"Жаўы кылым", 12.02.09 - 5-бет:
  Экономика

Жалал-Абад шаары Кыргызстандагы ири шаарлардын катарына кирет. Облустун борбору болгондон бери акыркы 10 жылдын аралыгында өнүгүү жолунда бара жатат. Шаардын мэри Тилек Акамбаевге кайрылып, өткөн жылдагы аткарылган иштери жана социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча бир нече суроолорго жооп алган элек. Ошол маекти гезит окурмандарына сунуш кылмакчыбыз.

"ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКАЛЫК КРИЗИСТИН ТААСИРИ БИЗГЕ ДА ТИЙИП ЖАТАТ"
- Тилек Бурканович, Сиз жетектеген Жалал-Абад шаары өткөн жылды кандай ийгиликтер менен жыйынтыктады?
- Шаар мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев кайрылуусунда койгон милдеттерди аткаруу максатында 2008 - жылдын башынан бери экономиканы кыйла натыйжалуу режимге которуу боюнча бир топ практикалык иштер турмушка ашырылды. Дүйнөлүк рынокто түзүлгөн кыйынчылыктарга жана жагымсыз шарттарга, ошондой эле бизге мурункудан калган көйгөйлөргө карабастан, шаарыбыздын экономикасынын жана социалдык чөйрөсүндө бардык багыттарында жакшы жетишкендиктер менен аяктадык.
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча регионалдык ички дүң продукциянын көлөмү 3089,5 млн. сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 134,6 пайызды түздү. Шаардын реалдык секторунда облусубуз боюнча жакшы эле көрсөткүчтөргө жетише алдык. Мисалы өткөн жылда өнөр жай тармагында Жалал-Абад шаары боюнча 2 млрд. 433,5 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өндүрүштүн өсүү темпи 134,4 пайызды түздү. Өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 113,8 пайызга жеткирилди. Бул деген облус боюнча өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 26,7 пайызды түзөт жана өткөн жылга салыштырмалуу 2,9 пайызга өсүшү камсыз кылынды.
Шаар боюнча өткөн жылда салыштырма баада 103,6 млн. сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлүп, белгиленген прогнозго карата 100,9 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 105,7 пайызга аткарылды. Курулуш тармагында шаар боюнча 552,4 млн. сомдук капиталдык салымдар өздөштүрүлдү же болбосо өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 143,0 пайызды түздү. Өткөн жылда шаар боюнча салыштырмалуу баада 5997,1 млн. сомдук чекене соода жүгүргүзүп, өткөн жылга карата өсүү темпи 131,6 пайызга, белгиленген прогноз ашыгы менен аткарылды. Шаарыбыздын калкына 667,5 млн. сомдук акылуу кызмат көрсөтүлүп, өткөн жылга карата өсүү темпи 162 пайызга камсыздалып, экономикалык прогноз ашыгы менен аткарылды.
Ал эми 2008-жылдын ичинде шаар боюнча баары болуп 1535,8 млн. сомдук инвестиция тартылып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 187,0 пайызды түздү. Жалпы тартылган инвестициянын 1199,9 млн. сому (78,1%) тышкы жана 355,9 млн. сому (21,9%) ички инвестиция каражатына таандык болду. Облус боюнча реалдык секторго тартылган инвестициялар көлөмү боюнча биздин шаарыбыз Кара-Көл шаарынан кийин экинчи орунду ээлейт. Шаарыбызга тартылган инвестициялар эсебинен өткөн жылда шаар боюнча бардыгы болуп 3115 жаңы иш орундар түзүлдү.
- Өнөр-жай тармагында кандай иштер жүрүп жатат?
- Албетте, жылыштар бар. Мисалы, 2008-жылдын жыйынтыгы менен шаарыбыздын өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн өсүшүнө чоң салымын кошкон төмөндөгү өнөр жай тармактарын атап кетүүгө болот: "Мариям" ЖЧКу, "Келечек " ААКу, "ЖанДОС" ЖЧКу, "Дан-Юг" ЖЧКу , 36/10 мекемеси, "Алманбет" ЖЧКу, "Сладости Багери" ЖЧКу, "Азрат-Айыб"АКу, "Баэркос" ЖЧКу , "Ширин" ЖЧКу, "Гедик" ЖЧКу, "СКАЙ", "САС Интернейшнл", "Вега плюс", нан, мөмө-жемиш жана консерва иштеп чыгаруучу, жаңгакты кайра иштетүүчү кичи ишканалар менен ишкерлер жогорку көрсөткүчтөргө жетише алышты. Тактап айтсак, тамак-аш ишканалары тарабынан 652,8 млн. сомдук продукциясын өндүрүүгө жетишип, өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 154,5 пайызды түздү.
Тоо-кен өнөр жай тармагында "Асфаль-бетон заводу" АКу жана "Вираж Сервис" ЖЧКу жыл ичинде 32,0 млн. сомдук өнөр жай продукциясын өндүрүп, өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 4,7 эсеге өсүшүн камсыз кыла алышты.
"Кыргыз Петролеум Компани" ЖАК эмгек жамааты 710,2 млн. сомдук продукция өндүрүүгө жетишип, өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 107,3 пайызды түздү, бул деген шаар боюнча өндүрүлгөн жалпы продукциянын 29,2 пайызын түздү.
Ошондой эле, "Жалал-Абад электро" ААКу, "Жалал-Абадгаз" башкармалыгы, "Нур" ААКу, "Курулуш тетиктери комбинаты" ЖЧКу, "УПП КОС и КОГ" ЖЧКу, "Көк-Арт" АКу, "ЮКиМ" ЖЧКу, "Илиар" ЖЧКу эмгек жамааттары да жогорку көрсөткүчтөргө жетише алышты.
Жогоруда аталган ишкана-мекемелердин жетекчилери ички ресурстардан туура пайдалануу менен тышкы ресурстарды тартууну айкалыштыруунун натыйжасында жана өндүрүштү диверсификациялоо ыкмасы менен эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу эсебинен жакшы көрсөткүчтөргө жетишти. Аталган ишканалар тарабынан өткөн жылда 622,9 млн. сомдук кошумча өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн, бул шаарыбызда өндүрүлгөн жалпы продукциянын 25,6 пайызын түзөт.
Өндүрүүнү диверсификациялоо жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча шаарыбыздын өнөр жай ишканаларында бир топ жакшы иштер турмушка ашырылды. Өнөр жай ишканалары 2008-жыл ичинде жалпысы болуп 274,1 млн. сомдук инвестицияны тартууга жетише алышты, өткөн жылга салыштырмалуу инвестициялардын көлөмү 2,4 эсеге өстү. Жогоруда айтып өтүлгөн иш-чараларды турмушка ашыруунун негизинде 2008-жылда шаарыбыздын өнөр жай тармагында бардыгы болуп 222 жаңы иш орундары түзүлдү.
- Шаарда иштебей токтоп турган ишканалар да болсо керек?
- Туура айтасыз, ийгиликтерге артыкча баа берип, аша чапканга болбойт. Өнөр жай тармагында биз белгилеген пландарыбыздын бир гана бөлүгү иш жүзүнө ашырылды. Биздин жетишкендиктерибиз менен бирге, өнөр жай тармагында кемчиликтерге да жол коюлду. Тактап айтсак, ар түрдүү обьективдүү жана субьективдүү себептерге байланыштуу шаарыбыздын текстиль, жыгачты кайра иштетүү жана полиграфия өнөр жай тармактарында өндүрүш көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу төмөндөп кетти.
Бардыбызга белгилүү, үстү-бүздөгү жылдын январь айынан баштап, Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодекси күчүнө кирди жана мүлк салыгынын төлөмдөрүн 2009-жылдан баштап ар бир ишкана-мекеме төлөп берүүгө тийиш. Ошондуктан, ар бир өнөр жай ишканаларынын жетекчилери үстүбүздөгү жылда, кыска убакыт ичинде бош турган ар бир чарчы метр өндүрүш аянттарын толугу менен пайдаланууга тийиштүү. Өндүрүүнү диверсификациялоо ыкмасы менен жаңы продукцияларды өндүрүүнү жолго салуу максатында бардык күч-аракеттерин жумшоосу зарыл. Өткөн 2008-жылдын аягында болуп өткөн дүйнөлүк финансылык-экономикалык жана суу-энергетикалык кризистин терс таасирин бардык дүйнөлүк өлкөлөр сезишүүдө.
Биз да, кеңири ачык экономиканын катышуучусу катары, бул терс залалдардан четте кала албайбыз. Бул кризистин терс таасири биздин шаарыбыздын экономикасына да тийип жатат. Мисал үчүн атап кете турган болсом, шаарыбыздын ири өнөр жай ишканаларынан болуп келген "Нур"ААКсы дүйнөлүк автомобиль куруу тармагындагы кризистин эсебинен 75 пайызга жакын өндүрүш көлөмүн кыскартууга мажбур болууда.
- Шаарда айыл-чарба продукцияларын өндүрүү да колго алынганбы?
- Өтүп кеткен 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча шаарыбыздын реалдык секторунда айыл-чарба продукциясын өндүрүүдө алгылыктуу иш-аракеттер аткарылып жакшы жетишкендиктерге жетише алдык.
Шаардык статистика комитетинин билдирүүсүнө таянсак, 2008-жылы мал-чарбасында 524 тонна эт, 3898 тонна сүт, 1090 миң дана жумуртка жана 19 тонна жүн өндүрүлүп, 2007-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 105,7 пайызды түздү. Ал эми айыл-чарбасынын продукциясын өндүрүүнүн негизин түзгөн Тайгараев аймактык башкаруусунда жалпы өндүрүлгөн айыл чарбасынын продукциясынын көлөмү 84,5 млн.сомду түзүп, мурдагы жылга салыштыралуу 5,7 млн. сомго көп өндүрүлгөн, же өсүү темпи 107,2 пайызды түздү.
Айыл-чарба продукцияларын дыйкандардын өздөрү сатуусуна шарт түзүп берүү максатында СМУ шаарчасында "Элдик дыйкан базары" түзүлдү. Бул болсо, шаарда тамак-аш жана айыл чарба продукциялардын бааларынын ыксыз көтөрүлүшүнө чек коюуга өз салымын кошту. Ошондой эле, шаар элине эң зарыл буюм заттарды арзан баада жеткирүү камсыз кылынды.
- Курулуш тармагында, шаардын жолдорун оңдоо багытында, шаардыктарды таза суу менен камсыздоо боюнча кандай иштер аткарылды?
- Мамлекетибиздин экономикалык саясатынын негизги бөлүгүн курулуш тармагы ээлегендиги баарыбызга белгилүү. Өткөн жылы капиталдык салымдардын шаар боюнча аткарылышы - 552389,6 миң сомду түзүп, 2007-жылга салыштырмалуу - 143 пайыз болду. Бул өтө зор жетишкендик болуп эсептелет. Ал эми, мамлекеттик мүлктүн эсебинен пайдаланылган капиталдык салымдар - 12976,3 миң сомду түздү, же болбосо жалпы көлөмдүн 7,7 пайызын гана түзө алды. Анын ичинен 1553,5 миң сому Тайгараев айыл өкмөтү тарабынан пайдаланылды.
Өткөн жылы шаардын "Амир-Тимур" коомдук аймактык башкаруусунун тургундарынын көйгөйлүү маселелеринин бири болуп келген Миндальная жана Лесная көчөлөрү асфальтталды. Ошентип, шаар ичиндеги жолдорду курууга жана ремонттоого бардыгы болуп 11918,9 миң сом сарпталды. Шаардын көчөлөрүнүн жолдорун, автомобилдердин санынын кескин түрдө өсүп кетишине байланыштуу, көчөлөрдү кеңейтүү маселелери орчундуу болуп келе жатат. Бул проблеманы чечүүгө бир топ каражаттар талап кылынат жана жолдорду кеңейтүүнүн долбоорлорун тез арада иштеп чыгуу милдети кечиктирилгис проблема болуп чыга келди. Андан дагы борбордук базардын тегерегинде 3-4 жерге жер алдынан өтүүчү өтмөктөрдүн курулушун тездетүү маселеси алдыбызда турат, буга да бир топ акча каражаты талап кылынат.
"Жалал-Абад суу каналдын" тажрыйбалуу адистеринин, инженерлеринин жана жумушчуларынын күчү менен "СМУ" кичи шаарчасында Манас көчөсүнөн Кыргыз Республикасы көчөсүнө чейин узундугу 335 метр, баасы 380,0 миң сом турган борбордук суу өрткөргүч НС-10 өткөрүлдү. Мунун жардамы менен 10чу жана 4чү насостук станциялар бириктирилди. Алардын бирөө өчүп калса дагы экинчисинин күчү менен үзгүлтүксүз суу берип турууга мүмкүнчүлүк болуп калды.
Өткөн жылы "Шаардык суу берүү тармагын реабилитациялоо" долбоору ишке ашып, скважиналар тазаланды, 9 метр тереңдикте "GPUNDFOC" фирмасынын КПДсы бийик насостору орнотулду, "Жеңиш" кичи шаарчасынын суу проблемасы чечилди. Жаңы "Аэропорт" суу скважинасы казылып ишке киргизилди. Бардык аткарылган иштердин көлөмү долбоор боюнча 22489255 сомду түздү.
- Билим берүү тармагында кандай жетишкендиктер болду?
- Шаардагы жалпы билим берүүчү 22 мектеп бар. Анын ичинде 17 орто, 3 негизги жана 2 кыргыз - түрк (кыздар жана балдар) лицейлеринде 827 мугалимдер иштешип, 16561 окуучуга (667 класс комплект) билим - тарбия беришүүдө. Билим берүүнүн сапаты мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин материалдык-техникалык, финансалык базаларынын абалына түздөн-түз көз каранды экендиги талашсыз.
Ошондуктан, билим берүү башкармалыгы тарабынан билим берүү мекемелеринин материалдык техникалык базаларын чыңдоо багытына көп көңүл бурулууда. Өткөн жылы республикалык бюджеттен 11 млн. сом акча каражаты № 11 - орто мектебине каралып, жаңы имараты бүткөрүлүп, 2008 - жылдын октябрь айында пайдаланууга берилди. Ушул эле жылы 3,6 млн.сом акча каражаты каралып, № 21 - орто мектебинин спорт залы бүткөрүлдү. Ошондой эле , № 3 - орто мектептин спорт залы курулууда, ага 13,8 млн. сом акча каражаты жумшалат. Бүгүнкү күнгө чейин 3,3 млн. сом берилди. Анын ичинен 513,1 миң сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен берилди. Өткөн жылы республикалык бюджет тарабынан мектептерди ремонттоо үчүн 1,5 млн. сом акча каражаты келип түштү.
Ал эми жергиликтүү бюджеттен керектүү инвентарларды алууга мектептерге 98000, бала бакчаларга 350 миң, мектептен тышкаркы мекемелерге 340 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Мындан тышкары утурумдук ремонттоого мектептер үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 млн. 65 миң сом, бала бакчаларга 871 миң сом, мектептен тышкаркы мекемелерге 221 миң сом бөлүп берди. Мектептерди спорт инвентарлары менен камсыздандыруу максатында долбоор жазылып 105 миң сомдук спорт инвентерлары алынды. Анын 26 миң сому жергиликтүү бюджеттен каржыланды. Мектептерди техникалык жактан камсыздоо үчүн 60 компьютер, 12 ксерокс, 15 принтер берилди.
Шаардык мектептерди компьютерлер менен камсыз кылууда Ж. Бакиев атындагы фонд жардам иретинде 40 акыркы үлгүдөгү компьютерлерди тапшырды.
- Кызыктуу маегиңиз үчүн ырахмат. Ишиңизге ийгилик каалайбыз.
Анархан Жаңыбаева