"Жаўы кылым", 04.12.08 - 8-9-бет:
  Инвестиция

"Центерра Голд Инк." жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" компаниялары - өлкөбүздүн мыкты инвесторлору
Кыргыз Республикасында жайгашкан "Кумтөр" кени батыштык компания башкарган Борбордук Азиядагы эң ири алтын кен ишканасы болуп саналат. 1997-жылдын май айында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан бери кенде 6,47 млн. унция же 201 тоннага жакын алтын өндүрүлгөн.
"Кумтөр Оперейтинг Компани" "Кумтөр" долбоорунун оператору болуп саналат жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.
"Центерра Голд Инк." Борбордук Азияда, мурдагы Советтер Союзунда жана башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдө алтын кендерин сатып алуу, чалгындоо, иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген алтын өндүрүүчү компанияны өнүктүрүүгө багытталган. "Центерра" алдыңкы Түндүк Америкалык алтын өндүрүүчү жана Борбордук Азиядагы эң ири батыштык компания - алтын өндүрүүчү болуп саналат. "Центерранын" акциялары Торонтонун Фондулук биржасында символу менен жүгүртүлөт. Компания Канаданын Торонто шаарында жайгашкан.
"Центерра" жөнүндө кошумча маалымат SEDAR www.seadar.com сайтта
жана компаниянын сайтында: www.centerragold.com жеткиликтүү жайгаштырылган.

2008-жылдын III кварталындагы ишинин жыйынтыктары
"Центерра Голд Инк." компаниясы жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" 2008-жылдын III кварталындагы ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Үстүбүздөгү жылдын июль айынан сентябрь айынын аягына чейинки мезгилде "Кумтөр" кенинде 133813 унция же 4162,05 кг. алтын өндүрүлгөн. 2008-жылдын башталышынан бери 319707 унция же 9944 кг. алтын өндүрүлгөн.
Тогуз айдын ичинде салыктар жана милдеттүү төлөмдөр 1 млрд. 182,47 млн. сомдон ашуун суммада төлөнгөн.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү
2008-жылдын III кварталында "Кумтөр" кениндеги алтын өндүрүшүнүн көлөмү 133813 унцияны түздү, ал 2007-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 73%га көп. Бул рудадагы металлдын курамынын жогорураак жана бөлүп алуунун жогорураак пайызынан улам мүмкүн болду. 2008-жылдын II кварталы менен салыштырганда 2008-жылдын III кварталында алтын өндүрүшүнүн көлөмү 20%га өстү.
III кварталда кайра иштетилүүчү рудада алтындын орточо курамы 3,63 г/т түздү, ал эми бөлүп алуу пайызы 79,4%га жеткен, 2007-жылдын III кварталында бул көрсөт-күчтөр 2,11 г/т жана 77,9% болгон.
2008-жылдын III кварталында сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 111121 унцияны же 3456,25 кг. түздү, бул 2007-жылдын экинчи кварталындагыга салыштырмалуу 35%га көп.
2008-жылдын III кварталында алтынды сатып өткөрүүдөн түшкөн каражат 95,7 млн. долларга жетти, же 2007-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 72%га көбөйдү. Бул негизинен алтынга баалардын өсүшүнүн жана сатып өткөрүүнүн көлөмдөрүнүн көбөйүшүнүн эсебинен жүргөн.
2008-жылдын III кварталында алтынды сатып өткөрүүнүн орточо баасы унциясына 861 долларды түздү, ошол эле учурда 2007-жылдын III кварталында ал унциясына 677 долларга барабар болчу.
"Кумтөр" кенинде өндүрүлгөн алтын аны аффинаждык ишканада кайра иштетүү жана андан ары сатып өткөрүү үчүн КОК, "Кыргызалтын" ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому тарабынан сатып алынат.
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы
2008-жылдын III кварталында сатып өткөрүлгөн продукциянын жалпы өздүк наркы 64,2 млн. долларды түздү (2007-жылдын III кварталында - 45,9 млн. доллар).
Өздүк нарктын көбөйүшүнүн себеби, эксплуатациялык чыгымдардын өсүшү, руданы казып алуунун жана кайра иштетүүнүн чоң көлөмү.
