Идеология

Анарбек Усупбаев:
"Эне сүтүнө кара санабагыла"
Улуттук идеология, мамлекеттик идеология тууралуу айтыла берип, айтыла берип, кызыгы кеткен жомокко, акыр-аягы жок сөзгө айланып баратат. Карапайым элди айтканда эмне, мамлекеттик идеология дей берип, мамлекеттик төбөлдөрдүн гана эмес, саясый ишмерлердин да идеологиядан кызыгы тарап баратат. Улуттун, мамлекеттин идеологиясы жок болсо эле, бул коомдо идеология жок болуп калбайт, анын ордун жеке адамдардын, топтордун, "идеологиясы", кызыкчылыктары ээлей баштайт. Атургай чет жерликтердин жүлүк, сасык саясаты, идеологиясы да жөө тумандай жылып кире берет. Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү Кыргызстан башкалардын идеологиясы, демек, башкалардын менталитети, жашоо образы, тагдыры менен жашап жатат. Андай болгондо, кыргыз улуту, кыргыз мамлекети, улуттук менталитет тууралуу кеп кылып бекер. Бул жагдай мен кыргызмын деген ар бир кыргызды тынчсыздандырышы керек эле. Тилекке каршы, бийлик бул маселеге кайдыгер карап, анын муздак дубалдарына сөзү өтпөй туру. Биз бул жолу улуттук идеология тууралуу атажурттун тагдырына кайдыгер карабаган агабыз, "Манас Ордо" коомунун төрагасы, бирдиктүү кыргыз элинин Коммунисттик партиясынын төрагасы Анарбек Усупбаев менен баарлаштык. Анда улуттук идеологиянын түпкү маңызы, унутта калган улуттук нарк-насилдерибиз туурасында сөз болду.

- Анарбек Чолпонкулович, биз сизди коммунист гана эмес, эл арасына теңирчилик идеяларын тараткан адам катары да билебиз. Саясатка түздөн-түз аралашпасаңыз да, өлкөдөгү коомдук-саясый кырдаалдын тегерегинде өз көз карашыңыз, өз позицияңыз бар. Айтыңызчы, ушу күндө сиздин жүрөгүңүздү өйүгөн нерсе эмне?
- Мен жакында эле Жалалабад аймагында ары ден соолукка, ары коомдук иштериме байланышкан маселелер менен болуп кайттым. Бир убактарда "жаштык шаары" аталып, гүл жыттанган бул калаа аябай эле өзгөрүптүр. Чет мамлекеттерден жана өлкөбүздүн туш тарабынан ар кандай иштери менен келип-кетип жатышкан туристтерди көргөнүмдө чындыгында кубандым. Жакшылап абай салып карап көрсөм, кыргыздарга жүрөгү ак, ниети таза адамдар менен кандайдыр бир кара мүртөз ою бар адамдарды дароо эле байкоого болот тура. Негедир жаш курагымда ушул шаарга көп каттачумун. Албетте анда адамдардын аң-сезими, жан дүйнөсү, бири бирине жасаган мамилелери дагы башкача болчу. Азыр баары өзгөргөнү байкалат. Орой айтканда кыргыздардын басымдуу бөлүгү өзүнүн кыргыз экенин унутуп, кыргызмын деп айтуудан арданганы мени абдан капа кылды. Ондогон адамдар менен сүйлөшүп, баарлашып жүрүп, түпкү ата тегин, кыргыздын тарыхын толук болбосо дагы, терең түшүнүп билген бир дагы адамды кездештире албагандыгыма абдан кыйналдым. Кыргыз болуп туруп, кыргыздын дүйнө таанымын билбегендик, тарыхын билбегендик, бул мекенге гана эмес, атарбагына, эне сүтүнө жасалган кыянатчылык, чыккынчылык эмей эмне? Баарынан өкүнүчтүүсү, атажуртка болгон кайдыгерлик, атамекенге болгон патриоттуулук сезимдин жоголгону арабдардын идеологиясына, ислам динине барып такалганында. Карапайым эл дагы "биздин тарыхыбыздын өзөгүн ушул түзөт" дегендей маанайда болгондугу жан кейитет. Биздин эң негизги корко турган нерсебиз көпчүлүк жаштардын хиджап кийип алышы болду. Маселен базарда энеси түркүн-түстүү жакшынакай жоолуктарды сатып отурса, кызы кылаарга иши жоктон бетер башына паранжы жамынып алыптыр. Ошол паранжы жамынып жүргөн кыздардын эне-аталары менен сүйлөшүп, "паранжысын сыйрып салып кызыңарды кыргызча адеп ахлакка үндөбөйсүңөрбү" десем, бардыгы эле "оо кокуй күн арабдардын үгүт-насыяты балдарыбызга катуу таасир берип жатат. Бизди укпай калышты",-деп ыйламсырашат. Чындыгында кол куушуруп отура бергенден пайда жок. Ошол жаштарга бир нерселерди түшүндүрүп берсең ынанып калгандыгынан улам улуу муундардын таалим-тарбиялары жетишпей жаткандыгын билдим. Ошондуктан арабдардын идеологиясына сугарылып калган жаштарыбыздын чекесине чукуп, көздөрүн ачышыбыз керек. Албетте мен эч качан эч бир динге кине коюп, алардын терс жактарын саймедиреп айткым келбейт.
Ислам динин "акыркы түшкөн дин", андай- мындай деп, өзүбүздүн эле маңкурт кыргыздар, теги жок кыргыздар көкөлөтүп жатат. Ислам дини кыргыздардын коргоосуна да, колдоосуна таңсык эмес. Кыргыздар бул динге кирбей койсо эле, ислам дини жоголуп кетпейт же бөксөрүп, кемип калбайт. Же кыргыздар ислам динине кирип, ага сокур ишенип, маңкурттай берилгенден анын ооматтуу доору башталбайт. А билесиңерби, тескерисинче ислам динине сокур берилүү менен кыргыз эли өз тамырына өзү балта чабат. Улуттун бар же жок болуу маселеси келип чыгат. Биз бул маселенин өтө коркунучтуу экенин түшүнбөй жана сезбей жатабыз. Эч бир доордо кыргыз баласында дин коркунучу маселеси болгон эмес. Бүгүн болсо, дин кризиси апогейине жетип, экономикалык кризиске караганда да коогалуу болуп турат. Булар- ислам дини, иудаизм деп аталган жөөттөрдүн дини жана библиядагы христиан дини. Аталган үчөө тең бир тууган диндерден болот. Биринчи дин асмандан түшкөн дин, экинчи дин Библия, үчүнчүсү Куран түшкөн деп айтышат жөөттөр. Эми менин оюмча асмандан түшкөн дин дегени жөн эле жомок. Анткени ислам дининин чыкканына 1430 жыл болду. Ошондо эсептей келсек Мухаммеддин төрөлгөн жылдарынан бери тактап айтканда 1670 -жылдардан бери ислам дини жашайт. Жөөттөрдүн карандай калп идеологиялары менен мындан бир нече жыл мурунку кат-сабаты жоюла элек адамдарды алдаса болмок. Бирок азыркы адамдарды алдоого болбойт. Бул диндердин бардыгын өздөрүнө ылайыктап иштеп чыгып, тараткан жөөттөр. Чындыгында биздин 10 миң жылдык тарыхыбызды иликтей келсек Теңирчиликтен чыгат. Кыргыз элинин түпкү тарыхы Теңирчиликтен келип чыгып, идеологиясы, дини болгон. Мунун бардыгын жөөттөр өздөрүнө менчиктеп алышкан. Калкыбыздын арасынан чыккан айрым сабаттуу адамдар менен сүйлөшө калсаң деле алар арабдар какшап жүрчү дежур сөздөрдөн башка эч нерселерди билишпейт. Бүгүнкү күндө Сауд Аравиясында жашагандардын басымдуу бөлүгү жөөттөр экен. Биздин мамлекетибизге дагы өткөн кылымдагы согуштардан кийин агылып кирген адамдардын дээрлик бардыгы жөөттөр болду. Булар менен достук мамиледе алака түзүп, алардан көп нерселерди үйрөнүшүбүз керек. Алар чындыгында абдан акылдуу, ар нерсеге жөндөмдүү эл. Аны талаша албайм. Бирок алар дүйнөлүк масштабдагы улуттук кызыкчылыктарын чечип алуу үчүн кандай кыянаттык болбосун барышат. Бүгүнкү күндө жөөттөр менен кытай элинин ортосунда чоң тирешүүлөр бар. Бул эки эл тең дүйнөнү башкаргысы келет. Жөөттөрдүн башын бириктирген Америка мамлекети. Аларга азыр жалпы Европа мамлекеттери дагы баш ийип калды. Эми Американын Кытай мамлекетине каршы аттанган убагы. Алар алдына Кытай мамлекетин алсыздандыруу же болбосо колунан келсе биротоло жок кылуу максатын коюшту. Кечээ жакында эле Россиянын экс-президенти В.Путин "Американын максаты дүйнөнү багындырып, бир жактуу дүйнөнү куруу. Бирок эч качан андай болбойт" деп ачык эле айтпадыбы. Мен аны чын дилимден колдойм.

Р.Дүйшөнбекова




 ?Кесиптик билим берүү - бүгүнкү күндүн талабы

Адистигиң кайсы, улан-кыз?
Бир кезде жогорку окуу жайдан окуп, жогорку билим алууга умтулушчу эле баары. Ал убакта билим берүү жаатында да катуу принциптер орун алып, умтулган жаштарга терең билим берүү үчүн аракет күч болучу. Ошентип, СССР деген залкар империянын тутумундагы Кыргызстан эч кимисинен кем калышпай ар түрдүү тармактардын татыктуу кадрларын даярдап чыгарчу. Ал мезгилден калган "Кадрлар бардыгын чечет" деген мазмундуу учкул сөз бүгүнкү күндө да өз маанисин жоготпой келет.

Бирок, билим берүү жаатында өткөн кылымдын адистери менен бүгүнкү күндүн адистерин салыштырып болбойт. Ал кезде канча адисти окутуп чыгарса, алардын ар бирин кызмат орду менен камсыз кылуу мамлекеттин мойнундагы зор милдет болучу.
Принцип боюнча биз, өзгөчө пропаганда жаатында эмгектенгендер, кечээги күнгө эмес, алдыда келе турган мезгил менен учур чакка басым жасап, ишеним көрсөтүп жазышыбыз абзел. Бирок, кечээки күндүн жакшы жактарын эмне үчүн баса белгилеп айтпашыбыз керек. Ооба, мурда республикабыздын айыл чарбасы болобу, экономикасы болобу, билим берүү жагы болобу, деги кайсы гана тармагы болбосун пландуу түрдө жетиштүү адистерди даярдап чыгаруу жагы колго алынган болучу. Мына, өзүбүздү эле алсак, эсимде: журналисттер көп даярдалып кетип, беш жылга Кыргыз Мамлекеттик Университети журналисттерди даярдоону токтоткон. 1979-жылы журналисттердин биринчи бүтүрүүчүлөрү, биз - 1-курстагылар менен жолугушуу өткөргөн. Анда республикабызда бир эле университет болуп, калганы институттар, техникумдар эле.
Азыр аны менен салыштырып болбойт, университет, колледждер толтура. Мурдагыга салыштырып "кудайдын кулагы сүйүнсүн" дейсиң, элибиз жапырт жогорку билимдүү-илимдүү болуп жатканына. Бирок, санын эмес, сапатын карай келсең эле көңүлүң иренжип, нааразы болосуң. Баарынан да ошончо жогорку билимдүү адистер өз кесиби менен бир күн отуруп иштебегени кандай? 5 жыл окуп, анан ал кесипте иштебесе, анан эмнеге окуду? Бул закондуу суроо! Дал ушул суроо мамлекеттик деңгээлде чечилүүгө тийиш. Башкасын айтпай эле коелу, акыркы жылдарда юрист менен экономисттик кесипке ээ болгондор сайдын кара ташындай. А бирок алар өздөрүнүн адистигинде иштеп жатабы, кеп ушунда.
Республикабыз чакан болсо, экономикасы жарды болсо, анан анча экономисттин кереги не? Ар бир ишкананын бирден юристи болсо дагы, ишсиз жүргөнү канча?! А булар ишке орношуу үчүн өтө көп акча керек экен. Мына, коррупциянын дагы бир булагы кайдан чыгып жатканынын далили.
Мына ушундай алгы сөздөрдү айтып келип, эми негизги маселеге токтолоюн. Республикабыздын жаштарына жалаң гана жогорку гуманитардык билим берүүчү университеттер менен катар кесиптик билим берүүчү училищелер да бар экенин баса белгилегим келет. Ырас, өткөн кылымда жогорку билимдүүлөр бааланып келсе, азыркы шартка ылайык училищелердин салмагы артып бара жатканы жашоо-турмушубуздун ыргагынан эле көрүнүп турат. Керек болсо, университетти бүтүп алып, кайра училищеге кирип окугандар да көбөйүүдө.
Бүгүнкү күндө республикабыздагы 111 училищеде 129 миң улан-кыздар билим алышууда. Алар өз кезегинде 151 ар түрдүү кесипке ээ болушуп, түркүн тармакта иш алып барышууда. Анан да, бүтүрүүчүлөрдүн 70 пайызынан ашыгы иш орду менен камсыз болгонун баса белгилеп кетүү керек. Демек, училищелерден окуп, бир адистикке ээ болгон өспүрүм өзүнө жана эли-жерине керектүү бир ишти аткара алат.
Жакында эле Кыргыз Республикасынын Кесиптик билим берүү агенттигинин директору Н.Аскаров жетектеген мугалимдердин эксперттик тобу Норвегияга барып, өздөрүнүн иш процесси тууралуу отчет берип келгени мунун далили. Себеби, дал ушул тармакта Норвегия мамлекети Кыргызстанга каржы жагынан жакшы жардам берип жатканы ырас. Норвегия мамлекети 60-жылдарга чейин кудум биздин өлкө сыяктуу экономикалык жактан кыйналып, жарды жашап келишкен. Качан гана алардын жеринен газ, нефть чыгып, андан улам экономикалык жактан алдыга секирик жасашканын алар дайыма айтып келишет. Ушул жерде Норвегияда бардык кен байлыктары мамлекеттики эмес, жалпы элдин энчиси деп Указ менен бекитилгенин кыргыздарга айтып кетүү эп. Ал эми бизде болсо мамлекеттики болуп, андан ары бир кишинин менчигине баары өтүп кетип жатпайбы. Норвегиялыктар бүгүнкү күндө бай өлкөнүн балдары билим алууга кызыгуусун жоготуп коерун өкүнүү менен белгилешет. Мурда, жарды убакта жакшы нерсеге умтулуу күч эле дешет алар. Азыр баары бар, эч нерседен кам санабай эле жашооң эң жакшы, демек, окубай деле бейиштин төрүндө жүрө берсең болот... Ошентип, бүгүнкү Кыргызстандын бир кесипке ээ болуу үчүн умтулган жаштары - Норвегиянын сүймөнчүгү. Айрыкча, азыркы рынок маселесине, шартына ылайык кесипкөйлөр керектелип жаткан мезгил окшобойбу. Алсак, ордо шаарыбыздын ар бир бурчунда кафе-ресторандар жайнап кеткенин көрүп эле жүрбөйбүзбү. Демек, аларга чүйгүн тамак жасай турган канчалаган ашпозчу керек? Аптека-дарыканалар күнү-түнү менен иштеп жатат, аларга фармацевттерчи? Телефон байланышчыларычы, куруучу, кыш кыноочу, ширетүүчү, бычмачы-тикмечилерчи? Ошондой эле азыркы компьютердин заманында компьютердик устаттарды даярдап чыгаруу училищелерде мыкты жолго коюлган. Мына ушулардын баары жөн эле сөз эмес, аны ишке ашыруу үчүн зор күч, билим жана тажрыйба талап кылынаары анык.
Училище - кесиптик билим берүүчү окуу жайлары жөнүндө кеп болгондо элибиздин социалдык катмары жөнүндө дагы кеңири кеп козголуп кетээрин аңдап билиңиз. Республикабызда кароосуз калган балдарды жана социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөрдүн (көп балалуу же ата-энесинин бири жок) балдарын бюджеттик негизде окутуучу окуу жайларынын алган орду өзгөчө экендигин да атайын белгилеп өткүм келет. Мындай училищелерде балдар бекер тамак, бекер жатакана менен камсыз болуп, окуп, эс алып бир кесипке ээ болуп чыгышат. Ошону менен бирге окуусун бүткөндөн соң ага кызмат таап берип орноштурууну да моюндарына алышкан Бишкектеги №18, №91 жана Сокулуктагы №43 училищени сыймыктануу менен атап өтүү керек.
Жогоруда, кесип ээлеринин 70%ы өз тармагында иштейт деп белгиледик. Антсе да, Орусия, Казакстан биздин училищелерди бүткөн улан-кыздарды жогорку айлыкка чакырып жатканын баса белгилөө менен, эгер бул улан-кыздардын алган билимин жана жөндөмдүүлүктөрүн өз жерибизде пайдаланып калууга жетишсек, алар республикабыздын экономикасын өнүктүрүүгө зор күч болуп берээри шексиз дегим келет.
Кесиптик билим берүү боюнча даректүү макалаларды кийинки сандардан окуйсуздар.

Н.Бөдөшова











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan