"Жаўы кылым", 05.02.09 - 3-бет:
  Дил маек

К.Макеев:
"Оппозициядагыларды бузукулар деш туура эмес"
"Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн башчысы Керимберди Макеев менен болгон маекти окурман журтчулугуна сунуштоону туура таптык.
Ал буга чейин саясатта бир аз болсо да башы көрүнүп калган инсандардын бири. Бийликке өзүнүн калыс баасын айтып, айрым жетекчилерди көзүнө сая көргөзө айткан курч тилдүүлүгү аны саясатта тайбастыгын көргөзөт. Былтыр күзүндө белгисиз адамдар анын ден соолугуна зыян келтирип, өмүрүнө коркунуч туудурган. Ош губернатору А.Карашев баш болгон шаардык, облустук ИИБ жетекчилери ал тентектерди үч күндүн ичинде таап бере калабыз дегенинен бери үч ай өттү. Ошентип бул иш кимдин колунан келгени бүдөмүк бойдон калып олтурат.
Керимберди Жакыпович менен "Жаңы Кыргызстан" саясий партиянын келечек иш планы кандай болот жана анын өмүрүнө коркунуч туудургандар тууралуу ж.б. бир нече суроолор менен кайрылдык.

- Керимберди Жакыпович, "Жаңы Кыргызстан" партиясынын Ош облустук төрагасы катары партиянын келечектеги иш планы, дегеле анын саясий чөйрөдөгү активдүүлүгү туурасында бир ооз сөз менен айтып өтүңүзчү.
- Ал тууралуу айта турган болсок, 2008-жылдын октябрь айында саясий кеңешме болуп, анда азыркы күндөгү жана келечек пландар тууралуу иштин планы бекитилип, ошондой эле өлкө башынан кечирип жаткан саясий, экономикалык, социалдык маселелер талкууга алынды. Күн тартибиндеги каралган негизги маселе болуп энергосекторду жеке колго өткөрүүгө каршы туруу каралды. Ошону менен бирге бийликке конкреттүү талаптар коюлду. Атай кетсек, мамлекеттин карамагындагы маанилүү деп эсептелген бир канча тармактарды менчиктештирүүгө каршы туруу - тактап айтканда, Бишкек жылуулук борбору, "Түндүк электронун" сатылышына каршы турганбыз. Эгерде бийлик бул талаптарды аткаруудан баш тартса, анда ар кандай тийиштүү акцияларды өткөрүү туурасындагы чечим кабыл алынып, жактырылган. Андан башка партиянын 15 жылдык мааракесин Бишкек шаарында май айында өткөрүү күтүлүүдө.
- Эмки суроом Сиздин жеке саясий ишмердүүлүгүңүзгө байланыштуу болмокчу. 2008-жылдын күз айларында Сиз белгисиз адамдар тарабынан уурдалып, коркутуп, үркүтүүгө дуушар болгонсуз. Ошол иштин жыйынтыгы тууралуу…
- Ал туурасында айта турган болсом, окуя болгон күндүн эртеси жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына билдирүү жасагамын. Бул жөнүндө Ош шаардык ИИБ кылмыш ишин козгогон. Бирок али күнгө чейин эч кандай жыйынтык жок. Айрым бир жетекчилердин кызыкчылыгы болгон болсо, ал табылбайт окшойт.
- Эгерде, бул окуянын бети ачылбаса кай жактан эмнени күтүп, кандай жыйынтык чыгарасыз?
- Кыргызстанда буга чейин деле бирөөнү-бирөө кандайдыр бир себептер менен уурдап кетип же ден соолугуна коркунуч туудурган окуялар болуп келген жана ошолордун көпчүлүгүнүн бети ачылбай эле калып кетип жатат да. Керек болсо депутат жоголуп кетти, таба элек, депутаттын баласы жоголду, ал да табыла элек. Ушуларды карап туруп мен өзүмчө ойлонуп калдым, ошол мага жасалган иштин бети ачылышына бир аз ишенбей турам, анткени биздин партия бийликтин башында турбагандан кийин арты кандай болоору көрүнүп эле калгансыды. Эми аны убакыт көргөзөт.
- Сиздин жеке өзүңүздүн, ошондой эле партиянын азыркы оппозицияга болгон көз карашы кандай?
- Албетте демократиялуу мамлекетте оппозия болуш керек. Оппозицияда жүргөндөрдү бузукулар деп эле көө жаба бериш туура эмес. Анткени иш алып барып жаткан бийликтин терс жактарын айтып турган көзөмөлдөөчү орган сыяктуу чөйрө дагы болуш керек да. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мындан эч кандай кыйкым издөөнүн деле кажети жок.
- Өткөн жылдын күз айларында оппозиция Бирикен Элдик Кыймыл (БЭК) деген бирикме түзүп, ага аттуу-баштуу бир катар саясий партияларды жана уюмдарды, саясатчыларды киргизишти. Ошолордун катарында сиздердин да партия жүрөт. Бул саясаттагы эки жүздүүлүк эмеспи? Анткени сиздердин партия азыркы мыйзамдуу бийликке оппозиция эмеспиз деген элеңер го?
- Мен ушул тууралуу тагыраак маалымат берип коеюн. Партиянын ошол кездеги аткаруучу катчысы урматтуу биздин экс-коргоо министри И.Исаков "Жаңы Кыргызстан" партиясынын БЭКке кошулгандан кийин ортодо партиянын төрагасы Ү.Сыдыков менен кандайдыр бир саясий пикир келишпестик болуп кеткен эле. Бирок ал экөөнүн мамилеси тууралуу мен эч нерсе дей албайм. Калганын келечек көргөзөт. Ал эми И.Исаковдун андан аркы жеке кадамы жөнүндө ал киши өзү чечим кабыл алат. Кыскасын айтканда мен жогоруда белгилеп кеткендей бийликтин айрым кадамдарына каршыбыз, бирок БЭКке кошулган эмеспиз.
- Экс-президенттик администрация жетекчиси М.Садыркулов менен сиздердин партиянын негиздөөчүсү Ү.Сыдыковдун ортосунда пикир келишпестиктер бар деген сөздөр эл арасында айтылып жүрөт…
- Айтылып жүргөнү анык, экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер А.Акаевдин кадры дегенден чыккан. Бирок М.Садыркулов жаңы кызматка келгенде биз аны эски бийликтин кадры, мурдагы президентке 480 миң доллар берген деп анын таасирдүү кызматка олтурушуна каршы чыкканбыз. Азыр бул тема өзүнүн маанисин жоготту. Бул айың кептерди кайра-кайра айта берүү тиги же бул тарапка эч кандай упай алып келбейт.
- Сиздердин партиянын Кара-Суу райондук уюмунда 5-6 өзбек улутундагы аялдар: "Биз "Жаңы Кыргызстан" партиясынан чыктык, бизди бул партияга зордоп киргизишкен"-деген, андан көп өтпөй Баткенден дагы "партия өзүнүн таасирдүүлүгүн жоготту" сыңары партиялаштарыңыздардын ж.б. ушул өңдүү сөздөрү УТРКдан жаңырды…
- Биринчиден биз Кара-Суу райондук партиянын аткаруу комитетинин төрагасы менен болгон иликтөөбүздө биздин партияда андай аялдар жок болуп чыкты. Мунун өзү кезектеги биздин партияга болгон көө шыбоонун бири дегенден башка айтаар сөз жок. Ал эми Баткендеги окуя боюнча партиянын облустук төрагасы А.Мисраиловду төрагалыктан алып, башка адамды койгондон кийин чыккан сөз болчу. Ушул жерден дагы бир нерсени баса белгилеп кетүү керек, убагында азыркы бийликтин ана башында турган азыркы Президент К.Бакиев биздин партиядагы 5-партбилетти алган. Бул факт. Ушул сөздөрдүн алдыларын кызыл сызык менен сызып койгун иним, ошол айрым көзүн май баскандар окушсун.
- Анда бизге убакыт бөлүп маек куруп бергениңиз үчүн чоң ырахмат, ишиңизде ийгилик болсун.
Маектешкен
АВАЗБЕК уулу Тилекбек




Урматтуу атуулдар!
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин иш жүзүнө ашыруу жана мүлктөн алынуучу салыктын өлчөмүн аныктоо максатында, Бишкек шаарынын мэриясынын 17.12.2008-жылкы №742-р буйругунун негизинде муниципалдык аймактык башкармалыгынан, кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоодон өткөрүү башкармалыгынан жана мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.
Жумушчу топ тиешелүү документтери жок турак-жайларда мүлктүн жеке өлчөмүн аныктоо максатында ченөөлөрдү жүргүзүшүп, белгиленген өлчөмдө акт түзүшөт.
Бишкек шаарынын мэриясы жана Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекетинин комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгы борбор калаабыздын жана жаңы конуштардын жашоочуларынан жумушчу топтун ишине түшүнүү менен мамиле кылуусун жана жардам берүүсүн суранат.
Жумушчу топтун ишине байланышкан бардык маселелер боюнча төмөндөгү телефонго байланышсаңар болот:
Биринчи Май району 62-42-92;66-09-73;
Свердлов району 69-02-88; 69-02-67;
Ленин району 65-83-89;65-98-33;
Октябрь району 56-50-14; 56-99-70
Бишкек шаарынын мэриясы

Уважаемые граждане!
В целях реализации Налогового Кодекса Кыргызской Республики и определения налогооблагаемой базы объектов имущества. Распоряжением мэрии г.Бишкек от 17.12.2008 г .за № 742-р созданы рабочие группы из представителей муниципальных территориальных управлений, госрегистра и налоговых органов для проведения подворного и поквартирного обхода с произведением физического обмера каждого объекта имущества с оформлением в каждом случае актов в установленном порядке.
В связи с чем мэрия г.Бишкек и Управление Государственного комитета по налогам и сборам по г.Бишкек убедительно просит всех жителей города и жилых массивов оказывать содействие и с пониманием отнестись к работе данной комиссии.
По всем вопросам работы данной комиссии просим обращаться по телефонам:
УГККРНС по Первомайскому району г.Бишкек: 62-42-92;66-09-73 ;
УГККРНС по Свердловскому району г.Бишкек: 69-02-88; 69-02-67;
УГККРНС по Ленинскому району г.Бишкек: 65-83-89;65-98-33;
УГККРНС по Октябрьскому району г.Бишкек: 56-50-14; 56-99-70
Мэрия г.Бишкек

??Жалал-Абад жаңылыктары
Социалдык жардамдар көрүлүүдө
Жалал-Абад облусу боюнча 126044 атуул мамлекеттик пособие, ал эми 29 миң 588 адам жеңилдик алышат. Азыр жеңилдик алган согуш ардагерлеринин саны 292 адамга азайган. Бүгүнкү күндө 1851 жалгыз бой кары-картаңдарды 201 соцкызматкер тейлеп жатышат.
Андан сырткары, облус боюнча жалпы майыптардын саны 23695 түзөт. Майыптар үчүн 9 район-шаарларда реаблитациялык борборлор иштейт.
Социалдык паспорт толтуруунун жыйынтыгы боюнча кедейчиликтин чегинде жашаган үй-бүлөлөрдүн саны 91119 экендиги аныкталган, же жалпы үй-бүлөлөрдүн 43,4 %тин түзөт.
Облустагы "Ак жол" балдардын реаблитациялык борборунан өткөн жылы 38 бала реабилитацияланып, 7 бала 75-лицейде кесиптик билим алып жатышат.
"Ак жол"комплекстүү реабилитиациялык борбору Кыргыз-Шведтик "Окутуу. "Опурталдуу топтогу" үй-бүлө жана балдар менен иштөөдөгү социалдык кызматты өнүктүрүү" деген долбоордун негизинде иш алып барууда.
Анархан Жаңыбаева