Сатып өткөрүлгөн продукциянын унция менен эсептегендеги өздүк наркы өстү жана 577 долларды түздү (салыштыруу үчүн: 2007-жылдын III кварталында - 557 доллар).
"Кумтөрдөгү" эксплуатациялык чыгымдар 2008-жылдын III кварталында 2007-жылдын III кварталына салыштырмалуу өстү. Чыгымдардын өсүшү негизинен ишкананын тоо-кен техникасын жана фабрикасын тейлөөгө чыгымдардын көбөйүшүнө (16,8 млн. доллар, 2007-жылдын III кварталында - 14,5 млн. доллар), отунга, реагенттерге жана башка жумшалуучу материалдарга баалардын өсүшү (21,3 доллар, 2007-жылдын III кварталында - 12,0 млн. доллар), иштегендер - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн эмгек акы фондусунун өсүшү (12,8 млн. доллар, 2007-жылдын III кварталында - 8,9 млн. доллар), кургатуу боюнча иштерди жүргүзүүгө чыгымдардын өсүшү (2,3 млн. доллар), 2008-жылдын III кварталында SB аймагында жүргүзүлгөн кыртышты ачуу иштерин жүргүзүүгө чыгымдардын 10,3 млн. долларга жакын өлчөмдө өсүшү жана башкалар менен байланышкан.
Ишкананын оор тоо техникасын тейлөөгө кеткен чыгымдардын өсүшү техникалар паркынын кеңейтилишине байланыштуу байкалды, бүгүнкү күндө парк өзүнө 2006-2007-жылдары сатып алынган САТ 785 маркасындагы 30 жүк ташуучу машинаны жана 4 Liebherr экскаваторду, ошондой эле ремонттон өткөн жана өндүрүштүк зарылчылыктан улам кайра жабдылган САТ 777 маркасындагы 39 жүк ташуучу машинаны камтыйт.
Негизги чыгымдалуучу материалдарга чыгымдар негизинен баалардын, өзгөчө дизель отунуна, тегирмендер үчүн болот шарларга, натрий цианидине жана электр энергиясына баалардын жогорулашына байланыштуу өскөн.
Өндүрүлгөн продукциянын өздүк наркы
Продукциянын унциясын өндүрүүгө утурумдук акча чыгымдарынын жалпы көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик өзгөргөн жок, өткөн жылдагы 562 доллар болсо, быйыл 561 долларды түздү жана 2008-жылдын экинчи кварталында бул көрсөткүч 631 долларды түзсө, ага салыштырмалуу 12%га төмөндөгөн.
Геологиялык чалгындоо
2008-жылдын III кварталында геологиялык чалгындоого чыгымдар 3,6 млн. долларды түздү, 2007-жылдын III кварталында 2,3 млн. доллар болгон. Бул негизинен бургулоо иштеринин көбөйүшүнөн улам келип чыккан.
"Кумтөр" кениндеги 2008-жылдын III кварталындагы бургулоо иштери борбордук карьерде жүргүзүлдү.
2008-жылдын IV кварталында бургулоо иштери аларда бургулоо иштери аз жүргүзүлгөн же таптакыр жүргүзүлбөгөн участокторду жеткире чалгындоо максаттарында жүргүзүлмөкчү. Бул участоктор борбордук карьердин четинин жана Лысый мөңгүсүнүн ортосунда жайгашкан.
Бургулоо иштеринин натыйжаларынын толук тизмеси жана "Кумтөр" кенинин көмөкчү карталары Маалыматты электрондук издөө жана анализдөө системасында (SEDAR) жайгаштырылган жана компаниянын сайтында www.centerragold.com жеткиликтүү.
Капиталдык чыгымдар
Капиталдык чыгымдар 2008-жылдын III кварталында 18,4 млн. долларды түздү, анын ичинен 11,2 млн. доллары негизги фондуларды модернизациялоого (негизинен калдыктарды сактоочу жайдын дамбасын бекемдөөгө), ошондой эле бир бульдозерди алмаштырууга жана бир нече САТ 785 жүк ташуучу машиналарынын капиталдык ремонтуна жумшалган. Андан тышкары 7,2 млн. доллар инвестициялар түрүндө негизинен SB жер алдындагы аймагын жасалгалоого жана жаңы САТ 785 жүк ташуучу машиналарын сатып алууга (3,8 млн. доллар) жумшалган. SB аймагынын жер алдындагы участогунда 102 метр басып өтүлгөн. Жер алдындагы иштер улантылууда.
Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана милдеттүү которуулар
Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондусуна которуулар түрүндөгү төлөмдөр жана башка милдеттүү төлөмдөр 1 млрд. 182,47 млн. сомду түздү, бул 2007-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 42,6%га көп (2007-жылдын тогуз айында - 829,19 млн. сом).
2008-жылга божомол
Пландаштырылгандай эле, сентябрь айында алтынга байыраак SB аймагына чыгуу болуп өттү. Ушуга карабастан SB аймагын иштетүүнүн алгачкы этабында рудадагы алтындын баштапкы курамы күтүлгөндөгүдөн төмөн болуп чыкты.
Ушуга байланыштуу 2008-жылы "Кумтөрдө" 550-580 миң унция (17,1 -18 тонна) көлөмдө алтын өндүрүү болжолдонууда, ал компаниянын үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталында жарыялап пландарындагы 580-620 миң унция (18,0-19,3 тонна) көлөмдөгүдөн бир аз төмөн.
Жалпы акчалай чыгымдар 2008-жылы унциясына 480-520 доллар өлчөмүндө, башкача айтканда алтын өндүрүшүнүн көлөмүнүн азайышынан жана эксплуатациялык чыгымдардын өсүшүнөн улам мурда болжолдонгон деңгээлден (унциясына 416-456 доллар) бир аз жогору.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен сүйлөшүүлөр
"Центерранын" 2008-жылдын 25-сентябрындагы маалыматтык билдирүүсүндө айтылгандай, "Центерра" өзүнүн мурда 2008-жылдын 29-сентябрына чейинки мөөнөттө убактылуу токтотулган эл аралык арбитражга доосун токтото турууга макул болгон. Компания "Камеко" корпорациясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жумушчу тобу менен "Кумтөрдүн" ишинин маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү улантууда. Тараптар компаниянын көрсөтүлгөн чечими дискуссияны улантуу жана долбоордун ишмердүүлүгү менен байланышкан чечилбеген маселелерге токтолуу мүмкүнчүлүгүн бере тургандыгына макул болушту.
Профсоюз менен жаңы жамааттык келишимге кол коюу
2008-жылдын 4-ноябрында "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" профсоюз мүчөлөрүнүн конференциясында жаңы жамааттык келишим кабыл алынды, ал компаниянын кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртууну карайт. Компаниянын администрациясы менен профсоюздук комитеттин ортосундагы жаңы жамааттык келишим 2010-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө калмакчы.
Башка окуялар
lРоссия
"Центерра" компаниясы Россиянын Тыва Республикасында жайгашкан "Кара Бельдыр" долбооруна карата Central Asia Gold AB компаниясы менен опцион жана биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө келишимге кол койгондугу жөнүндө билдирди. "Центерра" үч жыл аралыгында 2,5 млн. доллар инвестициялай турган шартта ишкананын 50% акциясына ээлик кылуу укугуна ээ, мындан кийин "Центерра" дагы эки жыл аралыгында 4 млн. доллар жумшаган учурда дагы 20% акция алууга бир жолку опцион алат.
Ишкана өзүнө россиялык адистердин 70 жана 80-жылдардагы геологиялык чалгындоо иштеринин жүрүшүндө ачылган бир нече келечектүү участокторду камтыйт жана алардын геологиялык ресурстары болжол менен 1 млн. унция өлчөмүндө аныкталган. Бул участоктор азырынча заманбап ыкмалар менен иликтенген эмес. Быйылкы жылы "Центерранын" байкоосу астында алтыны бар катмарлар биохимиялык жана биофизикалык анализге тушуктурулган. Азыркы мезгилде маалыматтарды жыйноо жүзөгө ашырылууда жана бургулоо үчүн объектилер белгиленүүдө.
lТүркия
"Центерра" Түркиянын "Артвин" долбооруна байланыштуу "КЭФИ Минералз" компаниясы менен опцион жана биргелешкен ишкана уюштуруу жөнүндө макулдашууга кол койду. Эгерде, "Центерра" үч жыл аралыгында 3 млн. доллар инвестицияласа, анда 50% акцияга ээлик кылууга талаптана алат, ушундан кийин эки жыл аралыгында ал дагы 3 млн. доллар инвестициялаган шартта дагы 20% акцияларды алууга бир жолку опцион алат.
