Маселе

Өмүрдөн да көмүр кымбаттап кеттиби?
Тээ качандыр бир мезгилде таш көмүрдүн баасы бүгүнкү күндөгүгө окшоп, катуу кымбаттап, карапайым калк үчүн эң бир таңсык керектелүүчү буюмга айланып калат деп кимдин түшүнө кириптир. Ошондуктан уламбы айтор, азыр эл арасында "узун өмүрлүү бол, эки тонна көмүрлүү бол!" деген азил аралаш, каалоо тилек, тосттор популярдуу болуп калды. Электр энергиясы, газ кымбаттап элибиз таш көмүрдү кеңири керектеп калышты эле, бүгүнкү күндө ал дагы кымбаттагандан кымбаттап, жону жукалар үчүн кымбат товарга айланды

Мурунку мезгилдерде КАМАЗ автомашинасы менен кенебей түшүрүп алчу элек, азыр анүчүн көп каражат керек. Ошондуктан машинелеп көмүр түшүрүп алууга чама-чаркы жетпегендер, көмүрдү мүшөктөп сатып алышууда. Бирок, мүшөктөп көмүр сатып алууда оңбогондой утулууга дуушар болушууда. Маселен бир машине көмүрдү мүшөк-мүшөк кылып соодалай турган болсо, анда андагы көмүрдүн баасы эки машине көмүрдүн баасына тете болуп чыга келет. Ошондо эсептеп көрө турган болсок, ансыз дагы көмүрдү арзанына карап качырган немелер мүшөктөп сатып алууда эки эселенген чыгымга учурап жатпайбы.
Ырас, мамлекет башчыбыздан тартып, аны актап-жактап сүйлөгөн чиновниктерге чейин, "Электр энергиясынан үмүт этпегиле, кыштан аман-эсен чыккыңар келсе, азыртадан тезек камдап алгыла!" деген эскертүүсү, кошуна жайгашкан шериктеш мамлекеттердин арасында шылдың ирээтинде аскияга айланганы менен, көмүр бизнеси менен шугулгандардын бүйүрүн кызытты. Анткени алар көмүр сатып, соодабыз илгерилейт экен деп алакан укалап турган чактары. Биздин бул оюбузду бекемдей турган адамдар четтен табылаар. Муну турмуш чындыгы ырастап турат. Маселен азыркы учурда борбор калаабыздын ири Ош,Аламүдүн базарларынын, эски толчоктун айланасындагы көчөлөрдө, жаңы конуштарда мүшөктөп көмүр сатуу бир нече жылдан бери кышкы бизнеске айланган. Албетте жылдан жылга баасы дагы кымбат. Ар бир мүшөгү 300-400 сомдон. Ар үй-бүлө ар бир күнү үнөмдөп жакканда дагы бир мүшөк көмүр болгону бир жумага араң жетет же жетпей да калат.
Ошондуктан арзан көмүр издегендер аны дагы табышкан. Адамдан амал качып кутулбайт деген ушул белем, турмуштук зарылчылыктарда бардык нерсенин айласы табылат тура. Көрсө, шаардын чет жагындагы Бакайата конушунун жанындагы карьерлерге Бишкек шаарын жылуулук менен камсыз кылуучу ТЭЦтен келген трубалардан көмүрдүн калдыктары, майдалары суу менен агылып келип куюлуп турат экен. Анан Бакайата конушунун жашоочулары жөн карап жатпастан ошол чоң түтүк менен агып келип жаткан көмүр калдыктарын, ылай,топурак менен аралашып жаткандыгына карабастан кол күрөк, тырмоочтор менен чогултуп алышат экен. Андан кийин бул чогултулган үймөктөрдөн ар бир көмүрдү терип алып, топурак ташын тазалап, өз өзүнчө үймөк жасашат. Ошол жердегилер өтө ыплас болсо дагы, таман акы маңдай тердин барып турган акыбетинен улам жан сактаткан бул кесип ээлерин "көмүрчүлөр" деп атап алышкан.
Жан сактоо үчүн айыл-кыштактан келген адамдар ушул кесипти тандап ала турган болсо, анда алар Бакайата жаңы конушундагы атайын ижараларда турушат. ТЭЦтен акыр-чикир агып келүүчү түтүктүн бүткөн жериндеги карьерлерде баш-аягы 50-60тай адам эмгектенишет экен. Айрымдары бой жеткен уулдарын кошуп алып, үйбүлөлүк топ болуп иштешет. Бир үймөк таш көмүрдү чогултуу үчүн бир жума бел чечпей эмгектенүүгө туура келет.
Бул жерде сатылчу көмүрдүн баасы кадимки көмүрлөргө караганда алда канча арзан. Бир мүшөк көмүрдүн баасы 100 сомдон, 150 сомго чейин. Бул жерлердин сырын билгендер арзан экендигине карап кышында пайдалана турган көмүрлөрүн ушул жерден сатып алышып, туруктуу кардарларга айланышкан. Анткендеринин жөнү бар. Бул жерден сатып алынган көмүрлөр бир жагынан арзан болсо, бир жагы кадимки көмүргө караганда алда канча жакшы күйөт дешет. Себеби, ал жерлердеги көмүр калдыктарынын арасында мазуттун курамы кездешет тура.
Босогодо кылычын кындан сууруп ызгаар аяз коштогон кыш турат. Таттуусунан ачуусу басымдуулук кылган бул жашоодогу ар бир карапайым атуул "Кыштан кыйналбай, оорубай-сыктабай чыксак экен" деген тилек менен күн кечирүүдө. Ал эми көмүрчү замандаштарыбыз болсо, кыраан суукта кар муз кечип, көк муштум болуп ызгаарга тоңуп, көмүр "өндүрүү" менен алек болушат эмеспи…




Үйүңүз жылуубу?
Ооба, эң биринчи кезекте ар бирибиздин үйүбүз жылуу болушу керек. Үйүбүз жылуу болсо маанайыбыз жарык, көңүлүбүз ток. Андайда береке, ынтымак-ырашкерлик дагы айланабыздан алыстабай жүргөндөй туюлат. Эшикте дагы суук, үй ичи дагы суук болсо, жашоого болгон ынтызарлыгың төмөндөгөнү аз келгенсип, жан дүйнөң дагы жанчылат. Былтыркы кыш мезгили адамдардын жүрөгүнүн үшүн катуу алып койгон. Азыр болсо кышка жакшылап даярданып жатышканы менен мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болууда. Мындан мурунку жылдарда кайрадан тезек терип калаарыбызды, "Ильич шамына" болгон ишенимибизди өчөт деп кимдин оюна келиптир. Айрым замандаштарыбызды сөзгө тартып, кеч күздүн акыркы күндөрүндө үйлөрүнүн кандай жылып жаткандыгына кызыктык.

Нурбек Акылбек уулу, курулушчу.
Мен Жумгал өрөөнүндөгү Миңкуш шаарчасында жашайм. Көмүр карьерлери бизде болгондуктан, кышта жага турган отунубузду ошол жерден камдап алабыз. Ал эми ошол казып ала турган көмүр дагы оңой менен келе бербейт. Карылуу эр адамдар гана көмүр камдап ташыбаса, анча мынча улгайган адамдардын колунан келе бербейт. Анча мынча топтоп алган көмүрдү үнөмдөп жагып атып кыштан чыгабыз. Электр жарыгына деле ишенип болбойт.
Марипа Алыбаева, дүкөнчү.
Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде жашайм. Эки уулум мектепке барат. Өзүм болсо эртеден кечке үй бетин көрбөй соода жасайм. Азыр кыштын ызгаар чилдесин ойлогондо негедир уйкум умачтай ачылат. Эптеп кыштан аман чыксак экен дегенде эки көзүм төрт. Бирок азыртадан эле муздак шамалдын илеби денемди чыйрыктырып, кыш ызгаарынан кабар берип көңүл чөгөрөт. Көмүр, отун алайын десем акча тыйындын шарты келбей жатат. Эми мындан кийин деле акча чогулта албай, кыйналуудамын. Азыр көчөдө бара жатып дагы жөн баспай калдык. Бир жыгач же болбосо күйө турган бир нерсени кармай кетели деп шодокондун бүркүтүндөй эле октос берип калдык. Киши албетте уялат, бирок, ошого аргасыз болуп жатпайбызбы.
Биздин дүкөндөрдө жылуу кийимдер сатылат. Азыр негедир жаш балдардын кийимдери дагы адаттан башкача көп өтүп жатат. Анткени байкуш ата энелер "балким үйлөрүбүздү кышында жылытууга таптакыр чамабыз жетпей бара жатса, балдарыбызды жылуу кийинтип коюп, таптакыр чечинтпейбиз" деген пикирде экен. Муну угуп жүрөгүм ооруду.
Айнура Сатыбалдиева, медик.
Бул кебетебизге караганда быйыл аябай эле кыйынчылыкты тартат окшойбуз. Электр жарыгы болбосо кандай жашоо болот. Жер үйлөрдө жашагандар эптеп үйлөрүн жылытышат экен. Ал эми бизге окшоп көп кабат үйлөрдө жашагандар кантип күн кечиришет, өзгөчө жаш балдар менен кары картаңдарга кыйын болот окшойт. Маселен, биз менен чогуу карып калган кайын атам менен кайын энем жашайт. Өз убагында тамак аш бере албай, кыйналган учурларыбыз көп эле болду.
Калыйбек Тураталиев, мугалим.
Азырынча эптеп жашаса,үйдү жылытса болот. Анан кыш ызгаары күч алып турган маалда кездеше турган кыйынчылыкты эстегенден дагы заарканып жатышса керек. Мен дагы эстегим келбейт,ошол учурду. Бирок эл тагдыры менен ойногондордун кесепетинен ал мезгил дагы биздин кыргыздын бешенесине жазылган тагдыр болду. "Жаманчылыкты аманчылык жеңет" деген эл байкуш, канчага чыдайт. Акыры чыдоонун дагы чеги болуш керек эмеспи. Кечээ энергетика министри С. Балкыбековду кызматтан алып тынышты. Кимдир бирөөлөрдүн колу аркылуубу же башкача жолдор мененби айтор ал ушул убакка чейин чалмакейди чалып, элдин чекесин жылыткан жок. Эми аны кызматтан алып койсо эл бир нерсе өзгөрүп кетеби. Болоору болду, боесу канды. Ошентсе дагы Балкыбековду сот жообуна тартуу керек. Ушунча элдин алдында жасаган кылык жоруктары үчүн жооп берсин.
Элмира Абдыбекова, убактылуу бош.
Менин балдарым жаш. Үйүбүздү болсо мындан мурун жакшы заманга ишенип, өтө чоң салыптырбыз. Үч фазалуу жылыткычтарыбызга ишенип отурганбыз. Муну менен кыштан чыгууга болбой тургандыгына ынанып, азыр чукул арада, бир бөлмөбүзгө меш орноттук. Көмүрдүн баасын сурабай эле койгула,бир тоннасы 4-4,5 сом. Көмүрдү мындай кымбаттайт деп кимдин оюна келиптир.

Даярдаган Д.Султаналиева




Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиевге
Ош областынын "Жаңы Кыргызстан"
саясий партиясынын регионалдык уюмунун мүчөлөрүнөн
Кайрылуу
Урматтуу Курманбек Салиевич!
23-ноябрь күнү "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын төрагасы Сыдыков Үсөн Сыдыковичти Ош аэропортунан узатканы келген Ош областы боюнча партиянын координатору Макеев Керимди милициянын кызматкерлери машинесине кечке чейин уруп, сабап, салып жүргөн, алар ошол убакыттын ичинде машинесин 3-4 жолу алмаштырышкан.
К.Макеев аргасыздан Үсөн Сыдыковго кайрылууга мажбур болуп, телефон чалган. Милиция кызматкерлери Ү.Сыдыковдун кийлигишүүсүнөн кийин гана К.Макеевди машинеден бошотушкан. Алардын айтымында Ош областынын ИИБнын башчысы жолдош Ташкараевдин көрсөтмөсү менен болгон иш экен.
Макеев Керим операциядан чыкканына 2-3 ай болгон, милициянын кызматкерлери анысына карабай зөөкүрлүк менен сабап, учурда ден соолугунан кайрадан жапа чеге баштады.
24-ноябрда Ош областы боюнча "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын активдүү мүчөлөрү областтын губернатору А.Карашев менен жолугушуу өткөздүк, ушул жолугушуунун жыйынтыгында губернатор үч күндүк мөөнөттө болгон окуяны тактап, жообун кайтарууга убадасын берди.
Урматтуу Курманбек Салиевич, Ош областынын ардагерлери жана жаштары Сиздин жүргүзүп жаткан саясатыңызды колдоп жана урматтап, жүргүзгөн иштериңизди областтын деңгээлинде, элдин арасында колубуздан келген иш-аракетибизди жасап, колдоп келе жатабыз.
Бирок, бүгүнкүдөй көрүнүш - ички иштер кызматкерлери тарабынан биздин партиялаштарыбызга же болбосо карапайым элге зөөкүр мамилеси улана берсе, губернатор айткан убакыттын ичинде кылмышкерлер аныкталбаса, биз, "Жаңы Кыргызстан" саясий партиянын мүчөлөрү өзүбүздүн Ош областы боюнча акцияларды баштоого даярдыгыбызды билдиребиз.
Урматтуу Курманбек Салиевич, бул болуп өткөн окуянын өзүңүздүн жеке көзөмө-лүңүзгө алып, ушул окуяга байланыштуу кишилерди жазага тартууңузду суранабыз.
Сизди терең урматтоо менен,
Ош областынын ардагерлери жана жаштары.
50 адам кол койгон.




Партиялашыбыз биз менен
Чагылгандай тез тараган бул кабар, аны уккан жөнөкөй адамдарды да капа кылары шексиз.
"Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын Ош областтык уюмунун төрагасы Макеев Керимди жакында Ош шаарынын борборунан кесиптештери менен Камбаров деген милиция кызматкери күбөлүгүн көрсөтүп, өздөрүнүн мындай жасаган ишин областтык ички иштер башкармалыгынын начальниги Ташкараевдин буйругуна байланыштуу деп күч колдонуп, автоунаага салып, шаар сыртына чыгарып, коркутуп-үркүтүп, анын жакында эле ооруканадан чыкканына карабастан, денесине залака келтирүү менен мыйзамдуу укугун тебелеген.
Макеев Керим чындыкты бетке айткан, түз жүргөн, жалпы элдин кызыкчылыгын өзүнүн кызыкчылыгынан өйдө койгон адам. Эгерде бийликтин туура эмес жүргүзүп жаткан саясатына сын айтса ал реалдуу, азыркы турмуштун айынан болуп жатканын биз эмес, бүгүн ар бир адам далилдей алат. Бийликке каршы айтылган адилет сын пикири үчүн минтип адамдарды себепсиз кордой берүү, демократияны тутунган өлкөдөгү эң абийирсиз жорук.
Ошондуктан, "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын Чүй областтык уюмунун жалпы мүчөлөрүнүн атынан Оштогу биздин партиялашыбыз менен болгон окуяга жергиликтүү бийликтин олуттуу маани беришин, облустук прокуратура, ички иштер башкармалыгы тез аранын ичинде бул кылмыш иши боюнча иш козгошуп, күнөөлүүлөр тиешелүү жазаларын алышын талап кылабыз жана бул ишти Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Ички иштер министрлиги өздөрүнүн көзөмөлүнө алуусун өтүнөбүз.
Эгерде биздин талап аткарылбаса, анда саясий акцияларды уюштурууга жана аларды колдоого "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын Чүй областтык уюму даяр экендигин билдиребиз.
"Жаңы Кыргызстан" партиясынын Чүй областтык аткаруу комитети.




Баш прокурор кылмыш ишиш көзөмөлгө алабы?
Кечээ "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын жетекчисинин орун басары Марат Кайыпов Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Элмурза Сатыбалдиев менен жолугушту. Жолугушууда 2008-жылдын 23-ноябрында Ош шаарында кармалып, анан таяк жеген "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын Ош областы боюнча координатору Керим Макеевдин арызы боюнча прокурордук көзөмөл жүргүзүү жөнүндө сөз козголду. Кыргыз Республикасынын Баш прокурору Э.Сатыбалдиев бул кылмыш ишин прокурордук көзөмөлгө алып, өзүнүн орун басары К.Асангелдиевге табыштады.
Өз маалыматыбыз










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan