газета "Жаўы кылым" на кыргызском языке • №49, 25.12.08. • "Жаўы кылым" гезити, кыргызча...







Куттуктоо
Өтүп бараткан чычкан жылы өзүнүн ар кандай оош-кыйыштары, жетишкендиктери, кемчиликтери менен биздин эсибизде калды. Менин кааларым келе жаткан Жаңы жылыбыз жалпы кыргыз журтчулугу үчүн ден соолуктун, токчулуктун, биримдиктин эң негизгиси тынчтыктын жылы болсун. Урматтуу кадырман калайык, келе жаткан 2009-жыл ар бир үйгө ырыскы, бакыт-таалай, жаркыраган жарык маанай алып келсин. Ылайым эле энелердин, кыз-келиндердин ууртунан жылмаю кетпеген, кыйың кезеңдерде аталардын, мырзалардын намыскөйлүгүнө эч бир нерсе тең келбеген, эгемендүү өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө албан-албан ийгиликтерди алып келген зор ийгиликтердин жылы болсун.
Үсөн Сыдыков

Жаңы жылыңыздар менен!
Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди Жаңы 2009-жылыңыздар менен ак дилибизден куттуктайбыз.
Жыл тогошкон кадыр түндө ар бир үйгө кут конуп, дасторкону берекеге толуп, ырыскы жылоолоп, бардык жакшылыктарды алып келсин.
Каалганы каккылап келе жаткан Уй жылы майлуу-сүттүү, кой үстүндө торгой жумурткалаган берекелүү, зор жетишкендиктердин жылы болсун. Жергебизде тынчтык, бейпилчилик, токчулук өкүм сүрүп, элибиз бардар турмушта бакубат өмүр сүрүшсүн.
Ала тоолук кыргыз элибизге арчадай узун өмүр, ырыс-дөөлөт, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайбыз.
Жаңы 2009-жыл ак жолтой жыл болсун!
"Жаңы кылым" газетасынын эмгек жамааты