"Жаўы кылым", 25.12.08 - 13-бет:
  Сезим

Кремль аңгилери Сталиндин ойношунун ыймандай сыры
Вера Александровна Давыдова - РСФСРдин жана Грузин ССРинин эмгек сиңирген артисти, Сталиндик сыйлыктын үч жолку лауреаты жана башка дагы көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон. Бул наамдардын баары ага татыктуу ыйгарылган. Ал таланттуу актриса жана татынакай үндүн ээси болгон. Ал Тбилиси мамлекеттик консерваториясынын окутуучусу, профессору болуу менен сахнада узак жана бактылуу өмүр сүргөн. Бирок ошондой болсо да өмүр баянында бир олуттуу "жагдай" болгон: он тогуз жыл бою Сталиндин ойношу болуп, ал жөнүндө аз гана адамдар билген. Ошол билген адамдар да Кремль тиранынын (зулумунун) айланасындагы жакын адамдар болушкан. Сталиндин ойношуна болгон жашыруун байланышын анын каардуу жазасынан коркуп, эч ким айта алган эмес. Өзүнүн алгачкы таанышуусунун башталышы, жакындашуусу чексиз бийликте турган генеральный секретарь жана жол башчы өкүмдар менен узакка созулган сүйүү байланышы, кремлдик жорук-жосундар, өз алдынча кабыл алуулары жөнүндө көргөндөрүн жана уккандарын Вера Александровна өзү айтып берген. Бирок анын эскерүүлөрүн адабиятташтырып жазгандарды жарыялоо биздин күндөрдө гана мүмкүн болду.

(Башталышы өткөн сандарда)
Наталья Мокроусова
Менин сакчым Бугров Чоң театрда реквизитор (театрда оюн коюу үчүн колдонула турган үй буюмдарын сактоочу) болуп эсептелчү. Театрдын буфетинде ал менин столума келип отурду да мындай деди:
- Эмне болду? Сиз ооругандай түрүңүз бар!
- Мен шашылыш түрдө "Коля байке" менен жолугушуум керек...
- Абайлаңыз, сиздин артыңыздан Ягоданын адамдары аңдып жүрүшөт.
Мен кийиндим, буфетчик да мени кызматкерлер кирген эшиктен чыгарып жиберди. Бугров менен Арсентьев мени Борбордук Комитеттин кандайдыр бир жер алдындагы подвалдык бөлмөсүнө алып барышты. Ал жерде: "Коля байке" - Ежов, Маленков жана Поскребышев менен бирге күтүп отурушуптур.
- Жолдош Давыдова, - официалдуу түрдө сурады Ежов, - сиз биз менен жолугушкуңуз келдиби?
- Жолдоштор, сиздердин бардыгыңыздарды өлүм коркунучу күтүп турат!
Тегерете отургандардын жүздөрү таң калаарлыктай өзгөрө түштү.
- Электрондук заводдогу концерттен кийин...
- Биз муну билебиз - Маленков сөздү бөлүп кетти, - сизге машина алмаштырып коюшкан. Шашылбаңыз, андан кийин эмне болду, кенен айтыңыз?
Аларга Наташа ким болуп эсептелерин түшүндүрдүм да менин окуямдын башталышын айтып бердим.
- Аны камабаңыздар,-деп эскерттим, болбосо ал мени сыр алдырып койгон экен деп ойлойт.
Андан аркы окуялар жөнүндө айтуудан уялдым, бирок алар кыстап туруп алышты: "Вера Александровна, биз сиздин чыныгы досуңузбуз, биз жолдош Сталиндин алдында сиздин коопсуздугуңуз үчүн жооп беребиз..."
Мен окуяны улантууга аргасыз болдум:
- Ягода мени өзүнүн уктоочу бөлмөсүнө барууга буйруду жана бул биздин акыркы жолугушуубуз эмес-деди. Бардыгы менен, өзгөчө Сталин менен күрөшө тургандыгы менен коркутту. Сергей Миронович анын приказы боюнча өлтүрүлгөндүгүн аңдоостон айтып жиберди. Сиздерден жалынып суранам, мени сактап калыңыздар! Сиздердин колуңуздарда армия да, ал эми бул сандырак Сталинге кымбат аялды коркутуп жатат... Эгерде менин өмүрүм сиздерге баары бир болсо, анда мен мындай азап көргөндөн көрө ууланып өлгөнүм артык.
- Ооба... кырдаал...-Ежов жөтөлүп койду. -Жолдоштор, кандай сунуштар бар?
Поскребышев акырын өз пикирин айтты:
- Наталья Москроусованы жаңы жумушка которолу, айталык фабрикага. Күндөрдүн бир күнүндө ал жыйнаштыруу учурунда коопсуздук эрежесин бузуунун натыйжасында кайнак сууга жыгылат. Анан аны чымчыктай чырылдатып, "дарылай" баштайбыз...
- Бул операцияны аткаруу үчүн үч күн берем. Жоопкерлер: Поскребышев, Ежов, Власик жана Мехлис - деп буйруду Маленков.
- Сиздерге төмөнкү маалыматты сунуш кылууга уруксат этиңиздер,-деди Поскребышев.
- Угуп жатабыз, Александр Николаевич.
- Варвара Петровна Кирюшкина - ушунун өзү эле - Наталья Мокроусова, Ольга Пеярова, Мария Карпенко, Алевтина Родимцева жана башка 1910-жылы Николаевде туулган. Анын энесинин жолугушуулар үйү болгон. Наталья Турцияга качып кетип Константинополдо жашаган. Атасы Перекопто курман болгон. Мектептен кийин Наталья дарыканада иштеген. Анын ээси эки бир тууган болгон. Экөө менен тең жашаган. Бир күнү алардын мүлкүн уурдап, дарыканасын өрттөп жиберген. Андан кийин Одесса шаарындагы Дерибасовская көчөсүндөгү 19-үйдө "жыргал" уюштурган. Турция, Югославия, Греция, Румыния менен контрабандалык байланыш түзгөн. Немец жана француз тилдерин жакшы билет. Владивостокто иттин этин саткандыгы үчүн камалып, качып чыккан. Омскиде балык сатуу менен алектенген, мурдагы падышалык офицерге турмушка чыккан. Күйөөсүн өлтүрүп, денесин балталап, туздалган бадыраңдар менен бирге подвалдагы бочкага каткан. Экинчи жолу аны Тамбовдо камакка алышкан, бирок ал сакчылардын бирин өлтүрүп, качып кеткен. Көп өтпөй Ленинградда пайда болгон. Ал эми андан кийин ал башка фамилия менен наркотикалык (ууландыруучу, уктатуучу, мас кылуучу) заттарды сатып, Москвага келген. Ага Демьян Бедный кызыккан жана Кремлге жумушка сунуш кылган. Ал ушундайча массажистка болуп калган. Көп өтпөй аны таанып калышкан жана Лубянка түрмөсүнө жөнөтүшкөн. Ал жерден анын Ягода менен "атактуу" биринчи жолугушуусу болуп: Эл комиссары аны ойнош кылып алган.
- Жолдош Сталин бул жөнүндө билүүгө тийиш эмес-деди Маленков. -Вера Александровнанын эшигине сутка бою тура турган сакчы коюу керек. Ягодага болсо жаңы "тамашаны" баштоо керек.
Семен Михайлович Буденный
Сталин 31-декабрдагы жаңы жылдык кабыл алуусуна чакырды.
Мени Хрущев жана ийри буттуу, кебетеси суук Шолохов менен тааныштырышты. Ягода өзүнүн өңү серт аялы менен келди. Ал аялын Хрущевдордун жанына калтырып, мага келди да мындай деди:
- Вера Александровна, мындан эки жума мурда иттин балдарынын ичинен кимдир бирөө Наташаны кайнак сууга күйгүзүптүр. Ал азыр катуу кыйналып жатат. Верочка, качан биз кайрадан кездешебиз? Мен сизди сагындым.
- "Садко" спектаклинин бет ачарынан кийин-деп убада бердим, мага жабышканын токтотсун деп.
- Чыдап турайын.
Кабыл алуудан бардыгыбыз чогуу чыктык. Мен жөө басайын деп чечтим эле, бирок менин жаныма бир автомобиль келип токтоду да сигнал бере баштады. Айнектин ары жагынан Буденныйдын муруту көрүндү: -Верочка, отуруңуз ойноп келели"-деди.
Турмуштан ушунчалык көңүл калгандыктан мага баары бир эле, күтпөгөн жерден макул болдум.
- Переделкиного!-Буденный шоферго көңүлдүү буйруду жана мага карап:
- Жаңы жылды белгилейлиби?-деди.
- Макул, жаңы жылдын түнүндө бардыгын белгилөөгө болот!
Бизге эски солдаттар тамак алып келишти. Семен Михайлович буларды түшүндүрдү:
- Булар менин мурдагы солдаттарым, алар менден кол үзгүлөрү келишпейт. Бүткүл өмүрүм армияда өттү, мен булар үчүн өз аталарындай болуп калдым... Верочка, мага жагымдуу жагдай түзүңүз: бадыраңдардан жана мен туздаган козу карындан жеп көрүңүз, мына икра, лимон кошулган семга (эти кызыл балыктын бир түрү). Арактан ичиңиз, уялбаңыз, кечээ мага заводдон алып келишти. Кечки тамактан кийин мончого түшөбүз, мен сенин аркаңды жышам, сен меникин...
Бул сунушту укканымда ошол замат Кремль мончосун, Наташаны, мага жабышкан Ягоданы эстедим.
- Рахмат,-дедим көңүлсүз,-мен тазамын.
- Вера Александровна, мага бурмалабай чынын айтыңызчы: биз "эркек менен эркек сүйлөшкөндөй" сүйлөшө алабызбы?
- Семен Михайлович, мен терикпейм, эмнени болсо да сүйлөй бериңиз.
- Менин үй-бүлөм мага берилген, айкөл жакшы аялым бар. Ал мени кадырлайт, сыйлайт жана эч качан мени менен чатакташпайт. Москвада чоң квартирам бар. Мен эми карыдым, алтымыштан ашып кеттим, бирок сизди көргөн сайын каным кайнайт. Мен жөнөкөй кишимин, мүмкүн биз бири-бирибизди түшүнөрбүз. Аялым менен ажырашам, мага башка квартира беришет: Ворошилов жардам берет. Ал мени абдан сыйлайт. Жумушту таштайсың, сенин тамагың абдан назик, мындан ары искусстводон эч нерсе билбеген бардык иштерге ырдоого тийиш эмессиң. Сенде эң бир кымбат тондор болот. Сенин бардык талаптарыңды аткара турган бир батальон солдатты алып келем. Сенден бир гана нерсе талап кылынат: төшөктө менден тескери карабашың керек.
Бул сөздөрдү Буденный көңүлдүү тамаша иретинде айтты.
- Ачык айтканыңызга рахмат, түшүнөм жана сиздин сезимиңизди кадырлайм, айкөлдүгүңүздү баалайм. Аял ар дайым өзүнүн сүйкүмдүү экенин билгени жагымдуу, бирок менин күйөөм бар да жана ал сизге жакшы тааныш...
Семен Михайлович үшкүрдү, бирок мурдагы калыбындай эле сөзүн улантты:
- Макул, мындай эле жашайлы, менин ойношум бол, жумасына бир эле жолу кел. Өкүттө калбайсың, бардык мамилелериңде... ыраазылык билдирем.
- Семен Михайлович, үйгө кетүүгө убакыт жетти, таң атып келатат.
- Канча күн ойлоносуң?-деп Буденный, өзүнүн оюнан кайтпай.
- Мүмкүн бир ай, мүмкүн эки ай-дедим мен тамашага чалып.
- Парфен, биздин атактуу мейманыбызды Москвага жеткирип кой. -Сизди өөп коюуга мүмкүнбү?-деп сурады ал, мен кийинип жатканда.
- Бетимден гана.
Жигердүү кавалерист мени ушунчалык катуу кучактаганда гимнастеркасынын топчулары ыргып түштү.
- Кандай гана ширинсиң, менин байталым! Сени багындырууга мага гана мүмкүндүк бере гөр... деди ал, эриндерин жаланды да, машинага чейин узатты.
Үйгө келсем Тухачевскийдин каты жатыптыр. Ал катында шашылыш чалуумду өтүнүптүр.
- Верочка, каякка жоголуп кеттиң, кымбаттуум? Мен абдан кыжырдандым.
Күлдүм да мындайча жооп бердим:
- Сиз кайда жоголуп кеттиңиз? Менин күйөөм көкүрөктүү токуучу менен кетти, ал эми мени болсо "башкы кавалерист" Буденный дачага алып кетти.
Ал бир сааттан кийин менде болду да, маанисиз сөз сүйлөдү:
- Таң калам, бул таң каларлык муруттун сизге эмне кереги бар?
- Мишенька кызганбаңыз. Бул жөн гана мага ашык болгон, жогорку адамдарды жандап жүргөндөрдүн бири. Ал эми сиз билесизби? Семен Михайлович олуттуу түрдө эле менин ага турмушка чыгуумду сунуш кылды. Ачууланбаңыз, сурунам сизден. Ансыз деле мен бул жийиркеничтүү турмуштан кыйналып бүттүм.
Михаил Иванович Калинин
Бир күнү мен Кунцеводогу дачада болгон кезимде өтмө бөлмөдөн Сталинге телефон чалышты.
- Ким келди?.. Калининби?.. Кое бериңиздер.
- Мен кетейинби?-деп сурадым мен.
- Отура бериңиз Верочка. Бир да кыз-келинди куру кетирбей жаман иштерге чырмалышкан "акмак" келди. Эгерде кызыксаңыз бул өзүн "кудай" сезген адамдын ийне-жибине чейин кийин айтып берем.
Калинин кирди. Ал Сталин менен солдаттарча учурашты. Анын көзү көрбөгөндүгү байкалып турду.
- Отуруңуз, Михаил Иванович. Эмне жаңылыктар бар? Шашылыш келип калыпсыз?
- Кечирип коюңуз, Иосиф Виссарионович, бул сулуу аялды тааныбайт экемин...
- Унутчаак болуп калгансызбы, Михаил Иванович? Чоң театрдын сыймыгын тааныбай калдыңызбы?
- Мүмкүн бекен... Калинин менин колумду өптү. -Сиз менен таанышканыма бактылуумун! Мага кайрыла турган болсоңуз, мына менин телефон номерим, мен ар дайым сиздин карамагыңыздамын.
Сталин уяткаруу менен сүйлөдү:
- Ким экенин билбей туруп эле мейманга чакырат экен!
- Иосиф Виссарионович, - карыган анткор сөздү башка жакка бурду,-бүгүн радио балдардын кылмыштуулугу менен күрөшүү жөнүндөгү Борбордук Комитеттин резолюциясын үч жолу берди.
- Бир жумадан кийин камакка алынган кылмышкер ата-энелердин так цифраларын мага бериңиз. Аларды чоң мөөнөткө камакка алуу керек, балдар менен иштей билүүнү үйрөнүшсүн. Бала кылмышкер болуп туулбайт - алардын кылмыштуулугуна ата-энелер күнөөлүү. Басма сөздү, радиону, кинону мобилизовать этиңиз. Кайрадан тарбиялоо - биздин партиянын милдети.
Калинин чыгып кетти, Сталин официантканы чакырды:
- Картошка менен куурулган форель даярдаңыз.
- Он мүнөттөн кийин алып келем.
Биз тамак күтүп отурганда Сталин буларды айтты:
- Бир күнү Калининге суранып башка шаардан бир аял келген. Эшиктин алдынан анын кызын көрүп, анын өтүнүчүн аткарган жана аларды Москвадагы "Метрополь" мейманканасына убактылуу жашап турууну сунуш кылган. Бир күнү Москва боюнча экскурсия деген шылтоо менен кызды өзүнүн дачасына алып барып, зордуктап койгон. Кыздын энеси ири аскер начальниги Егоровдун жакын тууганы болуп чыккан. Чатакты басуу үчүн Калинин ал аялга чоң суммадагы акча берген. Бирок биз аны жазаладык: анын отуз тууганын Верхоянскинин алдына жибердик. Азыр ал козудай момун. Мына, кандай иштешет улуу Лениндин окуучулары жана чоң иште бирге иштешкен максатташтары!
- Жолдош Сталин ишенимиңизге рахмат...
- Эгер мен сизге ишенбесем бул баянды айтмак эмесмин.
- Кийинчерээк Калинин күнөөлүү болгон дагы бир кырсык жөнүндө билдим.
Ага балериналар абдан жаккан жана ал театрга тез-тез барып турган. Жаш балериналар анын зор кызматын билип туруп, мейлиге салып, аны менен ойсоктошкон. Михаил Иванович аларга шоколад, чет элдик ич кийимдерди тартуулаган жана кечки тамакка чакырган. Алар тартуулардын эсебинен кичинекей эриндеринен жана моюндарынан өптүрүүдөн баш тартышкан эмес.
Бир күнү Калинин он алты жаштагы балерина Белла Уваровага чындап эле кызыгып калган. Балет окуу жайынын директору кызды калкалап калуу үчүн бардыгын жасаган, бирок Калинин аны ар тарабынан изине түшүүнү токтоткон эмес.