Таалай Нуркемел

Кесилген баштын махабаты
(курч окуялуу повесть)
- Ал орус болгонбу же кыргыз болгонбу,-деди чыт курсак.
- Ал кыргыз болгон. Илгери кыргыздар согушчан жоокер, көчмөн эл болгон да. Манасты билесиңби? Окудуң беле?
- Ооба билем, бирок окуган эмесмин-деди чыт курсак.
- Билсең мына ошону окушуң керек.
- Жылдызбек менен чыт курсак Атилла экөө көпкө сүйлөшүп келип көпүрөнүн жанына келип калышты. Жылдызбек Атиллага карап,-Мага жыланыңды сатпайсыңбы,-деди-күлүп.
А эмнеге?
- Мага керек болуп атат.
- Мейли анда бекер эле берейин, -деп мойнундагы жыланды колуна соймоңдото кармап -Коркпойсузбу, -деди берип жатып.
Жок коркпойм,-деди Жылдызбек башына түшкөн мүшкүл окуяны эстеп капалуу. -Мен сага бир күнү ушул жерден жолугам, макулбу Атилла. Сен мага жыланыңды бер. А сен бул эки жүз сомду алып, өзүңө керектүү нерселерди ал,- деп Атилланын колуна карматты. Чыт курсак Жылдызбекти ээрчип кеткиси келди, бирок бир күнү келет деген ойдо жыланын карматып, акчаны алып кала берди.
- Мен сени кийин алпарып каратэни үйрөтөм макулбу Атилла,-деди узап бара жатып.
Жыланды чөнтөгүнө салган боюнча кара жолдун жээгинде шашып кетип баратты. Кантсе да тирүү жылан болгондуктан улам булт-булт этип оодарылып, денесин ала салдырып чөнтөктөн тынчы кетип туйлап жатты. Аз жерден суурулуп чыгып да кете жаздады. Таксиге же автобуска түшкөндөн да чочулады. Кадамын чоң-чоң таштап, шадылуу узун буттары жерге тийбей, Жылдызбекти алып учуп бараткандай сезилди. Ийри-буйру кыска жолдор Жылдызбектин үйүн көздөй алып бара жатты. Күү-шаа түшкөн Бишкектин көчөлөрү эч өзгөрбөй, тынчтыктын шоокуму угулбай улам жанданып жаткандай көрүнөт. Кым-куут жүргөн канчалаган адамдардын бири да "сен кимсиң" деп бири-бирине көңүл бөлчүдөй түрү көрүнбөйт. Бардыгы Жылдызбек сыяктуу азаптуу турмуштун, жашоонун айынан кыйма-чийме, каршы-терши агылып баратты. Жол катары бараткан адамдардын канчалары санаа чегип баратышты болду экен? Канча деген адамдар кайгы санаадан алыс бактылyy жашап жатышат. Алар кантип жашап жатышат? Телегейи тегиз адамдар кандай адамдар?... Жылдызбектин кым-куут түшкөн ойлору кайрадан реанимацияда жаткан Мээрим менен Назирага бөлүнүп санаасы тынчыбай баратты. Канча катуу баскан сайын жолу арбыбай чөнтөктөгү жыланы туйлап келатты.
Элдин ызы-чуусунан ооруган Мария үйүнө келип бүк түшүп жыгылган болчу. Ошол боюнча эч баш көтөрүп ордунан козголгон жок. Көчөдө элдер жай-жайына тарашып эч ким деле анчалык Марияны элес алган жок. Жылдызбек биринчи көчөнү байкады. Көчө тынч. Анан квартирасын көздөй тез-тез басып жөнөдү. Акырын дарбазанын эшигин түрттү. Ачык экен. Ичинен Марияга рахматын айтып короого кирди. Өтө катуу дабыш чыгарбай өзүнүн бөлмөсүн карай жөнөдү. Мариянын үйү ачык турат. Кыязы үйдө болуу керек деп ойлоду. Кесилген башты Мария көргөн көрбөгөнү азырынча табышмак болуп жатты. Короо тынч болгондуктан Жылдызбек өзүнүн квартирасына кире качты. Эки көзү балбылдап аңтарылып чачылган үй ичинен өтүп кетти. Чачылган казан-аяк, түркүн таттуу тамактар. Кесилген адамдын кара башы сынган тарелкалардын, чынылардын, бокалдардын арасында жер сүзүп, топтой томпоюп, көзү жумулуп, өңү кумсарып Жылдызбекти күтүп жатат. Баарын бир сыйра карап чыккан соң чөнтөгүндөгү жыланды столдун астына ыргытты да кесилген башты алтын тапкандай отура калып эки колдоп ала койду.
Өңүн бир карады, ыргып кеткен мээ капкагын экинчи колу менен ордуна кийгизе салды да ыргып турду. Мээрим ачып жиберген ак чүпөрөктүн өзүнө орой салды. Карбаластап шашкан боюнча башты салган кара сумкасын тапты. Алактаган Жылдызбектин эки көзү бирде эшиктен, бирде терезеден өтүп жатты. Корккону, бирөө-жарым кирип келбесе экен деген ойдо бардыгы көз ирмемде жасалды. Кара сумкага кесилген башты салды да моюнун коркойтуп терезеден карады. Кыязы эч ким көрүнбөйт. Сумканы колуна бүктөй кармап артына катып сыртты карай жөнөдү. Эшиктин жылчыгынан Мариянын үйүн карады. Дабыш жок. Мария да көрүнбөйт. Шарт эшикке чыгып, кара сумканы көтөрүп тамды айланып сарайдын сыртына чыгып кетти. Сарайдын артында жууна турган "Жайкы душ" эч кимге байкалбай турган. Жылдызбек ошол душка бет алды. Короонун сыртында коңшулар да тым-тырс. Сумканы жерге койду да нары жакта турган шатыны көтөрүп келип душка тигинен жөлөп тургузду. Анан нары бери басып кошуналарды акмалай карады. Негедир эч ким көрүнбөйт. Ушул убакыттан пайдаланып сумканы жерден ала койду да, шаты менен өйдө көтөрүлдү. Душтун челегинде суу жок эле. Колунда сумкасын челектин ичине жашырып, оозун бекем жаап шатыдан секирип кетти. Шатыны көтөрүп кайра ордуна койду Бир балээден кутулганын сезген Жылдызбек чөнтөгүнөн чылымын алып чыгып күйгүзүп, "Өх!"-деди да бөлмөсүн көздөй басты.
ҮҮҮ
Оорукананын реанимациясында жаткан эки сулуу-периште кыздардын ал-абалы оор эле, бирок оорулуулар көп болгондуктан бир палатага которуп көзөмөлгө алып турушту. Ошол мезгилде оорукананын алдына бир кара "Мерседес" келип токтоду. Ичинен кара узун булгаары плащ кийген бир чоң киши, бир аял жана эки бойлору узун жигиттер түшүштү. Бир жигит клиникага кирип врачка жолугуп эки кыздын дарегин дароо биле салды. Аңгыча келген адамдарга жол көрсөтүп, оорукананын төртүнчү кабатына көтөрүлүп баратышты. Булар Мээримдин папасы менен мамасы эле. Медсестрадан халат алып жондоруна жамынышты да кыздар жаткан палатага кирип келишти. Кыздарга укол жасалып, тынч уктап жатышкан. Кирип келгенде эле куп-куу болгон кызын көргөн Мээримдин апасы кучактап бетинен өөп, буркурап ыйлап жиберди. Көз жашын көлдөтүп "ботосун жоготкон ингендей"-боздоп жатты.
Мээримдин атасы Назираны, Мээримди да чачынан сылап бетинен өөп анан эки кызды алмак-салмак карап турду. Жүрөгүн күйүт мыжыгып, ичи туз куйгандай ачышып, жаактары кычырап, көздөрү кызарып өзүн-өзү араң кармап турду. Каардуу көзүнүн кычыгынан тоголок жаш "мөлт" этип ыргып кетти. Жанындагыларга билдирбеске аракеттенип тетири бурулуп, терезеден сыртты карады.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan