Саясат

Керим Макеев:
"Менин өмүрүмө келтирилген коркунуч - партияны алсыздандырууга жасалган бийликтин басымы"
Бүгүнкү күндө саясий лидерлер же жөнөкөй эле карапайым калк бийликке болгон нааразычылыктарын билдирүү максатында нааразычылык акцияларын өткөрө турган болсо, же бийликке өз көз караштарын айта турган болсо, кимдир бирөөлөр колдуу болуп, жоголуп кетет, болбосо уруп-коркутуудан кийин коркушуп ооздорун жаап келишет. Акыркы 2-3 жылда мындай окуялар кадам сайын боло берип, ага коомчулук таң калбай деле калды көрүнөт.
Дегеним, "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын Ош областы боюнча лидери Макеев Керимди 23-ноябрь күнү бейтааныш адамдар милициянын күбөлүгүн көргөзүп, күч менен машинесине салып, уруп-сабап, ден соолугуна чоң залал келтиришкен. Акыры "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын төрагасы Ү.Сыдыковдун кийлигишүүсү менен гана 6-7 саатан кийин үйүнө кое беришкен.
Окуянын чоо-жайын жеринен билип, тактоо максатында партиянын башкы катчысы Исмаил Исаков менен бирге Ош областын көздөй жөнөдүк.
Биз жолуккан убакта Макеев Керимдин бир буту шишик басып, көзүнүн үстүндө көгаласы кете элек экен. Ошого карабастан биз бир нече суроолорду берүүгө үлгүрдүк.

- Керим, Сенин өмүрүңө кол салган кимдер деп ойлойсуң же шектенген адамдарың барбы?
- Менин андай деле душмандарым жок. Болгону "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын Ош областы боюнча лидери болгондон кийин бүгүнкү күндүн көйгөйү болгон электр энергиясын жана азык-түлүк кризисин сындап, өз көз караштарыбызды айтып келебиз. Ал эми кечээки менин өмүрүмө келтирилген коркунучту мен партияны алсыздандыруу максатында бийлик тараптан жасалган басым деп эсептейм.
- Буга чейин бийлик, прокуратура же ички иштер органдары тарабынан сага эскертүү берилген эмес беле?
- Мен ушул жердин кулуну болгондон кийин аткаруу бийлигинин бардык бутактарында иштеген жетекчилер менен мамилем жакшы. Ошого карабастан кээде "Керим катуу кетпе. Элдин кыйналып жатканын биз деле көрүп жатабыз. Колуңдан келсе бийликти колдоп же такыр эле унчукпай эле койсоң" деп мени ийге келтирели деп келишкен. Биздин партиянын акыркы эки жумадагы саясий кадамын көрүп, элдин баары булардын сөзүн сүйлөшөт. Катуулап кете электе коркутуп коёлу дешсе керек.
- Керим, кантип алардын машинесине түшүп калдың?
- Мен Араван кичирайонунда Курманжан Датка менен Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде өтүп келаткам. Керим, - деп артыман келеткан машиненин арткы эшигин ачып бирөө кыйкырды. Менин жолдош же тааныш балдарым экен деп эңкейип башымды сала коюп жатпаймынбы. Анан артымдан бирөө түртүп, машинедеги башымды кайрый ортого отургузушту. Өзүңүз деле билесиз да мен жаңы эле операция болуп чыкканымды.
Отурганда эле бөйрөк тарапка, буттун сандарына, тизеге ургулай баштады. Мен биринчи кармаша кеттим. Колдорумду энгезердей болгон жигиттер артыма кайрып, бөйрөккө койгулай башташты. Эй, деги силер кимсиңер деген суроомо милициянынын күбөлүгүн көргөзүп, "по поручение начальника УВД Камбаров" деп кайра төш чөнтөгүнө салды. "Жок дегенде колумду коё бергиле мен качып кетпейм" десем алдында отурган Камбаров колу менен ишараат кылды. Менин колум бошоор менен чөнтөгүмө колумду салып алып телефондун көрүнгөн кнопкасын баскылай баштадым.
- Сени машинеге салып кайсы жакка алып барды?
- Мени салган машинаны Курманжан Датка көчөсү менен айдап аэропорттун трассасындагы ээн талаага алып барып, башка көзгө, ич-бөйрөккө ой келди койгулай баштады. Анан алдындагы Камбаров дегени бетке, ачык жерге чаппагыла, калгандары деле силерге жетет деп эшикке чыгып кетти. Ушул мезгилде Үсөн Сыдыков мага чалып калып жатпайбы. Мени ичке бир муштады дагы: ал трубканы, бирок ашыкча сөз болбосун, деди. Кайдан, Үсөн Сыдыкович, мени кармап отурат деп айтып жибердим. "Бер милицияларга телефонду" дегенде албай жатпайбы. Баары бир эрдемсий түшүп, ал деп жатпайбы деп, болбой Камбаров дегенине бере салдым. Кыскача айтканда, Үсөн Сыдыковичтин кийлигишүүсү менен жаным аман калды десем жаңылышпайм.
- Анан эле сени ошол жерден бошотуп жибердиби?
- Кайдан, Үсөн Сыдыкович менен сүйлөшкөндөн кийин бирөөлөргө телефон чала баштады. "Шеф, Сыдыков кийлигишип калды что нам делать" деген сөздөрүн уктум. Ал жерге көп өтпөй башка бир иномарка келди. Аны мурда отурган машине менен алмаштырышты. Кайра западныйга барып дагы бир машине алмаштырды дагы Учар айылынан өтүп, №114 маршрутканын акыркы аялдамасына барып, тезирээк кетип кал дешти. Мен түшкөндө дагы машинелери менен койдуруп салбасын деп аярлай четине чыгып О 26 деген номеринин жарымын гана көрүп калдым.
- Каракчылар сени канча убакыт кармашты. Сенден эмнелерди сурашты?
- Баш аягы 6-7 саат кармап, акыры айлалары кеткенде коё беришти көрүнөт. Анан кызыгы мурунку күнү Үсөн Сыдыков менен тойго барганыбызды, кечки саат 19-20лар чамасында көк пакет көтөрүп үйгө келгенимди айтып, "устукандан ооз тийгизбейсиңби" деп жанды күйгүзүп жатпайбы.
- Анда силерди аңдып жүргөн немелер го?
- Ооба, болбосо алар биздин кайда барып, кимдер менен сүйлөшкөнүбүздү, жаныбызда жүргөнсүп айтып жатпайбы.
- Андан башка коркутуп-үркүтүү болгон жокпу?
- Менин балдарымды айтып, окуган мектебин, балабакчасын айтып коркута баштады. Бирок, алар катуу көзөмөлдө турганын айтып, мен дагы кичине көнө түшкөндө айтыша баштадым.
- Ден соолугуң болбой эле калса керек?
-Мына операция болгон бутум шишип, азыр таяк кармап калдым. Көзүмдүн көгаласы билинээр билинбей, жакшылап караган кишиге билинип турат. Эң жаманы - бөйрөгүмдү эзип салышыптыр. Башкасын айтпаганда чыдатпай ооруп жатат.
Мына окурман, ушундай окуяны укканда төбө чачың тик турат экен. Шаршемби күнү биз Ош областынын губернатору Аалы Карашевге, Ош областынын ИИБнын начальниги Ташкараевга жана шаардын мэри Ж.Исаковго, шаардык ГУВДсынын начальниги А.Тешебаевге жолуктук. Губернатор катуу көзөмөлгө алып, өзү дагы кылмышкерлердин табылышына кызыктар экендигин айтты. Начальниктер кандай болбосун группа түзүп алып, иштеп жатканын айтышып, бизди ынандырышты.
Түштөн кийин "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөлөрү менен жолугушуп жыйын болуп өттү. Ал жыйында төмөндөгүдөй саясий чечим кабыл алышты .
1. Президенттен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын гаранты катары жарандардын Конституциялык укуктарынын ыйык сакталышын, кылмышкерлерге, коррупцияга бөгөт коюу жана стратегиялык объектилер болгон "Түндүкэлектро" ААКсы Бишкек ТЭЦи, Бишкек жылуулук борборун жеке менчикке сатылуусунун токтотулушу талап кылынсын;
2. Кыргызстандагы саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, Кыргызстандын жарандарынын укуктарын сактоо, стратегиялык объектилерди мамлекеттин карамагында калтыруу аракеттери колдоого алынсын;
3. Партиянын саясий кеңешинде декабрь айынан тартып жалпы Кыргызстандын аймагында "Түндүкэлектро" ААКсы , Бишкек ТЭЦи, Бишкек жылуулук борборун жеке менчикке бербөө, коомду таза башкаруу, жарандардын укуктарын ыйык сактоо үчүн саясий акцияларды өткөрүү маселеси каралсын.
4. "Ак жол" фракциясынын эң активдүү шайлоочулары катары "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөлөрүнө шайлоочулар катары өздөрүнүн кабыл алып жаткан мыйзамдарын, аткарган иштери жөнүндө маалымат (отчет) берүүсүнөн баш тартуусу өзгөчө сынга алынсын жана ар бир райондук, айылдык партиянын уюмдарында талкуулансын деп чечим кабыл алышты.

Гүлсүн Аманалиева




Мы просим поддержать наш призыв всех жителей республики
Региональное отделение политической партии "Жаны Кыргызстан" по Ысык-Кульской области возмущена фактом избиения координатора Ошской области Макеева К. сотрудниками правоохранительных органов. Мы, члены регионального отделения партии по Ысык-Кульской области, полностью поддерживаем решение Республиканского политсовета нашей партии, в частности возбуждения уголовного дела по данному факту и наказание виновных лиц по всей строгости закона.
Губернатору Ошской области в полной мере оказать содействие по розыску и задержанию виновных лиц. Безосновательное задержание и избиение сотрудниками милиции нашего однопартийца выходит за все существующие рамки закона.
Мы просим поддержать наш призыв всех жителей республики, кому небезразличны сохранность закона и соблюдение прав человека.
Ысык-Кульское региональное отделение полностью поддерживает решение политсовета нашей партии.
Региональное отделение политической партии
"Жаны Кыргызстан" по Ысык-Кульской области




"Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын кеңешинин билдирүүсү
23-ноябрда 14.00 саатта Ош шаарында милиционерлер Камбаровдун күбөлүгүн көрсөтүшүп, жакында эле операция болгондугуна карабай "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын Ош облусу боюнча координатору Керим Макеевди кармап, машинага күч колдонуп түртүп киргизишип, машинанын ичинен сабашкан.
Камбаров жана анын шериктери өздөрүнүн аракеттерин К.Макеевдин саясий билдирүүлөрү мамлекеттик саясатка каршы болууда деп күнөөлөп, алар Ош облустук ИИБнын начальниги Ташкараевдин буйругун аткарышууда (уюлдук телефон менен сүйлөшүп).
Бийлик тараптан кетирилип жаткан кемчиликтерди кимдер айтышса, аларды уруп-сабоо, аңдуу, өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирүү бүгүн күндө көнүмүш адатка айланууда. Мына ушуга байланыштуу "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын кеңеши Ош облусунун ардагерлеринин жана жаштарынын Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылуусун колдоо менен бирге бул болгон чыр-чатак боюнча төмөнкүлөрдү талап кылат:
1. Башкы прокурорго жана ИИМге: "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын Ош облусу боюнча координатору Керим Макеевди уруп-сабаган милиционерлерге каршы кылмыш ишин козгоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу.
2. Ош облусунун губернаторуна жана Ош шаарынын мэрине: "Камбаровду жана анын шериктерин издеп кармоого аракет көрүү.
Эгерде, бийликтин кемчиликтерин айтып чыккандарды ушундай жол менен басуу улантыла турган болсо, анда "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясы укук коргоо органдарынын мындай кызматкерлерине каршы республика боюнча саясий акцияны өткөрүүнү баштайт жана Конституциянын гаранты катары Кыргыз Республикасынын Президентинен Кыргыз Республикасынын атуулдарынын укугун жана эркиндигин коргоону суранат.
Партиянын башкы катчысына окуя болгон жерге чыгып, бул чыр-чатак боюнча бардык жагдайларды тактоону тапшыруу.
"Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын кеңеши




"Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын
Баткен областындагы мүчөлөрүнүн атынан
Кайрылуу
Урматтуу Курманбек Салиевич!
Урматтуу өлкө жетекчилери!
Урматтуу "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын саясий кеңеши!
Биз, Баткен облусундагы "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын 10 миңден ашуун мүчөлөрүнүн атынан сиздерге жөн жеринен кайрылганыбыз жок. Биздин партиялаштар, аксакалдар, аялдар, жаштар баарыбыз партиялашыбыз "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын Ош облустук уюмунун жетекчиси Макеев Керимдин 23-ноябрь күнү милиция кызматкерлери тарабынан таяк жегендигин кыжырдануу менен кабыл алдык. Бул нерсе биздин партияга болгон кысымчылыктын ачыкка чыгуусу.
Биз да өз үнүбүз, өз ордубуз бар чоң партия экенибизди эч ким унутпоого тийиш! Мезгилинде бийликтин алмашуусуна жалгыз биздин партия чоң салым кошконун бүгүнкү бийлик унутуп калдыбы? Биз унута элекпиз, керек болсо, кайрадан эске салууга да күчүбүз жетээрин унутпасаңыздар, мында, күч колдонуу, кысымчылыкка алуу менен бизди эч ким майтара албайт! Биз бийлик же акча алуу үчүн бул партияга мүчө болгон эмеспиз, бизди бул партиянын идеологиясы кармап турат. Бийлик үчүн түзүлгөн партиядагылар өз жолдошун таштап кетиши мүмкүн, биз Макеев Керимди эч качан кордукка таштап кетпейбиз. Керек болсо өз үнүбүздү билдирип, акцияларды уюштура турган болсок чокоюн унуткан бийликтин шаштысын алаарыбызды эскертип коелу. Бул иш боюнча мындан ары да биздин партияны ар тараптуу кысымга алуу токтотулбаса биз бардык нерсеге даяр экенибизди эсиңиздерге салып коюуну туура деп чечтик. Мындан аркы кадамыңыздарда биздин күчүбүздү да эске алып, биз менен да эсептешүүңүздөрдү айтмакчыбыз!
"Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын Баткен областындагы
10 миңден ашуун мүчөлөрү.


Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиевге
Урматтуу Курманбек Салиевич!
Биз, "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын Талас облустук бөлүмүнүн мүчөлөрү нааразычылык билдиребиз. Нааразычылык билдирүүбүздүн себеби, 2008-жылдын 23-ноябрь күнү "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын Ош облусу боюнча координатору Макеев Керимди аэропорттон Ош облусунун милиция кызматкерлери эч себепсиз эле кармап алышып, уруп-сабап, денесине жаракат келтирип, өмүрүнө коркунуч туудурушкан. Ошондуктан, биз, Талас облусунун "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөлөрү, Макеев Керимди күнөөсү жок эле адамдык укугуна шек келтирип кордогондугу үчүн Ош облусунун милиция кызматкерлерин мыйзам чегинде жоопко тартып, акыйкаттык менен чечип берүүңүздү суранабыз,
"Жаңы Кыргызстан" партиясынын Талас облусунун мүчөлөрү










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan