"Жаўы кылым", 15.01.09 - 2-бет:
  Маалымат

Кылым пресс
Инфляция өсүүдө
Кыргызстандын Статистикалык комитетинин маалымдоосуна караганда, өткөн жылы Кыргызстанда инфляциянын көлөмү 20.1% болду. Улуттук банк болсо инфляциянын көлөмү 15% жетпейт деп болжолдогон эле. Маалымат боюнча, инфляциянын өсүшүнө данга, курулуш материалдарына жана газга баанын көтөрүлүшү себеп болду. Быйылкы жылы инфляция 12-16% болот деп Өкмөт белгилөөдө.

ЖК кызматкерлери мыйзамдарды кароо стандарттарына үйрөнүүдө
Евробиримдик менен БУУнун өнүктүрүү программасы ЖК кызматкерлерин мыйзамдарды экспертизадан өткөрүү стандарттарына үйрөтүп жатат. Үч күндүк семинар ишин эртең аяктайт. Кошумчалап койчу жагы мыйзам долбоорлорун кабыл алууда анын стандарттары бекем сакталышы шарт. Муну милдеттендирген токтом былтыр 18-январда кабыл алынган

Мусулмандар биримдигинин маалыматы туура эмес
Кыргызстандагы укук коргоо кыймылынын аткаруучу директору Ниязаалы Бекбердинов "Азаттыкка" берген интервьюсунда Мусулмандар биримдиги Жакынкы Чыгыш боюнча кыргызстандыктарга туура эмес маалымат берип, элди дүрбөтүп жатат деп билдирди. Бекбердиновдун пикиринде Израил каршылашып жаткан Хамас дүйнө жүзүндө халифат орнотууну каалаган уюм жана ал жалпы арабдардын көз карашын билдирбейт.
Мусулмандар биримдиги бүгүн Газа тилкесинде мерт болгон палестиндиктерге куран окутуп, фотокөргөзмө, көңүл айтуу китебине кол коюу уюштурат, каражат чогултат жана Израилдин желегин өрттөйт. Бул тууралуу Биримдиктин лидерлеринин бири, "ЭрК" партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу "Азаттыкка" билдирди. Биримдикке ошондой эле "Жоомарт" патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуев жетекчилик кылат. Укук коргоочу Бекбердинов саясатчылардын демилгесин Жакынкы Чыгыш жаңжалын бетке кармап, элге өздөрүн көрсөтүү аракети катары баалады.

И.Исаковду коргоого А.Бекназаров киришти
Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаковго каршы Башкы прокуратура тарабынан эки кылмыш иши козголгон. Анын бири Балыкчыдагы аскердик бөлүктө техникалардын жоголушуна байланыштуу козголсо, экинчиси аскердик майрамдарды белгилөөгө каражат бөлүнгөндүгү себеп болгон. Прокуратура ошондой эле И.Исаковдон Бишкек шаарынын аймагынан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган. Исмаил Исаков бул ишти оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап, ал Президенттин түздөн-түз буйругу менен жасалып жатканын билдирүүдө. Коопсуздук кеңештин мурунку катчысынын кызыкчылыгын коргоого мурунку Башкы прокурор Азимбек Бекназаров киришти.

Бизнес шериктештик өнүгөт
Бүгүн, Экономикалык өнүгүү жана соода министирлигинин чоң залында бизнес-шериктештиктин өкүлдөрүнүн министирликтин башчысы Акылбек Жапаров менен жолугушуусу болот. Бул туурасында бүгүн ЮСАИДдин бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча долбоорунун өкүлү Кубан Сагынбеков билдирди.
Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча жолугушуу көмүскө экономиканы кыскартуу жана экономикалык иш чөйрөлөрүндө ак ниеттүү атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча чаралардын комплексин андан ары иштеп чыгуу максатында өтөт.
"Кыргызстандын Президенти Курманбек Бакиевдин "Капиталды жана мүлктү легалдаштыруу боюнча кечиктиргис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгондугуна байланыштуу республиканын Экономикалык өнүгүү жана соода министирлиги ЮСАИДдин бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча долбоору менен бирдикте бул жарлыкты турмушка ашырууга багытталган иш чараларды талкуулоо үчүн кеңири жолугушуу өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан",- деп белгилешти басма сөз кызматынан.
Жарлык өлкөнүн экономикасынын ачыктыгын камсыз кылууга, инвестициялардын көлөмдөрүн көбөйтүүгө жана ишкердик активдүүлүктү стимулдаштырууга багытталган.

Жаңы жылдагы жаңылыктар
Жаңы жылда биздин мамлекеттик кызматты аркалаган чиновниктердин арасында дагы жаңылануулар болду. Алардын кызматтан кеткенине бири сүйүнсө, бири кайгырып, ичинен тынып отурган кези десек дагы болот. Мына кечээ күнү Каржы министри болуп Марат Султанов дайындалса, Тажикан Калимбетова Соцфонддун төрайымы болуп мурдагы ордуна барды. Мындай кыргыздын уул-кыздары менен сыймыктанса болот. Эмне демекчибиз, иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайбыз. Андан мурдараак эле 8-январда Президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов өз арызы менен кызматынан кетти. Анын кетишин биздин кээ бир атуулдарыбыз саясатташтырып жибергенге жетишти.
Биз аксакалыбыз Үсөн Сыдыковдон М.Садыркуловдун кызматтан кетишин кандай карайсыз деген суроо менен кайрылганыбызда ал төмөндөгүлөргө токтолду.
"Бул кызмат, байлык, бийлик деген убактылуу колдун кириндей болгон нерсе. Бүгүн бийликтесиң, эртең эмне болооруң бир кудайдын колунда. Ошондуктан, мен Медет Садыркуловдун кызматтан кетишин мыйзам ченемдүү көрүнүш катары гана карайм. Аз иштедиби, көп иштедиби эл үчүн кызмат кылды. Кызматтан кеткенден кийин жаман иштеди, жакшы иштеди деп баа бергенден мурда, ал адам иштеп жатканда кемчилигин бетине айткан дурус болот деп ойлойм. Ар бир атуул дагы бийликте турганда эртеңкисин ойлонуусу абзел деген пикиримди айтаар элем".
Назгүл Акмат




Депутаттын кызына каршы кылмыш иши козголду
Башкы прокуратура СДП фракциясынан депутат Дамира Ниязалиеванын кызына каршы кылмыш ишин козгоду. Депутаттын кызы, жоопкерчилиги чектелген "Аманат-Фарм" ишканасынын директору Айгүл Токомбаевага Кылмыш Кодексинин 166, 255, 350 беренелеринин негизинде кылмыш жасоого аракет кылган, тендерге катышуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигине жалган маалымат берип, көз боемочулукка барган, медициналык каражаттарды мыйзамсыз чыгарып, саткан деген айыптарды тагууда. Ишти учурда өзгөчө маанилүү кылмыш иштерди иликтөө башкармалыгы тергеп жатат. Аталган ишкана жетекчилиги буга таңгалуусун билдирүүдө. Ал эми депутат Дамира Ниязалиева саясий буюртма эмес экенине ишеним артып жаткандыгын билдирди. Ниязалиева баштаган депутаттык комиссия былтыр октябрда Саламаттык сактоо тармагына келген кредиттерди, гранттарды пайдалануунун натыйжалуулугун текшерип, парламенттин талкуусуна койгон.

Саясий куугунтукка каршы комитет
Комитеттин түзүлүшүнө Кыргызстандагы саясатчыларга жана алардын жакындарына каршы козголгон кылмыш иштери, көз карандысыз маалымат каражаттарына, укук коргоочуларга кысымдар негиз берүүдө. Комитетти уюштуруу жыйынында жобо кабыл алынып, коомчулук үчүн билдирүү таркатылат. Тургуналиевдин айтымында комитетке Мукар Чолпонбаев, Сартбай Жайчибеков, Төлөкан Исмаилова, Асия Сасыкбаева, Динара Ошуракунова, Бабырбек Жээнбеков, Бермет Букашева, Таалай Абдылдаев, Качкын Булатов өңдүү юристтер, журналисттер, укук коргоочулар киришти.
www.azattyk.org сайтынан алынып даярдалды

Партиянын күндөлүк жаңылыктары
"Жаңы Кыргызстан" саясый партиясынын саясый кенешинин кабыл алган чечимине ылайык партия айыл жергесиндеги жарандарыбыз менен иш жүргүзүүнү өркүндөтөт. Бул үчүн республикабыздын ар бир айыл өкмөтүндө партиянын координатору шайланып, партиянын программасын элге түшүндүрүү, партияга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу иштерин жүргүзмөкчү.
Саясый кенештин чечимине ылайык, ар бир айыл өкмөтүнө партиянын координаторлорун шайлоо январь айынын аягына чейин жыйынтыкталып, март айынан баштап партиянын 15 жылдык юбилейине карата иш-чаралар жүргүзүлөт. Ал эми партиянын 12.01.2009 жылы өткөрүлгөн саясый кеңешинде партиянын Чүй областынын кээ бир райондоруна жаңы координаторлор шайланып, жакынкы мезгилдерде айыл өкмөттөрүндө да координатор шайлоо боюнча жыйындар өтөт.
Партияын ишмердүүлүгүн эффективдүү жүргүзүү максатында:
1. Чүй областынын Сокулук районунун координатору болуп Кушназаров Жумабек Семетеевич шайланды- пенсионер.
2. Чүй областынын Аламүдүн районунун координатору болуп Мамбеткулова Кына Жапаровна шайланды-2005 жылдан бери Аламүдүн Мамрегистринде паспортиязация боюнча жетектөөчү адис.
3. Бишкек шаарынын Октябрь районунун координатору болуп Шадыбекова Айгуль Наматовна шайланды-"Таңсулуу" кайрымдуулук фондунун төрайымы.


Куттуктоо
Кесиптеш агабыз Нурслан Акматов жыл жаңырып, уй жылында карды 55 жолу көрүп олтурат. Жыл жаңыраар алдында Нурслан агабыз бир топ кубанычтардын ээси болду. Эзели Өкмөттөн сыйлык көрбөй эле 30 жыл КТРде эмгектенип, Талас телевидениесин уюштуруп бутунан тургузду. Ошону эске алдыбы, айтор М.Эшимканов эми "КТРдин отличниги", Кыргыз Республикасынын маданият министрлиги басма сөз беттеринде берген маданият тууралуу калыс материалдарын эске алыштыбы, айтор алар дагы "Маданияттын мыкты кызматкери" деген төш белгини тагышты. Султан Акимовичке өтө ыраазы экенин толкунданып айтып олтурду Нурслан агабыз. Кут болсун сыйлыгыңыз, чыгармачылыгыңыз артып, калемиңиз эл үчүн кызмат кыла берсин. Бар болуңуз!
"Жаңы кылым" гезитинин эмгек жамааты.