"Жаўы кылым", 29.01.09 - 6-бет: Кремль аңгилери
Сталиндин ойношунун ыймандай сыры
Вера Александровна Давыдова - РСФСРдин жана Грузин ССРинин эмгек сиңирген артисти, Сталиндик сыйлыктын үч жолку лауреаты жана башка дагы көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон. Бул наамдардын баары ага татыктуу ыйгарылган. Ал таланттуу актриса жана татынакай үндүн ээси болгон. Ал Тбилиси мамлекеттик консерваториясынын окутуучусу, профессору болуу менен сахнада узак жана бактылуу өмүр сүргөн. Бирок ошондой болсо да өмүр баянында бир олуттуу "жагдай" болгон: он тогуз жыл бою Сталиндин ойношу болуп, ал жөнүндө аз гана адамдар билген. Ошол билген адамдар да Кремль тиранынын (зулумунун) айланасындагы жакын адамдар болушкан. Сталиндин ойношуна болгон жашыруун байланышын анын каардуу жазасынан коркуп, эч ким айта алган эмес. Өзүнүн алгачкы таанышуусунун башталышы, жакындашуусу чексиз бийликте турган генеральный секретарь жана жол башчы өкүмдар менен узакка созулган сүйүү байланышы, кремлдик жорук-жосундар, өз алдынча кабыл алуулары жөнүндө көргөндөрүн жана уккандарын Вера Александровна өзү айтып берген. Бирок анын эскерүүлөрүн адабиятташтырып жазгандарды жарыялоо биздин күндөрдө гана мүмкүн болду.

Ал манжаларын кырсылдатуу менен сөзүн улады:
- Унчукпайсың, демек бул туура экен да?
- Иосиф Виссарионович, эмне кылсаңыз, ошол кылыңыз, бир гана мага тынчтык бериңиз, жайыма коюңуз. Мен дайым эле актанып жатып чарчадым.
Сталин күлүмсүрөдү:
- Эң сонун, сенин коркпогонуң мага жагат - телефон чалды, Валечка пайда болду, - бизге кечки тамак алып келиңизчи-деди ага буйрук берип. Мен тамактан баш тарттым. Сталин кер какшык менен сүйлөдү: - Эмне, сиздин тамакка болгон татынакай табитиңиз да жоголдубу? Көрүнүп турат, акыркы учурларда сиздин чынында эле чарчаганыңыз, шашылыш түрдө эс алууга жиберүү керек окшойт.
Мени бул титиретти: ал мени курортко, а мүмкүн түрмөгө, лагерге да жибериши мүмкүн жана мага эч ким жардам бере алмак эмес.
- Верочка, коркпоңуз - күтпөгөн жерден эркелетүү менен сүйлөдү Сталин, - Сухумиге барасыз, ал жерде менин досум Лакоба сиз жөнүндө камкордук көрөт.
Мен бир жутуу менен коньяк ичтим.
- Баракелде, Вера Александровна, "ким иче билсе - ал сүйө да билет" деген орус философу Александр Иванович Герцен. Ал эми азыр кичипейилдиктерди алмашкандан кийин эс алууга баралы: сизди татынакай сыйлык күтүп турат.
Уктоочу бөлмөдөн Сталин оюп түшү-рүлгөн сүрөтү бар майда буюмдар сакталуучу кутучаны (шкатулканы) алып чыкты.
- Алыңыз, бул - сизге, кереметтүү сүйүү үчүн!
- Иосиф Виссарионович, мен мындай баалуу белекти ала албайм.
Сталин капа болуп калды.
- Үч ыр үчүн беш жүз сом, ал эми дагы бирдемелер үчүн Маленковдукун ала аласыз...
Чатакташпай жакшы маанай тартуулоо үчүн мен алтын саатты, бриллиант менен кооздолгон шакек менен сөйкөлөрдү тагындым да аны кучактап өптүм.
- Рахмат Иосиф Виссарионович, белектериңиз менен да, белектери жок да сиз ар дайым мен үчүн терең урматтаган адамсыз, менин өкүмдарым.
- Мен сенден мындай сөздү биринчи жолу угуп отурам, Верочка! Мага сенин эркелетүүлөрүң, колуң керек. Биз көптөн бери көрүшө элекпис жана мен буга ачуум келет, кыжырданам. Мен сени кыйнабоого аракет кылам, Верочка!
Менин тагдырым анын колунда эле. Убакыт өтүп жатты. Сталин улам барган сайын кызганчаак боло берди. Ага арам тамактар билдиришкен маалыматтар калп болуп чыкты. Мага өзгөчө жалындап алкынууга туура келди.
Бир күнү мен кайраттанып чабуулга өттүм:
- Иосиф Виссарионович, - мен кыжырдануу менен айттым, - сиз мага ар дайым акыл үйрөтөсүз, ал эми өзүңүз аялдарды кабыл ала бересиз. Мага да айтып жатышат: "Барсованы унутпайсыз, Бронислава Златогорова менен көңүлүңүз жакын экен. Эгерде жаңылбасам, эркектерди эңсеткен Валечканы да кыйгап өтпөпсүз.
Сталин ооруганынан коркуп, дарылабаган чирик тиштерин көрсөтүп, каткырып күлдү.
- Мындай кабар кайдан келди экен? Аялга ээ болуу эркектер үчүн табигый көрүнүш. Ал канча кааласа, ошончо болууга тийиш. Лермонтов Раевскийге мындай деп жазган: "Досум, эгерде сен болбосоң, башка бирөө болот. Экинчи болгондон биринчи болгон артык". Верочка, жарыгым менин, сүйөм сени!-деди да мени катуу кучактап өптү. -Чакырбайм, сени унуттууга аракет кылам. Бирок мен аялсыз жашай албайм, жаратылышка каршы тура албайсың да.
Мына сага, менин түз телефонум, бирок сен муну эч кимге билгизбе жана тез-тез эле чала бербе. Сухумиге отпускага барасың, Лакобанын карамагында эс аласың. Эгерде кааласаң Сочиде да эс аласың.
- Иосиф Виссарионович, сиздин камкордугуңуз менин көңүлүмдү ушунчалык эргитти, бирок ишенип коюңуз: мен ар дайым коркунучта жашайм, сиздин айланаңыздагы адамдардан корком. Алар мени камап, өлтүрүп да коюшу мүмкүн. Анда менин изим да калбай калат.
Сталин күрсүндү, көз карашы каардуу боло түштү.
- Айтчы ким? Ар бири менен жеке сүйлөшөйүн.
- Ягода - ал мени баарынан көбүрөөк коркутат.
- Бул акмак, көптөн бери өлүм менен ойноп келатат. Мен анын жинин кагып салам!
Мен ар дайым өзүмө суроо берем: мен баатыр аял эмес, жөнөкөй эле аял боло алат белем, бирдемени өзгөртө алат белем. Мен өзүмдү актагым келбейт, бирок менден жаман иштерди кылган адамдар бар эмеспи.
Өкмөттүн аңги эркектери ар тараптан мага чабуулга өтүштү, мен эртең мененки, түшкү, кечки тамакка жана автомобилдик сейилдөөлөргө чакырууларды алдым. Буденный бардыгынан айтканынан кайтпаган көк адам экен, Маленков тынымсыз телефон чалды, чала сокур Калинин жадатты, Ворошилов менен бүкүр кодоо Ежов өздөрү жөнүндө айтышты. Ал турмак Сталиндин ишенимдүү секретары, чаар Поскребышев да мага өзүнүн "кызматын" сунуш кылды. Ошентип бул топтун үстүндө Тухачевский турду. Ал мен сүйгөн бирден-бир эркек эле... Бирок бийликтин башында Сталин турган. Бул адамдардын кубулма тобунан кутулуу, утуп алуу же туруштук берүү үчүн убада берүүгө, жылмаюуга, алдоого жана ойноого мажбур болдум.
Менин кайыгым эчак паруссуз сүзүп кеткен, ал эми толкундар аны ачык деңизге алып кетти. Мындан ары эмне болот. Билбеймин. Билгим да келбейт.




Таанышкым келет
Урматтуу окурман, балким өз түгөйүңүздү таппай кыйналып жүргөндүрсүз. Дароо (0773) 48-36-74 номерине SMS жөнөтүңүз. Жөнөткөн SMSиңиз гезит бетине жарыяланат. SMS билдирүүнүн баасы сиздин тарифиңизге жараша болот. Эң негизгиси, SMSиңиз кызыктуу болсун. Чоң сураныч, "Таанышкым келет" рубрикасындагы телефонго маяк бербегиле! Жиберген SMSтериңер сөзсүз чыгарылат.
©©© Мен 22ден 26 жашка чейинки, намаз окуган же болбосо намыстуу, бар-жокту түшүнгөн, сулуу болбосо да жан дүйнөсү сулуу болгон кыз-келиндер менен таанышам. Чалгыла, күтөм. Маяк бермей жок. (0777) 85-57-68
©©© Салам жигиттер! Менин атым Наргиза, жашым 16да. 17-20 жаштагы кыргыз мырзалары менен таанышкым келет. Сураныч, маяк бермей жок! (0550) 80-86-43
©©© Саламатсыңарбы! Атым Айгүл, жашым 18. Узун бойлуу, дүйнөсү сулуу, багыты түз жигиттер менен таанышам. (0777) 83-69-03
©©© Салам, мен кыргыздын ыймандуу, шайыр, ачык кыздары менен таанышам. Жашка карабайм. Атым Канатбек. (0773) 57-12-37
©©© Салам, менин атым Сезгир, 17 жаштамын. Ыймандуу, шайыр, жылдыздуу балдар менен таанышкым келет. (0777) 74-51-03
©©© Салам жигиттер! Менин атым Жамиля, жашым 18де. 19-20 жаштагы жигиттер менен таанышкым келет. (0777) 50-98-66
©©© Хочу познакомиться с красивыми, высокими, экстравагантными и конечно же весёлыми девчёнками. Прошу не маяковать.
(0777) 84-41-25
©©© Салам жигиттер! Менин атым Миргүл, жашым 17де. 18-20 жаштагы ыймандуу таластык балдар менен таанышам. Маяк бермей жок.
(0773) 75-80-40
©©© Окуучумун. Жашым 17де, атым Азат. Таластын кыздары менен таанышам. Өзүңөр чалгыла. (0773) 34-05-26
©©© Атым Азамат, жашым 21де. 18-20 жашка чейинки кыздар менен таанышам. (0773) 49-86-53
©©© Менин атым Арген, сулуу кыздар менен таанышам. (0777) 87-32-40
©©© Салам, атым Таалай, жашым 20да. 16-18 жаштагы кыздар менен таанышам.
(0777) 76-66-69 же (0772) 45-14-75
©©© Салам. Атым Дурус, жашым 17де. 15-17 жаштагы, Оштук кыздар менен таанышкым келет. Просьба не маяковать. (0770) 18-60-61
©©© Салам, атым Айжамал. Кыргызымдын ыймандуу балдары менен таанышкым келет.
(0770) 27-62-08
©©© Салам, кыздар. Менин атым Айжигит 91-жылкы болом. 92-жылкы кыздар менен таанышам.
(0555) 80-45-84
©©© Кара-Балтанын жигиттерин чанбаган,
Достук, сүйүүгө канбаган.
Жаман жолго барбаган,
Айым-кыздар бар бекен? Атым Улан, жашым 18де. 17-18 жашка чейинки Кара-Балтанын сулуу кыздары менен таанышам. (0777) 44-07-48
©©© Турмушка байланыштуу түгөйүм менен ажырашкам. 86-жылкы болом. Өз бактымды издеп жатам. (0777) 11-69-64
©©© Внимание, Розыск! Ищу симпатичного и общительного парня для серьезных отношений. Вознаграждение гарантирую! Мне 18, звоните!
(0772) 92-69-48
©©© Салам кыргызымдын сулуу кыздары. Менин жашым 18де. Атым Айжигит, Таластык болом. 16-17 жаштагы ыймандуу кыздар менен таанышам. Чалгыла, sms жазгыла, маяк бермей жок, сураныч. (0555) 80-45-84





Урматтуу окурман! Сиздерден келген кызыктуу Sms билдирүүлөрдү гезитибизге жарыялап турууну туура көрүп, "Кылым Sms" рубрикасын ачканбыз. Анда редакция сиздерден жандуу SMS билдирүүлөрдү күтөт.
Урматтуу окурмандар! Чоң сураныч, "Кылым SMS" рубрикасындагы телефонго маяк бербегиле! Жиберген SMSтериңер сөзсүз чыгарылат.
Тел.: (0773) 08-11-79
* Мен жакшы көргөн кызым И.Арабаев атындагы КМУнун 3 курсунун студенткасы Султанбекова Миргүлгө салам жолдойм. Түшүнчү, мен сени гана жакшы көрөм. Кыйнабачы. **1289
* Лейлек жергем куш ысымдуу атың бар,
Жайлоосунда аркарлар бар, кулжа бар.
Өмүрүмдүн өткөнүнчө сен деп келем,
Жашоомдун таттуу кезин сага берем.
Мавлянов Кылычбек. 7-класс, 1-гимназия мектеби. Лейлек, Исфана.
* Жан дүйнөңдө калыстык барбы!? Болсо кайда!? Ар дайым көз каранды кедей байга! "Улуу урматтуум" деп ийилүүңө туура келет, өзүңдөн канча төмөн адамдарга!? Максатбек
* Мейли 100 жыл, мейлиң 1000 жыл жашагын! Түшүн, акыры өмүрүңдүн батарын! Падыша бол, кайырчы бол базарда, өлүм үчүн бирдей сенин да катарың! Максатбек
* Жаным Тынаев Алтын. Сени мен эле сүйөм. Блондинкаңды унут. Экөөбүз бактылуу болобуз. Сенсиз мага жашоо жок. "Жаңы кылым" газетасы узак жаша. **6636
* 3680 аскер бөлүгүндөгү офицерлер, прапорщиктер, сержанттар, жоокерлер 14-февраль майрамыңар менен куттуктайм. Ошондой эле силерге жегениңер жүзүм, өмүрүңөр узун, өзүңөр байып, жылдызыңар жанып турсун деп, офицерскийден Гули, Туми.
* Эх сүйүү азапсыңбы татаалсыңбы,
Азгырып сезимимди аласыңбы.
Арманга батырып сен чыга алгыс,
Кыйноо менен кумарга батасыңбы??? Кыялкеч.
* Кызыл-тазыл кийинишкен кымча бел,
Кыргызымда кыздары көп гүлгө тең.
Кыргызымдын кыздарынын ичинен,
Жалгыз сени гана сүйөм мен. **8917
* Бийкеч менен бир болуу мага жагат,
А шариат мунума тыюу салат.
Тыюу салган нерсеге тансык болуу,
Тээ баштатан келаткан биздеги адат! Максатбек.
* Айлана гүл жыттанган жазгы убакта,
Ыргалгын таңкы желге жашыл бакта.
Тазаргын мүрөк ичип, чүрөк менен,
Жаштыкта болсун баары кенен-кенен.
Аянычтуу бу дүйнө бир паста,
Учуп кетсе бу учур бир куш сымал. **0201
* Ассалому алейкум Ат-Башы! Турат.
* Көптөрдүн баргандары чиркөө, мечит,
Кудайдын бейишинен үмүт этип!
Акылман тозогунан чочубайт тек,
Жалынбайт жаннатына алпаргын деп!?
Максатбек.
* Атам Рысбек, апам Бактыгүл, энем Жыргал, иним Тафага болгон жакшылыкты каалайм!
Турат, Ат-Башы.
* Бу дүйнөгө ишенип кой,
Көрүп түшүн,
Кыйналба көксөгөнгө жетүү үчүн.
Тагдырың кыйнайм дейби, макул дегин,
Же колуңан эмне келет айтчы сенин!? Максатбек.
* Атагың кетсе алыс көралбайт көп,
Ар дайым үйдө жүрсөң кылышат шек.
Кеңешим, кыдыр болуп кетсең дагы,
Жашагын эл көзүнө байкалбай тек. Максатбек.