Республикалык
коомдук-саясый гезит

№38, 16.10.08-ж.





  Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинде

Эки өлкөнүн байланышы чыңдалууда
Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине Малайзиянын Өзбекстандагы элчиси келди. Министр Акылбек Жапаров менен жолугушууда элчи Абдул Азиз Бин Харун Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы экономикалык кызматташууну жакшыртуу жөнүндө маселелерди талкуулашты.

Жолугушуу элчи Абдул Азиз Бин Харун Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевге ишеним грамоталарын тапшырган күнү болуп өттү.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташууну кайра жаңыртуу, атап айтканда жакынкы мезгилде Кыргыз-малайзиялык соода экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алтынчы жыйынын өткөрүү талкууланды.
Элчи Абдул Азиз Бин Харун белгилегендей, өткөн жылы малайзиялык тарап таанышуу тажрыйба алмашуу үчүн өздөрүнүн өлкөсүнө Өзбекстандын бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн чакырышкан.
Өзбек тарап ага жооп иретиндеги иш сапарын быйылкы жылдын аягына же кийинки жылдын башталышына пландаштырууда. Ушуга байланыштуу элчи учурдан пайдаланып кыргыз тарап Малайзиянын бизнес-коомчулугунун делегациясын чакыруусун каалагандыгын билдирди. Андан тышкары Абдул Азиз Бин Харун Малайзияда чыгарылган автомашиналарды сатуу боюнча Кыргызстанда дистрибьютердик борборду ачууну сунуш кылды. Элчинин пикири боюнча эки өлкөнүн экономикаларын өнүктүрүү үчүн инвестициялык долбоорлор менен алмашуу да өбөлгө түзмөк.
Министр А.Жапаров бул сунушту карап көрүүгө даярдыгын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүттөнүшкөндүктөрүн билдиришти.
Маалымат үчүн айта кетсек 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Малайзия менен товар жүгүртүүсү 2,4 млн. долларды түзгөн жана 2006-жылга салыштырмалуу 84,6%га көбөйгөн. Эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелери салттуу түрдө малайазиядан импорттук ташып келүүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылган. Мындай ташып келүүлөрдүн суммасы 2,4 млн. долларды түзгөн.
2007-жылы Малайзияга экспорттук берүүлөр жүзөгө ашырылган эмес. Ал эми импортто негизги орун бардык импорттун 70%ын же 1,7 млн. долларды түзгөн пальма кокос майларына таандык болгон.




 ?Шумдугуң кур!

86 аялы, 170 баласы бар молдо
Нигерия мамлекетиндеги Нигер штатынын 84 жаштагы молдосу Мохаммед Абубакардын учурда 86 аялы, 170 баласы бар. Анын кичүү аялдары молдонун алгачкы никесинен төрөлгөн балдарынын алда канча кичүү. Молдонун айтымына караганда, аялдар анын өзгөчө табыпчылык касиетинен улам ага байланып, никелешүүнү каалашат. Аялдарынын эч кимиси иштебейт. Ушул чоң үй-бүлө молдонун табыпчылык өнөрүнүн аркасында жан багышат. Бир күндүк тамакка 36 килограмм (915 доллар) пайдаланышкан чоң үй бүлө кантип жан сактап жатышкандыгын сыр кылып эч кимге айтышпайт.

Кар кишинин өлүгү табылган
Американын тургундары токойдон денесин түк баскан адамга окшош алп мүчөлүү жандыктын өлүгүн табышкан. Алар жергиликтүү адамдардын жардамдары менен кар кишинин өлүгүн айылга чейин алып келишкен. Чоң муздаткычта сактап, табышмактуу өлүктү изилдеген окумуштуу "Бул кар кишинин өлүгү" деген бүтүм чыгарган. Кар кишинин боюунун узундугу 2 метр 70 сантиметр, салмагы 300 килограмм. Кар кишини таап алгандар коомчулукка аны көргөзбөстөн, 10 миллион долларга сатып жиберген. Сатып алган адам чоң аукционго даярданууда дешет ММКлар.

Узун бойлуу аял "бой түзөдү"
2 метр 32 сантиметр келген узун боюу менен Гиннес китебине катталган 53 жаштагы Сэнди Аллен аттуу аял жакында каза тапты. Көптөн бери айыкпас дарт менен алышып келе жаткан аял, карылар үйүндө жашап жаткан. Ал аял боюнун узундугунун аркасы менен "Казанова" деген фильмге тартылып, ар кандай шоуларга катышып, биографиялык мемуарын жазып чыгарган.

Алп балык
Камбаджалык балыкчылар Меконг дарыясынан салмагы 293 килограмм келген индия деңиз мышыгы аттуу балык түрүн кармашты. Балыктын үстүңкү терисинин жазылыгы 4 метр. Балыкчылар ушул деңизден мындан эки эсе чоң балыкты көрүшкөндүгүн, бирок кармоого болгон аракеттери майнапсыз болуп жаткандыгын айтышууда.

Баңги пилди айыктырышты
Кытайдын жунгли токойлорунун биринен баңгибизнеси менен шугулданган бандиттер бир жаштагы пилди кармап алышат. Ошондон кийин ал макулук 3 жыл боюу контрабандалык жүктөрдү ташып жүргөн. Гигант жаныбарды өздөрүнө баш ийдирип, пайдалануу максатында ага ар дайым ичкилик менен героин берип турушкан. Полиция кызматкерлери кылмышкерлер менен кошо пилди колго түшүрүшкөндө, пилдин катууоорулуу экендигин байкашкан. Пилди баңгиликтен жана араккечтиктен толук дарылоо үчүн 3 жылдан ашуун убакыт сарпталган. Пил сакайгандан кийин аны зоопаркка жөнөтүштү.

Д.Султаналиева




"Беларусту" сатып алсак, эми өзүбүз жыйнайбыз
Акылбек Жапаров "Манас" эл аралык аэропортунан Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко жетектеген Беларусь Республикасынын расмий делегациясын тосуп алды.
Бул расмий иш сапарын жүрүшүндө Беларусь Республикасынын делегациясынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Алардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун ар кыл маселелери талкууланды.
Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко "Автомаш-радиатор" ишканасында болуп "Беларусь-82" тракторлорун жыйноочу биргелешкен цехти да ачты.




Макулдашууга өзгөртүүлөр киргизилди
Россия Федерациясынын президенти Дмитрий Медведьев башында турган россиялык делегациянын Бишкекке иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда 1992-жылдын 8-октябрында кол коюлган Өз ара соода өкүлчүлүктөрүн уюштуруу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө өкмөттөрдүн ортосундагы протоколго кол коюшту.
Маалымат үчүн айта кетсек, учурда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы соода өкүлчүлүгү Москва шаарында гана уюштурулган. Кол коюлган протокол эми Россия Федерациясынын башка шаарларында да соода өкүлчүлүктөрүнүн бөлүмдөрүн ачуу мүмкүнчүлүгүн бермекчи.

Министрликтин басма сөз кызматынын материалдары боюнча даярдалды




Бойду кантип өстүрүү керек?
Адам боюна жараша кийим тандап алса болот, ал эми оюна туура келүүчү бой тандап алууга болобу?
Буга туура жоопту Крымдагы медицина институтунун травматология жана ортопедия кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Александр Иванович Блискунов жана москвалык врач-ортопед Анатолий Палько жооп берген.
Блискунов жасаган операциялардын негизинде бул ишти жөнгө салууга болот экен. Маселен адамдар бой өстүрүү процессин башкаруу үчүн өзүлөрү чоюлушат, башкача айтканда, профессор сөөккө "жан киргизип", бекитилген домкрат аркылуу булчуңдарды иштетип, сөөктүн узаруусуна жардам берет экен.
Ал эми Анатолий Палько иштеп чыккан система, күнүмдүк тиричиликке жакын болуу менен бирге, жаш адамдарга боюунун өсүшүн тартипке келтирүүгө жардам берет. Маселен кээ бирөө кыска бойдон жабыркаса, кээ бирөө куркуюп кеттим деп капа болушат эмеспи.
Бул врачтын түрдүү жаштагы адамдар менен жүргүзүп келаткан көп жылдык тажрыйбасы, эгер адам анын системасы менен такай жана талыкпай көнүгө берсе, бойдун өсүүсүнө сөзсүз түрдө таасир бере тургандыгын көрсөтөт. Албетте, мында эң жакшы натыйжаны балдарга берет, алар бир айдан эле ичинде бир нече сантиметрге чейин өсө алышат.
Бирок, ошентсе да боюнун өсүү курагы эбак өтүп кеткен чоң кишилерге деле кадимкидей таасирин тийгизээри далилденген. Алар боюн түзөп, бүкүрөйүп басуудан кутулуп, булчуңдарын чыңдап, сөөктөрдүн аштоосундагы зыяндуу туздан тазалануу менен буга жетише алат.
Анатолий Палько боюнун 156 гана сантиметр болгонуна өтө капа болгон кавказдык жаш жигит кайрылганда, ал өзүнүн кеңешин берип узаткан, ал эми өтө өжөрдүк менен жүргүзүлгөн толгон көнүгүүлөрдөн кийин тиги жигит чындыгында эле боюна 11 сантиметрди кошо алган. Ошондой эле бул кишинин көнүгүүлөрүн колдону менен сөөктөрдүн аштоосундагы туздардан арылып, остеохондроз оорусунан айыккандар дагы аз эмес.
Врач негизинен адамдын жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен, дароо колдонбоо табигый методиканы иштеп чыккан. Атайын көнүгүүлөрдүн комплекси, узартуучу тренажерлор, денени чыңдоо, кан айланышын жакшыртып, ылайыктуу температура түзө билүү колдонулат. Ошондой эле ал туура тамактануунун дагы бойго таасир берээрин айтат.
Өсүмдүктөрдөгү биологиялык активдүү заттар, денедеги зат алмашууну жакшыртып, салмакка, бойго таасир берип, жашоонун активдүүлүгүн көтөрөт. Ал эми жаңы жашылча, мөмө, кара нан, тартуу, арпа, жүгөрү, күрүч акшагы боюн өстүргүсү келгендерге эң негизги дарылардын бири. Себеби туура тамактануу, бойдун тубасалыгынан тышкары, 10% чейин өсүүгө шарт түзөөрү аныкталган. Бул учурда тамеки тартуу менен ичимдик ичүүнү толугу менен токтотуп коюуга туура келет.
Ал эми врачтын системасы, ар жаштагы ар кандай өзгөчөлүгүн эске алып түзүлгөндүктөн, кызыккандар врачка кайрылуу менен гана туура кеңешти алууга жетишишет.

Даярдаган Д.Султаналиева











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan