"Жаўы кылым", 18.12.08 - 14-бет:
  Ой булак

Таалай Нуркемел
Кесилген баштын махабаты
(курч окуялуу повесть)
- Сен бир эмес эки кыздын убалына калдың. Бизди бактыбыздан ажыраттың. Биздин жалгыз кызыбызсыз жашообуз жок. Сага да жашоо жок жолдош Жылдызбек!-деди Мизирбек.
- Туура,-деп, макул болду башын ийкеп Жылдызбек.
- Мен сени көргүм келбейт,-деди да, артында турган эки жигитке "Жогот" дегендей жоон моюнун буркуйтуп башын жаңдап койду Мизирбек.
Үн сөзү жок Мээримдин башын кармап отурган Айжамал жанатан бери карап турган Жылдызбекти жалт карады. Бир туруп кызынын тагдыры ойлондурса экинчи бейтааныш күйөө баланын тагдыры эненин жүрөгүн зыркыратып мөлт эткен ысык жаш кулап жатты. Мээримдин чачын сылап чекесинен өөп жүзүн буруп отурду.
Далдайып турган Жылдызбектин артына эки жигит жай басып келди да "шап" экөө эки колтуктап эшикти карай сүйрөп жөнөдү. Көлөмүнө караганда эки жигитти Жылдызбек соо кое турган түрү жок. Эки жигитти кошуп туруп төртүнчү кабаттын терезесинен өздөрүн ыргытып жиберээр мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок андан баш тартты.
Эки зөөкүр терезеден ары Жылдызбекти аңтарып жибергенден кийин анын кандай абалда аңтарылып кантип жерге түшөт деп да ойлоп коюшкан жок. Бир болсо "болду иши бүттү, өлдү" деп гана ойлоп коюшту. Эки жагын каранып, алакандарын кагып өздөрүнүн боюн түздөгүчө полдо жаткан эки жүз долларды таап алышты.
- Ой бул кайдагы акча?-деди бирөөсү колуна алып жатып.
- Билбейм - ийнин куушурду экинчиси.
- Сеники эмеспи?
- Жок.
Аңгыча каардуу турган Мизирбек дит бакты.
- Ал эмне экен?
- Эки жүз доллар түшүп калыптыр.
- Тигинденби?
- Билбейм.
Алардын сөзүн угуп отурган Айжамалдын да жүрөгү эзилип көзүнөн жаш куюлду. Бирок эч нерсе деп үн каткан жок.
"Ал дарыга деп таап келген акчасы болсо керек тиги жетимдин" деген ой Мизирбектин көңүлүндө турду. Бирок ал сырын эч кимге айткысы келбей:
- Жүргүлө кеттик дагы башка ишти бүтүрүш керек,-деди экөөнө.
- А мунучу?..
- Экөөң таптыңбы? Жүздөн-жүздөн бөлүп алгыла. Ошону да менден сурайсыңарбы,-деди да шарт бурулуп сыртка жөнөдү.
Айжамал отурган жеринен козголгон жок. Мээримдин башын кармаган боюнча отуруп кала берди.
ҮҮҮ
Мариянын үйүнүн жанына милициянын машинасы келип токтоду. Ичинен формачан үч милиция түшүп короонун аркы-берки чекесин карап чыгышты да звоногун чырылдата кайра-кайра басып жатышты. Мурда көп анча уйкуга куштар болбогон Мария сунган бутун тарта албастан деги эле катуу уктап жаткан эле. Бул маалда звоноктун улам-улам шыңгыраганы өңү же түшү экенин жакшы ажырата албай денеси талыкшып көзүн шар ача албайт. Мариянын мындай беймарал тынчын алган күндөр анча деле көп болбойт, деги жокко эсе десе болот. Эми гана эшикти бирөө тарсылдатып каккылап баштаганда гана ордунан ыргып турду. Боюн түзөп күзгүгө бир каранды да шашып-бушуп сыртка жөнөдү. Эшикти ачаар замат бир милиция алдында турганын көрүп жүрөгү "шуу" дей түштү. Эмнегедир кылмышты өзү жасагандай эки бети кызарып бозоруп өңү бузула түштү.
- Это, вы Мария Александровна,-деди босогодо турган милиционер.
- Да, да, да,-деди сөзүн таппай калган Мария чокунуп жиберди.
Короонун тегерегинде дагы эки милиция турганын көрүп шаштысы кетти.
Короонун ортосуна чыгышып чогула түшкөн милициялар. -Бул жерде эмне иш болду,-деп Марияга кайрылыша сурашты.
- Ким жашайт бул жакта?..
- Бул жакта квартирант, Жылдызбек жашайт.
- Дагы ким жашайт?..
- Ал жалгыз өзү эле жашайт.
- Аялы, балдары жокпу?..
- Жок, эч кимиси жок. Өзү эле жалгыз жашайт. -Мария эми гана өзүнө келгендей болду. Милиционер жигиттер анча деле коркунучтуу көрүнбөдү Марияга.
- Кана көрөлү Жылдызбектин жашаган жерин,-деди милиционер жигит.
Мария жорголоп алдыга түшүп Жылдызбектин бөлмөсүн карай жөнөдү. Мурда деле ичин ачып кирген эмес. Эшигин ачып - ушул бөлмө,-дегендей баш жаңсады. Милиционерлер бөлмөгө кирип келгенде стол, стул бүтүн аңтарылган, тамак-аш, китеп, кагаздар бүтүндөй чачылып, астын-үстүн кый сыпыр болуп жаткан эле. Аттап-буттап төр жакка өтүштү да:
- Эмне болгон бул жерде? Мушташканбы?-деп сурап туш-тушун карап жатышты.
- Мен эч нерсе билбейм. Эки кызды конокко чакырып келген. Бир мезгилде кыздар качып чыгып ушундай абалга туш келди. Чынында мен эч нерсе билбейм,-деди Мария.
- Зордуктайын деген го? Бири-бири менен сүйлөшүп жатышты.
- Экөө зордуктатмак беле,-деди бирөөсү.
- Анда эмне болгон бул жерде?
- Ким билет, териштиребиз да эч кандай криминалдык эч нерсе жоктой,-дегиче болбой бирөөсү кроваттын жабуусун ачып астын карай салды.
- Жылаан! - деп кыйкырып эшикке атып жөнөдү. Артынан Мария тапырап биринин артынан бири учуп чыгышты. Эмнеден корккондорун өздөрү да жакшы билишпейт.
- Эмне болду деди бир милиционер экинчисине.
- Жылаан! Билектей жылан кроваттын астында жатат.
- Эмне жылан экен ал,-деди бирөөсү.
- О, мен кайдан билем эмне жылан экенин.
- Корооңордо, огороддо жылан барбы?-деди Марияга кайрылышып.
- Мен билбейм анысын, көргөн эмесмин? Болсо болгон чыгар.
- Эми түшүнүктүү болду,-деди бир милиционер.
- Эмнеси түшүнүктүү болду?
- Бул кыздар жыландан корккон экен, а жылан бул жакка кайдан келди,-деди ойлонуп калган милициялар.
- Кылмыштын учугу табылгандай бир чечимге келген милициялар Марияга түшүнүк жаздырып протокол толтура башташты да, чакыруу кагазы келгенде милиция бөлүмүнө кечикпей барып өзүнүн түшүнүгүн тактап берүүнү өтүнүшүп машинага отуруп жөнөп кетишти. Көчөнүн чаңын бурап кетип бараткан милициянын машинасын карааны үзүлгөнчө карап турду Мария.