"Жаўы кылым", 04.12.08 - 4-бет:
  Мезгил

Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, "Акыйкат үчүн" коомдук кыймылынын координатору:
"Бийлик жооп бере турган мезгил келди"
Мезгил агымы менен адам баласынын келечек тагдырына болгон көз карашы өзгөрүп, бүгүнкү кырдаал менен эртеңкини салыштырууга мүмкүн болбой калды. Муну менен катар учурда өлкөбүздөгү оппозициялык топтордун иш багыты дагы жаңы нукка бурулуп, алардын жасаган иш-аракеттери жемиштүү боло тургандыгы байкалып тургансыйт. "Акыйкат үчун" коомдук кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов бизге кенен маек куруп, коомдогу өзгөрүүлөргө болгон пикири, оппозициянын мындан аркы кадамдары туурасында кеп козгоду.

- Азыркы бийликтин ээрге отурганына үч жарым жылдан ашты. Сыноо мөөнөтү жетиштүү болсо да, тилекке каршы, элдин үмүтү акталган жок. Кыргызстан саясий, экономикалык, социалдык жактан алып караганда дагы алдыга эмес, артты көздөй "өнүгүп" бараткандай. Төртүнчү чакырылыштагы депутаттар өлкөбүздү ар тараптан өнүктүрүүдө салым кошпостон, тескерисинче артка тартып жатат деген пикирлер арбын эле. Ошондон улам, өткөн жылы биринчи жолу партиялык системанын негизинде парламенттик шайлоо болду. Андан бери бир жылга чукул убакыт өтүптүр. Кана өнүккөнүбүз, жаңы шайланып келген депутаттар бир нерсени кыйраттыбы? Тескерисинче, "мүйүздүү болобуз деп кулагыбыздан айрылдык". Мамлекетибизде үй-бүлөлүк башкаруу күч алып, тамак-ашка болгон баалар асмандап, энергетикалык кризиске тушуктук. Элибизди жакырчылыктын сазына батырып, бүгүнкүдөй оор кырдаалга кептегени үчүн, бүгүнкү бийлик жооп бере турган мезгил келди.
Башта баса белгилегендей, өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун алдында бийлик күчкө салып, адамдардын көпчүлүгүн зордук-зомбулук менен "Ак жол" партиясына мүчөлүккө өтүүгө аргасыз кылган. Өз оюн ачык айтып, акыйкаттыкка умтулган адамдарды уруп-сабаган учурлары да кездешти. Ушу жерде бийлик бир нерсени түшүнбөй жатат. Биз илим-билимдин, илимий техниканын өнүккөн доорунда, тагыраагы, XXI кылымда жашап атабыз. Бул коомдо коркутуп-үркүтүп, зордук-зомбулук менен бирөөнүн пикирин башка бирөөгө таңуулап жашаганга болбойт. Элге биринчиден токчулук, анан калыс башкаруу керек. Бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгын көздөп жашаганга мүмкүн эмес. Канчалык күчкө салган сайын жер-жерлерде ошончолук кыжырлануулар пайда болууда. Бизге адамдар ар кандай маанайда келишет. Кээ бирлери айтат: "Радикалдуу кадамдарга барышыңар керек" деп. Эгерде, Акүй биздин мындай мамилебизди түшүнбөй, мындан кийин деле өзүм билемдик саясатын жүргүзө берсе, ага эчким чыдабайт.
- Оппозиция бийликке убакыт берди, алды-артын карап, оң жолго түшүшү үчүн. Бирок, аткаминерлер: "Карапайым калк дале болсо чыдай берет да. Булардын (оппозициянын) колунан эмне келмек эле?.." деген ойго келсечи?
- Кыргыз - байыркы эл. Абалтан калыс башкарууну ыйык тутуп, намысты бекем кармап, ынтымак-ырашкерликти туу тутуп жашап келгенбиз. А бүгүнкү күндөгү жашоо картинабыз кандай? Коррупция, криминал күчөгөндөн күчөп, Акүй билермандары одоно каталарды кетирүүдө. Алардын айткан сөзү менен кылган иши айкалышпай калды. Эсиңиздерде болсо керек, 2007-жылдын октябрында Президентибиз нан маселеси боюнча жыйналыш өткөргөнү. Ошондо Ысык-Көл облусунун губернатору Исаев ажосуна жагыныш үчүн, ойда кошоматтанган эле. Ал кезде бир мүшөк ундун баасы 1200 сомдон жогору эле, а Исаев болсо ундун мүшөгү 650 сом турарын айтып, "беш өрдөгүн учурган". Президент а кишинин сөзүн колдоп, жыйналышты андан ары күпүлдөп уланткан. Минтип Президентти, элди алдаганы үчүн Исаевди жоопкерчиликке тартыш керек. Ушуга окшогон кошоматчылардын айынан экономикабыз өнүгө албай атат, бийлик уят болуп атат.
Германияга дарыланууга кетээрдин алдында Президент ноябрь айынан баштап светти байма-бай "жалпайтуу" кайталанбастыгын убада кылган. "Жарыгыбыз өчпөйт экен, буйруса" деп эл ичинен кудуңдаган. Кана эми ошол убаданын аткарылганы? Айрым региондордо жарык суткасына 4-5 саат эле берилип жатат. Деги биз кайсы доордо жашап атабыз? Балкыбековду жумуштан алып, анын ордуна убагында коррупцияга аралашып, темир тордун ары жагына отуруп келген адамды дайындады? Ушундай адамга энергетика тармагын ишенип тапшырууга болобу? Давыдов өлкөбүздү энергетика кризисинен сууруп чыгып, оң жолго саларынан үмүт жок. Мурда энергетика тармагын башкарган, азыркы премьер-министр И.Чудиновду дагы жоопко тартыш керек.
Чет өлкөдөгү досторум: "Ушундай жакшынакай мамлекетте жашайсыңар, болгону 5 млн. калкыңар бар. Силер бири-бириңерди өңүнөрдөн эле таанысанар керек" деп тамашалап калышат. Анын сыңары, алакандай элибизди эч нерседен кем кылбай багып алууга мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. КТРден канчалык элибиз жыргап жашайт деп макташпасын, анын баары куру сөз, карандай калп экенин барыбыз түшүнөбүз. Азыр эл коррупциянын башында кимдер тураарын, алар кандай ыплас иштерди жасап жаткандыгын жадыбалдай жатка билишет.
- Оппозиция лидерлери биригип, меморандумга кол койду. Дегеле бүгүнкү оппозиция саясый абалды ондоп, келечекте Кыргызстанды алдынкы мамлекеттердин катарына кошот деп ишенсек болобу?
- Албетте, алдын-ала: "Мындай болот" деп убада берген туура эмес. Ошентсе да, бардык оппозициялык күчтөр бириксе, келечекте Кыргызстанда чоң өзгөрүүлөр болот. Ушул убакка чейин оппозициялык топтор арасында саясий туруксуздук орун алып келди. Ошондуктан, учурдагы оппозиционерлердин көпчүлгү "саясый сойкулукка" барбайт деп ишенем. Бул кыргыз саясат айдыңы өнүгүп-өсүп баратканынан кабар берет. Акыркы мезгилде болуп жаткан саясий окуялар биздин саясатчыларыбызга чоң сабак болду. Оппозициянын атын булгабаганга аракет жасап, ар кандай мүчүлүштүктөргө жол бербөөгө аракеттенебиз. Оппозиция лидерлери бийликке сатылбоо боюнча ант бергенбиз, анын жыйынтыгы катары өткөн жумада өткөн Элдик Курултайды айтсак болот.
- Президенттик шайлоого 1,5 жыл калды. Ал кандай өңүттө өтөт деп ойлойсуз?
- Алдын ала божомолдош кыйын. Эгерде, ага чейин Президентибиз кетирген кемчиликтерин моюнуна алып, саясий кырдаалды жөнгө салып, натыйжалуу жыйынтык чыгарса, кеп башка. Ал эми азыркыдай абал өрчүй бере турган болсо, келечектеги шайлоодон деле жакшылык күтүп болбойт. Анткени бийлик өз каалаганын кылат, фальсификацияга барат. Бирок, биз келерки Президенттик шайлоодо мындай көрүнүштөргө жол бербейбиз. Себеби, коомчулукта айыл жергесинде дагы адамдар келе жаткан шайлоолорго кайдыгер карашпайт го деп ойлойм, өз добуштарын татыктуу коргой алышат. Эң негизгиси элибиз бышып жетилип калды, кайдыгерликтен арылып баратабыз, кимдин ким экенин билип, саясатка терең анализ жасаганды үйрөнүп калышты. Баары бир чындык жеңет.
- Учурда кайсы саясий партиялар менен кызматташып, бирге иш алып барып жатасыздар? Анын ичинде өлкөбүздөгү эң ири партиялардын бири болгон "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясына сиздин көз карашыңыз кандай?
- Ооба, жалпыга белгилүү болгондой мамлекетибизде белгилүү "Ата Мекен", "Ак шумкар", СДПКга окшогон партиялар менен бирге иштешип жатабыз. Ал эми "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын башкы катчысы болуп генерал Исмаил Исаков келгенден баштап, партия жандана баштады. Биз тараптан дагы генералга чоң ишеним артып, бирге иштешүүгө бел байлап турабыз. Учурда, келечектеги иш пландарыбызды тактоо максатында ар кыл сүйлөшүүлөр болуп жатат.

Маектешкен Раиса Дүйшөнбекова




 ?Кайрымдуулук

Роза эже майыптарга мээримин төгөт
Эл аралык майыптар күнүнө карата "Сейтек" республикалык балдар жана жаштар борборунда 2-декабрда майып балдар арасында, ал эми 3-декабрда майып адамдар арасында онунчу өздүк-көркөм чыгармачылык фестивалынын, прикладдык искусствонун жана спартакиаданын конкурсунун жыйынтыгын чыгаруу салтанаты болуп өттү. Бул иш-чарага майыптардын 36 коомдук уюмунан 2000ден ашык майыптар келди.
Майыптардын коомчулук менен байланышын бекемдөө, алардын ишмердүүлүгүн жана турмуштагы активдүүлүгүн өнүктүрүү максатында Роза Исматовна Соромбаева жетектеген Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тогуз жылдан бери эл аралык майыптар күнүнө карата өздүк-көркөм чыгармачылык фестивалын, прикладдык искусствонун жана спартакиаданын конкурсун өткөрүп келаткандыгы жалпыбызга маалым. Мындай саамалыкты борбор шаарыбызда жашап жатышкан майып балдар менен майып адамдарды социалдык жактан коргоо облусунда социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жасап жаткан иштин натыйжасы деп билишет.
Эл аралык майыптар күнүнө арналган бул иш-чарага фестивалга жана спартакиадага катышып келишкен 600 майып балага жана 750 майып адамдарга бир жолку материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Дайыма коштоп жүрүүчү майып адамдар үчүн майыптык коляскалар берилди. Гала концертте фестивалдын, спартакиаданын жана конкурстун жеңүүчүлөрү дипломдор, грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Ушул күнү шаардын төрт районунда майыптар үчүн кайрымдуулук түшкү тамактандыруу да уюштурулду.
Бүгүнкү күндө майыптар проблемасы эң көйгөйлүү маселелердин бири болгондуктан, алардын турмушта, коомдо алган ордуна Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Роза Исматовна Соромбаева чоң маани берип, бардык группадагы майыптарга гумандуу мамиле жасап, дайыма көңүл борборуна алып, майыптарга энелик мээримин төгүп, даректүү социалдык жардамдарды берип келүүдө.
Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы калктын бул категориядагы катмарына даректүү социалдык жардам көрмөтүүнүн бир канча түрүн берүүдө. Алсак, үстүбүздөгү жылдын он айында 2489 майып адамга дарылоого жана дары дармектерди алууга, электр энергия, газ жана коммуналдык төлөмдөрүн жоюу боюнча материалдык жактан жардамдарды берип, 94 адамга бекер протез тиш салынып, 20 адам майыптык коляска, Улуу Ата Мекендик согуштун 3 майыбы угуучу аппарат менен камсыз болгон. Авто унаасы бар 1-2 группадагы 270 майып адам, согуштун катышуучулары ай сайын бензинге жеңилдетилген талон алышат. Бүгүнкү күндө төшөктө жаткан 794 майыпты социалдык кызматкерлер үйүндө тейлешет. Ал эми 1200 майыпка мончодон жана чач тарачтан кызмат көрсөтүлгөн. 184 майыпка үйүндө түшкүсүн ысык тамак жеткирип берүү уюштурулуп, 2008-жылкы кышкы сезондо 1129 майыпка көмүр алууга талон берилген. Ай сайын шаардагы 80 карыган адамдар жана майыптар "Ардагер" пансионатында ден соолуктарын чыңдап, эс алып турушат.
Мыйзам чегинде каралган нормативдик-укуктук документтердин негизинде ордо калаабызда жашаган майыптарга мындай даректүү жардамдар берилип, бул багытта алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгы - Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Роза Исматовна Соромбаеванын майыптарга көргөн энелик камкордугу болуп саналат.
Республика боюнча бир гана Бишкек шаарында 1996-жылдан бери турак-жай субсидиясы борбору иштеп келе жатат. Мындан турак-жай-коммуналдык төлөмдөргө субсидия түрүндө 2380 майып социалдык жардамдарды алышат.
Бүгүнкү күндө майыптарга мына ушул сыяктуу даректүү социалдык жардам көрсөтүүнүн спектри дагы кеңейүүдө. Мындай бараандуу иштер Роза Исматовна Соромбаеванын майып балдарга, майып адамдарга көргөн камкордугу, дегеле улуу муундун өкүлдөрү болгон ардагер ата-энерлерге болгон терең урматтоосунун чоң белгиси болуп эсептелет.

Данияр Шабданов