"Жаўы кылым", 18.06.09 - 7-бет:
  Маек

КАНАТ БЕГАЛИЕВ: "МЕДАЛЬ деген 100-200 ГРАММДЫК ТЕМИР..."

Кыргызстандын желегин дүйнөлүк аренада желбиретип элинин батасын алуу ар бир спортсмендин максаты-мүдөөсү. Бул тепкичтерге байсалдуу кадам таштаган, кыргыз сыймыгы Грек-рим күрөшү боюнча "Бээжин-2008" Олимпиадасынын, Дүйнө чемпионатынын (2006) жана Азия чемпионатынын (2007) күмүш медалдарынын ээси, эл аралык деңгээлдеги спорттун чебери Канат Бегалиев гезитибиздин ачык жана айкын суроолоруна берген кызыктуу жооптору менен гезит бетине түшүрүлдү. Анда Канат Бегалиев "Жаңы Кылымдын" спорт жылдызы рубрикасында конокто.


Аты, атасынын аты: Канатбек Бегалиев
Туулган жылы: 1984-жыл 14-февраль
Туулган жери: Бакайата району Өзгөрүш айылы
Бою: 170 сантиметр Салмагы: 70 килограмм.
Жетишкендиги:
Грек-рим күрөшү боюнча "Бээжин-2008" Олимпиадасынын, Дүйнө чемпионатынын (2006) жана Азия чемпионатынын (2007) күмүш медалдарынын ээси.
Билими:
КУУнун экономика факультетин бүтүргөн
Жеке жашоосу:
Үйбүлөлүү. Эки кыздын атасы. Учурда Бишкекте жашайт.

- Алгач окурмандарга үй-бүлөөңүз жөнүндө айтып берсеңиз?
- Биз алты бир тууганбыз: 4 эркек, 2 кыз. Мен бешинчисимин. Биздин үй- бүлөөнү спортчулардын үй-бүлөөсү десе болот. Эки агам кыргыз күрөш боюнча чеберлер, атам да аты алыска кетпесе да белгилүү күрөшчүлөрдөн экен. Бирок, мен чоң атамды тартсам керек. Себеби, ал учурунда Орто Азиянын чемпиону болуптур.
- Спорт чөйрөсүнө кандайча келип калдыңыз?
- Өзүм кичинекейимден эле спортко кызыкчумун. Жогоруда айтканымдай, спортчулардын үй-бүлөөсүндө чоңойдум. Каныбызда болгондуктан кийинчерээк бул талантымды ар тараптуу өнүктүрүүгө аракет жасадым.
- Эмне үчүн күрөштү тандап алдыңыз?
- Чоң аталарымдын баары тең күрөшчү экен. Ошон үчүн күрөштү тандап алдым. Андан тышкары, ар бир адам колунан келген ишти кылыш керек. Мисалы: мен сакадай болгон боюм менен баскетболго барып алсам кичине уятыраак болот окшойт. Күрөштөн менин баарын көтөрүп чапканга көзүм жетет.
- Кимди акыркы жолу көтөрүп чаба албай калдыңыз эле?
- Көтөрүп чабалбай калгандарым көп эле. Акыркысы ушу француз балбанынан көтөрүлүп чабылып калдым.
- Элдин уулу болуш сиз үчүн эмнени түшүндүрөт?
- Элдин уулу болуш, албетте, кыйын. Кыйын дегенимдин себеби, жоопкерчилигин дайыма мойнуңда болот. Бир мелдешке кетип бара жатканда , утулуп калсаң өзүндү аябай жемелейсиң. Ушунча элим, беш миллион калкым ишенип жиберсе, мен аны актай албай утулуп калдым деп.
- Олимпиадалык оюндагы жеңишиңизден кийин адамдардын сизге болгон мамилеси өзгөргөн жокпу?
- Баардыгынын эмес, анча-мынча адамдардын мамилеси өзгөргөндүгү байкалды. Бирок, эгер өзүң бардыгына мурдагыдай, бирдей мамиле жасасаң алардын чыныгы жүзү байкалып калат деп ойлойм.
- Достукка кандайсыз? Досторуңуз жөнүндө айтып берсеңиз?
- Досторум аз, жолдош балдарым аябай көп. Жакшылыкта сага баардыгы дос, кыйынчылыкка келгенде жакын дос болуп жүргөн балдардын бирөөсүн да көрбөй каласың. Ошондуктан дос деген азыраак болуп, жолдош балдар келип кете берет.
- Сизге окшогон бир спортчунун бир күнү кандай өтөт болду экен?
- Эгер сүрөттөп айтып бере турган болсом, спорттон баары качып кетет деп ойлойм. Күнүнө эки-үч маал машыгам. Бош убакыт боло калса үй-бүлөм, досторум менен болууга шашам.
-Өзүңүзгө жаккан жана жакпаган сапаттарыңыз?
- Өзүмө жаккан сапатым эч кимге, дегеле адам баласына таарынбайм. Ал эми өзүмө жакпаган сапатым эч бир нерседен утулганды жаман көрөм. Утулганда эле, өзүмө-өзүм жиним келип, кызарып чыгам.
- Кандайча эс аласыз, ошол жөнүндө айтып берсеңиз?
- Кыздарым жана жубайым менен эс алууну жакшы көрөм. Камила жана Азиза аттуу кыздарымды ээрчитип алып, паркта аларды ойноткондон рахат алам.
- Ийгилигиңиздин сыры эмнеде болду экен?
- Ийгилик- бул талыкпаган эмгек, чыдамкайлык, анан өжөрлүк болуш керек. Негизи менин жолум аябай катуу. Себеби, качан чучукулак албайын менин каршылашымдын тарабына чечилет. Ошондуктан ойлоп коем, меники баардыгы эмгек аркылуу болот окшойт.
- Медалдарыңыз сиз үчүн эмне?
- Медаль деген негизи бул кичинекей эле 100-200 граммдык темир десем жанылышпайм. А даражасы аябай чоң. Медалдарымды чогултуп койгон атайын бөлмөм бар. Ал бөлмөгө кыйналганда кирип эс алып, күч кубат алам.
- Медаль демекчи, чет мамлекетке мелдештерде чыгаар алдында ырым-жырымдарыңыз барбы?
- Жок, мен андай нерселерге ишенбейм. Бир гана кудайга ишенем. Албетте, дайыма кайсы жерге барбайын кыргызымдын ак калпагы жанымда. Себеби, сыйлануу аземинде кыргыз калпагын кийип алып, дүйнө жүзүнө Кыргызстан деген мамлекетти тааныштырып, аны даңазалоо мен үчүн чексиз бакыт.
- Кыргыз күрөшүнүн бүгүнкү абалы?
- Кыргыз күрөшүнүн бүгүнкү абалы жогорку деңгээлде. Себеби, биз Руслан экөөбүз жаш спортчуларга чоң стимул жана түрткү бердик. Баардык жагынан алдыга жылыш бар. Дүйнө эли азыр кыргыз спортчуларынан кабатырланып жатышат.
- Сизге терең ыраазычылык билдиребиз, элиңиздин бактысына сыймыгы болуп жүрө бериңиз!
Маектешкен Солтонбек уулу Айбек