Финансы министрлигинде

Инфраструктуралык кызматтарга 30 млн. доллар
24-ноябрда министрликте Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда "Калктуу пункттар деңгээлинде инфраструктуралык кызматтарды берүү - Кошумча" долбоору боюнча гранттык макулдашууга кол коюлду.
Аталган банк бул долбоорду жүзөгө ашырууда 30 млн. доллар өлчөмүндө грант бөлүп жатат.

Бишкек - Торугарт долбооруна 20 млн. доллар
24-ноябрда министрликте Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Транспорттук коридор - 1 ЦАРЕС (Бишкек-Торугарт жолу)" долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду. Долбоорго ылайык банк аны жүзөгө ашыруу үчүн 20 млн. доллар өлчөмүндө грант бөлөт. Узундугу 539 чакырым болгон Бишкек-Торугарт автомобиль жолу Чүй, Ысык-Көл жана Нарын областтарынын аймактарынан өткөрүп жана Кыргыз Республикасы аркылуу Казакстан менен Кытайдын байланышын камсыз кылып турган өлкөнүн негизги транспорттук магистралдарынын бири болуп саналат. Жол андан ары Кара-Корум шоссеси боюнча Пакистанга жана Индияга жетүү менен деңиз портторуна чыгат. Бул автожолдун абалын жакшыртуу боюнча чаралар Борбордук Азия регионундагы регионалдык кызматташууну өнүктүрүүдө приоритеттүү болуп саналат.

Көңүл бургула, конкурс!
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасында Мамлекеттик кызматтын административдик мамлекеттик бош кызматты ээлөөгө конкурс өткөрүү жөнүндө жобого ылайык төмөнкү бош административдик мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө конкурс жарыялайт:
o Чүй областынын Чүй райондук финансы бөлүмүнүн начальниги,
o Чүй областынын Ысык-Ата райондук финансы бөлүмүнүн начальниги,
o Чүй областынын Панфилов райондук финансы бөлүмүнүн начальниги,
o Чүй областынын Сокулук райондук финансы бөлүмүнүн начальниги,
o Жалал-Абад областынын Майлы-Суу шаардык финансы бөлүмүнүн начальниги,
o Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаардык финансы бөлүмүнүн начальниги,
o Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо райондук финансы бөлүмүнүн начальниги,
o Ысык-Көл областынын Ысык-Көл райондук финансы бөлүмүнүн начальниги,
o Ысык-Көл областынын Ак-Суу райондук финансы бөлүмүнүн начальниги,
o Нарын областынын Ат-Башы райондук финансы бөлүмүнүн начальниги,
o Баткен областынын Сүлүктү шаардык финансы бөлүмүнүн начальниги,
o Баткен областынын Баткен райондук финансы бөлүмүнүн начальниги,
o Бишкек шаары боюнча казыначылыктын Ленин регионалдык бөлүмүнүн башчысы,
o Бишкек шаары боюнча казыначылыктын Биринчи Май №1 регионалдык бөлүмүнүн башчысы,
o Жалал-Абад областынын Ала-Бука регионалдык казыначылык бөлүмүнүн башчысы,
o Жалал-Абад областынын Токтогул регионалдык казыначылык бөлүмүнүн башчысы,
o Жалал-Абад областынын Сузак регионалдык казыначылык бөлүмүнүн башчысы,
o Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаардык регионалдык казыначылык бөлүмүнүн башчысы,
o Нарын областынын Ак-Талаа регионалдык казыначылык бөлүмүнүн башчысы.
Казыначылыктын райондук, шаардык регионалдык бөлүмдөрүнүн башчыларынын функционалдык милдеттери:
- Бюджеттердин ортосунда кирешелерди бөлүштүрүүнү белгиленген нормативдеринин сакталышына жана аларды өз убагында тиешелүү бюджеттерге которулушуна, бюджеттик мекемелеринин чыгымдарын бекитилген чыгымдар сметаларынын жана казыначылыктын процедураларына ылайык иш жүзүндө келип түшкөн акча каражаттарынын чектеринде которулушуна контроль, мамлекеттик бюджетти аткаруу боюнча кирешелер жана чыгашалар операцияларын каттоону жүргүзүү, жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына контроль жүргүзүү, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн аткаруу жөнүндө отчетторду түзүү.
Райондук, шаардык финансы бөлүмдөрүнүн начальниктеринин функционалдык милдеттери:
- райондун, шаардын бюджетинин прогноздук көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу;
- райондун, шаардын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет түзүү;
- берилген бюджеттик ссудалардын өз убагында кайтарылышына контролду жүзөгө ашыруу;
- жергиликтүү кеңешке бюджетти сунуш кылуу;
- бюджетти аткаруу жөнүндө отчетту даярдоо.
Квалификациялык талаптар:
жогорку экономикалык билим, тиешелүү тармактагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, мыкты аналитикалык жана уюштуруучулук жөндөм, башкаруу тажрыйбасы, компьютерде иштөөнүн жакшы тажрыйбасы, төмөнкү кызматтардагы бир жылдан кем эмес мамлекеттик кызмат стажы же адистиги боюнча үч жылдан кем эмес иш стажы.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди сунуш кылуу зарыл:
Жеке арызы, кадрларды каттоо боюнча жеке баракча (сүрөтү, байланыш телефондору ж.б. менен), паспортунун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келген учурда көрсөтүлөт), өмүр баяны, резюме (кошумча маалыматтар), кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (билими жөнүндө квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө документтердин, эмгек китепчесинин нотариус же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүргөн көчүрмөсү).
Конкурс Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык өткөрүлөт.
Бош кызмат орундарына конкурска катышуу үчүн документтерди 2008-жылы 10-декабрына чейин Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58 дареги боюнча №107 кабинетке (персонал менен иштөө боюнча бөлүмгө) тапшыруу зарыл.
Маалыматтар үчүн телефондор: 62-66-63, 66-71-61.
Функционалдык милдеттер жана башка бош кызмат орундары жөнүндө маалымат www.minfin.kg , www.csa.gov.kg сайттарында жана
"Мамлекеттик кызмат жана карьера" жумалыгында.




2008-2009-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө
Ички дүң продуктысынын күтүлгөн көлөмү 164,9 млрд. сом деп болжолдонулууда. 9 айдын жыйынтыктары боюнча ИДПнын өсүшү 6,6%ды түздү. Мында өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү - 8,6%, кызматтардыкы -10,3%, айыл чарбасыныкы - 2,2%. 2008-жылга инфляциянын күтүлүп жаткан деңгээли 20,0%ды (прогноздун алкактарында салыштырмалуу 12-15%) түзөт.

Инфляциянын динамикасы акчаларды сунуш кылуунун, рыноктордогу товарларга жана кызматтарга ички суроо-талаптын өсүшүнүн таасиринин, ошондой эле айыл чарба продукциясына баалардын сезондук чайпалуусунун, тарифтик жана бюджеттик саясаттардын топтоштурулган таасири менен аныкталмакчы.
2008-жылга бюджеттин сунуш кылынуучу долбоорунда республикалык бюджеттин кирешелери расмий трансферттер менен бирдикте 39 935 млн. сом каралууда.
Республикалык бюджеттин салык кирешелери 30 979,8 млн. сом каралууда жана ал бюджеттин такталган долбооруна салыштырмалуу 44,5 млн. сомго көбөйтүлгөн. Бул өзгөртүүлөр "Алькантра-трейдинг" ЖЧКсынан бир жолку иш жүзүндө түшүүлөр, дүйнөлүк финансылык кризистин таасири астында экономикалык кырдаалдын өзгөрүүсүнө байланыштуу салык кызматкерлери жыйнаган салыктардын төмөндөшү менен шартталган. Андан тышкары кошумча наркка салыкты 12%га чейин төмөндөтүү каралган жаңы Салык кодексин кабыл алуу үстүбүздөгү жылдагы салык алынуучу импорттун төмөндөөсүнө алып келүүсү мүмкүн. Ошондой эле алыскы чет өлкөлөргө айрым товарларды экспорттоо иш жүзүндө токтоп калгандыктан, аларга экспорттук бажы төлөмүн төмөндөтүүгө (бюджетте 100,3 млн. сом каралган) да байланыштуу.
Республикалык бюджетке салыктык эмес кирешелер 703 млн. сомго көбөйтүлгөн же 7 857,7 млн. сом каралган. Салыктык эмес кирешелердин көбөйүшү негизинен төмөндөгүлөрдү көбөйтүүгө байланыштуу:
- берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча проценттердин -42,1 млн. сомго;
- атайын каражаттардын суммаларынын - 581,3 млн. сомго;
- сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн акыларды - 18 млн. сомго;
- башка салыктык эмес төлөмдөрдү - 12,6 млн. сомго.
Андан тышкары республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелеринин көлөмдөрүн көбөйтүү KFW кредити боюнча үстөк пайыздарды төлөөдөн келип түшүүлөрдү 92,2 млн. сом суммада көбөйтүүгө байланышкан.
Бюджеттин ресурстук бөлүгүндө төмөндөгүдөй түшүүлөр:
- мамлекеттик казыначылык векселдерин сатып өткөрүүдөн түшкөн каражаттар - 600 млн. сом;
- бюджеттик ссудалар жана чет элдик кредиттер боюнча негизги суммаларды төлөө боюнча каражаттар - 105,1 млн. сом;
- "Центерра Голд Инк." Компаниясынын каражаттары - 224,4 млн. сом.
Иш жүзүндөгү отчеттук мезгилде келип түшүүлөрдүн негизинде Өнүгүүнүн эл аралык ассоциациясынын "Жеке менчик ишканаларды колдоо" кредити боюнча 155,9 млн. сом суммадагы, "Дебра" кредити боюнча 6,9 млн. сом суммада, жыштыктарды пайдаланууга укуктарды сатуу боюнча - 40 млн. сом суммада жана Тажикстан Республикасынын мамлекеттик карызын жабуу боюнча - 11,4 млн. сом суммадагы келип түшүүлөр камтылган.
Андан тышкары иш жүзүндөгү келип түшүүлөрдүн негизинде мамлекеттик башкаруудагы структуралык кайра түзүүлөргө кредиттин суммасы - 48,6 млн. сомго көбөйтүлгөн.
Каражаттардын келип түшүшүнө байланыштуу Азия өнүктүрүү банкынын "Бишкек-Георгиевка" долбоорунун алкактарында 430 миң доллар өлчөмүндөгү кредити боюнча келип түшүүлөр киргизилген.
Бюджеттин ресурстук бөлүгүнө Бишкек шаарынын бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча республикалык бюджетке карыздарын жабуунун эсебинен 236,6 млн. сом өлчөмүндө жергиликтүү бийлик органдары тарабынан бюджеттик ссудаларды жабуу боюнча төлөмдөр кошулган.
Республикалык бюджеттин чыгымдары 44 962,4 млн. сом сумманы түзөт, бул бекитилген бюджеттен (45 475,2 млн. сом) 512,8 млн. сомго аз.
Бюджеттин тартыштыгы 3 024,2 млн. сом сумманы түзөт, бул такталган бюджеттен 352,5 млн. сомго аз.




2009-2011-жылдарга республикалык бюджеттин долбоору боюнча маалыматтар
ИДПнын өсүшүнүн реалдуу темптери 2009-жылы 6,0%, 2010-жылы - 6,1%, 2011-жылы - 6,2% деңгээлинде болжолдонулууда. Бул номиналдуу алганда 2009-жылы - 196 млрд. сомду, 2010-жылы - 225,4 млрд. сомду жана 2011-жылы - 257,7 млрд. сомду түзөт.

Республикалык бюджеттин кирешелери (мамлекеттик инвестициялар программасынын гранттарын эсепке алганда) 2009-жылы 44,3 млрд. сом суммада ИДПга карата - 22,5%), 2010-жылы - 49,9 млрд. сом жана 2011-жылы - 54,9 млрд. сом суммада каралууда.
Республикалык бюджеттин кирешелеринин курамында салык кирешелери 2009-жылы - 34,05 млрд. сом (ИДПга карата 17,3%), 2010-жылы - 39,65 млрд. сом (ИДПга карата 17,6%), 2011-жылы - 46,04 млрд. сом (ИДПга карата 17,9%) өлчөмүндө болмокчу.
Республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелери 2009-жылы 5,9 млрд. сом (ИДПга карата 30%), 2010-жылы - 6,3 млрд. сом (ИДПга карата 2,8%) жана 2011-жылы - 6,8 млрд. сом (ИДПга карата 2,6%) өлчөмүндө каралууда.
Республикалык бюджеттин 2009-жылга чыгымдары (тышкы мамлекеттик инвестициялар программасын эске алуу менен) 47,1 млрд. сом суммада каралууда, анын ичинде 4,5 млрд. сом суммада акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн каражаттардын ж.б. атайын каражаттардын эсебинен. Утурумдук чыгымдар 35,85 млрд. сомду түзөт. Өнүктүрүү бюджети 11,29 млрд. сом сумманы түзөт.
Мамлекеттик кызматтар секторунун чыгымдары 3,1 млрд. сом, күч структураларыныкы - 5,8 млрд. сом.
Социалдык секторго чыгымдар 19,0 млрд. сом. Өнүктүрүү бюджетине жана реалдуу секторго чыгымдар 16,3 млрд. сом.
Республикалык бюджеттин 2010-жылга чыгымдары (тышкы мамлекеттик инвестициялар программасын эске алуу менен - 52,5 млрд. сом (ИДПга карата 23,3%) каралган.
Республикалык бюджеттин 2011-жылга чыгымдары (тышкы мамлекеттик инвестициялар программасын эске алуу менен) - 56,4 млрд. сом (ИДПга карата 21,9%) суммада каралууда.
2009-жылга республикалык бюджеттин долбоору боюнча (тышкы гранттардын эсебинен мамлекеттик инвестицияга программасын эсепке албаганда) бюджеттин тартыштыгы 2,8 млрд. сом суммада, (ИДПга карата 1,4%) болжолдонулууда. 2010-2011-жылдарда тартыштык 1,1%га жана ИДПга карата 0,6%га төмөндөтүлмөкчү.
Бюджеттин тартыштыгын жабууга 2,8 млрд. сом суммадагы финансылоо булактары каралган.
Бюджетти финансылоонун ички булактары боюнча 838,5 млн. сом өлчөмдөгү оң сальдо каралган.
Тышкы булактар боюнча 1,97 млрд. сом суммадагы оң сальдо долбоорлонууда.
2009-жылга тышкы программалык заемдордун түшүү прогнозу 269,2 млн. сомду түзөт.
2009-жылга мамлекеттик инвестициялар программасына тышкы заемдордун түшүү прогнозу 3,2 млрд. сомду түзөт.
2009-жылга тышкы карыздардын негизги суммасын жабуу 1,49 млрд. сом өлчөмүндө прогноздолууда.

Бет министрликтин басма сөз кызматынын
материалдары боюнча даярдалды










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan