"Жаўы кылым", 20.11.08 - 2-бет:
  Маалымат

Кылым пресс
Кыргыз депутаты немис парламентин иликтейт
Кытайдын Үрүмчү шаарында "Борбор Азия жана ШКУ мамлекеттериндеги жаңы геосаясий кырдаал" деген темадагы конференцияга Кыргызстандан социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов катышып, " Борбор Азиядагы жаңы геосаясий кырдаалдын негизги факторлору" деген темада сөз сүйлөмөк. Кытай сапарынан кийин Бакыт Бешимов Жогорку Кеңештин расмий делегациясынын курамында Германияга барат. Бул сапардын максаты немис парламентинин иши менен таанышуу.

Нура айылына 200 миллион сом бөлүндү
Жер титирөөдөн жабыркаган Алай районундагы Нура айылын кайра курууга Өкмөт 200 миллион сом бөлдү. Курулуш иштери быйыл башталып, келерки жылдын август айына карай аякташ керек. Бул тууралуу Өкмөт башчы Игорь Чудинов өткөн күндөрү Нура айылында жумуш сапарда болгондо билдирди. Айылдын инфраструктурасына Азия өнүктүрүү банкы да каражат бөлүүдө. Сапар учурунда Игорь Чудинов учурда темир үйлөрдө жашап жаткан нуралыктар менен жолугушуп, алардын ал-абалы менен таанышкан. Өкмөт башчы ошондой эле Нура айыл өкмөт башчысына "Нива" автоунаасын тапшырган.

Балдар мектепке кайтат
Мындай бүтүмдү Ички иштер министрлигинин алдындагы коомдук кеңеш кабыл алды. Сабак маалында мечит жана башка диний жайларда болгон балдарга айрыкча көңүл буруп, диний аалымдар жана ата-энелер менен түшүн-дүрүү иштерин жүргүзүп туруу керектиги белгиленди. ИИМ, бир катар министрлик өкүлдөрү сабактан качкан балдарды мектепке кайруу боюнча атайын рейд өткөрүп, мектептен калган алты жүздөн ашык баланы каттаган.

Жол кырсыгынан 908 адам каза тапты
2008-жылы он айдын ичинде жол кырсыгы боюнча үч жарым миңден ашык факты катталган. Өлкөдө, айрыкча балдардын бул кырсыкка кабылган учурлары көбөйүп жатканы кооптондурат. 16-20-ноябрь күндөрү Кыргызстанда дүйнө жүзүндөй эле жол кырсыгынан курман болгондорду эскерүү күнүнө карата акциялар өткөрүлүүдө. Мектептерде жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча түшүндүрүп-маалымат берүү иштери уюштурулуп жатат. Жол кыймылын күзөтүп иштеген кызматкерлер шаардагы №3 балдар ооруканасында жол кырсыгынан жапа чеккен балдарга кан тапшырышты.

Курултай өткөрүүгө оппозицияга имарат берилген жок
"Акыйкат үчүн" кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкуловдун билдирүүсүнө караганда, ар кандай шылтоолор менен бийлик курултай өткөрүүгө оппозицияга имарат берүүдөн баш тартты. "Акыйкат үчүн" кыймыл алгач Кожомкул атындагы спорт сарайды сурап, ал жерде 29-ноябрда курултай өткөрүүнү белгилеген. Бирок грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт деген себеп менен спорт сарайы берилген эмес. Андан кийин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония, Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук драма театр жана Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын имараты суралган. Бирок бийлик өкүлдөрү имарат берүүдөн баш тарткан. Оппозициялык күчтөр курултай өткөрүүнүн ордун аныктоонун үстүнөн ишти улантууда.

Сот М.Кулешовду күнөөлөдү
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сот залында салык төлөөнү коргоочулардын акцияларына карата болгон сот иштери аяктады. Сот ушул акциянын уюштуруучуларынын бири Максим Кулешовду административдик тартипти бузгандыгы үчүн деген 392 статьянын негизинде күнөөлү деп тапты.

Даярдагандар Н.Бөдөшева,
К.Жакыпов,
Б.Оңолкан уулу




 Ысык-Көл жаңылыктары

Мамлекеттик тил көйгөйү
Мамлекеттик тил акыркы жылдары расмий тилдин көлөкөсүндө калып, көпчүлүктү тынчсыздандырып келүүдө. Мындай көйгөйдү чечүү максатында Ысык-Көл областтык администрациясы тарабынан атайын токтом кабыл алынып, областтык, райондук жетекчилерди милдеттендирген бир топ иш чаралардын тизмеси камтылды.
Атап айтсак көчөдөгү жарнама тактайчалары кыргызчаланып, иш кагаздарын жүргүзүү мамлекеттик тилге өткөзүлөт.
Мындан тышкары токтомдо кыргыз тилинин өнүгүшүнө өз салымын кошуп жаткан "Кыргыз почтасы", К.Тыныстанов атындагы универстетке окшогон мекемелердин атына жылуу сөздөр айтылса, мамлекеттик тилге көп маани бербей жаткан "Чыгыш электро" акционердик коомунун дарегине сын пикирлер айтылды.

Сыйга татыды
Өкмөт тарабынан жарыяланган "сапаттуу продукция" конкурсуна активдүү катышкандыгы үчүн Каракол шаарындагы "Үй-бүлөлүк медициналык борбор" Мактоо баракчасы менен сыйланды.

Чектөө алынды
Азык-түлүк коопсуздугунан чочулаган Ысык-Көл областтык администрациясы 2008-жылдын 28-августунда аймактан дан эгиндерди чыгарууга тыюу салган токтом кабыл алган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин эскертүүсү менен бул токтом жокко чыгарылды.

Эл каттоого даярдык
Өкмөт тарабынан статистикалык комитеттин моюнуна жүктөлгөн жалпы эл каттоо ишине даярдык аймакта башталды. Мындай жооптуу иш чараны жогорку деңгээлде өткөзүү максатында жергиликтүү өзүн- өзү башкаруу органдары тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ж.Иманова




Таластыктар көлдүктөрдөн өйдө экенин көргөзүштү
18-ноябрда Талас шаарында оппозиционер Азимбек Бекназаров баш болгон Революциялык комитеттин жыйыны кандай өтө тургандыгы жөнүндө коомчулук тынчсызданып турган эле. Анткени, буга чейинки Көлдүн Түп районундагы инцидент элдин эсинен кете элек болчу. Бирок таластыктар көлдүктөрдөн айырмаланып алда канча аң-сезимдүү экендиктерин дагы бир жолу далилдеп коюшту. Бул таластыктарды мактап, көлдүктөрдү кемсинтүү аракети эмес, фактылардын констатациясы гана.
Мамлекеттик бийлик жана анын Талас областындагы структуралары, күч структуралары бул жолу деле Түптөгүдөй провокация жасоого аракет кылгандыгы ачык айтылбаса да байкалып турду. Анткени ал жыйынга алдын-ала "колтугуна суу бүркүлгөн" "ак жоолукчан айымдар", "ак калпакчан аксакалдар" аралашууга аракеттеништи. Бирок митингдин негизги катышуучулары алардын провокациялык ызы-чууларына жол беришкен жок.
Мына ушуну менен Азимбек Бекназаров баштаган кыймыл өз иш аракеттерин баштоодо "аттануу чекитин" туура тандап алгандыгы белгилүү болду. Буга чейин Коомдук парламенттеги айрым беделдүү оппозиционерлердин А.Бекназаровдун аракетин колдобой турушкандыгынын да башкы себеби мына ушул "Түп синдрому" экендиги да сереп салган ар бир адамга байкалып турган.
Эми таластыктардын оппозиционерлер менен болгон жолугушууга жасаган мамилеси оппозиционерлерди дагы бир топ шердентип койгондугу ачык болду.
Негизи ар бир региондо эле азыркы учурда бийликке нааразычылыктар күчтүү. Өзгөчө акыркы мезгилдеги электр энергиясын чектөөлөр отко май куйгандай эле таасир берүүдө. Бийликтин, анын ичинде Энергетика жана отун ресурстары министри С.Балкыбековдун былтыртан бери оозуна талкан куюп алгандай унчукпай келип эми жаратылыштын таасирине - кургакчылыкка шылтоосу бийликтин апологеттери менен кошоматчыларын эле ынандырбаса, карапайым адамдарга, атүгүл парламенттеги "ак жолчу" депутаттарга да ишенич жаратпайт.
Муну азыркы "Жаңы Кыргызстан" партиясынын лидери Исмаил Исаков да "жиликтеп" айтып берип жатпайбы.
Сөздү кыскартып айтканда таластагы митинг азыркы өлкөдөгү кырдаалдын түзүлүшүнө учурдагы бийлик күнөөлүү экендигине региондордогу элдердин көзү жетип тургандыгын далилдеп койду.
Эми маселе - пролетариаттын улуу жол башчысы В.Лениндин сөзү менен айтканда "жогору жактагылар башкара албай, төмөн жактагылар баш ийгилери келбей калган кырдаал" бышып жетилдиби? Эгер ушундай болсо учурда оппозиционерлер өз ара бөлүнүп-жарылганды ташташып кырдаалдан пайдаланыша алабы?
А.Чаргынов, Бишкек шаары.