"Жаўы кылым", 16.10.08 - 4-бет: •№38, 16.10.08-ж.
  Маселе

Карт Нарын дале күчүндө... а электр улам өчүүдө!
Мектептен да, университеттен да "Коммунизм - совет бийлиги плюс бүткүл өлкөнү электрлештирүү" деп окуганбыз. Ошентип бизди коммунисттик идеяга сугарчу. Анан, жетимиш жылдан кийин бул идеологияны жерип, кезинде улуу көсөм деп билген Владимир Ильичтин жаркын эстеликтери ордунан козголуп, СССР деген улуу державанын таш-талканы чыкты.

Кыргыз эли эгемендик алды!-деп ураан чакырып кубанганыбыз менен өзөктүү бир идеологияны таппай алигиче эле буюгуп келатканыбызды моюнга алышыбыз керек. Аныбыз аз келгенсип республикабыздын экономикасы да итийдин кейпин кийип илээлеп келе жатат. Мына, эмки жылы, аркы жылы жашообуз өйдөлөйт деп эле илгери үмүт менен күн кечирип келүүдө кыргыз калкы. Ошентип, жашообуз акын Акбар Рыскуловдун "Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат эй!"-деген саптарына окшошуп кетет. Деги эле акыркы ирмемге чейин үмүттөнүү ушу биздин калкыбыздын канына типтүү көрүнүш болуш керек деп да ойлоп кетесиң.
Бирок, үмүт жанганы менен кайра эле свет менен кошо өчүп жатпайбы! Мейли, өткөн жылдары башка жактан кыйналган кыргыздын эч болбосо үйү жарык болуп турчу. Ал эми үстүбүздөгү жылдын өткөн айларында эле элдин маанайы бир топ чөгүп кеткени анык. Эми ушундай кырдаал болуп турса, алдыдагы кылычы миздүү кыштан кантип чыгар экенбиз деген ой чоң киши эмес, кичинекей баланын жүрөгүн оорутчу болду.
Быйыл өзгөчө кургакчылык болуп ошондон улам суу тартыш болуп жатат,-деген маанидеги бир гана сөз менен элдин оозун жаап келатышат.
А бирок, сөз менен лампочка күйбөйт экен да. Баарынан да, "Энергиянын тартыштыгына элибиз көнүшү керек" деген энергочиновниктердин көз карашына эмне дейбиз? Эми, Ильич шамын жаркыратып жандырып аткан ГЭСтердин ишине саресеп сала өтөлү. Кыргызстанда биринчи эле оозго алына турган Токтогул ГЭСинин эртең мененки саат 7деги кубаттуулугу 550 меговатты көрсөтөт, бул анын болгон күчү. Мына ушундай темп менен иштеп турса, анда бул нормалдуу көрүнүш дешет адистер.
Бул ГЭСТен ылдыйкы Шамалды-Сай ГЭСи тымпыйып гана унчукпай турат. Эмне, бул жерге суу жетпей калганбы? Жок, карт Нарын ошол калыбында эле күркүлдөп агып жатат, суу-түтүктөр аркылуу кетип жатат. А бирок элге бул ГЭСтен кайрым жок! Энергия министрлигинин айтуусу боюнча, бул жерде эч болбо дегенде бир агрегат ишке жарактуу дешет... ал 80 меговаттка чейинки энергия бере алмак.
Ошондой эле Күрпсай ГЭСи өзүнүн кубаттуулугунун 37 пайызын гана көрсөтүүдө. Ташкөмүр -22%, Үчкоргон-12%. Тактап айтканда, ГЭСтердин энергия бөлүп чыгаруусу эки эсеге аз болуп жатканын эч бир адис тана албайт. Ошол эле мезгилде, карт Нарын агып жатат күрпүлдөп...
Натыйжада, "эмне үчүн суунун кени болгон Кыргызстан сууга зар болуп отурат?" деген суроого бир түрдүү жооп алып келебиз. Кургакчылык болуп, суу азайып, ГЭСтердин суусу ылдый түшүп, кубаттуулугу төмөндөдү - деген. Негизи, суу 2005-жылдан бери эле төмөндөй баштаган деген жансыз цифраларды бет алдыңа кое коюшат.
Республикабыздын энергетика системасын башкарган С.Балкыбеков менен анын орун басары А.Түмөнбаев айрым учурда бири-бирине коошпогон карама-каршы маалыматтарды берип, эптеп эле элдин башын айландыруу менен алек. Бири, 2002-жылдан баштап эле суунун деңгээли төмөндөй баштаган десе, экинчиси - ошол эле 2002-жылы Токтогул ГЭСинде суу 7 миллиард кубдан ашып кеткендиктен, 500 млн. кубметр сууну жөн эле агызып жиберүүгө туура келген деп айтканы бар.
Ошентип, "Эл башы болгончо, суу башы бол" деген макалга таянган чиновниктер бүгүн элдин оозунан түшпөй, "попзвезда" болду да калышты. Кезегинде, Балкыбеков гендиректор ("Электрстанциялар" ААК) болуп турганда ИИМдин комиссиясы ушул ГЭСте иликтөө ишин жүргүзгөндө, мындай деп корутунду чыгарганы жалпыга жайылган эмес. "Электрстанциялар" ААКсы 2005-жылдын өзүндө эле 7 миллион долларга контракт менен энергияны экспорттоого жиберишкен"- деп. Муну - энергосистемадагы коррупция деп белгилешкен. Ага карабай, жогоруда келтирилген макалдын мааниси терең белем, гендиректорлуктан министрликке отурганы кызык.
Эми, карапайым калкка баары бир дечи, кимиси министр, кимиси директор. Элге болгону, электр керек.
Баса өөгүнү Кетмен-Төбө тараптан шаарга келген бир адам: "Ой, бул шаарыңар айылдан жаман болуп калган го. Биз жакта свет өчпөйт... деп айтып отурду. Анын сөзүн угуп баарыбыз элейдик. Анан, ГЭСтин мекени болгон Кетмен-Төбө тарапка чалсам, чыны менен эле ал жакта Ильич шамы жаркырап гана турат дешти.
Ал эми ордо шаарда жана башка, айылдарда жакындан бери мурдагы 6-7 сааттан өчүрүү убактысы 12 саатка чейин узарды. Анан да, күндүн кайсы мезгилине карабай, шарт өчүрөт. Бул - электрэнергиясын топтоп жаткан мезгилге кирет. Эмнеси болсо да, момун кыргыз орусча айтканда "подопытные кролики" болду да калды. Болгондо да өз канынан чыккан уул-кыздарына... Момун кыргыз дебегенде эмне дейли, кыргыз кыргыз жеринен башка кайда барат? Башка элдер эгер жашоо улам кыйындай берсе жыргал жашоо издеп кете берет! Аларды күнөөлөй да албайсың.
Ленин атабыз айтып кеткен осуяттардын тууралыгын карачы. Демек, коммунизмге жетпегенибизден улам өлкөбүз электрлештирилбей кала бердиби,-деген ойго аргасыздан такаласың. Бул жерде мурдагы жашоону эңсеп жаткандан дагы, кыргыз жеринде кылымдардан бери агып жаткан карт Нарындын жаманатты болуп жатканына күйөсүң. Эгер Нарындын тили болсо "Эй бурадарлар, менде эмне айып!" деп эч болбосо бир жолу күңгүрөнүп алмак. А балким, бир эмес, миң ирет ошентип нааразы болуп жатканын эч кимбиз туйбай жаткан жокпузбу...

Н.Бөдөшова




Кызыл-жашыл автобус,
Кыйма-чийме каттаса...
Кызыл... жашыл... сары... болуп эле шаардын көчөлөрү шаңга бөлөнүп калгандай болду. Ошентип жакын коңшубуз Кытай мамлекетинин автобустары кыргыз ордосу Бишкекти каптап кетти. Жалаң көк маршруткаларда тыгылышып жүрүүгө көнүп бүткөн кыргыздардын ар бири бирден орунга олтуруп, эми Ош базарына жеткичекти кыялданып барууга мүмкүнчүлүк алышты.
Мурда кандай эле, элестетип көрөлү. 12 орундук маршрутканын ичине канча адам батып кетээрин да билбейбиз. Бири ичин карай жүткүнүп жатышса, бири сыртка чыга албай топчулары ыргып, колтуктары ыдырата сөгүлүп... Анан да, жайында ысып кеткен кыздарыбыздын кийген кофталары киндигин жаппай... Шымдары белинен ылдый түшүп... орундукка отурган кишинин дал оозу-мурдуна туура келе түшөт... Анан да кызыгы, эптеп эле көздөгөн жерге жетсем дегенде тыгылышканга деле макул белемсиң. Мындайда таарынмай деген болбошу керек. Бирине бири ыкташып, жытташып, кучакташып деле кете беришет. Кээ-кээде эзелтен тааныш кишиче сүйлөшүп, бир нерсени талкуулап да коюуга болот...
Эми түркүн түстүү автобустардын көлөмү маршруттук унааларга салыштырмалуу оголе кенен-чонон көрүнөт экен. Баасы да арзан 5 эле сом. Айрым категориядагы жүргүнчүлөрдү бекер ташыганын айтсаң! Эмнеси болсо да шаар турмушунда жакшы жаңылык болуп атканы анык. Муну пенсионерлер, окуучулар бир ооздон ырасташат.
Шаар жетекчилигинин мына ушундай кубанаарлык иштерине ыраазы боло отуруп, айрым бир ойлорду айтып кетүүгө неге болбосун.
Айтайын дегеним, ушул жаңы келген автобустардын маршруттук каттамдары жөнүндө болмокчу. Жаңы каттамдар мурунку каттамдарды кайрадан кайталап калган жокпу?-деген суроо туулат. Мисалга, өзүм жашаган эле Киркомстромдон 14-троллейбустун каттамы менен 9-автобус каттады. Ырас, бири Жалга кетсе, бири Асанбайга кетет, интервалы деле 10 мүнөткө жетип-жетпейт окшойт. Автобуска Ош базарына баруучулар эле түшпөсө, көп түшө беришпейт. Тынчтык проспектисинен эле оңго бурулуп кетишет. Бош келген автобустар бош кетип жатканын көрөбүз. Ошол эле маалда 199-автобустун жол акысы 8 сом экендигине карабай тыгылышып, түртүшүп, күтүшүп атып ошого түшүп атышпайбы. А эмнеликтен деп ойлойсуз? Себеби, 199-автобус Киев көчөсү менен жүрүп, Совет көчөсүнөн өйдө кетет. Демек, көпчүлүк жүргүнчүлөргө ушул ыңгайлуу окшойт го. Ушул эле маршрут боюнча дагы бир автобусту Москва көчөсү менен жүргүзүп койсо, жүргүнчүсү да көп болооруна бөркүмдөй эле ишенем.
Автобус, троллейбус каттамдарын иштеп чыгып жатканда ошол жергиликтүү жашоочулардын сунуш-пикирлери эске алынып жатабы? Каттамдарды мэрияда отургандар жогорку кызматтагы чиновниктер чечип жатышкандыгы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эми ошол жерде жашаган жашоочулардын турмуш-тиричилигинин өтүшүнө транспорт чоң роль ойноору бышык. Алсак, пенсионерлер поликлиника, ооруканаларга байма-бай каттап турат. Ал эми республикалык ооруканага түз барган унаа жоктугунан Киев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө жөө өтүп, анан ооруканага жетишет.
Ушул жерден дагы бир баса белгилеп өтө турган жагдай бар. Инфекциялык оорулууларды жаткызчу оорукана бар го, темир жолдун үстү жагында, Лев Толстой көчөсүнөн ары. Ошол оорукананын жанынан бир да маршруттук унаа өтпөгөнү таң калаарлык. Мейли, оорукана инфекциялык болгону менен, ага оорулуулар жатып дарыланып жатпайбы. Жаткандардын жакындары бул оорукананын кай тарабынан барып табаарын билишпей башы маң. Түз барыш үчүн темир жол вокзалынын үстүндөгү асма асма көпүрөдөн өтүп түшүшөт. Бул үчүн өтө көп жөө басыш керек, болбосо, тиги жагы Совет көчөсүнөн, бул жагы Тынчтык проспектисинен түшүп калып барууга туура келет. Элдин баарынын эле алдында машинеси жок да. Баштыгына тамак салып алып жөө-жалаңдап кетип бара жаткан эле адамдарды көрөсүң.
Ушундай бир жагдайлар унутулуп калганын кантип түшүнүүгө болот? Ушундай жакшы саамалыктар болуп жатканын жокко чыгарбай, эми шаарыбыздын булуң-бурчтарына чейин автобустар каттап, жалпы элди кубандырса экен деп отурабыз. Автобустар болсо жетиштүү, эми аны суроо-талапка ылайык ыңгайлуу кылып гана каттатып коюу калды деп ойлобуз. Кызыл-жашыл автобус, кыйма-чийме жолдордо шаардын эл жашаган бардык көчөлөрүнө, жаңы конуштарына чейин каттап турса не арман...

Н.Мутуева, шаар тургуну




КР Президенти К.Бакиевке
КР Премьер-министри И.Чудиновко
КР ЖК төрагасы А.Тагаевке
Жумгал элинен
Кайрылуу
Урматтуу Курманбек Салиевич!
Урматтуу эл башкаруучулары!
Азыркы дүйнөлүк глобалдашуунун шартында бардык өлкөлөрдү каптан кеткен кымбатчылык үрөйдү учуруп, биздин өлкөгө да келип жетти. Эл турмушу күндөн-күнгө оорлошуп, адам чыдагыстай акыбалга кептелүүдөбүз. Нан кымбат, ун кымбат, күйүүчү май асманды чапчыды. Деги, кымбаттабаган эмне калды?! Өзүбүздүн Жумгал жергесинен чыккан Кара-Кече көмүрүн жеп-жуткуч келгин фирмалар талап-тоноп, кутун учурушту. Ал аз келенсип Жумгалдын жолдорун тамтыракайын булардын 40-50 тонна оор жүк ташыган КАМАЗдары чыгарышты. Алдым-жуттум бул фирмачылар жергиликтүү салыктарды төлөшпөй, төлөшсө да чымчыкка жем ыргыткандай биртике тыйын төгүшкөндүктөн пенсия, айлык акыларыбызды өз убагында ала албайбыз. Райондук салык инспекциясы абдан начар иштөөдө. Бул да болсо Сиздердин республикалык масштабда кадрдык маселени алешем чечүүңөрдөн улам келип чыгып жатат. Мисалы, патриот уулубуз Нурлан Мотуев Кара-Кечеден кеткени, Жумгал элинин карапайым эли арзан көмүр алалбай калдык. Качанга дейре өзүбүздөн чыккан иштерман, ишбилги, акылдуу, билимдүү, Мекеним деп чын дилинен күйүп-жанган патриот уулдарыбыз четке суурулуп кала беришет да, колдорунан эчтемке келбеген, пара берип шылуун-шумпайлык менен кызмат орундарын сатып алгандардын арааны жүрө берет?! Өлкөбүздөгү алешем кадр саясаты качан оң жолго коюлат?! Азыр кадрлар баарын чечпей эле, адистиги тажрыйбасы жетишсиз, трайбализм, жердешчилик принциби менен кызматка келгендер эл тагдырына жооп берип калганбы?!
Урматтуу Курманбек Салиевич! Урматтуу эл башкаруучулар! Дыкаттык менен изилдөө жүргүзүп көрсөк, республикалык түгүл, облустук деңгээлде да чоң кызмат орундарында бир да жумгалдык адис жок экен. Андыктан, биз жумгалдыктар Нурлан Мотуевди өз идеясы боюнча түзүлгөн Кара-Кече мамишканасына гендиректорлук орунга коюуңарды талап кылабыз. Эгерде, 1-ноябрга чейин талаптарыбыз аткарылбаса, анда күзүндө пикет-митингтерди баштайбыз. Баш ийбөөчүлүк акциясына барабыз. Кара-Кече жолун бууйбуз. Бир да машина көмүр өтпөйт.
Ансыз деле турмуш оорлоп турганда, Сиздер деле, урматтуу төбөлдөр, жагдайдын курчуп кетишин каалайбайт го деп ишенебиз.
Жумгал эли:
Эмилбеков Т.
Ашыржанов Т.
Касымбаев К.
Ишенбаев А.
Токтонитов Т.
Курманалиев Ж.
Татыбеков Т.
Абдылдаев А.
Касыбеков К.
Бардыгы болуп 800дөн ашык адам кол койгон.