Республикалык
коомдук-саясый гезит

№38, 16.10.08-ж.





  Финансы министрлигинде

Мамлекеттик сектордогу бухгалтердик эсепти, финансылык отчеттуулукту жана ички аудитти реформалоо
Д.Шайдиева, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык отчеттуулуктун жана ички аудиттин методологиясы башкармалыгынын начальниги

Кыргыз Республикасынын учурдагы экономикалык өнүгүшү мамлекеттик сектордогу бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук системасын өркүндөтүүнү талап кылат. Өлкөнүн финансы ресурстарын башкаруунун ачык жана айкын системасын түзүү жана мамлекеттин активдеринин жана милдеттенмелеринин балансын түзүү зарылдыгы келип чыкты. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2008-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө карата билдирүүсүндө айтылган.

Мамлекеттик сектордогу бухгалтердик эсепти өркүндөтүү жана Коомдук сектордогу финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары (КСФОЭС) боюнча консолидацияланган финансылык отчетту түзүү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-июнундагы "Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын реформалоо боюнча аракеттер планын бекитүү жөнүндө" №337 Жарлыгына ылайык мамлекеттик сектордо жүргүзүлүп жаткан реформага да дал келет.
Реформалоонун максаты болуп мамлекеттик финансыларды башкаруунун натыйжалуулугун, жоопкерчиликтүүлүгүн, отчет берүүчүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатуу саналат.
Реформанын натыйжасы - стратегиялык, ачык жана комплекстүү бюджеттик процесс - пландаштыруудан баштап аткарууга чейинки жана жарандык коом тарабынан өкмөттүн аракеттеринин отчет берүүчүлүгү максаттарында пайдаланылуучу процесс.
КСФОЭСны киргизүү аркылуу дүйнөлүк стандарттарга ылайык келген бухгалтердик эсеп системасын түзүү башкаруучулук чечимдерин кабыл алууда зарыл болгон сапаттуураак маалыматты камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Азыркы учурда мамлекеттик бюджеттен финансылануучу бюджеттик мекемелердеги бухгалтердик эсеп 2001-жылы эсептердин эски планын негизинде иштелип чыккан Нускоого ылайык жүргүзүлүүдө, ал 2007-жылдын 1-январынан баштап аракетке киргизилген бюджеттик классификациянын структурасына ылайык келбейт. Жаңы бюджеттик классификация 2001-жылдагы Мамлекеттик финансылардын статистикасына ылайык иштелип чыккан, анда финансылык агымдар кирешелер, чыгашалар, активдер жана милдеттенмелер боюнча чагылдырылат. "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 45 статьясына ылайык республикалык бюджеттин аркарылышы жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администртивдик ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын, фонддордун жана башка аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын отчеттук маалыматтарынын негизинде түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө республиканын мамлекеттик бюджетин аткаруу жөнүндө отчеттун курамында сунуш кылынат.
Мамлекеттик сектордогу бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун түзүлгөн системасы анда түзүлүүчү маалыматтын талаптагыдай сапатын жана ишенимдүүлүгүн толук өлчөмдө камсыз кылбайт, ошондой эле бул маалыматты пайдалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн олуттуу чектейт.
Эсептердин эски планынын негизинде түзүлгөн министрликтер менен ведомстволордун отчеттук маалыматтары Финансы министрлигине мамлекеттик сектордун активдеринин жана милдеттеринин консолидацияланган балансын берүүгө мүмкүндүк бербейт, ал эми отчетту түзүүнүн методологиясынын өзү карыздарды эске албаганда акча каражаттарынын (финансылык агымдардын) кыймылы жөнүндө отчет гана болуп саналат.
КСФОЭСке өтүүнүн максаты - мамлекеттик сектордогу бухгалтердик эсеп системасын рынок экономикасынын талаптарына ылайык келтирүү, бюджеттик мекемелердин финансылык абалынын жана ишмердүүлүгүнүн натыйжаларынын объективдүү картинасын көрсөткөн маалыматка бардык кызыкдар пайдалануучулардын жетишин, ошондой эле мамлекеттик сектордун консолидацияланган отчетун камсыз кылуу.
КСФОЭСке ылайык даярдалган өкмөттүн жылдык финансылык отчеттору коомдук ресурстарды башкарууга жана бюджеттик процесске тийиштүү милдеттерди аткарууга өкмөттүк отчет берүүчүлүктү көрсөтүү үчүн кызмат кыла алмак.
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясына ылайык экономиканын реалдуу секторунда финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) өтүүнүн практикасы көрсөткөндөй, эл аралык стандарттар боюнча түзүлгөн отчеттор чарба жүргүзүүчү субъектилердин финансылык абалы, финансылык ишмердүүлүгүнүн жана акча каражаттарынын кыймылынын натыйжалары жөнүндө так түшүнүк берет. Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча бухгалтердик эсепти жүргүзүүчү жана финансылык отчеттуулукту түзүүчү ишканалар инвесторлор үчүн көбүрөөк жагымдуу жана дүйнөлүк экономикага интеграциялануунун чоң мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Жеке менчик сектордогу бухгалтердик эсепти, финансылык отчеттуулукту жана аудитти жөнгө салуу маселелери Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-июлундагы №288 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы рыногуна көзөмөл жана жөнгө салуу кызматына тиешелүү.
Жеке менчик сектордо ФОЭСке өтүү Кыргыз Республикасынын президенти 2000-жылдын 3-апрелиндеги "Кыргыз Республикасында бухгалтердик жана финансылык отчеттуулук системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык каралган.
ФОЭСке өткөн банк чөйрөсү да бүгүнкү күндө банк ишмердүүлүгүнүн дүйнөлүк практикасы менен салыштырыла турган эсептин жана отчеттуулуктун алдынкы системасы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Улуттук банк лицензия берген коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелерине бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө талаптар "Бухгалтердик эсеп жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банктын нормативдик укуктук актылары менен аныкталат.
Дүйнөлүк практикада заманбап бюджеттик эсепке талаптар учурда Эл аралык бухгалтерлердин федерациясы тарабынан кабыл алынган эл аралык уюмдардын эки документинен - Коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынан жана Мамлекеттик финансылардын статистикасынан (МФС) келип чыгат.
Мамлекеттик финансыларды реформалоону биринчи этабы болуп өттү - бул 2001-жылдагы МФСга ылайык жаңы бюджеттик классификацияны кабыл алуу.
КСФОЭСке өтүү боюнча иш керек, ал 2008-2011-жылдар аралыгында Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына өтүү менен бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту реформалоо долбоорунда иштелип чыккан иш чаралардын бир катарын жүргүзүүнү талап кылат. Анда реформалоонун негизги концептуалдуу багыттары көрсөтүлгөн. Программаны жүзөгө ашыруу боюнча иш чаралар планында мамлекеттик сектордогу бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту реформалоонун этаптары жана конкреттүү иш чаралары көрсөтүлгөн.
Финансы министрлиги тарабынан Жаңы бюджеттик классификацияга негизделген бюджеттик мекемелер үчүн эсептердин жаңы планынын долбоору даярдалгандыгын, бухгалтердик отчеттуулуктун формаларын жана Эсептердин планын колдонуу жана финансылык отчеттуулукту түзүү боюнча нускоо иштелип чыккандыгын белгилей кетүү керек.
Эсептердин планын 2009-жылдын 1-январынан ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү үчүн иш чаралар жүргүзүлүүдө. Атап айтканда:
l Үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна эки министрликте - саламаттык сактоо министрлигинде (аппаратта), Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитетинде (ведомстволук мекемелери менен) эсептердин жаңы планын колдонуу боюнча сынамык долбоор жүзөгө ашырылууда;
l Республиканын бардык региондору боюнча тренинг - бет ачаарлар өткөрүлдү (2008-жылдын июль-августу). Эсептердин жаңы пландары, бухгалтердик отчеттуулуктун формалары менен бюджеттик мекемелердин, айыл өкмөттөрүнүн, финансы органдарынын жана казыначылыктын 4 миңден ашуун бухгалтерлери таанышышты. Бардыгына пикирлерди иликтөө жана билдирүү үчүн материалдар берилди.
2008-жылдын 19-сентябрында Мамлекеттик органдарда бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук боюнча методологиялык кеңештин 3 жыйынында документтердин долбоорлорунун пакети жаптырылды. Учурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде бектүү үчүн документтердин долбоорлорун министрликтер менен ведомстволордо макулдашуу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Үстүбүздөгү жылдын 4-кварталында бюджеттик мекемелер үчүн кошумча тренингдер белгиленген.
Мамлекеттик финансыларды башкаруу реформасын ийгиликтүү жүзөгө ашыруу көп жагынан Кыргыз Республикасында ички контроль жана аудит системасын өнүктүрүүгө көз каранды. Мамлекеттик органдар жана мекемелер мамлекеттик финансыларды башкарган методдор мамлекеттеги экономикалык жана социалдык климатка таасир көрсөтөт. Мамлекеттик финансыларды натыйжаларды башкаруу төмөнкүлөрдү талап кылат:
- мамлекеттик бюджетти түзүүгө объективдүү жана реалисттик мамилени;
- жеке сектордун өнүгүшүнө түрткү берүүчү жана бюджеттин кирешелерин калыптандыруучу салык салуу системасын түзүүнү;
- мамлекеттик каражаттарды туура пайдаланууну.
Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү органдары мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын негизги аткаруучулар болуп саналат.
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик башкаруу системасына мамлекеттик органдын же мекеменин жетекчиси мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу үчүн жооп берүүчү жооптуу адам болуп саналат. Бюджеттик каражаттарды чыгымдоонун натыйжалуулугуна контроль мамлекеттик органдарда жана мекемелерде ички контроль жана аудит системасын түзүү жолу аркылуу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички контроль жана аудитти өнүктүрүү зарылчылыгы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлорунун бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу жана чачып жок кылуу жөнүндө жылдык отчеттору менен тастыкталат.
Акыркы жылдарда министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери өз аппараттарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, бизнес- процесстерди оптималдаштыруу, финансылык жана башкаруу маалыматын ишенимдүүлүгүн жана аныктыгын баалоону алуу муктаждыгын сезишти.
Ички аудит системасын түзүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине каражаттарды адекваттуу башкарууда, менеджментти жакшыртууда жардам берүүгө багытталган.
Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен мекемелеринин ишмердүүлүгүнө ички аудитти жүзөгө ашыруу боюнча практиканы киргизүү үчүн нормативдик-укутук жана методологиялык базаны түзүү боюнча ишти баштады. Мисалы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы №341 токтому менен 2008-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудит системасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча программасы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана мекемелери үчүн ички аудиттин стандарттары иштелип чыкты жана бекитилди. Алар ички аудиттин эл аралык стандарттарына негизделишкен. Ушул эле токтом менен Финансы министрлиги мамлекеттик сектордо ички аудит тармагындагы ыйгарымдуу орган болуп саналаары аныкталган.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-сентябрындагы токтому менен "Ички аудит жөнүндө" мыйзамынын долбоору бекитилген, ал Жогорку Кеңештин кароосунда жатат.
Программанын максаттары:
l Ички аудит системасынын негиз түзүүчү маселелерин бекитүү.
l Бул тармактагы иш чаралардын негизги багыттарын аныктоо.
Стандарттардын максаттары:
l Аудиторлор тарабынан аткарылуучу иштин сапатына жана адекваттуулугуна карата негизги принциптерди жана методдорду эскертишет.
Мыйзамдын максаттары:
l Мамлекеттик органдардын ички аудитинин принциптерин аныктоо
l Ички аудит тармагындагы мамлекеттик органдардын компентенциясын аныктоо
Методикалык курал катарында Финансы министринин буйругу менен Ички аудит боюнча нускоо иштелип чыкты жана бекитилди, алар төртүнчү кварталда өткөрүлүүчү тренингдерде таратылып берилмекчи.
Эл аралык стандарттарга ылайык келген ички аудитти түзүү жана өнүктүрүү тобокелчиликтерди башкаруу, контроль жана корпоративдүү башкаруу процесстерин баалоого жана натыйжалуулугун жогорулатууга системалаштырылган жана ырааттуу мамилени пайдалануу менен мамлекеттик функцияларды аткарууга жана коюлган максаттарга жетишүүгө жардам бермекчи.
Мамлекеттик сектордун ички аудиторлору удаалаш жүрүп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө билиши, реформалоого колдоо көрөсүтүшү жана анда олуттуу ролду ойношу керек. Өкмөт бухгалтердик эсептин эл аралык стандарттарына негизделген заманбап эсеп системасын кабыл алып жаткан шарттарда аудитордук иш жаңы мамиле канчалык натыйжалуу пайдаланылгандыгына көңүл бурууга жана көмөктөшүү талап кылынган чөйрөлөрдү аныктоого тийиш. Мына ошондой жол менен ички аудит мамлекеттик реформалоо боюнча чараларды бекемдөөгө кызмат кылат.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan