"Жаўы кылым", 23.10.08 - 7-бет: •№39, 23.10.08-ж.
 Күйүнбөскө арга барбы!

Кыргыз спорту "суу кечеби"?
Эгемендүүлүккө кадам таштаган алгачкы жылдарда кыргыз спортуна көңүл бурулбай, бул тармактын тамтыракайы чыгып кеткендиги чын болчу. Арабыздагы анча мынча кыргыздын спорту үчүн күйүп-бышкан азаматтардын тыным албаган аракеттери дагы натыйжа бербегенден кийин кыргыз спортчуларынын арасында көкөйгө көк таштай тийген көңүл калуулар көп болуп, атактуулардын аракеттерине криминалы аралашып, айтор, кимди ким көрдү, быржыбайды там басты болуп эле калганбыз. Кыргыз спорту тууралуу сөз болуп калганда эле союздун дүркүрөп турган убагындагы Олимпиада беттешүүлөрүнөн алтын, күмүш медалдарды алып жүрүшкөн кыргызстандык уул-кыздарыбызды сыймык менен тамшана эскерип калчубуз. Кыргыз спорту таптакыр унутулуп, акыркы пландарга калып кетпесе экен, изги тилектер канчалаган адамдарыбыздын жүрөгүндө уялап келбеди дейсиз.

Көрсө, биздин дагы мактана турган, бали деп айга-көккө көкөлөтө турган урпактарыбыз бар экен! Кийинчерээк кыргыз намысы үчүн жан аябаган уул-кыздарыбыздын, жетекчилердин аракети менен кыргыз спорту кайрадан жанданып, кандайдыр бир деңгээлде бир нече тепкичтерге көтөрүлө алды. Ошентсе дагы азыр спорт жаатында бир татым тузубуз эмес, көк сорпо даамданып, бир нече кемчилик коштоп, мактанарлык иштерди жасай албай келебиз.
Маселен, саналуу айлар мурун эле Пекинде өткөн Олимпиада оюндарын карап отуруп, калыстар тобунун кыргызстандык оюнчуларга кандайдыр бир деңгээлде өгөй баладай мамиле жасап, ынтымак менен достукту ширете турган убакыттарда дагы бизге жасаган супсак мамилелери спорт күйөрмандарын ойго салды. Чындыгында алтын медалга татыктуу боло турган уулубуз Канат Бегалиевдин калыстардын калыссыздыгынан улам, каратып туруп, күмүш медалды алып калганына умсунуп дагы калдык. Канча жолку Олимпиада оюндарында алтын,күмүш, коло медалдардан куру жалак калган кыргыз журтчулугу Канаттын ушул ийгилигине деле маңдайы жарыла кубанып, жерге-сууга тийбей сүйүндүк. Бирок, коомчулук түшүнүп түшүнбөгөн жагдайлардан улам, кыраан спортчуларыбыздын аракет күрөшү акыйкат баасын ала албаса биздин улут катары, мамлекет катары намысыбыз кайда.
Учурда кыргыз спорту Өкмөт тараптан жеткиликтүү колдоого алынбаса дагы "Дордой", "Абдыш-Ата" сыяктуу спортко күйгөн демөөрчүлөрдүн эсебинен кыймылда болуп, кыргыз спортунун шамын өчүрбөй келишет. Спорт менен туризмибизди дагы өнүктүрүүгө боло тургандыгын жакынкы күндөрдө Чолпон-Ата шаарындагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатынын спорт аянтчаларында болуп өткөн сегизинчи эл аралык Ысык-Көл спорт оюндары айгинелеп койду. Ар кайсы 10дон ашуун мамлекеттерден келген спортсмендер спорттун 15 түрүнөн мелдештерге катышып, күч-дараметтерин сынашты. 35тен 40 жашка чейинки 2000дей спортчулардын чеберчиликтерин 300дөй калыс адамдар баалап турушту.
Эл аралык деңгээлде өткөн бул мелдеште уюштуруучулар тарабынан кетирилген кемчиликтер, жергиликтүү элибиздин Россия, Кытай, Түркмөнстан, Казакстан ж.б. өлкөлөрдөн келген спортчуларга, машыктыруучуларга, калыс адамдарга жасаган кайдыгер, айрым учурларда жапайы сыяктуу жасаган калпыс мамилелери дагы кыргыз спортунун деңгээлинин беделине доо кетирип жаткансыйт. Эң чоң көзгө көрүнгөн кемчилик-коноктордун буюмдарынын уурдалып жаткандыгында болду дешет ушул сынакка баа беришкендер. Коноктордун статусу туура сакталгансыганы менен тартип маселелерин көзөмөлдөөдө мүчүлүштүктөр кетип, ошол аймактагы тартипсиз ууру өспүрүмдөр алардын жайылып турган кийим-кечелерин, бут кийимдерин жымырып алышып, бир топ ыңгайсыздыкты жаратышты. Атүгүл спорттук беттешүүлөр өтүп жаткан аянтчадан анчалык алыс эмес жердеги пансионаттын чыга беришиндеги үйүлүп жаткан таштандылар дагы алыстан ат арытып келгендердин көңүлүн иренжитип, жагымсыз абалды жараткандыгы калп эмес.
Ал эми ушул биз сөз кылып жаткан эл аралык мелдештеги спорттук беттешүүлөрдү калыс баалоодо кетирген кемчиликтер туурасында азыр деле нааразычылык кептердин аягы сууй элек.
Мындан тышкары тыштан келген конокторду тейлөө дагы мамлекеттик стандартка жооп бербегендиги, шарты начар, таза эмес бөлмөлөрдү көрсөтүп, "жашасаң мына, каалабасаң мелдештерге катышпай эле кете бер" дегендей тоң мамилелери, алар үчүн даярдалган тамак-аштардын талаптагыдай болбогону дагы мелдешти уюштуруучуларды ойлондурганын же ойлондурбаганын ким билсин.
Ысык-Көлдөй асыл берметке кошуп,кооз жаратылышты аянбай энчисине алган кыргыз жеринде чоң-чоң спорттук мелдештерди өткөрүү менен бирге туризмди дагы өнүктүрүүгө боло тургандыгын сунуш катарында айтып кетишкен боордошторубуздун пикирлери жай сөз эмес, оркойгон кемчиликтерибиз экендигин качан моюнга алабыз.
Д. Султаналиева




 ?Сактансаң, сактайт!

БАҢГИЗАТТЫ САЙЫНГАНДАР ВИЧ ИЛДЕТИНЕ ЧАЛДЫГАТ
Кыргызстанда акыркы мезгилдерде жугуштуу ооруулардын арасынан ВИЧ/СПИД илдети өтө тез таркап бара жаткандыгы ар бирибизди кооптондурат. ВИЧ адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу болсо, ал эми СПИД бул - адамдын кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому. Бул күчөп кетүүчү өнөкөт оору. Ал мындан 25 жыл мурун белгисиз болгон.
Кыргыз Республикасындагы СПИДке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун маалыматына караганда, ВИЧ/СПИД оорусу 20 млн. адамдын өмүрүн алган. Адистердин баасы боюнча бул оорунун вирустарына азыркы учурда 34-46 млн. адам чалдыккан. ВИЧ/СПИД оорусу Кыргызстанга да кеңири жайылып баратат. Дүйнө жүзүндө чоң адамдардын арасындагы өлүмгө алып келген оорулардын негизги себепкери-бул СПИД экендигин дарыгерлер айтышууда.
Азыркы учурда республика боюнча 1692 адам ВИЧ-инфекциясына чалдыккан болсо, анын 50 пайызын Ошто жана Ош облусунда жашап жаткандар түзөт. Бул илдетти баңгизатты ийне аркылуу пайдалангандар жуктурушат. Жалал-Абад облусунда ушул жылдын 9 айында 204 адам катталган болсо, анын 129у ВИЧ-инфекциясын кан (ийне) аркылуу жуктурган. Республикада ВИЧке чалдыккан адамдардын 70 пайызын баңгизаттарын ийне аркылуу колдонгондор түзөт.
Ошол себептен, Жалал-Абад шаарында мындан алты жыл мурун түзүлгөн "Дени сак муун" коомдук фонду баңгизатты ийне аркылуу колдонгондор жана ВИЧ-инфекциясын ийне аркылуу жуктуруп алгандар менен иш алып барышууда. Аталган КФтун жетекчиси Айсулуу Канназарова менен маектешип, алардын аткарып жаткан иштери жөнүндө маалымат алдык.

- Айсулуу эже, Сиздер баңгизатты ийне менен колдонуучулар арасында иш алып барат экенсиздер. ВИЧ|СПИД оорусу менен көбүнчө ушул топтогу адамдар ооругандыктан, өзүңүздөрдүн аткарган иштер боюнча айтып берсеңиз?
- Биз "Дени сак муун" коомдук фондун баңгизатты ийне аркылуу колдонуучулар менен биргеликте ачканбыз. Алардын арасында ВИЧ|СПИДдин көбөйүп кетпеши үчүн ар кандай иш-чараларды жүргүзөбүз. Мунун ичинде аларга таза ийне таркатуу, медициналык-психологиялык жардам берүү иштерин алып барабыз. ВИЧ/СПИДди жуктуруп алгандар арасында 80 пайызга жакыны баңгизатты ийне аркылуу колдонгондор түзүшөт. Ошондуктан, биз аларга бекерге ийне таркатып, ВИЧ/СПИДди жуктуруп алган баңгиге көз каранды адамдарга ден соолугун изилдегенге, дары-дармек таап бергенге медициналык, ошондой эле, ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган жаш балдарга жана өтө муктаж болгондорго кичине тамак-аштан жардам берип жатабыз.
Аларга психологиялык жардамдар берилип, текшерүүлөргө акча төлөө жагын да караштырып жатабыз. Бул долбоор ноябрь айында бүтөт. Бирок, азыр биз Бүткүл Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен сентябрда дагы бир чоң грант утуп алдык. Анда аз адамдардын тобунан(мультидициплинардык) команда түзүлүп, адистер поликлиникадан, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан иштешет. Төрт адистен бир топ түзүлөт. Баңгизатты колдонгон же ВИЧ-инфекциясын жуктурган адам келип, ага эгерде дарыгердин кеңеши керек болсо, кимге барарын айтып, социалдык коштоп жүргөн кызматкерди кошуп беребиз.
Бул жерде социалдык кызматкер ошол ВИЧ-инфекциясын жуктурган адам менен кошо барып атайын дарыгерге көрсөтүп, жардам керек болсо, эмне дары-дармек керектигин жаздырып, ага керектүү жардамын берет. Биз ал адамдын кийинки иштери жөнүндө социалдык кызматкер аркылуу билип турабыз. Алар көзөмөлдө турат. Мурун андай эмес эле да, жиберип коёт элек, ал кетип калгандан кийин көпкө чейин биз аны көрбөй деле калчубуз. Азыр биздин бул командада иштегенибиздин жакшы жагы- ошол ВИЧ-инфекциясын жуктурган адам эмне болду, кайда кетти, кандай жардам алды, ооруканага жаттыбы, жатпадыбы, абалы дуруспу,-деп мына ушулардын баарын бири-бирибизге айтып турабыз.
- Облус боюнча баңгизатка көзкаранды канча адам бар? Анын канчасы ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандар?
- 5-6 жыл мурун расмий эмес жүргүзүлгөн изилдөө боюнча 2,5-3 миң баңгизатты ийне аркылуу сайынгандар Жалал-Абад шаарында бар деп айтылган. Ошонун арасынан 700 кишиге ийне (шприц) таркатканга аракет кылдык. Бул шаардын ичинде эле эмес, Сузак районун кошкондо. Ошонун арасынан 170и ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандар. Мунун так санын изилдеп чыгуу өтө кыйын. Көпчүлүгү ооруса да текшерилбей жүрө бергендиктен, биз аларды мажбурлоо жолу менен текшерүүдөн өткөрө албайбыз.
- ВИЧ-инфекциясы менен ооруп калгандардын үй-бүлөсү барбы?
- Алар ар түрдүү үй-бүлөдөн. Бир үй-бүлөдө 3-4 баңгизатты колдонгон бир туугандар арасында 2-3ү оорушат. Кээ бир үй-бүлөдө күйөөсү, аялы, баласы ооруйт. Бардыгы жаман үй-бүлөдөн деп айтканга болбойт.Жөнөкөй эле, кадимки үй-бүлөдө болгон нерсе. Баңгизатты колдонуучулар арасында ийне аркылуу жукпасын, күйөөсү ооруса-аялына, аялы ооруса-күйөөсүнө жукпасын деп, маалымат берүү иштерин жүргүзүп жатабыз.
- Оор илдетке чалдыккандарды социалдык жактан колдоо багытында кандай иштер аткарылууда?
- "Дени сак муун" коомдук фондунда баңгизатты ийне аркылуу колдонуучулар үчүн "Сорос-Кыргызстан" фондусунун CARHAP программасынын жардамы менен дропинг борбору-коопсуз аймак, социалдык колдоо үйү ачылган. Бул жерде баңгизатты ийне аркылуу колдонуучулар зыяндуулукту азайтуу боюнча кызматтарды ала алышат. Аталган борбордо өз ыктыяры менен иштеген социалдык кызматкер Н. мурда баңгизатты ийне аркылуу колдонуп жүрүп ВИЧ-инфекциясына чалдыккан. Ал жигиттин сөзүнө караганда, 18 жашында түрмөгө түшүп, ошол жактан баңгизатты сайынганды үйрөнүп, акырында бул илдетке чалдыкканын билдирди. Азыр өзү ооруп жүргөндүктөн, башкалар да өзүндөй болуп ооруп калбасын деп, баңгизатты ийне аркылуу колдонуучулар арасында ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө бул оорунун кандай жол менен жугушун жана кандай жолдор менен жукпай тургандыгы боюнча түшүндүрүү маалымат берүү иштерин жүргүзүп келет. Андан сырткары, аларга тамак-аш баштыгын, ийнелерди таркатат. "Мен12 жылдан ашык сайындым. Мына 10 айдан ашык болуп калды, эми сайынбай, молдо болуп намаз окуп жатам. Кичине кезимде билгенимде, баңгизатты сайынбай эле, мечитке барып молдо болуп алмакмын",-дейт өкүнүп Н.
Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад шаары.