Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



"Биздин талапкер 70 пайыз добуш аларына ишенем"
Мына, биз көптөн бери күткөн Президенттик шайлоого да саналуу күндөр калды. Эмне дейбиз, үгүт учурунда эмнелер гана болгон жок. Талапкерлердин коомчулук алдында бири-бирине көө жабышы биздин карапайым калкты ирээнжиткенден башка аларга пайда алып келген жок деп ойлойм. Кыскача айтканда, ар ким өз дараметине жараша үгүт иштерин жүргүздү десем жаңылышпайм.
Учурда, бириккен партиялар жер-жерлерде тандап алган талапкерлерине үгүт иштерин жүргүзүп келишет. Ошондуктан, "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын лидери, улутубуздун ардактуу аксакалдарынын бири Үсөн Сыдыковго бир нече суроо менен кайрылдык.
-Үсөн Сыдыкович, "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясы Президенттик шайлоонун үгүт иштерине канчалык деңгээлде катыша алды?
- "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясы "Ак Жол" элдик саясий партиясы менен канатташ партиялардан эмеспи. Үгүт иштерине эки партия бирдей иштешип жатышат. Учурда, жалпы Кыргызстан боюнча 500дөн ашуун штабдар түзүлүп, эл арасында үгүт иштерин жүргүзүшүүдө.
-Шайлоо канчалык деңгээлде таза өтөт деп ойлойсуз. "Жаңы Кыргызстан" менен "Ак Жол" партиясынын Президенттикке талапкери Курманбек Салиевич Бакиевдин шайлоодон жеңип чыгуу үчүн канчалык шансы бар ?
- Жалпы коомчулук өздөрү угуп-көрүп деле жатышпайбы. Мындан 4-5 жыл мурда элдин жашоосу кандай эле, азыр кандай. Мамлекет канчалык деңгээлге алдыга жылды. Канчалаган ишканалар ачылып, жарандарды иш менен камсыз кылууда. Мен айтпасам деле эл билет да. Ушундай иштеп жаткан адамды кантип колдобосун. Менимче, биздин талапкер 70%дан ашык добушалат деген ишенимдемин.
-Сиз, Бакиевден башкасы Президенттик кызматка жараксыз деген ойду айткыңыз келип турабы?
-Мен андай сөздү айткандан алысмын. Бирок, Курманбек Салиевич мамлекетти экономикалык жана кедейчилик кризистен чыгарып, карапайым калкка жаркын жашоону камсыз кылууга тажрыйбасы мол жетекчи деп айтаар элем. Ал эми калган талапкерлерге К.Бакиев кызматты берип, мына иштегиле деп дагы көрдү. Бирок, алар алдыга жылдыра алган жок да. Анан кантип мамлекетти башкара алышат?

Назгүл АКМАТ




"Шайлоого катыш жана добуш бер!"
10-июль күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы атындагы театрынын алдында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын "Шайлоого катыш жана добуш бер!"- деген үгүт маалымат кербенинин концерттик программасына 1000ден ашык шаар тургундары катышты жана 23-июлда боло турган КРнын Президентин шайлоо күнүнө карата атайын викториналык суроолорго туура жооп бергендерге 500 футболка жана кепкалар белекке тартууланды.

Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун маалыматына караганда, БШК шайлоочуларга, жалпы элибизге 23-июлда болуп өтө турган КРнын Президенттик шайлоосу боюнча маалымат берүү максатында эстрада жылдыздарынын концерттик программасын уюштуруп келишкен.
- Биздин негизги максатыбыз -элдерге "Шайлоо Кодексинин" 30-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн "Шайлоо комиссиялары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, массалык маалымат каражаттарынын милдети, шайлоонун болушун, кайсы деңгээлде шайлоо болуп жатат, кандай жол менен өтүшү боюнча элге маалымат жеткирүү. "Шайлоого келип катышып, добушуңду бер!" -деген девиз менен өтүүдө. Бул акциянын жүрүшү Жалал-Абад шаарында биринчи башталды. Мындай маалымат акциялары биздин 7 облустун жана Ош, Бишкек шаарларынын борборлорунда өткөрүлөт. Шайлоочулардын КРнын Конституциясында көрсөтүлгөн шайлоочу катары өз укугунан пайдалануу менен мамлекеттин 5 жылдык тагдырын кимдин колуна бере тургандыгын, өздөрү шайлоого келип катышып, өз добуштарын беришип, активдүүлүгүн көрсөтүшсүн деп, маалымат берип жатабыз,-деди А.Бекматов.
Аталган акциянын концерттик программасын Элмара Турсуналиева менен Эрмек Нурбаев алып барышып, акцияга келген элдерге КРнын "Шайлоо Кодекси" боюнча суроолорду берүү, 23-июлда боло турган Президеттик шайлоого активдүү катышууга чакырып жатышты. Шайлоо күнүнө байланышкан ырлар да окулуп, көпчүлүктүн көңүлүн"Шайлоого катыш жана добуш бер!"- деген үгүт маалымат кербени менен белгилүү эстрада ырчылары: Темир Назаров, Алишер Тоотаев, Үмүт Тилегенова, Сапар Сопубеков, Замир Мырза, Санжар Бердибеков, Гүлзада Рыскулова, Мирлан Жетигеновдор жана бийчилер өздөрүнүн өнөрлөрү менен таң калтырышты. Аталган үгүт маалымат кербени ушундай эле программада Ошто, Баткенде, Таласта болуп өттү.




"Аялзат" концерт берүүдө

Сузак районунун Багыш айылдык округунда түзүлгөн "Аялзат" фальклордук тобу "Мамлекеттик тил мыйзамынын" 20 жылдыгына жана Сузак районунун 90 жылдык маарекесине карата райондогу айылдык округдарда өздөрүнүн концерттерин берип жатышат.

"Аялзат" фольклордук тобунун жетекчиси Анаркүл Машаеванын берген маалыматына караганда, топто элүүдөн эңкейген, алтымыштан ашкан, жетимишке жетейин деп калган апалар бар. Алар айыл калкын элдик өнөргө табитин көтөрүү, унутта калган чыгармаларды кайра жандантып, рухий маданиятын көтөрүү максатында түзүлгөн.
"Биздин демилгени райондун акими Тажимамат Шааболотов колдоп формабыз үчүн 10 миң сом бөлдүртүп берди. Эми Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен райондун ар бир айылдык округунда "Аялзат" фальклордук тобу өзүнүн концерттик программасын тартуулайт",-деди А.Машаева.


"Жерге сиздин укугуңуз"
"Айыл демилгеси" Коомдук бирикмесинин Жалал-Абад облусундагы филиалынын директору Чынара Жусупованын берген маалыматына караганда, облустун бардык район-шаарларында "Жерге сиздин укугуңуз" деген аталыштагы маалымат кампаниясы жүрүп жатат.
Бул компанияны өткөрүүгө Кыргыз Өкмөтү, ЮСАИД, "Кемоникс" Эл аралык уюмдары менен биргеликте иш жүрүзүп жатышат. Азыркы учурда Кыргыз Өкмөтү менен биргеликте маалымат компаниялары райондордо өтүп жатса, кийинчерээк айылдарда өткөрүлмөкчү.
Аталган маалымат компаниясында жолугушууга келгендерге: "Айыл чарба багытындагы жерлерди кантип сатып алса болот жана аны кантип күрөөгө койсо болот? Жер мыйзамындагы заманбап маселелер" боюнча талкуулоолор жүргүзүлдү",-деди Ч.Жусупова.

Анархан Жаңыбаева,
Жалал-Абад облусу





кыргыз тилиндеги гезит "Жањы кылым"
email • архив • редакция 
16-июль, 2009-ж.:
1-бет
Окугуң келсе, ОшМУга бар!
2-бет
"Биздин талапкер 70 пайыз добуш аларына ишенем"
3-бет
Шаардык бийлик пенсионерлердин кызыкчылыгы үчүн чечим кабыл аларына ишеним артабыз
4-5-бет
"Алдыдагыга карап пикир кыл, аркадагыга карап шүкүр кыл"
6-бет
Жалал-Абад шаарында 32 млн. сомго көп салык топтолду
7-бет
Пенсиялык системанын топтоо бөлүгүнө өтүү





Яндекс.Метрика