик ишканалар "Жалал-Абад электро" АКна карыз болуп жатыптыр. Ошонун эсебинен негизги карызды ушул ишкананын карызы түзүп жатат.
- Жаңы "Салык Кодекси" боюнча "Келишимдик салык" ишке кирди. Мунун кандай натыйжалуу жактарын байкадыңыздар?
- Жаңы "Салык Кодекси" боюнча "Келишимден алынуучу салык" деген ишке кирди. Ким мындан үч жыл мурун ишке кирген болсо, үч жылдык кирешеси менен канча салык төлөгөнүн чыгарып туруп, ошонун 25 пайызынан кем эмес бөлүгүн өздөрүнүн каалоосу менен, биз менен келишим түзүштү. Ошол келишимдин негизинде салык төлөп жатышат. Мисалы, шаардагы "Нооруз" кафеси мурун айына 21 миң сом салык төлөп турушса, азыр келишимдин негизинде айына 56 миң төгүшөт. Келишимдин негизинде алар салыкты 3-5 эсеге көп төлөп жатышат. Келишимдин жакшы жагы-алардын үстүнөн текшерүү болбойт. Ай сайын өз убагында келишим боюнча салыкты төлөп коюшат, ошол боюнча аларды эч ким текшербейт. Салык төлөөчүлөр да мына ушундай жакшы жагын үйрөнүп калышты. Бүгүнкү күнү 70 тен ашык ишканаларды келишимге өткөрдүк. Негизги категориясы: кафе, ресторан, дүкөндөр болуп саналат.
Айтып коё турган дагы бир нерсе, патенттен алына турган салык. Патенттен алына турган салык мурун 152 түрдөгү ишкерлерден алынса, азыр 124 түрдөгү ишкерлерден алынып жатат. Өткөн жылга караганда, патенттен алынуучу салыктын түрү бир кыйла азайып кеткенине карабай, жарым жылда 3 миллион 100 сомго салыкты көп чогулттук. Бул деген салыктын көбөйгөнүнөн же, ставкасынын жогорулашынан эмес, патенттен алынган салыктарды убагында өндүрүү, убагында түшүндүрүп айтуудан болду деп ойлойм. Жаңы "Салык Кодексинин" негизинде көмүскөдө жүргөндөр ачыкка чыгышты.
- Салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы мамиле кандай?
- Жаңы "Салык Кодекси" иштей баштагандан бери, салык төлөөчүлөрдүн өзүнүн хартиясы түзүлгөн. Аталган хартияда салык төлөөчүлөрдүн укуктары жана милдеттери даана көрсөтүлгөн. Андан сырткары салыкчылар текшерүү жүргүзгөндө, жумуш убагында өздүк формасы менен жүрүшөт. Форма кийген бир жагынан өзүнүн жоопкерчилигин жогорулатат, экинчиден, сылык болуусу биздин мыйзамда да каралган. Мурун бизде форма бар эле, бирок кийишчү эмес. Биздин комитеттин төрагасы Ахматбек Келдибекович келгенден кийин, "бардыгыңар форманы кийгиле"-деп, талап койду.
Мындан сырткары, өзүңүздөр жакшы билесиздер салык кызматкерлеринин маянасы 2,5 эсеге көбөйтүлдү. Көбөйтүлгөндөн баштап, талапты да катуу коё алат экенсин. Андан сырткары, биз дагы өзүбүздүн кызматкерлерден талап кылганга жараша, аларга шартты түзүп бердик. Кесиптик майрамыбызга карата өздүк фонддон бир оклад айлык берип, оңдой турган жерлерибизди оңдоп берип жатат. Мына жакында эле 17 компьютер алдык. Биз буга чейин эч качан компьютер алган эмеспиз. Ушунча жыл салык тармагында иштеп жүрсөм, мындайды көргөн да, алган да эмесмин. Азыр бардык кабинеттерде компьютерлер бар. Мен ойлойм, бул да болсо биздин төрагабыз Ахматбек Келдибековдун аз иштегенине карбай, чоң жумуштарды аткаргандыгынан болду. Салыкка кирип иштейм дегендердин саны арбыды. Айлыгын көтөрүп, шарт түзүп бергенден кийин, салыкчылардын жоопкерчилиги да жогорулады.
- Жаңы "Салык Кодексинин" жакшы жана жетишпеген жактарына токтолсоңуз?
- Жаңы "Салык Кодексинин" үч жакшы жагын белгилеп кетүү керек. Биринчиси-айкындыгы, жөнөкөйлүгү. Экинчиси-салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу жагы. Үчүнчүсү- салыктардын түрүнүн азайышы. Эң негизгиси-кошумча наркка төлөнүүчү салыктын (НДС) 20 пайыздан, 12 пайызга азайышы. Кемчилиги катары-мүлк салыгына болгон түшүнбөөчүлүк көбүрөөк болду. Көп кабаттуу үйдө тургандар эки-үч комната квартирасы үчүн да салык төлөш керек болуп калгандыктан, Президент мараторий жарыялады.
- Кызыктуу маегиңиз үчүн ырахмат! Жооптуу ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз. Ар дайым эл кызматында ак иштеп жүрө бериңиз.

Маектешкен:
Анархан ЖАҢЫБАЕВА,
Жалал-Абад шаары,






кыргыз тилиндеги гезит "Жањы кылым"
email • архив • редакция 
16-июль, 2009-ж.:
1-бет
Окугуң келсе, ОшМУга бар!
2-бет
"Биздин талапкер 70 пайыз добуш аларына ишенем"
3-бет
Шаардык бийлик пенсионерлердин кызыкчылыгы үчүн чечим кабыл аларына ишеним артабыз
4-5-бет
"Алдыдагыга карап пикир кыл, аркадагыга карап шүкүр кыл"
6-бет
Жалал-Абад шаарында 32 млн. сомго көп салык топтолду
7-бет
Пенсиялык системанын топтоо бөлүгүнө өтүү





Actionteaser.ru - тизерная реклама
Яндекс.Метрика