Маалымат

Кылым пресс
Журналист коргоого муктаж
"МСН" гезитинин журналисти Лариса Линин үй-бүлөсү турак-жайсыз калуу коркунучунда турат. Журналисттин Аламүдүн райондук соту сатыкка койгон батирди сатып алганына 10 жыл болду. Бул сатуу-сатып алуу иши кайрадан козголуп, талашка түшүп жатат. Муну укук коргоочулар белгилүү журналисттен кек алуу максаты же соттук коррупция болушу мүмкүн деп шектенишүүдө. Ошондуктан тогуз кишиден турган Акыйкатчыдагы укук коргоочулар кеңеши Лариса Линин кайрылуусун калыс таразалоону суранышууда. Журналист Ли маселени карап чыгууну сурап Президентке, Сот иштери боюнча улуттук кеңешке кайрылган.

Америка-Кыргызстан СПИДге каршы чогуу күрөшөт
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Саламаттык сактоо министрлигине ооруканалардын ичиндеги СПИД баштаган илдеттердин инфекцияларын алдын алуучу жана жок кылуучу жабдыктарды берет. Эл аралык өнүгүү агенттиги аркылуу Кыргызстанга АКШ бул багытта буга чейин 439 миң долларлык жабдык берген деп билдирет элчиликтин маалымат кызматы. ЮСАИДдин каржылык колдоосу менен Бишкек шаарында жана Ош облусунда 380 дарыгер менен медициналык ортоңку кызматкер окутулду. Кара-Сууда СПИДдин ВИЧ инфекциясы балдар арасында табылган учурда ЮСАИД Оштогу 10 миң баланы текшерүүдөн өткөрүүгө каржылык колдоо көрсөткөн.
1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүндө Ош шаарында атайын иш чара өтөрү күтүлүүдө.

Кыргыз-Тажик талашкан жол кимдики?
Кыргызстан менен Тажикстандын Коопсуздук Кеңеш катчыларынын Баткенде өткөн жыйынында протоколго кол коюлду. Анда чегара, Ош-Исфана жолунун Чорку анклавын айланып өтчү жолдун талашта жүргөн 275 метри жана өз ара алака маселеси да камтылды. Жыйынга Кыргызстандын Коопсуздук Кеңеш катчысы Адахам Мадумаров, Транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов,Тажикстандын Коопсуздук Кеңеш катчысы Амиркул Азимов жана Согди облусунун башчысы Кохир Расулзаде катышты.

Бишкекте муниципалдык унаа акы кымбаттайт
Жаңы жылдын 1-январынан тарта Бишкектеги автобус жана троллейбуста жол кире акысы 6 сом болот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Замир Бекбоев билдирип, троллейбустар куну өсүп жаткан электр энергиясы менен жүрөрүн эскертти. Ал эми кичи автобустардын жол акысы 10 сомго чыгат деген имишти тастыктаган жок.

"Бийлик менен оппозиция, элдешкилечи.."
Оппозиция сунуштап жаткан Кыргызстандын өнүгүү концепциясын бийлик талкуулоого милдеттүү, дейт Акыйкатчы Турсунбек Акун. Оппозиция үч-төрткө бөлүнүп, бийликтегилердин ортосунда да өз ара тирешүү күчөп, Кыргызстандын келечегине доо кетчү кырдаалга туш кылчудай болуп турат. Ошондуктан, бийлик менен оппозиция мамлекеттин келечеги үчүн диалогко барышы зарыл. Турсунбек Акундун айтымында, бийлик оппозициянын концепциясын эске алса, оппозиция бийлик менен сүйлөшүүгө даяр, бирок бул жаатта бийликтин чечкиндүү кадамга барбаганы аларды иренжитүүдө.

Подполковник героин менен кармалды
Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлери 24-ноябрда ИИМдин ички иштер аскерлеринин подполковнигин героиндин ири партиясы менен кармашты. Ал шаардагы аскер бөлүктөрүнүн бирине кире бериште героинди сатуу аракетин көрүп жаткан учурда колго түштү. Текшере келгенде анын жанынан пакеттерге салынып, жабышкак желим менен байланган сегиз килограмм героин чыккан. Ошондой эле ИИМдин Ички иштер аскерлеринин подполковнигинин күбөлүгү табылып, Оштон экендиги, жашы 51де, улуту күрд экендиги аныкталган. Кармалган адам өзүнүн кызмат абалын кыянат пайдаланып жүргөн кадимки эле баңгибарон экен. Анын иш кабинетинен дагы бир кг героин, ал эми үйү-нөн "Super R-35" пистолети табылган. Баңги сатып байыган шылуунга кылмыш иши козголду.

И.Давыдов кырдаалды оңдойбу?
Энергетика боюнча адис окумуштуу Карыпбек Алымкуловдун пикиринде Энергетика жана отун ресурстар министри болуп дайындалган Ильяс Давыдов кырдаалды өзгөртө албайт, эгер анын жаңы сунуштары болсо буга чейин эле абалды оңдомок. Алымкуловдун баамында, Давыдов министрликте структуралык өзгөртүүлөрдү жасашы мүмкүн, бирок буга чейинки аракеттин жоктугунан кризиске тушуккан энергетика тармагын азыр оңдоо кыйын болуп калды. Ал эми жаңы министр Ильяс Давыдов кечээ Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү март айында 5 миллиард 800 миң кубметрге түшүшү мүмкүн деп, электр энергиясын пайдаланууну азайтуу жана суунун ГЭС такыр токтоп калчу илимий негиздеги деңгээлин төмөндөтүү керектигин билдирген.

Энергетиктер энеңерди декабрда көргөзөт!
Ноябрь айында электр энергиясын пайдалануунун көлөмү мурда белгиленгендей 33 пайызга эмес 23 пайызга гана кыскарды.Мындай маалымат берген Энергетика жана отун ресурстар министринин орун басары Акылбек Түмөнбаевдин айтымында, бардык райондор, айрыкча Бишкек шаары ашыра пайдаланып жатат. Чектен ашкан райондордун электр тармактар жетекчилери иштен алынды, эми жарыкты 20 саатка чейин өчүрүп, ноябрда чектен ашкан райондорго декабрда жарык берилбейт деп билдирди. Ошентип энергетик акелер декабрда энеңерди гана көргөзөбүз деп элине муштум түйүп турган чагы.

"Ак жол" менен "Жаңы Кыргызстан" айтышабы?
"Жогорку Кеңештеги "Ак жол" фракциясынын жетекчиси Азиз Турсунбаев депутат катары милдетин билбегендиктен фракция парламентте жасаган иштери боюнча кандай мыйзамдын негизинде "Жаңы Кыргызстан" партиясынын алдында отчет бериши керек деп жооп берди",-деп билдирди "Жаңы Кыргызстан" партиясынын башкы катчысы Исмаил Исаков. Анын айтымында, "Ак жол" фракциясынын депутаттары партия жетекчилерине эмес, аларды шайлаган партиянын мүчөлөрүнүн алдында мыйзам чегинде отчет берүүгө милдеттүү. Андан тышкары Өкмөттүн жаңы түзүмү тууралуу партиянын сунушун карап көрүп, жарамдууларын алууга милдеттүү деген Исмаил Исаков бийлик партиянын сунушун эске албаса мамлекеттик жогорку кызматта турган мүчөлөрүн чакыртып алып ачык оппозицияга өтөөрүн жана нааразылык акцияларына барарын билдирди.

АКШ авиабазасына каршысыңбы?
Кыргызстандын "Манас" аэропортунан америкалык авиабазаны чыгаруу боюнча экс-Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу төрагалык кылган Мусулмандар союзу элдин колун топтой баштады. Жогорку Кеңештин кароосуна берүүгө зарыл 300 миң адамдын колунун 200 миңи түштүк облустардан, калган 100 миңи башка облустардан чогултулат. Ал эми авиабазаны чыгаруу талабына андан түшкөн пайда элге эмес кызматкерлердин чөнтөгүнө кеткени, экологияга зыяны жана Ирандын кайсы жактан бизге каршы ок атылса биз да ошол жакка бомба менен жооп беребиз деп эскерткени түрткү болууда деген экс-Акыйкатчы бул аракет менен Ооганстандан аскерин чыгарам деген АКШнын жаңы президентине жардам гана беребиз деген ойдо.




Барак Обама экономика үчүн жооптуу командасы менен тааныштырат
Борбордук банктын Нью-Йорктогу филиалынын төрагасы Тимоти Гайтнер финансы министри болуп дайындалат деп күтүлүүдө. Президент Билл Клинтондун администрациясында бул кызматты ээлеп келген Лоуренс Саммерс Ак-Үйдүн Улуттук экономикалык кеңешинин директорлугуна келмекчи. Ишембиде Обама анын экономикалык кеңешчилери кризистен чыгуу планынын үстүнөн иштеп жатканын билдирген. Ал план ишке ашса, эмки 2 жыл ичинде 2 жарым миллиондой жумушчу орун түзүлмөкчү.

Багдаддагы кош жардыруу
Бул тууралуу Ирак полициясынын өкүлдөрү билдиришти. Катуу кайтарылган "Жашыл тилкеге" бараткан жолдо жанкечти аялдын жардыруусу кеминде 5 кишинин өмүрүн алып кетти. Баш калаанын чыгышында болсо Соода министрлигинин кызматкерлери бараткан чакан автобус бомбага кабылып, 11 киши каза болду. Кол салуулар Ирак парламенти АКШ менен түзүлгөн коопсуздук келишиминин долбоорун карап жаткан учурда орун алды. Макулдашуу америкалык аскерлердин Иракта дагы 3 жылга калышына жол ачат. Улутчулдар чет өлкөлүк контингенттин тезирээк кетүүсүн талап кылышууда. Документ парламентте ушул аптада колго салынат деп күтүлүүдө.

Палестинадагы чатак
Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас "Хамас" менен "Фатах" жыл аягына чейин элдешүү келишимине жетишпесе, эрте шайлоо өткөрүлөт деп эскертти. Газа тилкесин көзөмөлдөгөн исламчыл "Хамас" кыймылы Египеттин ортомчулугу менен өткөрүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн ай башында чыгып кеткен. Кыймыл Аббастын секулярдык Фатах партиясынын коопсуздук кызматы "Хамастын" Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги колдоочуларын кармоодо деп айыптоодо.

Бетти даярдагандар Н.Бөдөшова, Д.Султаналиева










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan