Республикалык
коомдук-саясый гезит

№38, 16.10.08-ж.





  Базар

"Базардан коркпой эле эт ала бергиле"
Учура базардан эт сатып алуу коркунучтуу болуп калды. Ошондуктанбы базарда соода кылып жүргөн көпчүлүк мал эттерине слыштырмалуу негедир "Буштун буту" атыккан тооктун санын көбүрөөк сатып алышат. Эмне үчүн койдун же уйдун этин сатып албайсыз деп кайрылсаң, биринчиден, мал эттери кымбат. Экинчиден, азыр мал эттерин сатып алуудан коркобуз. Түркүн-түстүү оорулар чыгып жатат дешет. Чын эле былтыр-быйыл мал ылаңдары көп болуп, керек болсо, мал түгүл адамдар да катуу ооруп жабыркашкан фактылар бар. Балким, мындай терс көрүнүш айыл өкмөтү, аймактык милиция, айылдагы ветеринария кызматкерлеринен баштап, арык-торук малды текшербей туруп, коррупциялык жол менен оору малды дени-карды соо, талапка жооп берет деген бакыйган справка берип коюшканынан болуп жүрбөсүн. Уурдалган же кандайдыр бир илдеттен жапа чеккен малын таштаганга ыраа көрбөй, акча кылуу максатында борбор калаабызга алып келип, Кудай сактасын деп, колбаса жасаган цехтерге өткөзүшөт деген да маалыматтар жок эмес. Мына ошондой көз боемоочулук, же улуттун саламатыгын ойлобогон адамдардын кесепетинен борбор калаабыздан бир топ километр алыс жайгашкан облустарда чыгып жаткан сибирь жарасы Чүй боорунда да пайда болуп, бүгүнкү күндө ал илдеттен да жапа чеккен фактылар катталууда. Арга түгөнгөндө элдин убал-сообунан коркпой, акчаны биринчи планга койгондорду чектеп, тизгинин тартыш үчүн бакыйган элдик депутат атыгып олтургандар, Өкмөт чын эле эл үчүн кызмат кылам десе, чымырканып аталган маселеге көңүл буруп, керек болсо айыл өкмөтүн, ведврачтардын ошондой эле санэпидстанция кызматкерлеринин укугун, ролун жогорулатып, шектүү делген малды күнүгө текшерүүгө ала турган кылып, ал түгүл базардагы эттерди күнүгө санэпидстанция текшере тургандай кылып, эрте күндү кеч кылбай толук кандуу, төрт тарабы төп келген мыйзам кабыл алып берүү бүгүнкү күндөгү зарыл иштердин бири деп эсептейм. Анткени, малдын ар түркүн илдеттерин алдын албасак, эт жеп көнгөн элибиз оорулуу малдын этин жеп, жапа чегип калышы толук мүмкүн. Калктын саламаттыгы үчүн кам көрбөсөк, жарымы эмгек мигранты болуп, кеткени аз келгенсип, эттин айынан мал оорусунан жапа чегип, азап тартып калабызбы? Ошондуктан жогоруда мисалга алынган мыйзамды тезирээк жазып, кабыл алып, ветеринария тармагындагы адистердин укугун, ролун жогорулатуу маселесин көтөрүшүбүз керек. Антпесек, кутурма, сибир жарасы, карасаң, шарпка окшогон дарттардан чиновниктер эмес, бирде ачка, бирде ток болуп, жашаган карапайым калк жабыр тартып жатат.
Айтмакчы, бир облустан же бир райондон же бир айылдан малдын оорусунан каза тапкан адамдар болуп калса, ошол ройондун ветврачын кызматынан четтетип, жазасын бердик деп коюшат деген да каңшаар кеп уктук. Орун алмашуудан сумма өзгөрмөк беле. Акмат кызматтан кетсе, Ташмат барат. Баягы көрүнүштөр дагы деле кайталанаары бышык. Укугу чектелип, колу-буту тушалып жатса, Ташмат кыйратып жиберет деп ким кепилдик бере алат?
Ошондуктан эсибиз барда этегибизди жыйып, орун алмашуудан сумма өзгөрбөсүн эске алып, ветеринария тармагынын укугун, ролун жогорулатуу максатында элдик депутаттарыбыз элдин пайдасына чечилгидей, элдин эртеңи үчүн кам көргүдөй төрт тарабы төп келген мыйзам кабыл алып бериши керек.
Макалабыз бир жактуу болбосун деп аталган тармактын жетекчисине кайрылып, эмне себептен мал идеттери өсүп жатканын, алар менен кантип күрөшүп жатканын сурап, кызыккан суроолорубузга жооп алуу үчүн мамлекеттик ветеринария департаментинин жетекчиси Калысбек Туратбековичти кепке тарттык. Ал киши да жасаган иштерин айтып, биздин айыптоолорубузду четке каккансыды. Анда сөз башынан болсун.
- Калысбек Туратбекович, сибир жарасынан жапа чеккендердин саны күн санап өсүүдө. Мурда түштүктө чыкты деп уксак, эми борборубуздун жанындагы эле Чүй боорунан чыккан фактылар кездешип жатат. Бул дарт ветврачтардын шалаакылыгынан эмеспи?
- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1924-жылдан берки катталган 1191 сибир жарасынын очогу бар. Бул вакцина сыртынан тон кийип алып, 200-300 жылга чейин топуракта жата берет. Сел, көчкү жүргөндө алар ордун которуп кетет. Биз мина издегендей эле кайсы жерден кандай малдын илдети чыгат деп иликтеп жүрөбүз. Ошон үчүн бирде түштүктө, бирде Чүй борунан чыгып жатат. Быйыл табихаттын таасириненби күн катуу ысып, кургакчылык болуп, чөптүн баары кургап, кээ бир малдар топуракты жалап, ошол жерде сибирь жарасынын вакцинасы болсо, жалаган топурак аркылуу малдар жугузуп алып жатышат. Акыл-эстүү эле адамдар ооруган малын ведврачка көрсөтпөй союп, сатып жиберишүүдө. Ошонун кесепетинен оору таркап, ал түгүл ошол эле адамдар жапа чегип, каза болуп жатышат.
Быйыл Казакстандан 500 сомго арзан козу сатып алдык деп кудуңдап сүйүнүштү эле, сойсо ичинин баары топурак чыгып оорулуу экени аныкталды.
- Күйдүргүнү жок кылуу үчүн вакциналарды кайдан аласыздар? Мамлекет тарабынан каражат бөлүнөбү?
- Бизде малдын илдетин алдын алганга каражат жетпейт. 6млн. сомго вакциналарды алышыбыз керек болсо, 2 млн. 600 миң сомго гана алдык. Бул 30% эле. Аталган дозаны жаңы катталган сибир жарасын алдын алыш үчүн саябыз. Илгери кыргыздар жаны кашайып, каргаган кишисин күйдүргү чыгып өл деп каргачу экен. Ал сөзгө караганда күйдүргү илгери эле болсо керек. Ошон үчүн канча жылды карытып күйдүргү жашап келе жатса керек. Буга чейин акчанын аздыгынан Кыргызстандан чыккан дарыларды колдончубуз. Алар анчалык жардам бербегенден кийин биринчи жолу мамлекеттен 22-сентябрда аталган дартка тийиштүү вакциналарды алып, айыл өкмөтүнө чейин жеткирип бердик. Тийиштүү эрежесинин баарын сактадык. Анткени, чет мамлекеттен сатып алган вакциналар бир калыптагы температурада сакталбаса, күчүн жоготуп, натыйжа бербей калат. Мына ошондой машинадан быйыл сегизди сатып алдык. Андан тышкары элге түшүндүрүү ишин жүргүзүш үчүн 500 миң сомго жазылган баракчаларды таркаттык. Эл аралык 172 мамлекет мүчө болгон бюрого мүчөбүз. Ал жерде референс аттуу лаборатория көзөмөлдөйт. Кудай буюруса, эмки жылы мал оорусу азайып, малдан жуккан бюрцеллоз дагы жок болот деген ниетте гүпүлдөп иштеп жатабыз.
-Сиз жогорудагы сөзүңүздө сибир жарасын көбөйүшүнө адамдар күнөөлүү дегендей сөз айттыңыз. Сибирь жарасы же күйдүргү дартынын кандай белгилери бар?
- Ооба, сибир жарасын мал эмес, адам таркатат. Анткени, сибир жарасы менен ооруган уйдун каны эч качан коюлбайт. Суюк бойдон болот. Мал ооруп жатам деп айта албайт. Мал макоо ооруганын билбейт. Ошондуктан ээси ооруп калган малды эптеп акча табууну көздөбөй ведврачка көрсөтүшү керек. Ветврач текшерип, илдетке чалдыккан малды жок кылууга көрсөтмө берсе, ошол замат башкаларга зыяны тийбегидей кылып курутуш керек. Дагы бир белгилеп койчу нерсе - сибирь жарасы менен ооруган малды союп, каны аккан жердеги топуракты бир топ жылдан киийн жалап алган башка уйлар да ошол дарт менен жабыркашат. Вакцина топуракка сиңип, бир канча жылга чейин күчүн жоготпой жашай берет. Негизи мал ээлери дагы мыйзамды, эрежени сактаса жакшы болот эле. Ооруунун баары мал ээлеринин эрежени сактабагандыгынан улам көбөйүп жатат.
Элдерге мына ушундай түшүндүрүү иштерин жүргүзөйүн деп бардык облус райондорду кыдырдым. Иштерине шалаакылык менен мамиле жасаган адистерге чара көрүп, 5-6сын кызматтан кетирдим.
- Бүгүнкү күндө ветврачтар жетиштүүбү?
- 4 500 ветврач керек болсо, бизде болгону 1100 эле. Баары болуп, 29%ды түзөт. Ошондуктан, айыл жеринде ветеринардык врачтар жокко эсе. Райондун ветврачы айылдагы иттерди, малды текшерип, эмдегенге үлгүрүшпөй жатат. Менчик ветеринардык кызматкерлер болсо айлык албайт. Ошон үчүн аларга шарт түзүп беришибиз керек. Дагы бир көйгөйлүү маселе адистердин билими төмөн болуп жатат. Ошон үчүн малдын ар түрлүү илдети менен жалгыз эле ветеринария тармагы күрөшпөй, айыл өкмөтү, медиктерден баштап жабыла аракет кылышыбыз керек. Антпесек, жалгыз биз бул ооруларды алдын ала албайбыз.
- Кутурма дартынан каза болгондор ветеринардык кызматкерлердин шалаакылыгынан болдубу?
- Кутурмадан үчөө каза болду деген информация тарап кетти. Үчөө эмес, 1бала кутурмадан каза тапты. Ал баланы көчөдөгү жолбун ит кааптыр. 3-сентябрда ооруканага кайрылат. Бутун таңып кетирип жиберишет. 21-сентябрда оор абалда ооруканага келсе, ошондо гана кутурма дартына чалдыгыптыр деген диагноз коюшат. 2-3 күндөн кийин каза болуп калат. Бул жерде ветврачтардын эмес, тескерисинче, медиктердин шалаакылыгынан каза болуп калды. Учурда мага жеткен маалыматтарга караганда медиктерге кылмыш иши козголуп, сурак берип жатышат. Ал эми кутурма болду деген эки киши башка оору менен оорудан каза болуптур. Аны ошол медиктер өздөрү аныктап чыгышты. Аягында эле күнөөнүн баары ветврачтарга жабылып калат экен. Эгер медиктер кыйын болсо, ошол замат ал балага диагноз коюп, биздин ветврачтарга кайрылса, ошол замат жолбун итти жок кылышмак да. 20 күндөн кийин ал итти кайдан табат эле. Дагы бир маселе биздин ветврачтар мынтык алып жүрбөйт. Алып жүрүүгө да укугу жок. Ошон үчүн каттоосу бар иттерди ээси өзү кармап бериш керек. Мыйзамда ошондой.
- Чүй боорунан күйдүргү дарты чыгып жатканына байланыштуу бүгүнкү күндө коомчулук базардан эт сатып алуудан кооптонуп калды…
- Учурда базардан эт сатып алуудан коркпой эле койсоңуздар болот. Анткени, ар бир райондун ветврачтарына тиешелүү печат, ал түгүл бир райондуку башка районго жарабай турган кылып, сертификат таркатып бергенбиз. Буга чейин орун алып келген жагымсыз, терс көрүнүштөр Кудай буюрса, эми кан буугандай буулат деп жатабыз. Анткени, мурда эмне болсо ошо болсун деп печат басып беришсе, азыр ветврачтар союлган малдын этин текшерип туруп, сатууга жарактуусун сатканга, арык-торугун колбасага деп анан печат басышат. Азыр ветеринария тармагындагы адистер иштерине жоопкерчиликтүү мамиле кылып калышты. Мурда күлүп-жайнап баскан печатты, азыр калтырап-титиреп басышат.
- Сиз этти базардан сатып жейсизби?
- Ооба, коркпой эле базардан сатып алам. Анткени, баардык мал эттери бир канча жолу текшерүүдөн өтөт да. Ошон үчүн ар түркүн ооруулар чыгат деп кыжаалат болбой эле сатып алып жей беребиз. 17-жылда жасалбаган ишти 11 айда аткарууга аракет кылып, дем алышсыз иштеп жатам. Кечээ эле ветеринария тармагынын укугун, ролун менчик ветеринариянын аброюн жогорулаткан мыйзам долбоорун жазып бүтүп, баардык министрликтерге таанышсын деп таркатып чыктым. Кудай буюруп, ошол мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирсе, эл үчүн бир топ пайдасы тийет эле.
А.Мусаева




 ?ТИМ билдирет

Жаңы элчилерге ийгилик
Ушул жуманын орто ченинде Малазия мамлекетинин ыйгарым укуктуу элчиси Абдул Азиз Бин Харун Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Э. Карабаевге ишеним грамотасын тапшырды. Бул жолугушууда кыргыз-малазия мамлекеттеринин эки тараптуу мамилелерине байланышкан маселелер талкууланды. Эки мамлекет ар кандай эларалык деңгээлде уюштурулган форумдардын алкагында бири-биринин демилгелерин колдоп келишет. Жолугуушунун аягында министр Э. Карабаев жаңыдан дайындалган элчинин ишине ийгилик каалап, эки мамлекет ортосундагы байланыштардын чыңдала бере тургандыгын айтты.
Ушул эле жумада жаңыдан дайындалган Корея Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ким Бенг Хо дагы ишеним грамотасын КРнын тышкы иштер министри Э.Карабаевге тапшырды. Бул жолугушууда эки мамлекет 16 жылдан бери ыңгайлуу келишимдердин негизинде тил табышып келе жатышкандыктары, жасалган майнаптуу иштер туурасында сөз болду.

Арабдар жардам беришет
Алай районундагы жер титирөө дүйнө-лүк коомчулукта чоң дүрбөлөңдү жаратты. Алардын ичинде арабдардын Залива мамлекети дагы бар. Ал мамлекеттин өкмөтү жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан боордошторубузга тез арада гуманитардык жардам жөнөтүү боюнча чечим кабыл алган. Натыйжада, 8-октябрь күнү 40 тонналык гуманитардык жардам ирээтинде таратыла турган жүктү жүктөгөн самолет Ош шаарына келип конгон.
400 палатка, 1600 одеял, тонналанган азык түлүктөр жабыр тарткан боордошторубузга таратылууда. Курамы 38 адамдан турган Катардан келген медициналык кызматкерлер элге медициналык жардамдарды көрсөтүшүүдө.
Д.Султаналиева

Адахан "Ак жолдун" алты ашуусунан кантип өтөт?
Аптанын жаңылыгы катары биз Адахан Мадумаров Президентке "медвежый услуга" көрсөтүп, Премьер-министрликти сурап жатат деген ушак угуп калдык эле. Бул ушактын канчалык деңгээлде чындыгы бар экендигин аны турмуш өзү көрсөтөөр. Бирок, Адахан Кимсанбаевичтин дагы бир жолу алданып, экс-премьер-министр Ф.Куловчосунан парламенттен өтпөй калып, "мыш" болуп калаарын өзү сездиби ким билсин, кылган эмгеги үчүн деп ажобуз коопсуздук кеңешинин катчылыгынын креслосун бериптир. Ошондуктан, "Адахан акага алдыңдагы парламеттик, тагыраак айтканда "Ак жолдун" алты ашуусунан кантип өтөсүң", деген суроо менен кошо "сүттөн оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" деген макалды эсине салып, бийликке кадам таштаардын алдында, кичине болсо да артыңды кылчайып, бир карап алышын өтүнөөр элек!
Гүлсүн Аманалиева

Таласта таарынычтар күч
Октябрь айынын баш ченинде жергиликтүү кеңешке болгон шайлоодо өтпөй калган талапкерлер шайлоо Талас шаарында жергиликтүү бийликтин кийлигишүүсү менен өткөндүгүн, мыйзам бузууларга көз көрүнөө жол берилгендигин айтышып, нааразы болушууда. Талапкерлер бул маселени шаардык сот жана шайлоо комиссиясы акыйкаттык менен чечип беришпесе жогорку бийликке кайрылышаарын айтышууда. Ал эми жергиликтүү бийлик болсо алардын дооматтарын четке кагышып, шайлоонун калыс өткөндүгүн белгилеп жатышат.
Шайлоо учурунда болгон мыйзам бузууларды шаар боюнча өтпөй калган 40ка жакын талапкерлердин 9 талапкери айтып чыкты. Бийлик өкүлдөрү тарабынан өтө тургандардын тизмеси түзүлүп, ошол боюнча шайлоо жыйынтыкталгандыгын алар айтышууда. Талас шаардык кеңешке №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп өтпөй калган Кубанычбек Осмонов,
- Бийлик киришкендиги үчүн шайлоо чыр чатак менен өтүп жатат. Бизге берген добуштардын бардыгы кем болуп жатат, биз ошону такташыбыз керек. Жалпы элдин 35 пайызы добуш бергенге катышса, 75 пайызы катышты деп жатышат. Шайлоого катышкандардын паспорттук даректери, кол койгону менен тактап берүүлөрүн талап кылуудабыз. -дейт.
Ал эми Талас шаарынын мэри Эркин Турсункулов мындай нааразычылыктарды четке кагып, "Жергиликтүү бийлик шайлоого киришкен жок. Бул өтпөй калган адамдардын ич күйдүлүгү." деп билдирген. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор акыйкат издеп бир топ эле убара болушат белем…

Д.Султаналиева











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan