газета "Жаўы кылым" на кыргызском языке • №05, 12.02.09. • "Жаўы кылым" гезити, кыргызча...








К.Бакиев:
"Улуттук идеологияны кыргыздын макал-лакаптарынан эле алса болот"
11-февраль күнү мамлекет башчысы Курманбек Бакиев ММКнын өкүлдөрү менен жолугушту. Мындан эки жарым жыл мурда жолукканда журналисттер ар кандай суроолорду биринен сала бири бере берип, Президентти чарчатып коюшту эле. Андан өзгөчөлөнүп, азыркысы өтө дыкат даярдалып, баш аламандык болгон жок. Жергиликтүү ММКнын өкүлдөрү бүгүнкү күндүн көйгөйлүү суроолорун берип, Президент тараптан канааттандыраарлык жоопторду алдык десек болот. Биздин "Жаңы Кылым" гезитинен берилген суроо жоопту окурмандарыбызга сунуш кылмакчыбыз.

- Курманбек Салиевич, Сиздин жакында Кыргыз элине жасаган кайрылууңузда улуттук идеологияга учкай токтолуп кеткен экенсиз. Кыргыз мамлекетинин улуттук идеологиясы кандай болушу керек деп ойлойсуз?
- Улуттук идеология деген мамлекеттин жарандарына жеткиликтүү болушу керек . Ошондуктан менин оюмча кыргыздын кыска-нуска мааниси өтө терең макал-лакаптарынан карап талкуулап, анан ошону алып чыкса болот деген ойдомун. Кылым карыткан кыргыз эли сөзгө өтө бай. Улуулардын ар бир сөзү таамай, так айтылган. Ошондуктан уучубуз кур эмес, улуттук идеологияны дагы бир жолу айтам, кыргыздын макал-лакаптарынан эле алса болот деп.
Назгүл Акмат