"Жаўы кылым", 13.11.08 - 13-бет:
  Сезим

Кремль аңгилери
Сталиндин ойношунун ыймандай сыры
Вера Александровна Давыдова - РСФСРдин жана Грузин ССРинин эмгек сиңирген артисти, Сталиндик сыйлыктын үч жолку лауреаты жана башка дагы көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон. Бул наамдардын баары ага татыктуу ыйгарылган. Ал таланттуу актриса жана татынакай үндүн ээси болгон. Ал Тбилиси мамлекеттик консерваториясынын окутуучусу, профессору болуу менен сахнада узак жана бактылуу өмүр сүргөн. Бирок ошондой болсо да өмүр баянында бир олуттуу "жагдай" болгон: он тогуз жыл бою Сталиндин ойношу болуп, ал жөнүндө аз гана адамдар билген. Ошол билген адамдар да Кремль тиранынын (зулумунун) айланасындагы жакын адамдар болушкан. Сталиндин ойношуна болгон жашыруун байланышын анын каардуу жазасынан коркуп, эч ким айта алган эмес. Өзүнүн алгачкы таанышуусунун башталышы, жакындашуусу чексиз бийликте турган генеральный секретарь жана жол башчы өкүмдар менен узакка созулган сүйүү байланышы, кремлдик жорук-жосундар, өз алдынча кабыл алуулары жөнүндө көргөндөрүн жана уккандарын Вера Александровна өзү айтып берген. Бирок анын эскерүүлөрүн адабиятташтырып жазгандарды жарыялоо биздин күндөрдө гана мүмкүн болду.

(Башталышы өткөн сандарда)
Мага бермет тиштери бар узун бойлуу аял келди да:
- Менин ысмым Наташа -деди ал колун сунуп, -Суусундук ичкиңиз келеби?
- Эгерде мүмкүн болсо, минералдык суу, бирок муздак болбосун.
- Мына азыр алып келем.
Суу жана семга, осетрина балыктарынын эттери кошулган бутербродду алып келди. Андан кийин мага каучуктан жасалган сандалды берди да, дубалдары түстүү кафелдер менен беттелген мончого узатып койду.
- Адегенде душту кабыл алыңыз-деди Наташа, - ал эми андан кийин мен буу жиберемин. Макулбу?
- Жок, рахмат, тамагыма суук тийгизип аламбы деп корком.
Душтан кийин мага Наташа билгичтик менен массаж (укалоо) жасады. Мага турууга жардамдашып жатып мындай деди:
- Сиз кандай гана сулуу жансыз! Кандай гана аял болбосун сиздин келбетиңизге суктанат. Сизде төгүлгөн, серпилген таң каларлык көкүрөк бар. Уруксат кыласызбы мен аны өөп коеюн?
Мына ушул кош маанилүү көшөкөрлөнүп мактоодон көөнүм айныды.
- Наташа, болбогон кепти айтпаңызчы!
- Кечирип коюңуз, Вера Александровна мен сизди капа кылайын деген жок элем.
Мен шыпыргы менен чабынып жатып кызарып чыктым. Наташа менин чачымды тарап, маникюр жана педикюр жасады. Мен ага алкыш айтып, жолдугун жасайын дедим эле, бирок ал сыпайылык менен баш тартты:
- Бизге чайлык акы алууга болбойт.
- Болуптур, анда мен театрга билет алып берип жиберем. Үй телефонумду жазып алыңыз.
- Ох чоң рахмат! Ырахаттануу менен спектаклди көрөм жана сизди угам.
Сталин китептерге, газеталарга жана ар кандай журналдарга толгон китепканада эс алып жаткан.
- Сизге жактыбы?-деп сурады. -Кандай экен биздин мончо? Өзүңүздү кандай сезип жатасыз?
- Эң сонун Иосиф Виссарионович, керемет мончо экен!
- Ал эми Наташа кандай иштеди?-ал мени сыноо менен карады.
- Ал чебер, күчтүү аял экен. Менин өмүрүмдө биринчи жолу массаж жасалды.
- Дагы эмне болду?-деп сөзүн улантты Иосиф Виссарионович мени көз албай тиктеп.
Мен көпкө жооп бергеним жок...
- Ким сурады сизден ага өз телефонуңузду бергин деп? Сиздин ал аял менен жалпы эмнеңиз бар? Аны театрга чакыргандай. Түшүнсөңүз, Вера Александровна, бул адамдар берилгендик менен кызмат кылууга тийиш. Ким бул эрежени бузса, ишенимден чыгып калат.
Анын насыяттары мени ушунчалык жадатып жиберди. Мен бул жакка келгениме өкүнүп калдым.
Георгий Евсеевич Зинофьев
Бир күнү Зинаида Николаевна Райх телефон чалды:
- Сүйкүмдүү Верочка, кечинде биздикине келиңиз саат ондон кийин. Өкүттө калбайсыз! Көрүшкөнчө. Мен демейдегидей эле жүрөм, кечиктирилгис иштер толтура. Всеволод Эмильевичтен салам.
Кечинде үй ээси менин бетимден өптү да, меймандарга тааныштырды:
- Биздин булбулубуз, Чоң театрдын мыкты солисткасы, келечекте бүткүл дүйнөгө белгилүү боло турган ырчы - Вера Александровна Давыдова.
Мени Ягода менен Зиновьевдин ортосуна отургузду. Мени чопулдатып өптү да Ягода минтип шыбырады:
- Сизди бул жерден кезиктирем деп күткөн эмесмин. Айтууга шашып жатам: Сиздин сүйүктүү Норцовуңуз камалды, тергөө башталды.
Биздин күбүр-шыбырыбызга отургандар көңүл бура баштады. Ошол кезде Ягода турду да тост айтты: "Вера Александровна, сиздин ден соолугуңуз үчүн ичели!".
Мен жаман болуп кеттим. Бизди байкап отурган Мейерхольд сурап калды:
- Ягода сизге эмне деди?
- Менин ашынам,-Чоң театрдын солисти Норцов камалыптыр.
- Эртең менен Калининге телефон чалам жана андан кийин кайрадан сизге чалам. Бизде мейманда Рыков отурат, бул өтө таасирдүү адам. Мен ал кишиге сүйлөшүүгө аракет кылам.
Ягода мени Мейерхольддун кабинетине алып барды да мындай деди:
- Вера Александровна, көптөн бери сизди кө-рө элекмин. Мени менен урушкуңуз келеби. Ал жерде болууну улантып жатасыз, мончого барып жатасыз, сулуу кызга массаж жасатууга жана сизди өбүүгө уруксат этип жатасыз.
Дегинкисин айтканда мунун баары оңой эле айтылгандай. Анын ушунун баарын билип алганына таң калдым. Мага биздин сүйлөшүүнү Сталинге, Маленковго жана Ежовго айтсам да ал коркпой тургандай сезилип кетти. Ал мени коркуп кетип баарына макул болот деп ойлоор...
- Мен сизди үйгө алып кетем-деди бетпактанып.
- Мен баскым келет.
- Андай болсо бирге басабыз.
Бул Мамлекеттик саясий башкарманын жадатма начальниги менин нервиме ушунчалык ойногондуктан мен андан кантип кутуларымды билбей калдым. Менин жаныма Рыков келди да мындай деди:
- Вера Александровна, мына биздин үйдүн телефону. Аялым экөөбүз сизди өзүбүздүн үйдөн көрсөк кубанаар элек. Ар бир бейшембиде кабыл алабыз.
Мен Рыковго ыраазылык билдирдим. Ошол мезгилде чала мас Зиновьев келди да мындай деди:
- Верочка, эмне үчүн сиз мынчалык чың тийбессиз? Бирөөлөр мамиле түзсө болот, башкаларга болбойбу? Бул адилеттүүлүк эмес... Ар ким бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болуш керек.
Мен Сталин менен болгон мамилемдин четин чыгарып айтабы деп коркуп, андан шашылыш алыстадым. Бирок ал мени жөн эле Ягода менен Рыковдон кызганыптыр.
Бактыга жараша Мейерхольд менен шахмат ойноп отурган Маленковдун кызматкери ордунан турду да менин плащымды алып берди да мындай деди:
- Вера Александровна, сиз менин эжемдин туулган күнүнө чакырганын унуткан жоксузбу? Биз таанышпыз да, мен Игорь Фетисовмун да.

Которгон Р.Бакиров
(Уландысы бар)




Таанышкым келет
Урматтуу окурман, балким өз түгөйүңүздү таппай кыйналып жүргөндүрсүз. Дароо (0773) 48-36-74 номерине SMS жөнөтүңүз. Жөнөткөн SMSиңиз гезит бетине жарыяланат. SMS билдирүүнүн баасы сиздин тарифиңизге жараша болот. Эң негизгиси, SMSиңиз кызыктуу болсун. Чоң сураныч, "Таанышкым келет" рубрикасындагы телефонго маяк бербегиле! Жиберген SMSтериңер сөзсүз чыгарылат.

©©© Кыз деген затыңардан айланайын,
Ак сүйүүнүн жибине байланайын.
Ак сүйүүнүн тээ түбүнө жеткен кезде,
Алтын казык жылдызына айланайын.
Менин атым Чыңгыз, 21 жаштамын. Кыргызымдын 20 жаштан 22ге чейинки кымча бел кыздары менен таанышкым келет.
(0772) 40-37-61
©©© Эки студент бала - массажисттер спонсор издейбиз жана бекер массаж кылып таанышабыз. 25 жашка чейинки кыздар эгер үйүңөрдө эч ким жок болсо смс жазгыла.
(0773) 01-27-13
©©© Мен көлдүк кыздар менен таанышам. Жашым 19да. Чалгыла, күтөм. (0773) 14-78-72
©©© Атым Элмира. Жашым 38де. Ыймандуу жигиттер менен таанышам.
(0777) 03-64-70
©©© Салам, менин атым Чыңгыз, 18 жаштамын. 15-18 жаштагы кыздар менен таанышам. (0773) 59-77-90
©©© Атым Азат. 13 жаштагы кыздар менен достошкум келет. Сураныч, маяк бербегилечи. Уят болот. (0777) 83-48-83
©©© Салам, кыргызымдын жигиттери! Сиздер менен достук мамиледе таанышкым келет. Мүмкүн болсо 23-29 жаштагы нарындык, көлдүк жигиттер смс жазгыла. (0777) 71-17-06
©©© Саламатсыңарбы кыргыздын сулуу кыздары. Силер менен достошкум келет. Мен 1994-жылкымын. Атым Сатар. (0773) 12-54-13
©©© Саламатсыңарбы урматтуу кыргызымдын кыздары! Таанышып кетсек атым Нурик, 1991-жылкымын, таластыкмын. 1993-1991-жылкы кыздар менен таанышууну каалайм. Таарынбасаңар маяк бербегилечи, маяктын ордуна смс жазгылачы. Мен силерди күтөм деп Нурик.
(0777) 12-50-75
©©© "Таанышкым келет" рубрикасы, сиздерден чоң сураныч! Кыргызымдын акылдуу, ыймандуу, эмгекчил, туруктуу 22 жаштан 28 жашка чейинки жигиттери менен таанышкым келет. Смс жөнөткүлө. (0777) 58-38-73
©©© Салам, кыздар, таанышпайлыбы? Атым Эрман. (0777) 60-95-94
©©© Жашым 38де, бир кызым бар. Баткендикмин. Жакшы, ыймандуу, түшүнгөн мырзалар менен таанышкым келет. (0777) 68-70-16
©©© Атым Бахтиёр, 17 жаштамын. 1994-жылкы сулуу кыздар менен таанышкым келет.
(0773) 76-32-82
©©© Салам! Мен Динара, жашым 16да. Адептүү балдар менен достошкум келет.
(0777) 17-29-52
©©© Жашы 22-25теги баткендик шайыр жигиттер менен таанышкым келет. Атым Назгүл.
(0777) 59-29-15
©©© Привет девушки. Меня зовут Эдик. Хочу познакомиться с красивыми девушками от 15 до 20 лет, не в службу а в дружбу. Прошу не маяковать. (0777) 86-20-90