"Жаўы кылым", 27.11.08 - 13-бет:
  Сезим

Кремль аңгилери Сталиндин ойношунун ыймандай сыры
Вера Александровна Давыдова - РСФСРдин жана Грузин ССРинин эмгек сиңирген артисти, Сталиндик сыйлыктын үч жолку лауреаты жана башка дагы көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон. Бул наамдардын баары ага татыктуу ыйгарылган. Ал таланттуу актриса жана татынакай үндүн ээси болгон. Ал Тбилиси мамлекеттик консерваториясынын окутуучусу, профессору болуу менен сахнада узак жана бактылуу өмүр сүргөн. Бирок ошондой болсо да өмүр баянында бир олуттуу "жагдай" болгон: он тогуз жыл бою Сталиндин ойношу болуп, ал жөнүндө аз гана адамдар билген. Ошол билген адамдар да Кремль тиранынын (зулумунун) айланасындагы жакын адамдар болушкан. Сталиндин ойношуна болгон жашыруун байланышын анын каардуу жазасынан коркуп, эч ким айта алган эмес. Өзүнүн алгачкы таанышуусунун башталышы, жакындашуусу чексиз бийликте турган генеральный секретарь жана жол башчы өкүмдар менен узакка созулган сүйүү байланышы, кремлдик жорук-жосундар, өз алдынча кабыл алуулары жөнүндө көргөндөрүн жана уккандарын Вера Александровна өзү айтып берген. Бирок анын эскерүүлөрүн адабиятташтырып жазгандарды жарыялоо биздин күндөрдө гана мүмкүн болду.

(Башталышы өткөн сандарда)

Ырчы Валерия Владимировна Барсова
Чоң кабыл алууда өкмөттүн бардык мүчөлөрү: жазуучулар, окумуштуулар, артисттер, композиторлор, сүрөтчүлөр, белгилүү колхозчулар, спортсмендер, темир жолчулар жана жумушчулар чогулушту. Залга физиолог Иван Павлов жана химик Николай Зелинский киришкенде аларга бардыгы туруп кол чабышты... Сталин "Советтик илим үчүн!"-деп тост көтөрдү. Павлов элге таазим кылды да чоң рюмканы ичти. Калинин анын эки ооз сөз сүйлөшүн суранды.
- Мен кечээ өзүмдүн сексен жылдыгымды майрамдадым деди Павлов жапыс үн менен бирок дүркүрөгөн кол чабуулар анын сөзүн бөлүп кетти. -Советтик илим үчүн көтөрүлгөн тост абдан зарыл керек. Мен бул жерде Ягоданын катышып отурганын азыр билдим. Советтик илимди басмырлаган бул адамды көргүм келет.
Эч ким Павловдон мындай чечкиндүүлүктү күткөн эмес. Залда ызы-чуу болду. Сталин Павловдун жанына келди да:
- Уланта бериңиз Иван Петрович, биз сизди угуп жатабыз-деди ал токтоолук менен.
- Бир нече күн мурда америкалык кесиптештерим менен бирге лабораторияда иштеп жаткам. Күтпөгөн жерден эле мамлекеттик саясий башкарманын агенттери калжактап кирип келишти да столдогу кагаздардын баарын алып, менин бир нече ассистенттеримди машинага салып алып кетишти. Биз эмне болгонун, тинтүү менен камакка алуунун себептери эмне экенин билүүгө аракеттендик, бирок эч кандай жооп ала албадык...
- Иван Петрович,-Сталин анын сөзүн бөлүп кетти,-сизге убада беремин сиздин кызматкерлериңиз бошотулат жана институтка кайтышат. Жолдош Ягода жазаланат. Андан кийин ал Калининге кайрылды: Михаил Иванович сиз Иван Петрович Павловдун кызматкерлеринин камакка алынышын изилдөө боюнча комиссиянын төрагасы болуп дайындаласыз. Бардыгын толугу менен изилдөөнү жана адамдарды бошотууну суранам.
Анкор Калинин башын ийкеди.
Ушул банкетте Сталин дагы бир жолу эл алдына чыгып сүйлөдү:
- Өздөрүнө чектен ашкан мүмкүнчү-лүктөрдү алышкан Мамлекеттик саясий башкарманын уюмдарын токтотууга мезгил жетти. Алар менен иш жүргүзүү убагы келди. Сиздер кандай дейсиздер жолдоштор?
Бул сөздөн кийин бардыгы дүркүрөгөн кол чабуулар менен орундарынан турушту. Бул жерде келечектеги курмандыктар: "Тухачевский, Гамарник, Фельдман, Егоров, Каменов, Ежов, Рыков, Бухарин, Агранов жана көптөгөн, көптөгөн башкалар болушту...
Банкеттен кийин Валерия Барсова ырдоо үчүн өзүнүн кыска буттары менен сахнага багыт алды. Ал өзүнүн кырк жаштагы курагына карабастан эң сонун көрүнчү. Иосиф Виссарионович анын жакасынын оюгун көз албай тиктеп отурду. Биз бир нече жолу көз караш менен жолугуштук. Андан кийин конферансье салтанаттуу түрдө жарыялады: "Ал эми азыр биздин эң сонун Кармен - Вера Давыдова чыгып ырдайт".
Ворошилов менен Тухачевский мага гүл беришти. Меймандар жарым түндө кетишти. Ворошилов да, Тухачевский да мага машинадан орун сунуш кылышты. Алардын талашына Сталин күлкү менен аралашты:
- Бул эмне: Эки карышкыр олжо талашып жатабы? Эсиңерде болсун, силердин дуэлиңерге (эрөөлүңөргө) секунданттар (күбө адамдар) болбойт!
Менин кетишиме Сталин биринчи жолу көңүл кош болду. Ал түнкүгө күйөөсү бар Барсованы же бир жаш балеринаны чакырганы шексиз экендигине ишендим. Келечектен корктум жана ошол эле учурда өзүмдү капастан учуп чыккан куштай сездим.
- Клим, кеттик-деп оозун ачып эстеген Екатерина Ворошилова.
- Жакшы, жакшы, кетебиз деп күңк этти ал.
Ошентип мен Тухачевскийдин машинасында болуп калдым. Сталин мага көңүл бурган да жок.
Биз бош көчөлөр менен шаар аркылуу токойду көздөй зуулдадык. Таза аба бетибизди аймалады. Биз эркин жана учкан куштай бактылуу болуп калдык.
- Верочка, менин аялым болууга качан макул болосуң?-деп сурады Михаил Николаевич муңайыңкы. Мен ага көпкө өпкүлөө менен жооп бердим.
- Бир нече күнгө Переяславлга барабыз,-деп сунуш кылды Михаил. -Менин ал жерде досум бар, балык кармайбыз.
- Ал эми мен театрга эмне-деп жооп берем?
- Аскердик госпиталдан бюллетень таап берүүгө аракет кылам, ал жерде менин досторум бар...
Барсова катуу өзгөрдү. Чыныгы ажаан катын болуп калды. Анын кичинекей эле каалоосу көз ачып-жумгуча аткарылат. Ал эң сонун жаңы квартира алды жана мени жаңы үйгө киргендеги тоюна чакырды: жаңы фаворитка (жогорку даражадагы адамдын ойнош аялы) өзү таштап кеткен ойношун кемсинткиси келди.
Мен атайын Норцов менен келдим. Бийледик, ырдадык эң сонун болду. Телефон шыңгырады, Кремлден чалышты. Барсова шашылыш телефонго чуркады. Ага Кремлде өтө турган концертке менин катышуум жөнүндө мага билдирип коюну суранышыптыр! Ачуусу келген Барсова эрдин кесе тиштеди.
- Урматтуум-деди алтын тиштери аркылуу ышкырып,-мен билем башыңыздан өткөн окуяларыңызды жана башыңыз менен дубалды сүзүүгө кеңеш бербейм. Сиз утулуп калдыңыз. Ичибизде болсун, сыр кылып айтайын: ал менин тиземе жыгылып, мен анын аялы болушумду жалынып суранды.
Мен өзүмдү андан ары кармап тура албай, каткырып күлдүм. Мен ушунчалык ыкшып күлгөндүктөн бул шайырдыктын себебин билишпей жана биздин "досторго" аңгемебиздин бир сөзүн да угушпай меймандар да күлүштү...
Биз Михаил Тухачевский менен Переяславлда убакытты эң сонун өткөрдүк: монастрларга бардык, балык кармадык эс алдык, бирок тилекке каршы аны кызматка чакырып кетишти.
Мен кайтып келгенден көп өтпөй эле мага Сочиге чейин билет жана чоң суммада акча беришти. Ошол эле жерден Поскребышев телефон чалды:
- Трубканы Сталинге берем...
- Жолдош Давыдова, сиз бизде такыр болбой калдыңыз. Бул жаман эски досторун унуткан!
- Мен ооруп жаттым, тамагымды дарылаттым...
- Анда экөөбүздүкү бирдей экен. Мен да оорудум. Тиштерим катуу ооруду. Жакында көрүшөбүз. Көрүшкөнчө!

Которгон Р.Бакиров

(Уландысы бар)




Таанышкым келет
Урматтуу окурман, балким өз түгөйүңүздү таппай кыйналып жүргөндүрсүз. Дароо (0773) 48-36-74 номерине SMS жөнөтүңүз. Жөнөткөн SMSиңиз гезит бетине жарыяланат. SMS билдирүүнүн баасы сиздин тарифиңизге жараша болот. Эң негизгиси, SMSиңиз кызыктуу болсун. Чоң сураныч, "Таанышкым келет" рубрикасындагы телефонго маяк бербегиле! Жиберген SMSтериңер сөзсүз чыгарылат.

©©© Жашы 22-25теги баткендик шайыр жигиттер менен таанышкым келет. Атым Назгүл.
(0777) 59-29-15
©©© Привет девушки. Меня зовут Эдик. Хочу познакомиться с красивыми девушками от 15 до 20 лет, не в службу а в дружбу. Прошу не маяковать. (0777) 86-20-90
©©© Салам кыргызымдын сулуу кыздары. Менин атым Бексултан. Мен 16 жаштагы кыздар менен таанышкым келет. Смс жазгыла. Ош, Араван району. (0777) 83-73-44
©©© Мен, Кызыл-Кыядан Аскат болом. Жашым 17де. Сулуу кыздар менен таанышам. Чалгыла, жазгыла, күтөм. (0773) 53-76-33
©©© Атым Зарина, 22 жаштамын. Таластык шайыр, таланттуу жигиттер менен таанышам.
(0772) 19-39-07
©©© Салам! Менин атым Алмаз, жашым 28де. 20-25 жашка чейинки ыймандуу, татынакай кыздар менен таанышкым келет.
(0550) 93-18-48
©©© Салам, ыймандуу жана тамашакөй балдар, кайдасыңар? Таанышпайлыбы? Атым Айгерим, 1992-жылкымын. (0777) 76-24-65
©©© Салам, жашым 24тө. Ыймандуу, намаз окуган мырзалар менен таанышам.
(0555) 13-04-50
©©© Аксынын жигиттеринен чанбаган,
Достук сүйүүгө канбаган,
Айым, кыздар бар бекен?
Жаман жолго барбаган.
Атым Сагындык. Жашым 16да. 15-16 жашка чейинки Аксынын сулуу кыздары менен таанышам. (0777) 65-36-50
©©© Салам! Жашы 16дан 18ге чейинки кыздар менен таанышам. Талант. (0777) 61-72-75
©©© Кыргыздын патриот кыздары менен таанышкым келет. Эрбол. (0772) 37-82-80
©©© Салам, атым Мөөркан. 16 жаштамын, Оштон болом. Достошкум келет.
(0777) 43-91-58
©©© Саламатсыздарбы. Менин атым Самат узун бойлуу, сулуу, акылдуу, стандарт фигуралуу, жүрөгү ак, багыты түз, жигити жок кыздар менен таанышам. Мүмкүн болсо үй-бүлө курам. Чалгыла 24 саат күтөм. Айтып коеюн шашылыңыздар, кеч калсаңыздар занят болуп калышым мүмкүн. (0772) 39-83-79
©©© Атым Назира. Жашым 21де. Мен акылдуу баладр менен достошом. (0777) 29-53-33
©©© Мен кыргыздын 18 жаштан 25жашка чейинки сулуу жигиттери менен таанышам. Только не маякуйте, я очень злая. Наргиза.
(0772) 45-65-42
©©© Атым Гүлзат, жашым 29да. Турмушка чыккан эмесмин. Ыймандуу балдар менен таанышам. (0777) 64-91-79
©©© Жашооң оорбу? Орусияга кел, бирге кыйналабыз. 31 жаштагы Жани.
+7911 473-80-76