"Жаўы кылым", 04.12.08 - 15-бет:
  Турмуш

Үй-бүлөлүк ажырашуу эмнеден келип чыгат?
Азаптанбы? Кызганычтанбы? Жокчулуктанбы?
Атаганат турмуш дегениң күндөн-күнгө кыйындап баратат. Азыр кай жерге барба карапайым калктын кабыргасын кабыштырган кымбатчылык нерседен кутула албайсың. Жүрөгүңдү миң алакетке салып түйшөлткөн мындай турмуш элеги адамдардын психологиясына да терс таасирин тийгизип, үй-бүлөлүк жашоодо да жубайлар ортосунда доо кетирип ар кандай чыр-чатак себептерден улам ажырашууларды алып келип жатпайбы. Деги эле бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк очоктун бузулушу, башкача айтканда жубайлар ортосундагы ажырашуулар эмнеден келип чыгат?-деген суроолор менен айрым адамдарды маекке тарткан элек. Эмесе сөзгө кезек берели.

Зульфия, 19 жашта. Көркөм сүрөт академиясынын студенти:
- Менимче ажырашуу бул эки жубайдын бири-бирин сыйлабагандыктан келип чыгат болуш керек. Экөө бири-бирин сыйлабай дайым эле тил кайрашып турушса кайдагы үй-бүлөлүк ынтымак болмок эле. Өздөрүн сыйлашпаса анда эмне экөө кайын журттарын сыйламак беле. Дегинкисин айтканда эки жубай кандай шартта болбосун бири-бирине туура түшүнүп, өйдөдө өбөк - ылдыйда жөлөк болуп турса ошол үйдө дайыма береке, кут өнүп, ынтымактуу жашоо уланат болуш керек.
Бакыт, 32 жашта,
күзөт кызматкери:
- Бүгүнкү күндөгү үй-бүлөлүк очоктун бузулушунун негизги себеби бул жетишпеген оокаттын айынан келип чыгат. Буга өлкөбүздөгү жумушсуздуктун азабы чоң кедергисин тийгизип жатпайбы. Азыр көпчүлүк жаштар жумушсуз. Ошонун кесепетинен ар кандай оор кылмыштар күн санап өсүп, көпчүлүк жаштарыбыз күлгүндөй жаштыгын темир тордун артында өткөрүп жатышпайбы. Иштесең да алган маянаң жарыбаган айлык болсо ары тартсаң ары жакка, бери тартсаң бери жакка жетпеген бул заманда үй-бүлөдөгү чыр-чатак ушундан чыгат да. Ошондон улам жубайлар ортосунда ажырашуу пайда болот. Мен деле келинчегим экөөбүз эптеп оокат кылып жатабыз. Албетте казан-аяк кагышат дечи, бирок эң башкысы түшүнүү менен мамиле кылыш керек. Эч нерсеге жетпей жатабыз деп эле очокту бузуп ажырашып кетиш туура эмес. Ошондуктан орустар "Развод - это семейная трагедия" деп бекеринен айтышпаса керек. Негизгиси келечекке туура багыт алып ар кандай оор кырдаалда туруктуулук менен жеңе билиш керек. Ошондо гана үй-бүлөдө ынтымак болуп, эки жубай бактылуу өмүр сүрөт.
Бектурган, 46 жашта, куруучу:
- Ажырашуу жөнүндө сөз болсо эле менин башыман өткөн турмушум эске түшөт. Мен биринчи никедеги келинчегим экөөбүз ажырашып кеткенбиз. Ортодо эки балабыз бар. Келинчегим экөөбүз ажырашалы деген деле оюбуз жок болчу. Бир күнү төркүнүнө жумуштап кеткен. Анын эртеси келип эле мен кетем, эртең байкем менен жеңем алып кетет деп калыптыр.
- Ой, эмне болду сага, жылан чакпай, жылкы теппей,-десем ыйлап эле эч нерсе деп жооп кайтарган жок. Эртеси иштен келсем байкеси келип көчүрүп кетиптир. Аңгыраган бош бөлмөнү көрүп абдан зээним кейиди. Ошондон туура бир ай убакыт өткөндөн кийин кайындарыма бардым, эмне болгонун билейин деп. Барсам эле кайын агам менен жеңем ар кайсыны айтышып, сөз жолотпой коюшту. Ушинтип эле эч нерсеге жетпей жүрүп өмүрүңөр өтмөк беле, андан көрө эртерээк ажырашып алгыла дешти. Ой азыр ушул заманда бирөө бирөөнө сын тага турган убакпы, баары эле эптеп оокат кылып жатышпайбы,-десем, кайра ажылдап беттен алышты. Сен күпүлдөтүп акча таппасаң же колуңда эч нерсе жок болсо дешип зээнди кейиткен сөздөрдү айтышты.
- Андай болсо кызыңарды бардар жерге турмушка бергиле,-дедим да эшикти тарс жаап чыгып кеттим. Бул жерден мен эмнени айтайын дедим эки жаштын очогунун бузулушуна кээ бир учурларда кайын журттун кийлигишүүсү, түшүнбөстүгү да терс таасирин тийгизет турбайбы. Ошондуктан кайын журт тараптан да эки жашка болгон жакшы ой тилек айтылып, кичине колдоо көрсөтүлүп турса үй-бүлөлүк жашоого да жакшы өбөлгө түзүлөт болуш керек.
Жамила, 49 жашта,
үй кожейкеси:
- Ажырашуу менимче эки жубайдан гана эмес, кээ бир учурларда келин менен кайнененин пикир келишпестигинен улам да келип чыгат. Мен бир мисал айтайын, менин жаш кезимде айылдык кошунам Бактыкан аттуу кемпир бар эле. Көзү өтүп кетти раматылык. Жер жамандап барбасын. Ошолордун үйүндө дайыма эле чыр-чатак болуп турчу. Көрсө Бактыкан апа ар кайсыны айтып, жамандап отуруп келиндерин балдарына сабатып койчу экен. Ошонун айынан уулдары эки-үчтөн аял алганга жетишишти. Бул жерден эмнени айтсам "келин жаман эмес, келиндин келген жери жаман" деген таамай айтылган сөз бар кыргызда. Келин жаңы бүлөгө кошулганда жаңыча шартка көнө албай кыйналат эмеспи. Ошондо биринчиден ага "андай экен, мындай экен" деп сындын элегинен өткөзбөй моралдык да материалдык да колдоо көрсөтүш керек. Убагында кайын журттун кылган мамилесине кийин келин да туура түшүнүп, анан аларга да ошондой мамиле кыла баштайт. Ошондо гана жубайлар ортосунда түбөлүктүү, бактылуу жашоо уланат деп ойлойм.
Элмира, 52 жашта,
маданият кызматкери:
- Ажырашуу жөнүндө көп эле мисалдарды келтирсек болот. Мисалы, жөнү жок кызганычтан, эркектердин кызуу кандуулугунан да келип чыккан учурлар болот. Келинчегин жөнү жок жерден эле кызганып, ур-токмокко ала берсе андай жашоонун кимге кереги бар. Алдына алтын төшөп койсо да тескери карап басып кетишет да. Адам эч убакта келечек тагдырын, абийирин убактылуу келген акчага, байлыкка алмаштырбайт да. Ошондуктан үй-бүлөлүк коломтонун бузулушуна жогоруда келтирилген мисалдар толугу менен жооп берет деп ойлойм.
Жазып алган
Кубат Жакып уулу




?Биринчи байлык - ден соолук
Керемет жашоого кеңештер
1. Дене көнүгүүлөрүн жасоого дайыма 15 мүнөтүңүздөрдү бөлүп коюу керек. Йогдордун бир нече көнүгүүлөрүн үйрөнүп алуу анчалык деле кыйынчылыкка турбайт. Күн сайын өтүп турчу мындай көнүгүүлөр сизге чың ден соолук жана узун өмүр тартуулайт. Ушундай ыкмага көчүп алсаңыз, сизге эч кандай таблеткалардын кереги жок болуп деле калат.
2. Көнүгүүлөрдү жасап жатып эч качан чаташа көрбөгүлө! Ички жан дүйнөңүздөр дайыма жайдары жана токтоо болушуна жетишиңиз. Көнүгүүлөрдү жасап жатканда эриндериңиз жылмайыңкы болуп туурусу зарыл. Бул сизге чың ден соолук, сымбат жана узак өмүр тартуулайт.
3. Көнүгүү болбосо - тамак да болбойт!-деген девиздин астында жүрүүңүздөр эп.
4. Тамактануу - регулярдуу болушу лаазым. Дайыма жаратылыштын түркүн чакырыктарына өз убагында жооп берип турууга үйрөнүңүз.
5. Эгер тамак жегиңиз келбесе, анда жебей эле коюңуз.
6. Чай, кофе, тамеки сыяктуу жана башка "слабителдер" коркунучтуу.
7. Түнкүсүн тамак ичпеңиз, күндүзү уктабаңыз. Бул - ичти катырат.
8. Эгер сиз тамак жесемби же жебесемби деп олку-солку болуп турсаңыз, анда - тамактанбай эле койгонуңуз оң. Ошондой эле дааратканага барыш керекпи же барбай эле койсомбу деп ойлонуп отурбай эле жөнөш керек! Мына, ден соолуктун, бакты-таалайдын жана узун жашоонун алтын ачкычы!
9. Өтө жай, шашпай отуруп тамактаныңыз жана тамактануу учурунда суу ичпеңиз. Тамактануудан кийин бир саат өткөндөн кийин гана суусунуңузду кандырыңыз, баарынан да тамактанаарга чейин ичип алганыңыз оң.
10. Ар бир кесим тамакты 32 жолу чайнап, анан жутуу керектигин эсиңиздерден чыгарбаңыздар.
11. Куурулган тамактарга, ашыра кайнатылып кеткен, көгөргөн, өтө ысык же өтө муздак жана оор тамактарга жакын болбоңуздар.
12. Эч качан тамакты ачууланып отуруп жебеңиз. Ошондой эле өтө кир, ыплас жерде жегенге да болбой тургандыгын эсиңизден чыгарбаңыз.
13. Тамактанып бүткөн соң курсагыңызды сылап ары-бери жайбаракат бассаңыз тамак сиңимдүү болот.
14. Тамакка караганда жан дүйнөңүз жайында болуп, духовный жактан көтөрүңкү маанайда болуп жүрүү - ден соолукка жакшы таасирин тийгизип, күч, энергия, бак-таалай жана узун өмүр тартууларын билиңиз.
Эмесе, керемет жашоонун даамын сезгиңиз келсе, керексиз адаттардан оолак болуңуз!




Эң керектүү кыргызга - эт менен жумуртка
Кыргыз эли кылымдар бою эт, кымыз менен ден соолугу чың эл болуп келишкен деп айтышат. Балким, ал өткөн кылымдарда ошондой болгондур. Ал эми бүгүнкү адамдар этти кандай өлчөмдө жесе болот деген суроого медициналык жактан жооп алгыңыз келеби?

Илимпоздун айтуусу боюнча, бир жумада 3-4 жолу эт жеп туруу ылайыктуу. Эт толук кандуу белоктордун булагы болуп эсептелет, анан да бул белоктор организмге 94-97% сиңимдүү келет. Бирок, экинчи жагынан эт организмди уулантуучу да касиетке ээ экендигин унутпоо керек. Эт сиңгенден соң, акыркы пайда кылган заты -сийдик кислотасы да. Муундарда туздардын, бөйрөктө таштардын пайда болушу да эттен келип чыгат. Булар өз кезегинде подагра деген ооруну пайда кылат. Андыктан этти балык менен алмаштыруу максатка ылайык.
Эт сыяктуу жумуртка дагы белокторго бай келет эмеспи. Андыктан, күнүнө бир жумурткадан жеп турса ден соолукка жакшы таасирин тийгизет. Атеросклероз менен жабыр тарткандар жумасына 2-3 гана жумуртка жеш керек. Ал эми таптакыр жумуртка жебегендер кызыл жүгүрүк (ревматизм) оорусунан жапа чегери илимий негизде далилденген.
Бирок, сальмонеллезден сактануу үчүн бышырылбаганын жебеш керек. Ун, сүт ар түрдүү жашылчаларды кошуп омлет даярдаса андан жакшы. Апалар жасаган куймактын даамы алигиче таңдайдан кетпейт. Ошондой эле шорпо бышып калган маалда жумуртка чалып жиберсе андан жакшы.
Кандай гана жумуртка болбосун, адамдын организмине зарыл белокторго бай келет. Акыркы кездерде бөдөнөнүн жумурткасы жөнүндө өзгөчө белгиленип келет. Страустун жумурткасы да аябай бааланат. Ошондой эле балыктын жумурткалары - икра дагы ошондой эле баага татыйт. Эмнеси болсо да, эт менен жумуртка организмге эң керектүү белокторго бай. Албетте, азыркы экономикалык кыйын кырдаалда эт менен жумуртка дайыма эле кол алдыңда боло бербегенин кимден жашырабыз. Антсе да, анча-мынча таттуу-маттуулардан баш тартып, ошондой эле кызыл-жашыл чүпүрөк-чапырыктарды азайтып эт менен жумуртка алууга акча арттырганыңыз оң. Өзүңүздү ойлобосоңуз дагы, балдарыңыздын жаңыдан өсүп келаткан жаш организми буга муктаж экенин унутпаңыз!

Даярдаган Н.Бөдөшова




Түгөйдү кантип тандап алса болот?
Кылыктануу - сүйүү оюнунун искусствосу, бири-бирине көңүлкош эмес эки адамдын жан дүйнөсүнүн бетме-бет келүүсү. Жөнөкөйлөтүп айтканда ал ушул кылыктануу аркылуу кыз же жигит келечекте өзүнө татыктуу түгөй таап алса болот экен. Кантип?-деген суроого психологдор сунуштаган төмөнкү жол-жоболор жооп бермекчи.

Биринчиден, өзүңүзгө жаккан же жакшы тааныш адамды иштеген же окуган жериңизден же болбосо башка чөйрөдөн "объект" катары тандап алууңуз зарыл.
Албетте ал бул тууралуу шек албашы керек.
Экинчиден, алгач таасирлүү көз караштан баштаңыз. Бир күндө бир канча жолу аны табышмактуу көз караш менен карай бериңиз.
Үчүнчүдөн, жогорку натыйжага ээ болгондон кийин тактиканы өзгөртүңүз. Эми анда-санда гана карап, а түгүл айрым учурларда ага атайлап эле бетме-бет келе калып, көздөрдүн тиктеше калуусуна жол берүүгө аракеттениңиз. Ушундан кийин ал дагы сөзсүз түрдө сизге кызыгып көз сала баштайт.
Төртүнчүдөн, калган убактыңызды текке кетирбей, ага комплимент айтуунун жолун издей баштаңыз. Себеби, сиздер ага чейин таанышасыздар да.
Мисалы жигитке:
- Кечээ мен сиздин биздин шеф менен болгон диалогуңузду кокусунан угуп калдым. Сиз ушунчалык уккулуктуу жана таасирдүү сүйлөдүңүз. Же болбосо, - Сиздин сабакты өздөштүрүүңүзгө биздин курстун студенттеринин бири да тең келе албайт. Же болбосо, галстугун же кийген кийимин мактаңыз.
- Ах, сиздин галстугуңуз, кийген кийимиңиз өзүңүзгө куп гана жарашып турарын айтып сизди айланадагылардын баары суктанып карашкандай түр көрсөтүңүз.
Ал эми кызга болсо:
- Бүгүн күндөгүдөн да абдан сулуу көрүнүп жатасыз.
- Кийген көйнөгүңүз абдан жарашыктуу экен. Дагы ушул сыяктуу комплименттерди айтсаң болот.
Бешинчиден, ал сизге абдан кызыга баштаган соң, күтүүсүздөн ага болгон кызыгууңузду жоготкондой түр көрсөтүңүз. Мурункудай көп карабай, сүйлөшпөй өзүңүздүн "көңүл коштугуңузду" байкатыңыз. Бирок бул бир аз гана убакытка чейин созулушу керек.
Алтынчыдан, ушундан кийин оюн кайра башталат. Сырдуу көздөрүңүздү, ошондой эле акылыңызды, адамдык жакшы сапаттарыңызды колдонуп, ар кандай комплименттер менен чабуулга өтүңүз. Ошондуктан кымбаттуу окурман, кыскасы аталган ушундай кызыктуу жол-жоболордон кийин гана өзүңүз каалаган адамыңыз менен толук жакындашууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, келечекте өзүңүзгө жаккан эң татыктуу түгөй таап алсаңыз болот экен.

Даярдаган
Кубат Жакып уулу