Ишкана Түркиянын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан жана өзүнө алтын-жез катмарлары жайгашкан участокту да камтыйт. "КЭФИ" компаниясы тарабынан буга чейин геохимиялык, геофизикалык жана геологиялык иликтөөлөр жүргүзүлгөн жана эми көрсөтүлгөн компания тарабынан "Центерра" менен бирдикте бургулоо иштеринин программасы иштелип чыгууда. Бургулоо иштерин ушул жылдын төртүнчү кварталында баштоо болжолдонулууда.
lАмерика Кошмо Штаттары
(Невада)
2008-жылдын III кварталында Невада штатынын түштүк борбордук бөлүгүндөгү Вокер Лейн районунда жайгашкан "Тонопа Дивайд" ишканасында иш улантылууда. Долбоордун аймагынын түштүк бөлүгүндө геофизикалык иликтөөлөр аяктаган жана бардык алдын-ала маалымат чогултулган. Учурда анда жер бетиндеги тартып алуулар жана үлгүлөрдү алуу боюнча иш улантылууда. Аналитикалык маалыматтар ишкананын аймагынын көпчүлүк бөлүгүндө түпкү катмарда алтын менен күмүштүн жогорку запастарынын бар экендигин тастыктайт. 2008-жылдын октябрынын башталышында компания геологиялык, геохимиялык жана геофизикалык иликтөөлөрдүн жүрүшүндө табылган алты башкы объектилерди чалгындоо боюнча бургулоо иштерине киришти.
Түшүндүрмө
"Центерра Голд Инк." компаниясынын президенти жана башкы кызмат адамы Стивен Ланг 2008-жылдын III кварталынын башкы жыйынтыктарына төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди: "Өткөн кварталда компаниянын ишканалары ликвиддүүлүктүн олуттуу көлөмүн камсыз кылышты, ал жыл башынан бери 63 млн. долларды түзгөн. Мен Кыргызстандын Өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү улантуу жөнүндө жана эл аралык арбитражда угууларды токтото туруу жөнүндө - биздин диалогдун улантылуусу жөнүндө күбөлөнгөн факт жөнүндө билдире алам. Сентябрь айында "Кумтөрдө" бай рудасы бар SB аймагынын участогуна чыгуу жүзөгө ашырылды. Бирок, иштетүүнүн алгачкы этабында рудадагы металлдын баштапкы курамы күтүлгөндөн төмөн болуп чыкты. Биз SB аймагына тереңдөө менен "Кумтөрдө" металлдын жогорураак курамына чыгууга үмүттөнгөндүгүбүздү улантып жатсак да, III кварталда өндүрүштүн көлөмүн мурда болжолдонулганга салыштырмалуу төмөндөтүү менен өзүбүздүн оперативдүү пландарыбызга түзөтүүлөрдү киргиздик. "Кумтөрдөгү" алтын өндүрүшүнүн олуттуу өсүшү биз SB аймагындагы байыраак руданы ала баштаган төртүнчү кварталда күтүлүүдө".

2008-жылдын
III кварталындагы башкы окуялар
- Сүйлөшүүлөрдүн улантылышына байланыштуу эл аралык арбитраждар угууларды токтото туруу;
- "Кумтөргө" алтынды үзгүлтүксүз өндүрүү жана объектилердин үзгүлтүксүз ишмердүүлүгү, ошондой эле Бороодогу топтоштуруу щелочтоо боюнча жабдууда алтын өндүрүшүнүн башталышы;
- "Кумтөрдө" алтынга бай SB аймагына чыгуу;
- Россияда (Тыва Республикасында) жана Туркияда геологиялык чалгындоочу биргелешкен ишканаларды түзүү жөнүндө макулдашууларга кол коюу;
- Невада (АКШ) "Тонопа Дивайд" долбоорунун алкактарына жер бетиндеги тартууларды жүргүзүү жана үлгүлөрдү алуу.



Даярдаган Б.Оңолканов